Торукашка күлүк, жетим бала баяны

Талас элине гана эмес Чүй, Кетмен-Төбө, Суусамыр өрөөндөрүнө, казак элине дейре белгилүү болгон Шакулу бизге буба (төртүнчү ата) болот. Өз доорунун мыкты чыкмасы, кара кылды как жарган калыстыгы менен, жетим-жесирлерге, колунда жокторго таяныч болуп ар дайым жардамын аянбаптыр. Болжол менен ал киши он сегизинчи кылымдын отузунчу-кыркынчы жылдары Талас жергесинде жарык дүйнөгө келиптир.

Бубабыз алгыр куштарды жана тайгандарды кармап, өзгөчө күлүк аттар менен алек болгон экен. Анын Торукашка деген күлүгү жөнүндө санжырачылар убагында аңыз кеп кылып, тарыхтын кээ бир булактарында азыр да эскерилип жүрөт.

Эмесе, мен чоң атам Жусупбектен уккан ушул ат жөнүндө бир үзүм окуяны айтып берейин.

Ошол мезгилде Торукашка Сары-Өзөн Чүй, Суусамыр, Талас жана башка дубандарында, жергелеринде өткөрүлгөн байгелерде такай жеңип атагы алыска кетип турган экен. Албетте, ал күлүккө кызыккандар арбын болот. Алардын арасында кыргыздын кыйын чыкмалары бар. Ошолордун алдуусу, ошол кездеги Солто уруусунун мыктысы, Жайыл баатырдын кичүү уулу Момокондун Торукашкадан көзү өтүп, акыры бир түнү мыкты жигиттерин Таласка жашыруун жөнөтөт. Ал мезгилде мындай иштер эрөөн эмес эле, тескерисинче эрдик катары даңазаланып, бааланып турган.

Ошентип Шакулу бир эле түндө жандай көргөн Торукашкасынан айрылат. Издеттирет, сурамжылайт, аягында ким уурдаганы белгилүү болот. Бирок Солтонун мыктысын күнөөлөп баруу акылга сыйбаган иш. Момокондун бийлиги күчтүүлүк кылат, Шакулунун арманы ичинде калат.

1779-жылы Жайыл баатыр Абылай хан менен болгон согушта төрт уулу менен колго түшүп, Үсөн жана Теке деген уулдары менен кошо өлтүрүлөт. Итике, Момокон аттуу уулдарын казактын Жоогач баатыры ортого түшүп аман алып калат.

1780-жылы Момокон атасына аш берип, түндүктөгү кыргыздардын мыктылары баары ашка келет. Таластан баргандардын арасында Шакулу  да чакырылат.

Ар бир уруу өз балбандарын, найзакерлерин, күлүктөрүн ала барышкан. Аштын тамашасы эки күнгө созулуп, үчүнчү күнү күлүктөр чабылары жарыяланат. Шакулу ашка Таластан Торукашканы таптап жүргөн өзүнүн саяпкерин ала келген эле. Ал эки күндүн ичинде күлүк тууралуу көп нерселерди билип, изилдеп, өз көзү менен аттын азыркы абалын байкайт. Башка күлүктөрдү да кыдырып карап чыгат. Торукашкадан башка күлүк жок экенин аныктап Шакулуга айтат. Андан тышкары өзүлөрү жаткан үйдү тейлеп, от жагып кызмат кылып жүргөн 12–13 жашар өспүрүм Торукашканын чабандеси экенин билдирет. Көрсө бул баланы Момокон баатыр Таластан келген меймандардын боз үйүнө атайылап тыңчы кылып коюптур. Айтылган кептерди, сөздөрдү, Торукашка жөнүндө, аштын өтүшү жөнүндө пикирлерди жана башка маалыматтарды билүү үчүн койгон экен. Саяпкердин айтуусу боюнча бул бечара бала 6–7 жашар курагында жетим калып, Таластан олжого келген экен.

Муну уккан Шакулу баланы түн ичинде акырын сыртка чакырып алып, Таластын кайсыл жеринен болорун сурайт, бирок байкуш бала айылын билбейт экен, туугандарын да унутуп калыптыр, алгылыктуу айтып бере албайт. Ошондо Шакулу баладан:

— Эгерде сени алып кетсем Таласка барат белең? – деп сурайт.

Баланын эки көзү оттой жанып:

— Ооба! Кетем! – деп ыйлап жиберет.

— Анда эмесе мындай кыласың: эртең сен чапкан Торукашка марага биринчи болуп келээри айдан ачык. Момокон кожоюнуңдун буйругу боюнча марага жакындаганда  “Жайыл баатыр! Жайыл баа-тыр!” деп ураан чакырышың керек, туурабы?.. Бирок сен андай кылбайсың, башкача кыйкырасың. Торукашка менен марага жакындаганда “Шакулу Талас! Шакулу Талас!” деп ураан чакырып келесиң… Эч коркпогун, мен сени коргоп калам, Таласка алып кетемин. Бар эми жакшылап эс ал. “Шакулу Талас!” дейсиң. Унутпа! Эсиңде болсун! – деп баланы бетинен өөп коё берет.

Эртеси аттар тийиштүү жерге чейин айдалып, жыйырма күлүккө дейре байге белгиленет. Миңдеген койлор, үйүр-үйүр жылкылар, төөлөр жана башка жайнаган төрт түлүк мал тоонун бетинде өзүнчө бөлүнүп жер жайнап турат. Андан тышкары баш байгеге кошулуп кара башыл адам (кул) да сайылат.

Күлүктөр марага келгенче ырчы, комузчу, чоорчулар, манасчылар, төкмө акындар өнөрлөрүн көрсөтүшөт, тээ кеч бешимде күлүктөр келе жатканын жарчылар жарыялайт.

Аңгыча алдыдагы күлүк марага жакындайт. Казганактап улам удургуп,  күлүктүн астын тосуп турган эл экиге бөлүнүп жарыла берет. Чаң, тер баскан аттын үстүндөгү чыканактай чабандес бала “Шакулу Талас! Шакулу Талас!..” деп үнүнүн болушунча кыйкырып ураан чакырып келатты… Бала көзүнүн жашын көлдөтө ыйлаган бойдон аш ээси Момокон баатырдын алдынан Торукашка күлүктү чаап өтөт.

Тура калып өз санын мыжыга кармаган баатыр бардыгын түшүнөт да отурган секиден түшүп кетет.

Байгелер калыстык менен таркатылып, калың эл бир аз тынчыганда Момокон Шакулуну өзүнө чакыртып:

— Эми мындай, баатыр, ушул байгенин баары сеники, Торукашканы да ала кет,– деп айтат.

Анда Шакулу ыраазычылыгын билдирип, анан:

— Баатыр, мага байгенин кереги жок, бирок бир өтүнүчүм бар, –
дейт.

— Айт өтүнүчүңдү угайын.

— Эгерде макул десеңиз Торукашканын чабандесин – таластык жетим баланы мага берсеңиз, анын туугандарын издеттирип таап берет элем.

Жүйөөлүү сөзгө макул болгон Момокон жетим баланы да Шакулуга берет. Сөз аягында эки баатыр көкүрөк тийгизип элдешет. Ошентип Жайыл баатырдын баласы Таластан келген меймандарды сый-урмат менен узаткан экен.

Кийин бубабыз жетим баланын туугандарын көпкө издеп жүрүп убаракерчилик менен таап бериптир. Бир гана өкүнүчтүүсү, ошол баланын ысымы жана айылы бүгүнкү күндө белгисиз бойдон калды.

Жантөш ЖУСУПБЕКОВ, Талас облусу,

“Кыргыз туусу”, 17.02.2025

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.