Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: “БАКМА”

(аңгеме)

Үйүлгөн эки үймөк. Бири жаңы, бири эски мүрзө. Эки үймөктүн жанында ал чөгөлөп, чөк түшүп, жалгыз отурат. Алакан жайып көпкө чейин күбүрөнүп, куран окуду. Көзүнөн аккан жаш тып этип топуракка тамды…

*   *   *

Асман тиреген тоолор кара түн чүмкөнүп, үнсүз тунжурайт. Аска-зоонун заңкайган бийиктигин көөдөй караңгылык жутуп, көк менен жер билинбейт. Тынчтыкты бузуп, эрбейген жалгыз караан келатты тоо арасында. 

— Чү! Чү! дейм! Бас, эмне туруп калдың?

Илмийген, арык келин минип келаткан атынан жерге түштү. Ат эки кулагын тикчийте кошкуруп буту менен жер чапчыгансып, артка кетенчиктей берди. Келин анын “бул жак коркунучтуу, баспа” деп атканын түшүндү. Эңкейип сыйпалып, жерден колуна таш алып ыргытты эле “күү” деп чуңкурга түшүп кетти. Тээ казактын талаасы тарапка кеткен белде жер титирегенден улам пайда болгон тоолордун жаракалары бар эле, ошол жакта жүрүптүр да. Тетири кетиптир. Үйдөн чыкканда карыш жер көрүнбөгөн туман болчу. Анан бат эле караңгы кирип кетпедиби. Адашыптыр.

Келин аттын жалынан сылап, бекем кучактады:

— Мага жол таап берчи, суранам. Мен тезинен кабар жеткизишим керек. Эл чакырып, кабар жеткирбесем болбойт, жардам берчи мага?

Ал аттын чылбырын коё берди. Ат аны түшүнгөндөй алдыга басты. Экөө өр талаша жөнөдү. Келин жөрмөлөй калып, жер таяна калып артынан жанталашып баратты. Каякка баратканын билбейт. Аттын аркасынан калбай барат.

Келин караңгы түндөн, каңгыган карышкырлардан, адашканынан корккон жок. Ал тургай азыр эле ат-паты менен жердин жаракасына түшүп кете жаздаганын билди, анда да корккон жок. Кабар жеткизиш керек деген гана ой бүт тулкусун ээлеп алган.

Көзгө сайса көрүнгүс түн. Ээр токумчан ат, жанында ак жоолукчан аял. Көпкө жүрүштү. Кырга чыгышты, басыктары жанагыдай өрдөбөй, түздөлүп калды. Кырдын шамалынын күчү укмуш, жолундагынын баарын кыйсыпыр учуруп кетчүдөй аркырайт. Келин атка жете келип, ооздугун тартты.

— Дыр-рр! Так-так…

Ат токтоду. Келин демин басып туруп калды. Кудай-ай, кай жакта жүрүшөт? Кайда барат энди? Демин басып үнсүз. Аңгыча тээ ылдыйдан иттин үргөнү угулгансып кетти. Жакшылап тыңшады. Ооба, бул иттин үргөнү. Демек, төмөнкү коктуда эл жашайт. Адамдар бар.

Келин атка шаша-буша минди.

— Чү, чү, жаныбар!

Ал атка камчы салбай, теминди. Ар жандыкты аяган жаны дегеле атка камчы салып көргөн эмес. Аялды таанып алган жаныбар ал мингенде өзү эле шуулдап жөнөйт.

Ат тез эле сайга түшүп келди. Иттин үргөнү күчөдү. Үйдөн чыккан үрүл-бүрүл жарыктан улам, боз үй даана көрүнүп калды. Үй ээсин келин тааныбайт, бирок, адамдар жашайт, жардам берет деген үмүт менен атынан түшө кирип келди. Үй ээлери иттердин абалагынан улам төшөктөрүнөн туруп, чырак жандырышкан экен. 

— Амансыздарбы? Арыбаңыздар!

Келин салам айтып, турган жеринде катып калды. Булар тааныштар, болгондо да туугандары экен. Айылдаштары. Ушул тарапта жашашат турбайбы, мурда билбептир. 

— Гүлү? Сенсиңби? Эмне болду кокуй, жети түндө? Тынччылыкпы? – Назарбек чоочуп кетти.

Тууганынын мээримдүү үнүн укканда келиндин көзүнөн жаш кетти.

— Кырсык басты!..

Ал башы айланып отура калды. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап, солкулдап атты. Жана көзүндө бир тамчы жашы жок эле. Токтолоюн десе да токтобой жатты солуктап. Бул анын ыйынын башы эле. Аны да сезип турду бу курган….

— Кудай ай, эмне кылабыз эми? – Назарбектин аялы кейип-кепчип жатты өзүнчө сүйлөнүп…

*   *   *

Кыз караңгы үйдө жалгыз. Апасы кабарга кетип атканда чырак бүлбүлдөп күйүп турган эле, эми минтип жанагы катуу шамалда өчүп калды. Чыракты күйгүзгөндү билет, күйгүзүп эле жүрчү. Бирок, азыр кыймылдагысы келген жок. Караңгы боз үйдүн капшытын карап отурат.

— Кыр-кыр-р…

Ал дем алып атты. Бирок, кыймылдабайт. Кыздын көзү акырындап караңгыга көнө баштады. Аппак колдор көзгө даана урунду. Ал колдордо көк боёк менен чегилип жазылган “Ж.Б.” деген тамга турат. Кыз тамга тааныйт, нөлөбөйдү бүтпөдүбү. Эми чоң мектепке барат. Бул аппак колдордогу тамгалар жылуу. Аны дайыма көрүп жүрчү да. Азыр бул тамгалар кыймылсыз жатат…

Катуу бороон басыла түштү эле эми кайра күчөдү. Боз үйдүн үстүндө бирөөлөр басып жүргөнсүп, бирөөлөр кийиздерин тарткылагансып туурдуктар делпилдейт. Кийиздер өйдө көтөрүлгөндө учуп бараткан жезкемпирге окшошуп кетип атты.

Кыз жезкемпирден аябай коркот. Себеби, аны жакшы билет. Алар дайыма түшүнө киришет. Кээде, сыртка жалгыз чыкканда аларды алыстан эле көрүп коёт. Алар көздөрүн ачып-жумуп, ачып-жумуп аны карап турган болушат. Эмнеге көздөрүн ачып жумушат, кыз түшүнбөйт. Өңдөрү кара. Караңгы жерди жакшы көрүшөт.

Жүзүм таенеси айткан “Жезкемпирлер түндө келишет ”, – деп. Мына, дагы келишти. Алар үйдү айланып учуп жүрүшөт. “Шамалды да ошол жезкемпирлер чакырат. Жамандыкты да жезкемпирлер алып келет. Алар Кудайды сүйбөйт. Кудайга баш ийбейт” – деген таенеси. Туурдуктар делпилдейт. “Түрс-түрс”. “Дүк-дүк”. Боз үй кыйчылдай баштады. Жезкемпирлер жүгүрө баштады үйдүн үстүндө. Кыздын көзү алайды. Кийиздер делпилдеп, көтөрүлүп түшүп, бороондун боздогон үнү кулак көзөйт. Кыз тура калып түндүккө байланган чакага асылды. Узун арканды түндүккө байлап, ага таш салынган чаканы асып коюшат. Кыз тырмалаңдап, чаканы жерге тарткылады, үйдү учуруп кетпесин. Шамал басаңдагансыды. Жамгырдын дапырап жааганы угулуп калды…

“Жезкемпирди дагы, бизди дагы Кудай жараткан”, – дейт таенеси. “Сен коркпо, жезкемпир кичинекей балдарга тийбейт, чоңдорго келет. Жакшыларга тийбейт ”, – дейт.

Таенеси түз баспай, бүкчүйүп басат. Ошондо бала менен тең келет. Бою кыска. Үч ай нөлөбөйгө экөө катташты. Баланын ата-энеси тоодо болуп калды да. Таенеси үйдөн узагыраак жайгашкан кичинекей, жапыз мектептин астында күтүп отурат. Сабак бүткөндө “Чыктыңбы, кагылайын. Китебиңдин баарын алдыңбы?” – дейт…

От өчтү. Үй суук. Кыз өзү үшүгөн жок, буттары тоңуп калды. Бир аз чыдаса апасы келет. От жагат. Чырак жандырат. 

“Сен отуруп тур. Мен жардамга киши чакырып келейин” – дебедиби. Кызга үйдүн ар кайсы жеринен жезкемпирдин буту-колу көрүнгөнсүп кетип атты. Үйгө кирип келдиби? Жок, кире албайт. Жакшылап караса атасынын суукта кийген ичиги экен. Жезкемпир кайрадан үйдүн үстүндө ары бери чуркай баштады. Бороон боз үйдү учуруп кетейин деп үстүндөгү жаан-чачында жабылчу жабылгасын шатырата сыйрып кетти. Кереге-ууктар кыйчылдап каңтарыла жаздап барып токтоду. Кыз коркконунан бакырып жиберди. Бакырып жиберди да кайра шыр токтоду. Ыйлабаш керек. Атасы ойгонуп кетет. Ансыз да кыйналып жатпайбы. 

Кыз бүлкүлдөп ичинен ыйлап кирди. Үйдү учуруп кетсе эмне кылат? Ал өзүнөн корккон жок, атасынан коркту. Бети-башынын баары кып-кызыл болуп жаткан атасын кантип көтөрөт? Кайсы жакка апарат?

Апасы кечикти. Жезкемпир апасына тийбейт. Апасы аябай жакшы. Бирок, караңгыда жалгыз да. Эшикке чыгып апасын издеп, таап келсе кантет? Батыраак үйгө кел, үй шамалга учканы калды десе, экөө атты чаап келип калышат эле. Апасы кишилерди чакырам дебедиби. Алар да келишет эле… 

Кыз бир эле жан эмес. Анда эки жан бар. Муну эч ким билбейт. Эки жаны тең тээ ичинде. Бири күчтүү, бири күчү жок. Күчү жок кыз көп ыйлайт. Күчтүү кыз ыйлабайт. 

Күчтүү кыз, “Бардыгынан эң жакшы, эң күчтүү Кудай” – деген сөздү эстейт. Таенеси эстейт да. 

Ал бүкчүңдөп басып жүрсө да күчтүү. “Ээ, Кудай, өзүңө шүгүр”, – деп басып жүрөт дайыма. 

Кыз ыйлагысы келип, жаман болуп кетип атты. Ошондо Кудай эсинен чыгып кетет. 

Ошондо, анын кичинекей башына өлүм келип калат. Кыз мышыгынын өлгөнүн көргөн. Тээ айылда, таенеси экөө жашап жүргөндө. “Ыйлаба, биз баардыгыбыз өлөбүз, кишилер да өлөт. Мышыктар да өлөт” – деген таенеси. Мышыгы да көпкө ушу атасына окшоп үн чыгарган… Кыр-р, кыр-р деген.

Кыз атасын карады. Кыймылсыз аппак колдор. 

— Кырр, кырр деген гана үн угулат.

…Кудай жакшы… бул колдор да жакшы… атам жакшы…

Кудай жакшы… колдор жакшы… атам жакшы…

Кыз бул сөздү бат-бат кайталап кирди. 

Антпесе, коркуп кетип атыры. Өзү да мышыгындай өлүп калат азыр. Мышыгы да куду өзүндөй болуп титиреген…

Кудай жакшы… бул колдор да жакшы… атам жакшы…

Түндүккө асылган оор чака ары-бери катуу чайпала баштады. Үй бир жагына ооп барып түздөлдү.

Кыз сыртка чуркап чыкты.

Бу саам чыдабай кетти.

— Кет! Кимсиң сен! Кет, жезкемпир! 

Ал чыйылдаган үнүнүн бардыгынча кыйкырды. Бирок, кыйкырыгын өзү да уккан жок, шамал оозунан жулуп кетти.

— Кет, биздин үйдөн! Кет! Кетип калчы!

Аптыгып дем алалбай кетти шамалга. Бороон ышкырат. Апасын таап келмекке алдыга эки кадам шилтедеи эле, шамал аны кагаз самолетту учургандай эле учуруп кетти. Сырт алай-дүлөй, бороон-чапкын экен. Кыз бир топ жерге делбелектеп учуп барып, далп этип жерге түштү. Өзү ойногон үйдөй болгон чоң-чоң таштар бар эле. Шамал азыраак экен бул жерде. Ушул жерге жыгылып түштү. Ал ордунан турайын десе да шамалдан, суу болгон жердин сыйгалагынан туралбай жатты. Апасын издейин дебеди беле. Суу болгон бети-колу тызылдап үшүп чыкты. 

— Апа! 

Кыз ыйлап кирди.

— Ап-а-а!

Ал күчтүү болбой калды. Бакырып ыйлап кирди. Ордунан тура албай көзүн ушалайт. Ылай болгон колунун кири көзүнө кирип, ачышып, ачылбай да жатты. 

— Апа!..

Бир топто барып шамал басаңдагансыды. Үйгө жабышып отурган ити кыз сыртка чыкканда эле жанына келип алган. Азыр Актөш аны жыттагылап атты. “Тур, үйгө жүр” – деп аткансыды. Кыз эптеп туруп, шамал жиреп басып келип үйгө кирди. Шамал күчтүү экен, жанында ит болбосо үйгө жетиши кыйын эле.

Атасы ойгонбоптур.

— Кырр-кырр..

Колу болсо жанагыл эле ордунда. Көкүрөгүндө. Кыз калчылдайт. Кийими суу. Жанагы ордуна келип отуруп калды.

Кыркырап үн чыккан жакты тиктейт. Үйдүн ичи караңгы. Сыртта Актөштүн улуганы күчөдү. Актөш ыйлап аткансыды. Иттердин улушканы – ыйлашканы турбайбы.

Ау-уу! Уу-у-у!…

Ак төш үнүн баспайт. Ал мынчалык улучу эмес…

…Апасы кечикти.

Өйдөгө, бул тоо тарапка чыгыш кыйын, ылдыйыш оңой. Мурда, тээ төмөндөгү жайыкта отурушчу. Жакында эле ушул белге көчүп алышкан. “Шамал болуп, аркырап турганы менен малга жакшы” деген атасы. Мурунку конуштары машине жолго жакын болчу. Ал жолду жолчулар азыр деле салып жатышат. Кыз азыр ал жакка ат менен гана бара алат. 

Кыздын оюна жолчу Саша байкеси түшө калды. Ал маңдайында түрткүчү бар, оор трактир айдайт.

— Оо, привет!, – деп, кызды көргөндө сүйүнүп кетет.

Кээде, кызга каска кийгизип алып экскаватор, узун кран машинелерге, өздөрүнүн ашкана автобусуна түшүрөт. Жолду жардыргандан кийинки иштин баарын ушу Саша кылат. Таштарды түртүп кулатып, тегиздейт.

Жол жардырган аябай коркунучтуу. Биринчи кулакты жарып кыйкырган ачуу үн чыгып, анан жылдыз учат. 

Андан кийин “дүң” эткен кулак тундурган үн чыгат да, таш-кум тээ асманга чейин көтөрүлөт. Тоонун ичи чаңып эле жатып калат. Көпкө чейин таштар шагыр-шагыр, шагыр-шагыр дей берет.

Кулундар желени үзө качып, аттар кишенейт. Иттер үрүп, безилдеп чуркашат. Кой айдаган овчаркасы үйгө кире качат го. Аты Жек. Атасы орустанбы, немистенби, айтор, бир кой берип сатып алган экен. Бомба түшкөндөй болгон бул үнгө жылкы, иттер эч эле көнбөй коюшту. Жол жардырган сайын качышат, кишенешет. Жол жардырган ушунчалык жаман экен, согуш кандай болду экен?

Кыздын башынан ушул ой кетпейт. Алар бомбаны жолго эмес, кишилерге ташташат да, кандай жаман. Ал жерде кыздар, балдар бар. Кыздын жүрөгү “зырт” этет. Кино көргөндө мынчалык коркчу эмес. Апаатты жанынан көргөн жаман экен…

Шагыл таштын арасындагы кыз ойногон кескелдириктин баары өлдү го. Жол жарылган сайын жаны ооруйт. Дүңгүрөгөн үн, асманга көтөрүлгөн чаң, таштардын кечке тынбай шагыраганы кыздын эсинен кеткис болду өмүр бою…

 Ау-у-у! Уу-у-у!.. 

Сыртта ит улуйт. Жамгыр шатырайт. Кыз атасы тарапты карады. Ал азыр төшөктө. Ал баяракта эле басып жүргөн, эми жатат минтип. Ал мындан беш күн мурун отуз үч жашка чыктым деп аткан. Жолчу орустарды чакырып келем деп жаткан, бирок чакыра алган жок, ал күнү да жаан катуу жааган. 

Негизи, атасы орустарды тез-тез чакырып, конок кыла берет. Биринчи жолу келгенде кыз жаман уялган. Бир казан эттен уялган, булар энди кантип жейт? Кыздын чый-пыйы чыкты.

Атасын туурап, алар да дасторкон четинде малдаш токунуп, тизилип отурушту. Чырак бүлбүлдөйт. Апасы казандан бир чара эт чыгарып дасторконго койду. Бул жалаң өпкө, боор, ичеги. Ушуну энди тигилер кантип жешет? Чакырбай эле койбойт дагы.

Кыз ичинен чыйпылыктайт.

Атасы Сашага боор, өпкө кесип, ортосуна куйрук май кошуп, сунуп калды:

— Саша, ешь, ешь на здоровье. У нас это очень любят. Вкусно, потому что и витаминов много, оттого еще и полезно.

Атасы орусча жакшы сүйлөйт. Мурда доктурлукту окуптур. Жапайы чеснокту терип келип: “Тишиңе сүртсөң курт түшпөйт” – дейт кызга. Жапайы пияз менен көбүргөндү айран менен кымызга туурап ичишет. Атасы билбеген эч нерсе жок, баарын билет.

Саша жеп көрүп, башын чайкайт.

— Вкуснотища, думал ничего вкуснее маминого борща не сьем, а тут такое. Очень вкусно. Спасибо!

Анын чындап тамшанып жеп атканын көрүп кыз да сүйүнөт. Кээде, аларды бир казан куурдака чакырып келет чымын-куюн болуп чуркап барып.

— Саша байке! – деп кыйкырат бер жактан эле.

— Че! Что случилось?

— Чай хочешь? Кушать хочешь? Папа говорит кушать?

— В гости зовет? Всех наших?

— Да. Всех зовет.

— Ладно, сейчас остальным передам и придем.

Кыз алар менен аралашып жүрүп орусча түшүнүп, анча-мынча сүйлөп да калган. 

Апасы сыртка шырдак салып, чоң дасторкон жаят.

— Сашаны карабайсыңбы, тигилерди баштап келатканын. Бул жакта досум бар дегенсип алдыга түшүп алганын карабайсыңбы, – деп атасы жетине албай кубанат.

— Добро пожаловать, дорогие гости! Ну-же, проходите, проходите. 

Жаркырап тосот аларды. 

Үйдө жакшы, семиз кой союлуп калса да жолчуларды конокко чакырышат. Анткени, жакын арада алардан башка эч ким жок. Башка чабандар тээ алыста турушат…

Чабандарда эт үзүлбөйт. Себеби, буту сынган, таш-паштан кулап кеткен козу-позуларды адалдап мууздап, ич этин алышат да, өздөрүн колхозго өткөрүшөт. Аны да кургатып, чогултат. Кээсин жарабайт деп мойнуна салып койчу. Талаада ит-куш жегендерди да чабан өзү төлөйт. Айтор, кой баккан жаман. Башка иш болсо жакшы болмок да. Кээде, атасы жокто апасы экөө кайтарат. Баштарын жерге салып эле кете беришет, кыз кууп жетпейт. Бу жагын кайрыса, бу жагы качат. Карышкыр жеп кетет экен деп ыйлаганычы…

Кыз үйгө орустар келгенде сүйүнүп калат. Себеби, атасы сүйүнөт. Атасы сүйүнсө апасын урбайт… Ал да сүйүнөт… 

Ау-у-у! Уу-у-у!.. 

Сыртта ит улуйт.

Апасы кечикти… Карышкыр жеп кеткен жокпу…

Кыз корко баштады.

Кудай жакшы… Апам жакшы… Атам жакшы… Кудай жакшы…

Үйдүн ичи караңгы… Сырт караңгы… Апам кечикти… Таң дагы кечикти… Таң дагы атпай койду го…

Түндүккө байланган чака кайрадан чайпала баштады. Жамгыр жанагыл боз үйдүн ачылып калган жерлеринен үйдүн ичине шатырап кирип баштады. Кызга ушул азыр такыр таң атпай тургандай сезилди…

Атасынын кыркырагы күчөдү. 

Кырр-кырр-кырр, – деп келип токтоп калды. Кыз бир ордунан жылбай мелтиреп карап отурат…

Сыртта ит үнүн баспай улуп калды… 

Ак төш жаагын баспай улуйт… 

Кыздын ушул азыр аябай катуу-катуу ыйлагысы келди.

Ал азыр ак мышыгындай өлүп баратты…

Кудай жакшы… Кудай жакшы… Кудай жакшы….

Ушинткенде ага дем жетип калат…

Үйдүн ичи баягыдан агыш тартып баратты. Жарык улам көбөйгөнсүп тунжурайт…

Сыртта аттардын дабышы угулуп, ит үрүп калды. Кыз ордунан турайын деп туралган жок, денеси сенек болуп катып калыптыр…

Үйгө кишилер кирди. Апасы Назарбек аттуу киши менен келиптир. Бу кишини кыз тааныйт. Кыз менен Гүлзат деген кызы тең. Айылдан экөө бир ойноп жүрчү. 

Тиги киши эми жардам берет, атам ордунан турат, – деп ойлоду кыз.

Кыз тиги кишини карады. Бери басып келеби, башын сылайбы, бирдеме деп айтабы, айтор, бирдеме кылат болуш керек деп үмүт менен күтүп калды. Киши ордунан жылган жок. Унчукпай тиктеп турду капшытты. Жолчулардын чүмкөмө боз-таар плащын чүмкөнүп кийип алыптыр. Башынан бери жабык. Боюу узун бу киши босогодо туруп турду да үнсүз гана кайра чыгып кетти.

Апасы кирди. Ал кызды караган да жок. Көзү шишиген, өңү кубарган, чарчаган. Атасынын жанына келип отурду. Кыз жер таянып, араң ордунан турду да сыртка чыкты.

Кечээки алай-дүлөйдөн дайын жок, асман ачык. Апасын кучактап ыйлагысы келди. Бирок, анткенге болбойт. Ал өзү ансыз да кыйналып турат да. Соксойгон таштын үстүнө чыгып, отурду. Көзүнөн аккан жашты улам жеңи менен аарчып коюп атты.

Бир убакта апасы чыкты. Ал дагы ыйлаган окшойт, көзү кызарып, бети суу болуп калыптыр. Ал кечээки күнкү шамал учуруп кеткен боз үйдүн жамынчысын түрүп, таңды.

Кыз үйгө кирсе атасынан үстү жаңы одеал менен жалпы жабылып калыптыр. Апасынын өңү купкуу. Башы ооруп атса керек. Анын дайыма башы ооруйт. Жерде кыздын жаңы көйнөгү туруп калыптыр. Муну бир жакка чыкканда кийчү эле, эмне кетишеби? 

Кыз үстү жабылып турган атасы тарапты карады. Сыртка чыкты.

Койлор каякта? Жок го короодо?

Алар таң агарганда таш короодон өздөрү эле жайытка чыгып кетчү. Атасы тамагын иче салып артынан кетчү эмес беле. Эми эмне болот?

Апасы сүйлөбөйт. Мурда эле аз сүйлөчү эле, энди такыр сүйлөбөй калды. Аябай чыдамкай. Анын эмнелерге чыдап жүргөнүн кыз билет. Ар кай жери көгөрүп калат… Баарын билет кыз. Эч күнөөсү жок эле көгөрөт байкуштун денеси…

Бала таятасынын үйүнө баргысы келбейт. Үйлөрү жаман алардын. Таятасы картаң. Таенеси байкуш бүкчүйгөн. Төшөктөрү да жаман. Чоң-чоң жамаачылары бар. Жуулбаган. Муздак. Өздөрүнүн төшөгү ысык. Ак шейшеби бар. Апасы аларды бат-бат жууп турат. Эч таенесинин төшөгүнө жаткысы келбейт кыздын… 

Аңгыча аттардын дүбүртү угулуп, калың караан көрүндү. Апасы менен Назарбек байке бу жакка жөнөгөндө анын жанында жашаган коңшу чабан айылга кабарга кетиптир. Үн-сөзү жок эмнеге чыгып кетти десе, туугандарды тоскону кетиптир да. Бул жакты табыш кыйын…

Алар боз үйгө тоо жаңырта өкүрүп түшүштү. Кыз мындайды биринчи жолу көрдү. 

— Эсил кайран, бир боорум, оо!

— Эсил кайран, боорум!

— Эми кайдан табабыз?!

— Бизди эмнеге таштадың? Бизди кайда таштадың?

Кыз чарчаганбы, коркконбу, андан аркысы элес сыңары өтүп жатты көз алдында…

Алар үй чечип атышты. Бирдемелерди таңып атышты. Жаштар бар. Картаңдар бар. Баардыгы үнсүз. Кыздын кулагы тунуп, тунжурап укпай турду…

*   *   *

Кырсык болоордон эки күн мурун кыз катуу кыйкырыктан чоочуп ойгонгон.

— Аа, аа! – деди атасы

Апасы да ойгонуп кетти.

— Ай, эмне болду? Көзүңдү аччы! – деди апасы түшүндө чоочуган атасын ойготуп.

— Жаман түш көрдүм. Жүрөгүм ай! Жүрөгүм ооруп турат.

— Суу ичесиңби?

— Жок, тигил мылтыкты алып берчи.

Апасы керегеде илинген мылтыкты алып, атасына сунду.

– -Жүр, сыртка чыгып, бир карап келеличи. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип жатат.

Экөө ээрчишип сыртка чыгышты. Алар кыздын ойгонгонун байкашкан жок.

“Тарс! Тарс!”

Сыртта мылтык атылды. Иттердин абалап үрүп калышты. Үйдү бир айланып чыгышып, тигилер кайра киришти. Койго ит-куш келгенде ушинтип асманды атып-атып коюшат кээде.

— Эмне түш? – деди апасы.

— Мырзабек досумчу, билесиң да тиги кулаган самолеттун ичинде калып каза болгончу?

— Үйлөнгөн күнү тиги самалеттон каза болгондорбу?

— Ии, ошолор. Той өткөрүп коюшуп эле шаарга кайтышканда, самалет күйүп кетип, ичиндегинин баары өлүшкөн да, билесиң. Ошол досумду издеп жүрүпмүн. Эч жерден көрүнбөйт. Үйүнө барып апасынан сурасам “Ал жок, каза болуп калган” – дейт. Мен кечээ күнкү атып алган чилди көтөрүп алыптырмын.

“Берчи мага” –  деп, апасы колумдагы чилди алып, туз сээп кайра берди. Жолдо келатсам кара киши кууду. Качтым жанталашып. Бир карасам ал жанагыл эле Бакир болуп калды. Ошол Бакирден качып, кыйкырдым.

Апасы унчуккан жок.

— Тиги чилди иттерге салып берчи, – деди атасы.

Апасы сыртка чыгып чилди иттерге берип, кайра кирди.

— Бакирдин бир кою жүрөт койлордун арасында, – деди апасы.

— Жону көк краска бекен? Кулагында эки эн тамга?

— Ооба.

— Ал ошонуку анда. Бүгүн туманда кошулуп кеткен турбайбы. Бирок, бүгүн ал тээ төмөнгө жайды. Кечээ жайытта калып кеткен окшойт. Баса, сүйүнчү, менин он беш коюм ошол Бакирге кошулуп кетиптир. Жаркынбай айтты, өз көзүм менен көрдүм дейт, эн тамгасы сеники дейт. Кудай буюрса, алабыз аны.

Жаркынбайга таяндыбы, айтор, атасы ишенимдүү айтты.

Апасы таенесине: “Жамалбек бирөөгө сүйлөй албайт. Коркок. Бир жолу кекилик атып келип, түнкү саат үчтө казан астырды, уу жегендей эле болдук. Жандын коркогу, бирөө-жарым көрсө штраф салат дейт. Бакма бала жаман болуп калат экен” – дегенин уккан.

Атасы чын эле тартынчаак. Ал тургай айлыгын да тиги чоң үйдөгүлөр алат. Ылайыктап чай-чамек берип жиберишет.

Өткөндө койго карышкыр тийди. Бир козудан болсо да жардам бермек болушуп, туугандар чогулушту.

— Ии, сүйлө. Качан тың жашайсың?

— Кесепетиң, кедергиң качан тийбей калат?

Атасы угуп жаткан кекээр, суук сөздөрдү кыз да эшитип турду. 

Аны басынтып жатышканын да көрүп турду. Кыз аларды айланта карады, ичинде бир адам жок экен. Кыз ошону көрдү. Балким өздөрүнчө жакшыдыр, бирок, бир байкуш жандын башына балээ түшкөндө ар кимиси сөз менен бир “муштап” калып атышты. 

Анысына маашырланып, “жаман кылдым, ээ” дегендей бир-бирин карап, кытмыр жылмаңдап калышат. Эгер, атасынын ордунда башка бирөө болсо: ”биз турабыз го, эч кейибе” – дешмек. 

— Сүйлөбөйсүңбү? Тилиңди жутуп алдыңбы?

— Ой, акмак, сүйлө.

— Акмак!

Атасы унчукпай, башын жерге салып отурду.

— Сүйлөбөйсүңбү?

— Акмын, – деди атасы бир топтон кийин башын өйдө көтөрүп.

— Хи-хи, сени ким кара деп жатат, качан адамдай болуп жашайсың?

— Акмын, – деди, мурдагы сөзүн дагы кайталап. Кайра башын төмөн салды, башка сөз табалбай. Ылдый баш болуп, кемсинип жүрүп, сынып калган атасы ичинин ак экенин, чын эле бир кымындай карасы жок экенин айтып турду. Кыз жаман болду… 

Эртеден кечке кой артында жүрөт атасы. Ал күнү жаан-чачын, туман болгон. Кыз да бар болчу койлордун бир жагын айдашып. Апасы да бар болчу… Кызыл-ала болуп, ар кай жерде томпоюп жаткан койлорду көргөндө баардыгы ыйлашкан….

— Ай, акмак, тилиң жутуп алдыңбы?

— Казакка сандалып барып, жашай албай кайра келдиң…

Алар ага чейин Казакстанда да бир ар жыл жашашкан. Ал жакта да атасы кой баккан. Кыз эмнегедир, ошол күндөрдү эстегиси келе бербейт. Беш-алты жылдык өмүрүнө оңбогондой так калтырган бөтөн жер. Тоо жок, суу жок, топурак жок. Чөл. Чабандар дүпүйгөн камышты өрттөшүп, карайган дүмүрлөрү калган киргил сууга мал сугарышчу. Жерди терең казып, андан чыккан ызгыган кум аралаш сууну кишилер ичишет. Чакага куюп, коюп койсо тунат.

Ал жактан бир гана жакшы сезим калды жүрөк уялаган. Өзү аппак, көздөрү капкара бугу сымак жаныбарларды жакшы көрчү кыз. Туз жеп жатканда конко тумшугунан акырын сыласа да каччу эмес. Сулуу. Бугуларга окшош. Бул бөкөн деп аталган жаныбарлардын аркайган мүйүздөрү жок. Койлор менен короого кошо келишип, туз жешет. Бөкөндөргө эч ким тийбейт. Себеби, эт-аш кенен. Колхоз эки чабанга бирден уй союп берет. Чыгаша болгон койлорду чоңдор өздөрү кыдырып келип, оозеки сурап, акт түзүп кетип калышчу. Эч ким “коюңдун башын көрсөт, сөөгүн көрсөт” – дебейт. Моюнга салуу, төлөтүү деген жок. Чабандар жоголгон койлорду көбөйтүп айтып коё беришет. Жаман ой менен эмес, кененчиликтен. Алардын чабандары койдун артынан кечке салпактап жүрбөйт эле. Жөн гана коёо беришет жайыкка. Саресеп салып санашчу да эмес. Чөө деген бар. Сөзсүз бирден-экиден жейт. Болжолдоп, мынча кой жок деп жаздырып коюшат. Өздөрү каалаган учурда, каалаган коюн союп жей беришет. Күн алыс багалаң козунун этинен куурдак жешет. Күнүгө той-тамаша. Бул жерликтер ырчы да келишет экен. Кыз Даулет атанын ырын жаттап алган. Ал бу маалда өз эне тилин унутуп калган эле. А кишинин ырлары ах-оов деп башталат:

Бай болсаң балам тасыма,
Кедей болсаң жасыма.
Нелер келип, не кетпес ай,
Эржигиттиң басына.
Канагат кыл, тауба деп,
Алдыңдагы асыңа.
Тыңдап ал балам акылды ой,
Көп болмаспын касыңда оо-ой,
Көп болмаспын касыңда…

Даулет ата узакка ырдайт.

— Оте керемет! Елимизге осындай акыл айтатын бурунгыдай аксакалдар жетпей жатыр ау. Жаса, Даулет! – дешет. 

Анан алар баланын атасын карашып, бир ооздон, “Тумарымды”, Тумарымды айтшы”, – деп айкайлашат. Атасы боз үйдүн төбөсүн тиктей коңур, кооз авазын созолонтот: 

Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы, менин сүйгөн, тумарым.

Дасторконду тегеректеп отургандар жалпы ырдашат.

Тумарым, ай-ай, тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым…

Ыр аягына чыгат.

— Ап, бали, кыргыз бауырым, жарадың! Бирге болайык! Бийик болайык! Аман болайык! Алатаудан айтсаңшы?

Суроолор боюнча баланын атасы экинчи ырга өтөт:

Алып тулга байсалды.
Манаураган Алатау.
Кызыл-жасыл гүлдери,
Алаулаган Алатау,
Манаураган Алатау… 

— Эй ширкин, жарайсың жарыгым! Өнериң өрлеп, мерейиң үстем болгай!

Эртеси кийинки үйдө той-тамаша.

Кыздын апасы муңайым өмүр сүрүп жатты бу күндөрү. Арыктап, сүлү эле калды байкуштун. Мунун баары кызга жаккан жок, өңдөн азды. Өз жерин сагынды кыз.

Ушунчалык сагынды, аркайган тоолор көздөн учту. Тоодон агып түшкөн шаркыратма суулар кандай сонун эле! Жанына ойноп барганда муздак илеби бетке уруп турчу эмес беле. Бул жерде тоо жок, аккан суу жок. Ысык, үп экен. Кыз ошол өзөндө суусу күкүктөгөн, боорунда булагы шылдыраган, аска ташка урунуп, бышып түшүп жаткан шаркыратма сууларын, боз топурагын сагынды. Суу менен топурак көздөн учту. Өзгөчө боз топурагын сагынды. Топурак кечип ойночу да. Жамгыр жааганда сонун жыттанчу эле. Кумду көргүсү жок. Кум көрсө көңүлү ооручу болду. Апасы да өңдөн азып баратат. Ооба, ушул кум себепчи ага дагы. Тоолордун орду үймөк-үймөк болгон кум дөбөлөр. Баары башкача. Кишилер да башкача. “Эмнеге ыйлап жатасың? Эмне болду? Эмне жардам керек?” деп сурашпайт экен…

Кыз “Бөтөн эл, бөтөн жер” деген сөздү уккан эмес, ичинен көрдү. Бөлөк элдин жыргал, ысыгында адам ысый албайт экен, үшүп тура берет экенсиң. “Киндик кан тамган ата-журт” – деген сөздү уга элек, бирок, жон-териси, эт-жүрөгү менен сезди. Туулган жердин боз топурагы – көздөн учкан сары ооруу болоорун өз башынан өткөрдү бала туруп. Кыз ооруп калды… 

Кайра эле минтип, кой артынан түшүшкөн ата-энеси…

— Акмын, – деди атасы, жанагыл сөзүн дагы кайталап…

Кыз ар бир тууганын карап, ар бирин ичин көрүп турду…

*   *   *

Кырсык болоордон бир аз күн мурун Жаркынбай байке дагы бир эки киши үйдө чай ичишип отурушту. Бу чөлкөмдө кошуна чабандар жок. Булар тээ ылдыйда турушат. Ошентсе да, тез-тез келип турушат.

— Жылкылар кишенеп, кулундар желени үзө качып бир шумдук болгон да. Күркүрөп-шаркыраганынан жанына жакын келе алган жокпуз.

— Ал самолет тээ айылдын үстүнөн өткөндө эле кызыл жалын чыгып бараткан.

— Ошондо келсеңер бирин-экин кишини куткарып калмак экенсиңер.

— Кантип куткарып калат элек кызыл жалын болуп атса?

— Балдарды илюминатордон ыргытышкан деп да жүрүшөт.

— Билбейм, билбейм. Ал кезде тээтигил сай конушубуз эле. Бакирлер да ошол жерде жашачу.

— Кой Бакириңди, эч кимге жакшылыгы жок аныңдын.

— Ууруда кай жакшылык? 

— Алыс-жуук демекчи, ошол Бакир өзү айтат, бир жолу кой жайып жүрсөм, муногу белден өткөндө эле ар жагы казактын жери да. Бир казак чабан чоң ташка ат мингендей бутун арта салып, кой жайып отуруптур дейт. Мээлеп туруп ташты чып этме менен чып эткизе аттым эле артын карабай безди, койлорун айдап келе бергем деп мактанып калар эле.

— Жылкылардын түбүнө жеткен кишиге кой кеп бекен…

Кыз ушул сөздөрдү укту.

Тоонун чокусундагы жайыкка конгонго аракет кылып, бирок, коно албай кулап түшүп, күйүп жаткан самолетту көз алдына келтирди. Жанында жашаган адамдардын жардамга барбаганы жаман болуптур. Жаш балдардын түгөйлүү жакшынакай тапичкелери жатканын көрчү ойноп барганда. Бир курдай кийип да көргөн… Ал тапичкелер эмнгедир күйбөптүр. Самолеттун ичи кара күйүк болчу. Тимеле капкара…

Кыз атасын ойлоду. Баякыдай эле ичи “тыз” этти… 

*   *   *

Кырсык болоордон бир күн мурун да сыртты туман басып турган. Бакир үйдө чай ичип, күлүп сүйлөп отурду. Атасы ага оңой менен батынбайт эле, тигинин кабагы жакшы экенин көрүп айтып калды:

— Бакир, менин сага ондон ашык коюм кошулуп кетиптир. Ошону берсең, жакында чоң санак болот эмеспи.

Берки ыкшып күлүп калды. Күлүп сүйлөгөн киши эле.

— Кайсы койду айтасың?

— Тигил, Жаркынбай айтты. Бакирдин койлоруна койлоруң кошулуп кетти, көрдүм дейт. Эн тамгасы да сеники дейт. Санасам он беш кой жетпей калган ошол күнү. Ал үчүн камап жиберет да, билесиң.

— Жаркынбай айта берет да, бар кара, эн тамгасы башка бир кой болсо ала бер, менде бөлөк кой жок.

— Жаркынбай калп айтмак беле?

— Хи, кайдан билдим, кишинин арамы ичинде. Хи-хи.

— Берсең. Коюмду берчи, Бакир. 

— Кайсы коюңду айтасың? Хи-хи.

— Менде да сенин бир коюң жүрөт, кошулуп кетиптир, сен берсең, мен да өңөрүп алып барып берем, буту аксак экен.

— Бир кой дейсиңби? Менин көп коюм жок.

— Бир коюң кошулуп кетиптир, чын айтам.

— Менден ошентип кой өндүрмөкчүсүңбү сен? Мен сени төлөтөм керек болсо. Ошол бир кой мага факт болуп берет керек болсо. Бүт жоголгон койлорумдун баарын төлөтөм. Мени ууру дешет, мен эмес, мына бул ууру дейм милийсага. Мен сени жоготом. Мен сендейлердин далайын көргөм. Түрмөгө чиритем керек болсо. 

Атасы сөз таппай калды. Окуя мындай болуп кетээрин күтпөсө керек…

Аны көргөн тиги неме сөөмөйүн сороңдотуп, жаалданып, күчөп кетти. Атасын бозала, купкуу. Баягы “акмын” деген сыяктуу башы жерге салынган. Кудай, ай, ушул ак жеринен шылкыйган элес, кыздын карегинде калды өмүр бою. Кичинекейдин көзүндө чоң адамдын сынганы жаман экен. Атасы азыр кай тарапка бараарын, кимге барып даттанаарын, өз буюмун өзү алалбай жатканын айтып, кимден жардам сураарын билбей чайпалып кетти. Жалган дүйнө кошо чайпалды… 

Кыз чуркап жөнөдү бу жерден. Чымын-куюн болуп бет келди чуркап баратты. Сайга түшүп, өр талаша жүгүрдү. Тээ кырда күнгө чаглышып, жаркырап жаткан кулаган самолет бар. Жетти. Бул самолет анын машинеси. Отургучтары да бар. Чоң жагы капкара. Учкуч отурган жагы бүтүн. Самолеттун ичине кирип өңгүрөп, өкүрүп ыйлап баштады. Бул момпосуй талашкан балалык ый эмес эле. Бул чоңдорду аяган ый. Мындай ый – ыйлардын эң жаманы экен. Кыз ыйлап атып, чарчап уктап кетти.

— Тур, кызым…

Кыз көзүн ачты. Апасы экен. Кыз апасын кучактап ыйлап жиберди. Апасы “Эмнеге ыйлап жатасың?” – деп сураган жок.

— Мен сени издеп жүрбөймүнбү. Бул жакка келбечи, бул жер жаман, – деди ал акырын. 

Кыз үңүлдөп ыйлап келатты. Атасы тиги кишиден, Бакирден оңой менен өз койлорун ала албасын билди. Алмак турсун бир чоң коркунучтун алдында турганын да туйду… 

Бул да байкуш. Кыз апасын карады… Үңүлдөп келатты жолдо ката үнүн баспай…

*   *   *

Кырсык болоор күнү атасы койлорду эрте айдап келди. Кызга анын өңү керсары көрүндү. Чайга отурушту. Атасы чай ичкен деле жок эмнегедир.

Ал кыздан:

— Чай ичтиңби? – деп сурады. 

Кызын жакшы көрчү. Бир да жолу урушкан эмес. Бирок, кыз эркелебейт ага. Дегеле, эч кимге эркелебейт. Эмнеге мени мынчалык карады деп ойлоду ичинен.

Атасы анан апасын карады.

— Агышайбекте алты кой бар, берем деген. Ии, Караколдо беш кой бар. Бакирден да алыш керек, он беш даана бар. Жаркынбай күбө болуп берет. Алганга ошол жардам берет го дейм?

Ал апасына эмес, өзүнчө сүйлөнүп атты. Бирок, апасына угузуп сүйлөндү.

Анан сыртка чыкты. Кайра бат эле кирди. Дагы чыгып, дагы кирди. Кире беришке отура калды. Кызды карады. Жалдырап карады акыркы жолу көрүп жаткандай. Кайра сыртка чыгып, кайра кирди. Үйдүн ичин айланта бир карады. Аялын, кызын көпкө тиктеди үнсүз. Бул көз карашты да кыз өмүр бою жадына жаттап, жанына катып алды эрксиз. 

Бу сапар отурбай эле кайра чыкты.

Боз үйдүн арт жагын бирдеме сүзгөндөй болуп, “аа!” деген үн чыкты.

Апасы бир жамандыкты сезип турганбы, сыртка атып чыкты. Кыз да артынан чуркады. Атасы жерде кулап жатыптыр. Мылтыктын учу анын ооз жагында экен…

Кыз эч нерсе түшүнгөн жок. Кулагы тунуп турду.

Бир билгени айлана караңгылап бараткан…

*   *   *

Аттар асман тиреген бийик тоонун боорундагы кыя жолдо катарынан тизилип ылдыйлап келатты. Үч атта уук, кереге боз үй. Калган он чакты атта куржун, жүк-так артынган адамдар. Бир атта гана узун таңылган бир жүк. Аны эки атчан коштоп, Азим ата жетелеп алган.

— Кудай сактай көр, аман-эсен ылдыйлап алсак экен. Аркы сайдан Бакирдин сөөгүн табышты, – деди Суранбай ата. 

— Ал ошону көрмөк акыры. Далайды сыздаткан неме бирөөнүн колунан жанбермек… Акылсыз бала ай, Бакирдин жексурлугуна чыдабай атып салган турбайбы. Бирок, өзүнө кол салбай койсо болмок. Камалып кетсе деле бир күнү чыгып келет эле го…

Азим ата сүйлөндү.

— Ай жок, ай, андай жүк менен жашай алмак эмес. Жамалбек акжүрөк бала болчу. Түрмөдөн чыгып келип жашай алмак эмес. 

Суранбай ата үшкүрүндү.

Аттар асман тиреген бийик тоонун боорундагы кыя жолдо катарынан тизилип ылдыйлап келатты… Бу кыя жолдор бирөөлөргө бүтсө, бу кыя жолдор бирөөлөргө башталыш болуп кылкылдап жатыры…

*   *   *

Үйүлгөн эки үймөк. Бири жаңы. Бири эски мүрзө… Үймөк жанында аял отурду үңкүйүп 

Баягы кыз азыр чоң адам болгон. Төгөрөктүн төрт бурчун көрдү. Жакшыны да кезиктирди, жаманга да жолукту. Бардыгын сүйдү, бардыгын кечирди.

Атасы жөнүндө гана унчукпайт. Эч бир жерде эч качан ата деп жазган эмес, айткан эмес. Аны жаман көргөнүнөн же жакшы көргөнүнөн эмес, оордугунан. Эстеген да, уккан да, айткан да оор. Бирок, атасынын “акмын” деген сөзү күнү-түнү кулагына жаңырып келди тынчтык бербей…

Атасынын өзүнүн апасы үч жолу турмушка чыккан экен. Үч бир тууганга чыгыптыр. Улуусуна тийип эки балалуу болуп калганда каза болуп калат. Аксакалдар, “балдар жетим калбасын” деп кийинки биртууганына алып берет. Ал андан да төрөйт. Ал да каза болуп калат. Баягыл аксакалдар эми кичүүсүнө алып беришет. Андан да көптү төрөйт. Эң кичине баласы жаңы төрөлгөндө, балалуу болалбай жүргөн айылдашы: “Ушул балаңды мага берчи, мен багып алайын” – дейт. Десе эле, эмизбей туруп карматат. Илимдүү, зирек, жоош-момун жакшы киши болгон багып алган адам. Чоң байбичеси багат. Кичине аялы чуурутуп төрөйт тигини багып алышкандан кийин. Ошондон кийин бакма бала – Жамалбек эч каралбай, өз энесинин же өгөй энесинин мээримин эгедер болбойт шоруң каткыр. Көпчүлүктүн астында сүйлөй албаган ичимтап, кемсөз, жалтак болуп чоңоюп, ошо боюнча киши болуп, үй-жай күттү. 

Апасы айтат:

— Бир жолу этти эзилте кайнатып, камырды колго жука жайып, мурч, калемпир, пияз менен бешбармак жасап бердим. Анда жаңы баш кошуп, кой багып тоого эми бөлүнүп чыкканбыз.

Тамакты ичип бүтүп: “Ии, ысык тамак деген ушундай болобу, денем жайылып, тер чыгып кетти” – деп таң калды. Ага кастарлап эч ким деле тамак жасап берчү эмес окшойт, – дейт.

Аялын жөн жерден кызганып, кол көтөрө бергени да ошондон го. Жалгыз “байлыгы”, “менчиги” – ошол аялы эле да.

Убагында мединиститутка өз күчү менен өткөн экен. Бешинчи курс болуп, операцияларга кире баштаганда, багып алган энеси: “Өлүк сойдуртуп эмне кыласың, ыя? Доктур кылып кайсыл муратка жетесиң? Андан көрө бу жакка келип, каралашпайбы” – деп атып абышкасына алдыртып алган экен.

Кой артынан жүргөнү ошол, окубай калгандан кийинки тагдыры. Окубай калганы бакмалыгы үчүн болуптур. Кайтыш болгон себеби да ошол өз жолун табалбаган, таянары болбогон бакмалыгынан улам болду го. Таянаары болгондо ак жеринен күйгүзгөндөр өздөрү күйүйшмөк…

Жараткандан өткөн Калыс жок, ар өмүрдүн ак-карасын Өзү таразалаар. Кыздын өз көзү менен көргөн чындыгы ушул…

*   *   *

Үйүлгөн эки үймөк. Бири жаңы. Бири эски. Аял үнүн акырын чыгара кырааты менен куран окуду: 

— Аузу биллахи мина-ш-шайтани-р-раджим

Бисмиллахи-ррохмаани-ррохиим.

Аль-хамду лил-лахи роббиль-ааламиин.

Ар-рохмаани ррохиим.

Маалики йаумид-диин.

Ийаака набуду ва ийаака настаиин.

Ихдинас-сыроотол-мустакыым.

Сыроотол-лазиина анамта алайхим, гойрил-магдууби алайхим ва лад-доолиин…

Э, Кудайым, атам менен апамдын билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирип, бейишиңе ала көр!..

Ал алаканын көккө жайып, жүзүн сүрттү.

Апасы түздөн түз бейишке кетти болуш керек. Атасы кыйналып жаткан бейм? Акмын деген сөзү кулагына дагы жаңырды.

— Аксың, – деди аял, үнүн чыгара. Ар жактагы талда конуп отурган чымчык чыр-чыр этип аны карап койду.

Жүзү аппак, кырдач мурун, карагат көз ашынган сулуу жигит эле атасы. Кыздын эсинде ал жигит боюнча калды…

— Апама кол көтөргөнүң, өзүңө кол салганыңды кечирдим. Жашасаң болмок, – деди аял күбүрөнүп…

Чымчык чыр-чыр деп бутактан бутакка конду…

Тээ кыя жолдон түшүп келе жатканда кыз билген эмес. Билген эмес апасына андан кийин да турмуштун таягы даяр экенин. Апасы аны да үн-сөзсүз көтөрөөрүн билген эмес… 

Аялдын көзүнөн аккан жаш тып этип топуракка кулады….

*   *   *

Аттар асман тиреген бийик тоонун боорундагы кыя жолдо катарынан тизилип ылдыйлап келатты… Бу кыя жолдор бирөөлөргө бүтсө, бу кыя жолдор бирөөлөргө башталыш болуп кылкылдап жатыры…

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.