Азис НЕСИН: “ЭГЕРДЕ, ЭГЕРДЕ, ЭГЕРДЕ…”

Кымбаттуу жан досум Бахри Фильфиль!

Жиберген катыңды алдым, чоң рахмат. Эгерде жолдон почтодогу көп каттын ичинен жоголуп кетпесе, эгерде цензурадан аман-эсен өтсө, эгерде почточу конверттеги даректи туура окуса, эгерде сен жашаган үйдү бузуп, же сен башка үйгө көчүп кетпесең менин жазган жообум колуңа тиерине үмүт кылам.  

Бир тууганым Бахри Фильфиль, качан үйлөнөсүң деп сурапсың? Эгерде колуктум иш таап калса, кожоюну ага жумушту аябай көп берип кыйнап, анан аткаралбай калдың деп шылтоолоп иштен бошотуп жибербесе, эгерде тапкан акчабыз кичинекей бөлмөнү ижарага алганга жетип, анча-мынча керектүү оокатты сатып алсак, эгерде ажобуз менен премьер-министр жыйындарда, жолугушууларда убада кылышкандай экономикабыз алдыга жылып көтөрүлсө, мен эс таркандан ушу убакытка чейин угуп келе жаткандай, жашоо деңгээлибиз өсүп, айлыгым көбөйүп калса, эгерде министерствонун карамагына которуп кетишпесе же иштен бошотуп жибербесе буюрса эң жакын арада үйлөнүп калам. 

Кымбаттуу Бахри Фильфиль, сен Сафиян жеңебиз кандай жүрөт деп кызыгыпсың. Эгерде жеңем көрүнүп жүргөн жетинчи дарыгер жазып берген дарыларды убагында, ал жиберген дарыканадан таап калса, эгерде кезеги жетип ооруканага жатканга үлгүрүп, операция жасатса, эгерде операциядан аман-эсен чыгып, андан ары Европадан дарыланганга каражат таап калса, эгерде ал бара жаткан кеме сууга чөгүп кетпесе, өрттөнбөсө, эгерде ал бара жаткан кемени аткезчилик боюнча күнөөлөп башка портто камакка албаса, жеңебиз күйөөсүнө сатып алып бара жаткан галстукту аткезчилик катары баалашып, аны камак салышпаса, бажы көзөмөлүнөн өтүп алса, ага чейин өлүп калбай аман болсо, Аллахтын жардамы менен жакында жакшы болуп калат.

Бир тууганым, Бахри Фильфиль, сен биздин команданын быйылкы жылкы абалын билгиң келиптир. Эгер мелдештер башталгыча өз дарбазабызды кичирейтип алганга жетишсек, эгерде оюндун учурунда күн биздин оюнчуларынын көзүнө чагылып тик маңдайынан тийбесе, шамал астыбыздан сокпосо, эгерде оюндун калысы оң көз менен карап киргизкен топторубуздун  баарын эсепке алса, эгерде күйөрмандар тамактары айрылгыча биздин атаандаштарыбызга “Уйлар! Талаадан чыгып кеткиле!” деп кыйкырып турушса, жүгөрүнүн чала мүлжүнгөн сотолорун, бош бөтөлкөлөрдү ыргытып, баштарын жарып, алардын моралдык духун басмырлоого жетишсе, сөзсүз биз чемпион болобуз.

Биз болсо, эгерде катуу жааган жамгырдан телефондор иштебей калбаса, эгерде газ бергенди токтотушпаса, электр энергиясынын тартыштыгынан светибизди өчүрүп салышпаса, радиолор бузулбай сүйлөп турса, эгерде суу түтүкчөлөрү жарылбаса, эгерде жарылган түтүкчөлөрдү алмаштыруу үчүн жолдор казылып, көчөдөгү кыймыл токтобосо, эгерде нандын баасы өспөсө эле болду, биз өзүбүздү бактылуу сезебиз.

Сен байкем жөнүндө суроону да унутпапсың, Бахри Фильфиль, анда эмесе ук… Эгерде байкем Анкарага барып, өзүнүн жогору жактагы тааныштарын пайдаланып, пара берчүсүнө пара, бара берчүсүнө бара берип өзүнүн көздөп барган ишин бүтүрө алса, эгерде бирге окуган курсташ досу таанымаксан болуп тетир бурулуп кетпесе, эгерде байкем лицензия алса, эгерде банктан кредит алып соодасын ачса, эгерде ошонун баарын бүтүргүчө мээсинен айнып калбаса, анын иши оңолуп кетет.

Бир тууганым Бахри Фильфиль, эгерде кичинекейибиз Дженгиз былтыркыдай бир класста токсон тогуз окуучуну окутпаса, эгерде мектеп үч смен менен окубаса, эгерде мугалимдердин жетишсиздигинен сабактары үзгүлтүккө учурабаса, эгерде Дженгиз күзгү сыноону жакшы тапшырса, ал быйыл кийинки класска көчөт деп ойлойм. 

Бир тууганым Бахри Фильфиль, сен өз катыңда билип бер деген иштин жайын билдим. Жыйынтыгын айтайын: эгерде балыктар теректин башына чыгып оттошсо, эгерде таздын башына чач чыкса, эгерде буйвол тал башына уя салса, эгерде негр ак кишиге айланса, эгерде күндүн бетине ылай шыбашса, эгерде мышыктар кир жуушса, эгерде асманга шаты коюшса, ошондо сен кызыккан иш сөзсүз орундалбай койбойт.

Кымбаттуу бир тууганым Бахри Фильфиль, сенин жообуңду чыдамсыздык менен күтөм. Көзүңдөн өөп…

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.