Анатай Өмүркановдун сүйүү лирикасындагы табылгалар

(Акындын 80 жаш мааракесин утурлап…)

Мен акын катары, жөн эле инсан катары махабат, ашыглык жөнүндө ойлонгонумда, быйылкы мааракерибиз, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун эки сабы биринчи кезекте эсиме келет. Биринчи кезекте адам өмүрүнүн маани-маңызын ушул эки сап аныктап тургандай сезилет. Ушул эки сапты, колдон келсе, Кудайым өмүр берген бүт адамзатка, демек, жер жүзүндөгү ар бир инсанга жеткирип, кулагына куюп чыксак жакшы болот эле, аттиң, деп кыйнала берем. Эки сапты мындан ары сиздер да эгерим эсиңиздерден чыгарбаңыздар:

Сүйүүсүз жашап өткөн өмүр менен
бипбирдей мөөрү жок справка!

Автору Анатай Өмүрканов! Орусча болсо болсун бир сөз, ага карабай, көкүрөккө кыттай кынап, куттай аярлап, аспиеттеп, аздектеп алып жүрө турган маани, поэтикалык ой.

Мааракерибиз (атайлап ушул сөздү кайталап-кайталап колдонуп атам – активдешсе деп), кыргыздын бактысына келген байманалуу акын агам, устатым Анатай Өмүркановдун биринчи китебинин аты жөн жерден “Мөлтүр сезим” аталбаптыр. Бекеринен Жараткан парвадигер бул атты пендесинин акылына жибербептир. “Мөлтүр сезим” деген түшүнүк турмуштун кайсыл тарабына, кайсы капшабына болсун кызмат кылары, турмуштун кайсыл өңүрүнө болсун ылайык келери ырас. Бирок “мөлтүр сезим” деген түшүнүк суйсалган сулууга, кыргый мүчө кызга, серпилип турган селкиге, бийлеп-туйлап турган бийкечке байланыштуу айтылса – көлгө кайык жарашкандай, моюнга мончок жарашкандай, комузга тепке (тээк) жарашкандай жарашарын ким танмак! Танбайсыздар, туурабы?! Анын сыңарындай Анатай Өмүрканов дагы көп багыттуу, арбын кырлуу, алда кандай сырлуу акын болгонуна карабастан, окурманды ой-боюна койбой эритип-элжиретип, апкаарытып-аласалдырып, тирмейтип-титиретип ийчү күч-кудурет анын ашыглык, арзуу, Эрнис Турсунов агайыбыз айткандай,  мухаб-бат ырларында!

Эми карап туруңуздар, китептин аты болгон “мөлтүр сезим” деген түшүнүк, сөз айкашы кайдан келди? Албетте, түрдүү жооп айтылары турган иш. Баарысы жүйөлүү. Бирок мен үчүн эң ынанымдуусу – төмөнкү окуядан, төмөнкү сюжеттен, төмөнкү саптардан келгендей таасир калтырат. Мындан өткөн мөлтүр сезим болобу деги турмушта?!

Эгер сени бирөө айтса жаман деп,
Оозумдан октой уччу жаман кеп.
Жооп берчү элек сураганга тартынбай,
Сен тийем деп, а мен болсо алам деп.

Анда деле тоо ушинтип жатчу эле,
Анда деле суу ушундай акчу эле.
А бирок да, сеникинен чыккан күн
алоолонуп биздикинен батчу эле.

Анда деле кар асмандан түшчү эле,
Анда деле жерден түшүм күтчү эле.
А бирок да, сеникинен чыккан жол
жүрүп-жүрүп биздикинен бүтчү эле!

Дагы кайталап айтам, мындан өткөн мөлтүр сезим өзү барбы?!

Чымчык жерден учканга караганда чырпыктан оңой серпилип учкандай,  балык тайыз дарыяга караганда терең деңизде теңдешсиз эркин сүзгөндөй, шамал кыр-ашууларда кылчактабастан кыйын сабалагандай, Анатай-акын да ашыглык, арзуу ырларында өзүн өтө комфорттуу, өтө ийкемдүү сезет. Ашыгына айтып атпайбы бир ырырда:

Сени ойлонсом – ыр ойлогон сыяктуу
Ырахаттан ырахатка батамын! – деп.

Сонун айтылган. Бийкеч бир-балакеттей кыйнаса да, лирикалык каарман өзүн толук комфорттуу сезет. Анатай акындын мөлтүр сезими анын акындык доорун бүт-бойдон камтыйт. Мынаке айтканы:

Өзүңдү өпкөн эмес, көргөн үчүн
Өмүрдө жоо сайгансып дүйнөм түгөл!

Акындык таланттын күчү менен кандай нерсени болбосун сүйүү обьектисине айлантып таштайт. Ынанасың. Анын поэзиясында ыйык Сулайман-Тоосу деле ашыглыкка, ак сүйүүгө коштоочу. Көп кишилер а жерде кызды өпмөк турсун, кызга чыпалагы тийип кетсе “чыркырап” ийет эмеспи. Өмүркановдун ырында кандай сүйкүмдүү тоо – Сулайман!

Сулайман-Тоосу кош жүрөк анык,
Биз көрдүк аны кошулуп барып.
Анардай жүзүң албырып турду
Оң көзүң өпсөм, сол көзүң калып.

Акын сүйүү темасында өзүн ушунчалык эркин сезгендиктен, кээде сулууларга тажрыйба бөлүшүп, жол үйрөтүп, сабак берип, тренинг өтөт. Тренингде сулууларга акындын айтып атканы:

Кубанчың учат, бурулбайт,
кусалык күчөп, бук ырдайт.
Алтыным деген сөз кийин
азыркыдай угулбайт.

Өмүрлөр акпай тура албайт,
өткөн күн кайра уланбайт.
Өптүрөр кезде өптүргүн,
кийин өпкөндө бетиң кубанбайт.

Тренингде сулууларга айтылган туптуура сөз:

Өптүрөр кезде өптүргүн,
кийин өпкөндө бетиң кубанбайт.

Кээде лирикалык каарман улук боюн кичик кылып, узун боюн жапыз кылып, белин ийип, демин ичине катып, мындайча жалбарат:

Берекем, айым, ырысым,
берилген бозой ыры узун.
Бетиңе бетим тийгизип,
бетимдин жазчы бырышын.

Өмүркановдун сүйүү лирикасы – байкалып тургандай, мөлтүр сезимден жаралган элдик ашыглык ырлары менен азыркы адис (профессионал) акындын европалыктарча алчыланткан ой-жорумунун туундусу! Биринчисинде мен жерге бергенге ыраа көрбөй турган Жээнбай Мукамбаев асыл агайыбыздын жер кезип, Памир кыргыздарынан чогулткан төмөндөгүдөй саптарын көңүлгө тутуп айтып атканым:

Суу көтөргөн баканың –
сулуу жердин кайыңы.

Оймогуң сынса – мыктайын,
Ойлобой кантип уктайын.

Палван акең айлансын
Палвылдаган көзүңдөн.

Кандай мөлтүр! Баса, Анатай Өмүрканов агайыбыз дагы Университеттен кийинки солкулдаган жигит кезинде, болгондо да, күрөш боюнча спорттун чебери кезинде Памир сүңгүп барганын баарыбыз билебиз. Демек:

Палван акең айлансын
Палвылдаган көзүңдөн, – деген саптарды нечен ирет уккандыр. Укмак тургай кимдир-бирөөлөргө шыбырагандыр. Шыбырамак турсун кадимкидей чыгармачылыгына таасирин сиңиргендир.

Алгачкы китептерин астейдил карасаңыз – Памирден кайткандан кийинки Өмүркановдун ашыглык ыр саптары мурдагыдан алда канча “палвылдап” кеткенин көрөсүз.

Жаз жакындап муз сынгандай сүйүнөм,
Каттарыңды алган сайын, ардагым.
Аялдар отуздагы –
Алтындар кочуштагы!
Жыла берсең – чуркачудай артыңан
Көлөкөңдүн алын сурап бул жүрөк!

Менин көптөн баккан бир оюм бар. Ошону сиздер менен бөлүшөйүн. Ары жагынан Барпы Алыкуловду, бери жагынан Анатай Өмүркановду окуганда – кадимкидей ошол оюм жетилип келет. Орустарда сүйүү лирикасынын анабашы катары Пушкин менен Ахматованы көп аташат. Мен ага анча кошула бербеймин. Мен орус поэзиясындагы сүйүү лирикасынын анабашы катары Афанасий Фет менен Сергей Есенинди атайт элем. Бирок ошол Фет менен Есенинди кайталап-кайталап окуп, анан Барпы Алыкулов менен Анатай Өмүркановдун сүйүү лирикаларына чумуганда – орус тилине караганда кыргыз тили сүйүүгө кыйла жатык, сүйүүгө кыйла жабыз, сүйүүгө кыйла ийкем экендиги сезилет. Бул жагдайда сиздердин дагы үйгө барып алып, китептерди алып алып, ой чаргытып көрүшүңүздөрдү өтүнүп кетер элем. Ал эми тилди ийкем, тилди улуу көрсөткөн – улуу таланттын гана күчү эмеспи!

Сөз соңунда айтарым, Анатай асыл агабыздын, акын агабыздын мындай бир таң калтырган саптары бар, аны чыңырган көркөмдүк десек да болот, чыныгы философия десек да болот, чылк табылга десек да болот:

Бака чөөттөн балп секирип,
пайда кылат күн желесин…

Анын сыңарындай, канча кылымдар өткөндөн кийин, кайталап айтам, канча кылымдар өткөндөн кийин Анатай Өмүркановдун ушул биз сөз кылган ырлары, саптары кайсы бир булуңдан табылган болсо, анан аны албырып ошол кездин жаштары окуган болсо – мөлтүр сезимди (!) гана пайда кылат! Мөпмөлтүр сезимди, сүлкүлдөгөн сүйүүнү гана пайда кылат! Сөзсүз түрдө! Башка альтернатива, башка версия жок!

Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны

(Автордун Фейсбук баракчасынан алынды)

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.