Жыргалбек КАСАБОЛОТОВдун жаңы ырлары жана котормолору

ЖЫЛДЫЗДАР

Түбөлүктүн шамдары бүлбүлдөшүп,
Түндө жанат, бийиктен күндүз кетип.
Арасынан алардын эң жарыгын
Айтышчу эле, Чычкылуу Жылдыз дешип.

Жайкап турган сыдырым түнүндөгү
Жалбырактын угулуп дирилдеги,
Там артында чоң өрүк дале турат,
Таенем, мен түнөгөн түбүндөгү.

Уйкум качса, табылып ага себеп,
«Учту мына, мобуну карачы!» деп,
Жер бетинин жасалма жандоочторун
Жедеп уктап кеткенче саначу элек.

Короо жакка чакырсам конуучудай,
Колду созсом кочушка толуучудай,
Жакын эле көрүнчү ал убакта
Жан досторум жылдыздар болуучудай.

Андан бери бир далай өмүр өттү…
Асыл жандар жарыгын төгүп өттү.
Асман жакты карасам көзгө илешпей
Ал кездеги кыялдын көбү кетти.

Электрди көп анча жандырбаган,
Элет жакта, көп кабат там курбаган
Баягы эле жылдыздар тосуп алат
Балалыктын көзүндөй балбылдаган.

Аз өмүрдө көп болуп коротконум,
Апакемдин мага айткан жомокторун,
Кызык көрүп, баарына таңыркаган
Кыялымдын көздөрүн жоготкомун.

Жашай албай мурдагы көңүл менен
Жаштык кезден алыстап, өмүр деген
Калаадагы жылдыздай болуп барат
Каректерге анчалык көрүнбөгөн.

Кометанын көз ирмем учканы бу
Космос келип колумду кысканыбы?
Миллиард жылдар былк этпес ааламдагы
Миллиметр өмүрдүн кыскалыгы.

Агыш тартып күн чыгыш баратканда,
Аманатын тапшырып Жаратканга,
Элестери өткөндүн, шам чырактай
Эрип барат бир-бирден таң атканда.

 

ОЙ ТОЛГОО

Агарып күндүз, түндөсү,
Ар кимдин турат күмбөзү.
Барган көп, кайра келген жок…
Бар бекен башка дүйнөсү?

Мезгилим быт-чыт сөгүлүп,
Мелтирейм, ойго чөмүлүп.
Келечек эмес, негедир
Кеткендер кымбат көрүнүп.

Эжемдин болуп жан деми,
Эсиме түшөт бал кеби.
Эсилим, чындап бар болсо
Эстеди бекен ал мени?

Жардамым менен дем болбой,
Жанында жөлөк мен болбой,
Жүрөгү кармап калчу эле,
Жүрөбү деги кем болбой?

Айтылган сөзүм угабы?
Азыр да көңүл бурабы?
Ажалым жетсе асылдар
Алдымдан тосуп чыгабы?

Жаныма чындап келеби?
Жаркылдап салам береби?
Жакындар менен болбосоң
Жаннаттын эмне кереги?

Акыйкат менен жаңылыш,
Ар кимдер уккан каңырыш.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Айтылбай турат сагыныч…

 

Дурсун АЛИ АКЫНЕТ

ХАЛИЛ ИБРАИМ

Тулаң чөп тоодо жетилип
Ичинде сайрайт кекилик.
Каракчы сымал бекинип
Жатсаңчы, Халил Ибраим.

Таптармал эле чачтарың,
Кар баскан экен баш жагын.
Эңкейиш тоонун капталын
Жазданчы, Халил Ибраим.

Дайраны бөгөп теминген
Көпүрөң талдан өрүлгөн,
Колуңдан көөрүң төгүлгөн
Арстансың, Халил Ибраим.

Качкынды тоодон издеген
Кайгуулдар жүрөт жүздөгөн.
Таш тосуп калган из менен
Качсаңчы, Халил Ибраим.

 

Dursun ALI AKINET

HALIL İBRAHIM

Dağda Kızıl Ot Biter
İçinde Keklik Öter
Eşkıyadan Da Beter
Uslan Be Halil İbrahim

Kıvırcık Saçlarına
Kar Düşmüş Uçlarına
Dağın Yamaçlarına
Yaslan Be Halil İbrahim

Derede Su Durulur
Daldan Köprü Kurulur
(Dal Köprüler Kurulur)
El Yerine Vurulur
Aslan Be Halil İbrahim

Müfreze Dağı Sarar
Dağda Kaçaklar Arar
Geçit Vermez Kayalar
Hızlan Be Halil İbrahim.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.