Кара-Бото хан

Кыргыз тарыхынын өлбөс-өчпөс барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган улуу инсандарынын бири Кара-Бото хан. Азан чакырылып койгон ысымы Капар. Эгер, санжыра сүрүштүрүп айтсак, Кара-Бото хан кыргыздын сол канатына кирген кытай уруусунан. Куу уулдан Көбөш, Көбөштөн Жайыл, Жайылдан Каранай. Каранайдан Кытай. Санжырачылардын айтымында, сол канаттын кытай уруусу Каранайдын уулдарынын бири Кутайдан тараган. 

Илгери жоокерчилик заманда, аялы ай-күнүнө жетип калганда, Каранай «баланын үнүн уксам, жүрөгүм жарылып кетпесин» деп жигиттерин ээрчитип салбуурундап, андан ары жоортулга чыгып кетет. Көп жүрдүбү, аз жүрдүбү ким билет, алыстан сандаган жылкыны айдап, күндөрдүн бир күнүндө, таң эрте жолго чыгып, айылга келгиче, ай толукшуп тийип, түн кирип кетет. Аялы Каранайдын келишин эле күтүп жаткандай, дал ошол ай толукшуп чыккан түнү эркек уул төрөгөн экен. Каранайдын аялы коломтонун жанында, түндүктөн түшкөн желбоону кармап толготуп жатканда, ай-жылдыздар жыбырап көрүнгөн түндүктөн коломтого кут түшкөн деп айтылат санжырада. Аны көргөндөр «Наристе төрөлгөн түнү айылга кут түштү. Бул жакшы белги болду. Буюрса, бул бала менен бирге элибизге, кыргыз элине кут келди» дешип ырымдашып, балага Кутай деген ысым беришет. Кутай чындыгында да бир уруу элдин гана эмес, кыргыздын намысына туулган эр азамат болуп жетилип, Манастап ураан чакырып, жоо сайып, эл оозуна алынып, ал уруунун аты Кутайдын аты менен аталып, бара-бара Кутай – Кытай аталып кетет. Ошол Кутай-Кытайдан –Түлкү бий, Түлкү бийден Байтике, Байтикеден Кыйра, Кыйрадан Кочкор, Кочкордон Кара-Бото хан.

Кыйра бабаларын тартып, аккан арыктан суу агат дегендей, намыска туулган эр азамат болот. Кыйрадан төрт уул: Алак, Чоок, Назараалы (Кудайберген), Кочкор. Төртөө тең мыкты чыгат. Кыйранын экинчи уулу Чооктун аялы Болдуке алтын кайчы, жез оймок ары уз, ары сөзмөр, акылдуу десе акылдуу, эстүү десе эстүү аял болуптур. Чоок менен Болдукенин артын мал басып, алдын бала басып, Чекир жана Төлөбай деген эки уулдуу болгондо, жазмыш экен, Чоок жарык дүйнө менен кош айтышат. Акыл-эстүү, ары өңдүү-түстүү бүлөнү ким эле башкага кыйсын? Анүстүнө, бир тууганы Чооктон эки бала калып отурат, ошентип кайнагасы Алак менен кайниси Назаралы «мен алам» болуп, Болдуке айымды талашып калышат. Ошондо Болдуке эстүүлүк кылып, жеңеси Алактын аялына «мен буларды талаштырып, бирин-бирине жаман көрсөтпөй, Кочкор кайниме эле тийип алайын» деп акыл айтат. Кочкор ал убакта эр жетип, эл сынына толуп, ата-бабаларын тарткан, намыска туулган азаматтардын биринен болуп калган экен. 

Кочкор жеңе аялы Болдукеден Алатоо жана Ормотоо деген эки уулдуу болот. Алатоодон сарыкашкалар, Ормотоодон кесек каралар тарайт. Болдукени эстүү аял болгон дебедикпи, ал дагы да эстүүлүк кылып, кийин-кийин: «Мен картайып, төрөттөн калдым. Кочкорума жаш аял алперейин, уругу көбөйсүн» деп, улуу-кичүү агайын эл менен кеңешип, тектүү жерден кыз алперүүнү ниет кылат. Акыры нары ойлонушуп, бери ойлонушуп, айтылуу Курманбек баатырдын кан досу Кашкардын каны Ак-хандын бойго жетип калган кызына жуучу жиберишет. Караңыздарчы, эмне деген нарктуулук, эмне деген салттуулук. 

Болдуке айым жуучулукка кайниси Назаралыны «барып кел» деп суранган экен. Эски таарынычы бар Назаралы көңүлдөнбөйт. Ошондо, Болдуке кырк жигит курап, кырк ак боз атка мингизип, уруу аксакалдарына жол баштатып, жуучулукка өзү барыптыр. Айтымда, ошонун алдында Ак-хан түш көрөт. Түшүндө башына күн, аягына ай туулуп, экөө ээрчишкен бойдон алыскы ак карлуу тоолордун арасына узайт. Көп узабай, ошол тараптан жарык шоола тарап, Ак-хан өрөпкүп ойгонуп кетет. Ак-хан эртеси түшүн өзүнүн акыл кеңешчисине айтат. Ал жакшылыкка жоруп, «Буюрса, кызыңызды алыска узатат экенсиз. Күн менен ээрчишип кеткени, болочок күйөө балаңыз тегин бала эмес окшойт» дейт. Ошол аян түштөн көп узабай, Болдуке айымдар Ак-хандын кызынын колун сурап барып калышат. Ак-хан аларды сый-урмат менен тосуп алып, кырк күн, кырк түн коноктоп, кырк төөгө сеп жүктөп, кызына кырк кул, кырк күң кошуп берип узаткан экен.

Ак-хандын кызына үйлөнгөн Кочкор андан Байтөбөт жана Кара-Бото (өз ысымы Капар) аттуу эки балалуу болот. Капар төрөлгөндө көзү бүтөө түшүп, кырк күндөн кийин көзү ачылат. Бир маалыматтар боюнча, Капар (Кара-Бото) 1623-жылы 14-августта жарык дүйнөгө келген десе, башка бир маалыматтарга таянсак, Кара-Бото болжол менен 1655-1660-ж.ж. төрөлгөн делет. 

Кара-Бото тууралуу уламыш сөздөр, аңыз кептер арбын. Ал нышаналуу, жазети башка, бүркүт кабак, көзүндө оту, тилинде мөөрү бар адам болгон. Бир айтымда, Манас бабадан калган кырк чилтен Кара-Бото ханда да болгону айтылат. Өзүнүн уулу Үсөнгө көзү тийип, эт бышым аралыкта баланын көзү өтөт экен. Ал окуя мындай. Кара-Бото Асан-Үсөн деген эгиз балалуу болот. Экөө эр жетип, сөздүүлөрдүн сөзүнө илинип, мыкты жигиттерден болушат. Тоолордун башынан кар кетип, күн жылымдап, элдин алды жайлоого көчө баштаганда, Кара-Ботолордун эли да жайлоого көчүшөт. Айтылуу Манас чокусунун жанындагы Желе-Таштын тушуна келгенде, ат үстүндө келаткан Үсөн тамашалап, эки жагындагы атчан балдардын бирин берки баланын атына мингизип, берки баланы тиги баланын атына мингизет. Алыстан карап келаткан Кара-Бото «Капырай, Кудай адам баласына да ушунча күч берет экен, ээ. Атаң көрү, ким мунун бул балбандыгын көрсө, «менин уулум болсо» дегидей азамат экен. Бул кимдин баласы болду экен?» – деп катуу тамшанган экен. «Ай-ий, сөзүң артка кайтар, өз балаңды тааныбай калдыңбы» дейт жанында келаткан аялы. «Ошондойбу. Атаң көрү, эми болбой калды, жүктү ушерге түшүрт» деп тескери карап, өңгүрөп жиберген экен. Көч токтоп, антип-минтип боз үй тигилгиче, Үсөн атасынын колуна башын сүйөгөн тейде жан берет. 

… Кара-Бото жерден боорун көтөргөндөн чыйрак чыгат. Айтымда, агасы Байтөбөт боорукер, кайрымдуу жана кеменгер адам болуптур. Кеменгерлиги ушул, таятасы Ак-хан улуулук жолу боюнча, Байтөбөттү хан тактысынын мураскору ханзаадалыкка сунуштаганда, ал «артыман жакшы-жаман сөз ээрчип калды» деп, ханзаадалыктан баш тартып, мураскорлукка иниси Кара-Ботону сунуштайт. Ошентип, Кара-Бото жээни 13-15 жашка келгенде, таятасы Ак-хан аны хан тактысынын мураскору катары ханзаадалардын катарына киргизген дешет. Байтөбөт Казыбек жана Козубек деген эки балалуу болгондон кийин, жарык дүйнө менен кош айтышат. Кара-Бото Асан, Үсөн (экөө эгиздер, Үсөндүн трагедиялуу тагдыры тууралуу жогоруда айттык), Чарык, Чотон деген балалуу болгон. 

Уламыштардын биринде, Кара-Бото ханды Жанчар хан менен Кулмес хан экөө хан көтөргөн деп айтышат. Анын хан болгондугу тууралуу уламыштар, аңыз сөздөр көп. Кытай уруусу уучу узарып, калмактарга каршы күрөшүүдө элдин башын бириктирген хан керектигин түшүнүп, «кимди хан көтөрөбүз» деп чоң жыйынга чогулушат. Жыйынга кошуна элдерден да аттуу-баштуу коноктор келишет. Ошондо чогулган эл «Кара-Бото Ак-хандын тукуму эмеспи, хандыкка андан башка ылайыктуу эч ким жок» деген жыйынтыкка келишет. Ошентип, Кара-Ботону ак кийизге салып хан көтөрүшөт. Ошондо Кара-Бото 36 жашта эле дешет. Айтымда, айтылуу Шекер айылынан жогору кеткен Таш-Башаттан жогорудагы Май-Булак деген жерде хандыкка көтөрүлүптүр. 

Кара-Бото хан калмактарды кыргыз жергесинен сүрүп чыгарууда башын канжыгага байлап, жоо сүргөн баатырлардын бири. Аны менен бирге, Таластагы Кызыл-Адырда болгон урушта Кара-Ботонун ишенимдүү кол башчылары төңтөгөр уругунан Сөлпү баатыр, кертеней уругунан Атантай баатыр баштаган эр-азаматтар кашык кандары калганча салгылашып, чоң эрдик көрсөтүшкөн. 

Айтымда, ошол учурдун шарты боюнча, кол башчылар дайыма туу алып жүрүшүптүр. Тууну душманга алдырып жиберүү жеңилүү менен барабар болгон экен. Сол канат кыргызды баштаган Кара-Бото хандын да айтылуу «Кара туусу» болуптур. Эл оозунда атадан балага, муундан муунга көчүп айтылган аңыздарга караганда, Кара-Бото хан кара туусун жайганда аба-ырайы бузулуп, ала жайдын күнү кар жаап жиберчү дешет. 

Кыргыз менен калмактын урушунда, калмактардын туусу колго түшүрүлүп, туу менен кошо колго түшкөн калмактын эки кызынын бирин Кара-Бото уулу Чотонго алперип, ал калмак аялы Чотонго Өлжөй деген уул төрөп берет. Бүгүнкү күнү андан тарагандар кыйранын ичинде өлжөй уругун түзүшөт. 

Кара-Бото хан тууралуу ханзу (кытай) жазмаларында да айтылып калган. 1758-жылы ханзу (кытай) өкүлдөрү Кара-Бото ханга жана Маматкул бийге келип жолугуп, Кытай императоруна кимдер элчиликке бара тургандыгы жөнүндө макулдашкан. Ал жазмада кытай императоруна Кара-Бото бийдин жээни Хибице, кушчу Майтык бийдин уулу Боруке, Айдарбектин иниси Ноочу баатыр (Ноици кытай транскрипциясы) бара турганы макулдашканы айтылат. Кара Бото хандын жашы жүздөн ашып, көзү көрбөй калгандыгына байланыштуу жээни Хибицени жиберген. Хибице элчи болуп барып, мындай маалымат берген: «Биз, буруттар, оң жана сол канат болуп бөлүнөбүз. Оң канаты Маматкул бий бийлейт, сол канат кыргыздарды болсо, Кара Бото хан башкарат». Демек, Цин дөөлөтү башчылык кылган түп Бээжин менен дагы тең ата элчилик мамилелер болгон. Өмүрүн кыргыз-кытай тарыхына арнаган зор манасчы Орозобек Айтымбетовдун жазуусунда кыргыз тарыхы кытай императорлору тарабынан бурмаланып, императордун жеке көзөмөлү астында император сарайындагы тарыхчылар коому тарабынан жазылган. Демек, ага өздөрү туура көргөн даректер гана киргизилген. 

Тарыхты талыкпай тактап изилдөөчүлөргө көп тарыхый маалыматтар Кытай, Россия элдеринин архивдеринен чыга бериши толук ыктымал. Себеби, алыстан Орто Азияга көз салып отурган Пётр 1 дагы өз чалгынчылары аркылуу Орто Азия элдеринин жашоо турмушунан, саясый кырдаалынан кабар алып турган. Петр 1 Орто Азиянын жана Ысык-Көлдүн чиймесин, кыргыздар жөнүндөгү биринчи маалыматты Жуңгар хандыгындагы элчиси И.Унковскийден (1722-1724-ж.ж.) маалыматтарды алып турган. 1749-жылы Оренбургдук окумуштуу П.Рычков улуу Жибек Жолунда каттаган көпөстөрдөн сурамжылап, кыргыздар жөнүндөгү маалыматты жыйнаган. Элчи да, көпөстөр да кыргыздардын жоокерчилигин Жуңгар баскынчылары менен чаалыкпай, кармашып келе жатканын бир ооздон баса белгилеген. 1780-жылы Фергана-Алайды аралаган чалгынчы Ф.Ефремов дээрдик он жыл бою Орто Азияны кыдырган. Ал жергиликтүү элдердин тилин, салтын үйрөнгөн. Мекенине баргандан кийин, Орто Азия тууралуу Санкт-Петербургда 1786-жылы китеп жазып чыгарган. 

Кара-Бото хан Олуя-Атадан Түркстан шаарына чейинки аралыкка чейинки аймакка ээлик кылып, Улуу Жибек жолун көзөмөлдөп турган. Казактын айтылуу Аблай ханы Кара-Ботонун нурдуу, от чачыраган көзүнөн жалтанып, тике карай алчу эмес экен. 

Кара-Бото хан 110 жашка чыкканда, уулу Асан атасынын бейшептеген жерин көрүп, «атамдын дагы эле күчү бар турбайбы» деп, атасына кетментөбөлүк саяктардан Телегей деген кызды алпериптир. Кийинки жылы жайлоого көчүп баратканда, Телегей төрөп, Кара-Бото кылым жашап көргөн баласынын ысымын, жолдо төрөлгөндүктөн Жолон коет. 

Бир айтымга караганда, Кара-Бото 111 жашында 1734-жылдын 29-июнунда жарык дүйнө менен кош айтышат. Башка бир маалымат булактарында, Кара-Бото хан болжол менен 1766-1770-жылдары Аксы тарапта өлүп, сөөгү Сафит-Буланга коюлуптур. Уламышта Кара-Бото өлөр алдында «сөөгүмү кара буурага артып кое бергиле, буура кайсы жерге чөксө, ошол жерге койгула» деп керээз калтырган делет. Хан өлүп, уулдары атасынын сөөгүн кара буурага артышып, анын артынан жүрүп отурушат. Кара буура жол жүрүп отуруп, ээн талаага келип чөгөт. Атасынын сөөгүн ээн талаага койгусу келбеген Асан кара буураны сабап тургузуп, андан ары айдаганда Сафит-Булан мазарына жакын чөгүптүр.

Кара-Ботонун сөөгү ошол жерге коюлат.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.