Мидин & Алыкул: Мааниси жок “Махабат” же жандырмаксыз табышмак

Кыргыз совет адабиятынын тарыхында күдүк ой, күмөн суроо жараткан окуялар жок эмес. Анын бири – залкар акындарыбыз Алыкул Осмонов жана Мидин Алыбаевдердин ысымдары менен байланышкан. 

Окуянын тек жайы мындай. 1945-жылы “Кыргызмамбастан” Алыкулдун “Махабат” ырлар жыйнагы чыгып, 1946-жылдын 15-ноябрында Мидиндин “Мааниси жок “Махабат” аттуу бир жактуу каралаган, ичимтап сын макаласы “Кызыл Кыргызстан” гезитине жарыяланат. Аталган сын макала алгачкы жарыяланган күндөн адабий коомчулуктун сын көз карашынын бутасына илингендей эле, ушул кезге дейре, арадан бир кылымга жакын убакыт өтүп калса да, ар кандай талаш-тартыштуу суроолорду жаратып келатат. 

Арийне, Алыкул изилдөөчүлөрдөн академиктерге чейин далай-далай адабиятчыларыбыз бул макалага кайрылып, табышмактуу сындын жандырмагын издеген менен, Мидиндин “Мааниси жок “Махабатынын” жазылып калышынын сыр түйүнү чечилип, так кесер жооп табыла элек. Сыягы, кыргыздын эки залкары Алыкул Осмонов менен Мидин Алыбаевдин ортосундагы акындык жана адамдык мамиле далай замандарга, далай адамдарга жандырмагы жок табышмак бойдон кала берет өңдөнөт.

Алыкулдун “Махабат” ырлар жыйнагынын көлөмү анча деле чоң эмес. Болгону 76 бет. Сөз болуп жаткан ырлар жыйнагы жарык көргөн маалда Алыкулдун жашы отузга келип, акын катары бышып жетилип, чыгармачылык баралына келип, калеми төшөлүп, эң мыкты ырларын биринин артынан бирин жазып, ыр токуу тажрыйбасы өсүп, интеллектуалдык жактан да болуп-толуп турган курагы болгон. Үй-бүлөлүк турмуштан жолу болбогон акын жан дүйнөсүндөгү ызасы менен өкүтүн, муңу менен кайгысын ыр менен дарылап, күйүтү менен күчүн ырларынан чыгарып, ойлуу да, сырлуу да ырлары аркылуу өзүнүн чыныгы таланттуу акын экенин далилдегиси, бүт дүйнөгө жар салып айткысы келген жылдар эле. 

“Махабат” ырлар жыйнагы – Алыкул Осмоновдун акындык бийик ой чабытынан, учкул кыялдарынан жана адам баласы жооп издеп келаткан түбөлүктүү темаларга коркпой тиш салган, терең философияга бай дүйнө таанымынан кабарлап турган, көзү тирүүсүндө жарык көргөн ыр жыйнактардын алгачкысы жана бараандуусу. Анда жарык көргөн акындын лирикалары – бул ыр саптарын турмушту мыкты түшүнгөн, башынан көп нерсени кечирген, жашоонун ысык-суугуна астейдил мамиле жасаган калемгер жазганынан кабарлап турат. “Махабатта” чабал ырлар дээрлик жок, болсо да ал ырдын уйкаштыгы сыяктуу айрым бир техникалык мүчүлүштүктөр менен байланышкан. Алыкул ушул жолу пендечилик майда-барат көз караштардан арылган, терең ойлуу акын катары такшалганы дароо көзгө урунат. “Махабаттан” акындын өзүнүн жеке керт башынын көйгөйүн ырдап, окурманга арманын төккөн ырларды таба албайбыз. 

Акын “Жазуучулук баянымда”: “1945-жыл менин жеке өмүрүмдүн жана чыгармачылыгымдын бышкан мезгили деп ойлойм. Ушул жылы (1945) “Махабат” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагым, 1947-жылы “Менин жерим – ырдын жери” деген ырлар жыйнагым чыкты. 1945-46-жылдар ортосунда В.Шекспирдин “Отеллосун” котордум” – деп жазгандай, Алыкул бул мезгилде акын катары бышып жетилгены талашсыз. 

Алыкул Осмонов В.Шекспирдин “Отеллосуна” чейин эле, 1938–39-жылдарда грузин акыны Шота Руставелинин айтылуу “Жолборс терисин жамынган баатырын” кыргызча сүйлөтүп, акын катары алда качан эле өсүп жетилгенин далилдеп койгон. Бул котормо окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынганын ушундан билиңиз, ошол жылдарда жана андан кийин жаңы төрөлгөн наристелерге акын которгон чыгарманын каармандарынын ысымдары байма бай коюла баштаган. Акындын адабияттагы жетишкендиктери мамлекет тарабынан да бааланып, Алыкул “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. 

Акындын “Махабат” ырлар жыйнагы дароо эле сынга кабылган эмес, өз учурунда акындын замандаштары, жалпы эле окурман журтчулугу тарабынан жылуу кабыл алынып, Темиркул Үмөталиев, Ясыр Шиваза жана Кайсын Кулиевдер аталган ыр жыйнакты “акындын чоң табылгасы, өсүү жолунун жаңы сереси катары” белгилешкен.

Айталы, Т. Үмөталиев кыргыз совет адабиятына Алыкул деген чоң ысым, чоң акын келгенин жаземдебей баалап, анын жаңычылдыгына, кайталангыстыгына баа берип, “Алыкул Осмонов” аттуу макаласында (“Ленинчил жаш” гезити, 1946-жыл 1-август): “… Кийинки төрт-беш жыл ичинде Алыкул бөтөнчө өстү, өскөндө да күлүк аттай арымын таштап, бөлүнүп алга чыга келди. 

Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында. 

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден.

(“Сулууга” деген ырынан).

Акындын “Махабат” (мухаббат) аттуу, эл колунда жүргөн ырлар жыйнагында бул өңдүү окугандын көзүн ачып, жүрөк сезимин ойготуучу ырлары көп. Бардык бизден мурун өткөн акындар сыяктуу да эл менен, өзү туулуп, өнүп-өскөн жер менен тыгыз байланышкан. Ала-Тоону жанындай сүйгөн… Жаңы формаларды табуу жагынан Алыкул кыргыз поэзиясында эң алдыда турган ойчул акын, философ акын – ырларды түзүүнүн устаты. Акын боломун деген талапкер Алыкулдан окушу керек…” – деп тамшанып жазган. “Акын болом талапкер Алыкулдан окуш керек!” деген жалындуу сөздүн өзүндө баары камтылып турбайбы.

Андай болгондо, Мидин Алыбаев эмне үчүн Алыкулга касын тигип, акындын ырларын тантыгандык, саясий жактан жаңылыш, халтура ырлар катары баалап, “Осмоновдун “Махабаты” мына ушундай – муну жараксыз деп эл айтса, ал “Меники туура” деп туйлайт. Албетте, бул туура эмес. Туйлоонун кереги да жок. Советтик жаңы кишилер жөнүндө чыгармалар керек. Азыр талап ушундай. Бул элдин талабы. Бул талапты Алыкул Осмонов мындан ары кандай орундатар экен?..” – деп кескин бүтүм чыгарып, “Мааниси жок “Махабат” аттуу сын макала жазып отурат. Бул макала болгондо да “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1946-жылдын 15-ноябрдагы жарык көргөн.

Кызыгы, Мидин Алыбаевдин “Мааниси жок “Махабат” макаласы адабиятчылардын көз жаздымында калбай, аны жактаган да, ошол учурда бир жактуу сындаганын баса белгилеген көз караштар айтылган менен, эки акындын ортосундагы мамилеге ачыктык жана тактык киргизилбей келатканы таңгалуу жаратат. Макала жарык көргөндөн бери алыкултаануучулардын далай мууну өсүп чыкса да, алар деле бул темадан кыйгап өткөнү күлкүлүү. Чындыгында, эки акындын ортосундагы мамилеге андай тактоо зарылдын зарылы болчу. 

Ушул өңүттөн алганда академик Осмонакун Ибраимовдун “Мидин жана Алыкул: тарых тактаган талаш” (“Азаттык”, 2017-жылдын 4-марты.) аттуу макаласы өтө баалуу экендигинде талаш жок. Бул макалада автор: “Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу – ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон.

Эми Мидин Алыбаев жана Алыкул Осмонов деген маселеге келели. Кыргыз адабиятындагы ушул эки залкар инсанды бириктирип да турган, алыстатып да турган бир нече маселе бар. Анын бири Алыкул көзү тирүү кезинде басмага чыккан Мидиндин “Мааниси жок “Махабат” деген макаласы. Бул макалага Алыкул Осмонов кандай реакция кылганы тууралуу бизде эч бир маалымат жок, бирок Мидиндин макаласын мен тарыхый мааниси бар макала деп эсептээр элем” – деп келип, Мидин Алыбаевдин бул макаласын тарыхый мааниси бар макала катары сыпаттайт.

Андан ары окумуштуу Мидин “орус-финн согушуна катышып, ок эмне экенин, кыргын эмне экенин өз көзү менен көрүп келгенин эскерип, “согуштун кычап турган кезинде, 1945-жылы, жалаң керт башынын көйгөйлөрүн, сүйүүсүн, ички турмуштун оош-кыйыштарын жазган Алыкулдын “Махабаты” чынында да Мидинге өөн учураганын” белгилейт да, “Сөздүн ток этерин айтсак, бул жерде эки чыгармачыл инсан эмес, эки чыгармачылык доор кагылышты. Дени-карды соо, согуштан аман-эсен кайткан, жашоонун кызыгына белчесинен баткан жаш Мидинге оорулуу акындын жан сыры, айрыкча өлүм, өмүр өктөсү, жалгыздык тууралуу ырлары тек гана ыр менен жазылган лирикалык күндөлүк, субъективдүү арман-асирет сыяктуу сезилип, ага Алыкул ички дүйнөнүн көк ирим көлүнө өтө эле чөгүп кеткендей сезилген. Ал эми Мидинчи? Мидин да жан сырын көп жазган, бирок анын лиризми табияты боюнча башкача лиризм эле. Мидиндин лирикасы – тирүүлүк майрамынын, жашоо салтанатынын лирикасы болсо, Алыкулдун лирикасы – өмүр өктөсүнүн, жашоонун илме-кайыптыгынын, өлүм-өмүр дилеммасынын, ойчул, санаачыл медитациянын лирикасы эле” – деп түшүндүрмө берип, “эки акынды бири-бирине карама-каршы коюуга болбостугун” баса көрсөтөт.

Ошентсе да, бул макала менен академик О.Ибраимов Мидин менен Алыкулдун ортосундагы акындык жана адамдык мамилеге толук кандуу түшүндүрмө берген, эки залкардын ортосундагы купуя талаш ачыкталган деп айтуу да, “Мидин Алыбаев жана Алыкул Осмонов деген маселеге келсек, бул жерде эки чыгармачыл инсан эмес, эки чыгармачылык доор кагылышты” – деген сыяктуу айрым бир пикирлерине кошулууга да мүмкүн эмес. Неге дегенде, эгер Мидиндин “тирүүлүк майрамынын, жашоо салтанатынын лирикасын” жазган талант ээси болсо, анда ал “өмүр өктөсүнүн, жашоонун илме-кайыптыгынын, өлүм-өмүр дилеммасынын, ойчул, санаачыл медитациянын лирикасын” жазган Алыкулду түшүнүшү керек эле.

Арийне, кандай болгондо да академик О.Ибраимов эки залкардын адамдык жана акындык мамилеси тууралуу сөз кылганда “Мидин менен Алыкулду бирин бирине карама-каршы коюуга болбойт” астейдил эскерткендей, эки залкар тууралуу жылуу сөз кылуу керектиги түшүнүктүү нерсе.

Журналист Мундузбек Тентимишев “Алыкул” энциклодепиясында: “… ВКП(б) Борбордук Комитетинин “Звезда” жана “Ленинград” журналдары жөнүндөгү тарыхый токтому жана жолдош Ждановдун ленинграддык партиялык актив менен ленинграддык жазуучуларга жасаган доклады биздин советтик адабиятка “Махабатка” окшогон халтура чыгармаларды жолотпоо үчүн ачык жол көрсөттү…” – деп акын Мидин Алыбаевдин “Мааниси жок “Махабат” аттуу сын макаласынан цитата келтирет да, “баштан-аяк орой сын, түркөй каралоодон турган макала” катары сыпаттап, “Бул чагымчыл, акынды кордоп-кемсинткен макала ВКП(б) БКнын “Звезда” жана “Ленинград” журналдары жөнүндөгү токтомун жана А.Ждановдун ленинграддык партиялык актив менен жазуучуларга жасаган докладынын талаптарын жүзөгө ашыруудагы “граждандык шыктангандык” деген шылтоо менен жазылган” – деп эсептейт. Бирок, ал Мидинди орой сыны үчүн айыптаган менен, алыкулизилдөөчү катары “Мааниси жок “Махабаттын” жазылып калышына түрткү болушу мүмкүн болгон башка жагдайлар тууралуу таптакыр эле ооз ачпайт. Бүт өмүрүн Алыкулду таануу иштерине арнап келаткан адам катары эки акындын ортосундагы акындык жана адамдык мамилелер туурасында башкаларга караганда маалыматтар көп болушу керек эле.

Кыскасы, улуу муундагы адабиятчылар, алыкулизилдөөчүлөр Алыкул менен Мидиндин ортосундагы мамилеге өз учурунда кайрылып, айрым бир зарыл тактоолорду киргизип койбогон соң, арадан бир кылымга жакын убакыт өткөн соң, кандайдыр бир божомолдорду айтуудан да тартынасың. Бул маселе көп мезгилдерге тактоолорду жана талдоолорду талап кылган табышмак бойдон кала бере тургандай. 

Эгер эки акындын өмүр жолуна жана чыгармачылык тагдырына кайрыла турган болсок, чындыгында акында карама-каршылыктарга караганда, окшоштуктар, окшоштуктарга караганда карама-каршылыктар көбүрөөк. Оболу, экөө да кашкайган чыныгы таланттар болушкан. Мунусунда эч талаш жок. Эки акындын ортосундагы жаш айырма деле өтө чоң эмес, болгону эки жаш. Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясына кандай новаторлук жаңылыктарды алып кирсе, окумуштуу О.Ибраимов белгилегендей, Мидиндин улуттук поэзиянын өнүгүшүндө салымы андан кем эмес. 

Албетте, мүнөздөрүндө бир аз айырмачылыктар болгон. Алыкул бала чагынан оорунун азабын тартып, жетимчиликтин айынан жугузуп алган жугуштуу оорудан улам корунуп, көпчүлүккө көп аралаша бербей кысынса, ошондон улам бир аз түнтүрөөк болсо, Мидин “жинди сууга” тарткылыктын айынан, анын азабын тарткан. М.Алыбаев өзү да жердигинен шайыр, сөзмөр болгон, андан калса, “жинди суу” соо кишини да элиртип, сүйлөбөй турган сөздү сүйлөтүп, күлбөй турган нерсеге күлдүрөт эмеспи!!! 

Замандаштарынын эскерүүлөрүндө Мидиндин бетке чаап айткан курчтугу да даңаза айтылат. А Алыкул жумшак, күлгөн жерде күлүп, көп учурда жалгыздап ойлуу баскан, көздөрүнүн тереңинде көлдөй үнсүз ой жаткан, өзү капа болсо да, адамды капа кылгысы келбеген, өзү турмуштан үй-бүлөлүк бакыттан, ата болуу бактысынан куру калса да, башкаларга чексиз бакыт каалаган, маданияты, интеллекти бийик адам болгонун билебиз. 

Бири моңолдор уруусунан болсо, бири саяк элинин кулуну. Улуттук менталитетибизди эске алсак, бу да жеңил-желпи аргумент эмес.

Орустарда “калем менен жазганды балталап өчүрө албайсың” – деп кашкайта айтылган кеп бар эмеспи, анысы кандай Мидин Алыбаев “Мааниси жок “Махабатта”: Алыкулдун аталган ыр жыйнагы тууралуу“… “Махабатты” окуп чыгып, жалаң гана так жазылбай тантыгандык бар экен десек, саясий жагынан да жаңылыш пикирлер бар экендигин учураттык. Китептин 13-бетинде “Дүнүйө” деген бир “философиялык” чыгарма бар. Ал төрт сап ыр болсо да, мындай деп жазылган:

“Кармасам деп, кылтак салып үйүмө,
Карайм, карайм келеби деп күнүгө.
Мага алданып эс ала кет бир минут,
Алдың кызык, артың өкүнүч дүнүйө…”

Бул эмне деген кеп? Биз дүйнөнү – турмушту шаңдуу эмгек менен апачык эле багынтып алдык. Алыкул Осмонов болсо, караңгыда акырын гана байпакчан болуп алып, турмушка кылтак салып, алдоо-арбоо менен гана жеткиси келет. Андагы: “Алдың кызык, артың өкүнүч дүнүйө” деп каңырыгын түтөтүп, жоолугун колуна алып көз жашын сүртүп ыйлайт…”, – деп бир жактуу сын пикирге жол бергенин Мидинди канчалык сыйласак да, урматтасак да жокко чыгара албайбыз. Алыкулдун талашсыз таланттуу ырларын жокко чыгарган Мидинди түшүнө да, эмне үчүн мындай калпыс сын жазганын түшүнүү да, түшүндүрүү да кыйын.

Мидин Алыбаев Алыкул Осмоновдун ырларындагы новаторлукту, адабияттагы өнүгүү тенденциясын түшүнбөгөндөн улам жаздыбы дейин десең, Мидиндин өзү таланттуу акын. Аны ырды түшүнбөйт деп айтууга таптакыр мүмкүн эмес. Поэзиядагы жаңычылдык эмне экенин бир түшүнбөсө, жалаң халтуранын казанында кайнап, жармач жазмакерликтен өйдө көтөрүлө албаган гана калемгер түшүнбөйт. 

Мидин Алыкулдун гениалдуу акын экенин билген, түшүнгөн. Мында эч талаш жок. Бирок, ал эмнегедир Алыкулдун “Махабат” ырлар жыйнагын сындаганда, Алыкулдун орто саар ырларын да эмес, болгондо да “Дүнүйө”, “Адамга”, “Бүкөн” сыяктуу эң мыкты ырларын тандап алып сындаган. Ушул парадокстун өзү бизде каалайбызбы же жокпу, “Эмне үчүн?” деген күчтүү илеп айтылган суроону пайда кылат.

Айталы, Мидин Алыбаев мисал келтирген Алыкулдун “ДҮНҮЙӨ” аттуу ыры болгону бир куплет ыр. Залкар акын ар бир ырынын алдына качан жана кайда жазылганын так жазып койгон эмеспи. Ошол жазууга караганда “Дүнүйө” 1945-жылы жазылган. Алгач жолу “Махабат” жыйнагына жарыяланган. 

Акындын “Дүнүйөсү” Мидин Алыбаев “философиялык” деп тырмакчага алып, какшыктагыдай келди-кетти чыгарманын бири эмес. Бир сабак ыр болгонуна карабай, анда тырмакчасыз эле турмуштун учкулдугу, дүнүйөнүн ачуу-таттуусу, оош-кыйышы тууралуу философиялык чоң ой кыйытылып айтылган. Ырда белгилүү бир даражада дүнүйөнүн көркөм образы да бар. Асти ырда пессимисттик маанай түгүл, анын изи да жок.

“Жаман көргөндүн бөркү казанбактай” экени ыраспы, Мидин Алыбаев Алыкул Осмоновдун башка бир классикалык ыры “Бүкөндү” да эмнегедир жүн сабагандай “сабаган”. “Бүкөн” 1944-жылдын 31-декабрында оорунун азабын тарткан акын Койсарыда дарыланып жүргөндө жазылган ыр. Анда атасы курман болгондугунан эч кабары жок бучук мурун үч жашар Бүкөнтай: 

“Сагындым, атакемай келсе экен – дейт,
Ал жеңип, тилегимди берсе” – экен дейт. – деп ар бир жолу ырдаган сайын наристелик бейкүнөө ак тилегин айтат. Акын аны “бучук мурун кыз” деп кемсинтип эмес, эркелетип айтып жатат. Наристеге жүрөгүн чаап эркелете бербей, боюн ала качкансып, айталы ак баланы “кара бала экен го бул” деп эркелетүү ата салтында бар. Акын ошол элдик салт менен эркелетүүнү ыктуу колдонуп, Бүкөндүн атасы эл үчүн жоо огунан каза таап, кайтпай калганын, бирок да бардык айыл бучук мурун кызды жакшы көрөрүн, Бүкөндүн – эркелетчү атасы көп экенин айтып, ыр бийик пафос менен аяктайт.

Мидин Алыбаев болсо “Мааниси жок “Махабатта” “Бүкөндү” мындай чечмелейт: “… “Махабаттын” ичиндеги ырардын бир канчасы “лирика” деген жок шылтоонун көлөкөсүнө далдаланып, өлүм, кайгыруу, келечекке ишенбөө жөнүндө жазылган.

Китептин 15-бетинде “Бүкөн” деген атасы фронттон курман болгон жетим кызды жазып келип:

Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.
Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет,
Кучактап уктап калат бир жилик эт – деп ал баланын – адамдын мурдун бучук кылып кемсинтип, шылдыңдап, төшөктү май кылып, бир жилик этти кучактап жаткандыгынан өйдө жазганын жактырбадык…”

Мидин жаш баланы “мурду бучук” тергеп эркелетүү ата салты экенин билбейт деп айтууга болбостур. Айтор, биз миң бир ирет Мидин Алыбаевге жан тартканыбыз менен, анын Алыкулга карата жазган ачуу сынына жооп таба албай убарабыз. Ал Алыкулду “каңырыгын түтөтүп, жоолугун колуна алып көз жашын сүртүп ыйлайт…”, – деп айыптоо үчүн негиздүү аргумент болуш керек болчу.

Балким, “Мааниси жок “Махабаттын” жазылып калышына эки залкар таланттын акындык мамилеси эмес, пендечилик, же кандайдыр бир башка жагдайлар себепкер болуп жүрбөсүн? Антейин десең, замандаштарынын эскерүүлөрүндө эки акындын ага-инилик жолдоштук сый мамилеси же бири-бирине кастык тиккени да эч жерде эскерилбеген. Болгону, Мидин Алыбаев акындын жубайы Зейнеп Сооронбаева менен бирге окуганы айтылат. Ошону менен бирге Мидин Жумгалдан болсо, Зейнеп Кочкордон экени анык.

Зейнеп Сооронбаева
Зейнеп Сооронбаева

Эми сөз оңуту келип калган соң, Зейнептин ата-теги тууралуу азыноолак маалымат айта кетели. Журналист Майрамбек Деркенбаев совет өкмөтү түзүлгөндө Кочкордун көкүрөк өңүрүндөгү Келдике уруусунан Кудайбергенов Акмат деген адам тың чыгып, Ак-Кудук айылын колхоздоштуруп, «Келдике Акмат» деген атка конгонун, кийин Пишпекке келип «Эркин Тоо» гезитинде котормочу, сотко секретар болуп турган кездеринде, туугандарын көчүрүп барып, шаар маданиятына аралаштырганын, Келдике Акматтын кызы Анвар Кутубаева өз доорунун көрүнүктүү актрисасы болгонун, Акматтын жакын тууганы Сооронбай соода тармагын жетектеп, балдарын жогорку окуу жайларда окутканын, өз балдарынан сырткары Сапаргалый Базарбаев деген баланы багып алып, Токмоктогу балдар үйүнө тарбияланууга бергенин, ал жерде Сапаргалый сурнайчы Алыкул Осмонов барабанчы болуп, балдар үйүндөгү отрядда чогуу жүрүп, теңтуштардан болушканын, 1937-жылы Сооронбай менен Келдике Акмат куугунтукка кабылып, репрессияланганын, үй бүлөнүн түйшүгү аялы Зуура менен улуу баласы Керим Сооронбаевге түшкөнүн эскерет.

Керим Сооронбаев 1930-жылдары Кыргыз агартуу окуу жайын бүткөн соң, окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеп, 1939-жылы Кыргызстандын ЛКЖС БКнын катчылыгына шайланса, 1941-жылдары биринчи катчылыкка чейин көтөрүлгөн. Зейнеп мына ошол Керимдин карындашы ай чырайлуу карындашы, бир үйдүн кенжеси болгон. Алыкул менен Зейнептин үйлөнүү тою Керим Сооронбаевдин үйүндө өткөн. Бул убакта ал Кыргызстан ЛКЖС БКнын биринчи катчысы болуп турган. Айтымда, Керим Алыкул менен Зейнептин үйлөнгөнүнө каршы болсо да, карындашынын көңүлүн кыя албаптыр. Үйлөнүү үлпөтүнө Жоомарт Бөкөнбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Өмүркул Жакишев, Мукай Элебаев жана башка жазуучулар келип катышыптыр. Мүмкүн, алардын арасында Зейнеп менен чогуу окуган Мидин да болгондур.

Алыкул Зейнеп менен Токмокто балдар үйүндө бирге чоңойгон досу, Сооронбаевдердин асыранды баласы Сапаргалый аркылуу таанышып, көңүлдөрү төп келип калган. Ким билет, ай чырайлуу Зейнепке бирге окуган курсташы Мидин Алыбаевдин көз оту түшкөндүр. Аны бүгүн тастыктоо да, жокко чыгаруу да мүмкүн эмес. 

Зейнептин мүнөзү Мидиндин мүнөзүнө окшоп, шайыр, ачык болгон. Алыкул менен Зейнеп 1941-жылы баш кошуп, 1943-жылы кол үзүшүп кеткен. 

Акындын “Махабат” ырлар жыйнагында жарык көргөн ырлар мына ошол Зейнеп менен ажырашкан жылдарда жазылган. 

Мидин Жумгалдан, Зейнеп Кочкордон экенин, экөө бирге окугандыгын атайы белгилегенибиз менен, Мидинде Зейнепке болгон арзуу болуп, Зейнеп аны кабыл албай, мына ошол кызганычтан улам, “Мааниси жок “Махабат” макаласын жазганбы деп жоромол жасоонун, же Мидин Алыбаев кимдир-бирөөлөрдүн шыкактоосу менен Алыкул Осмоновго асылып макала жазгандыр деп каралоонун өзү уят нерсе.

Дайыма шатыра-шатман жүргөн Мидин Алыбаев канчалык мыкты акын болбосун, Алыкулду акыр аягына чейин толук түшүнө алган эмес. Себеби, эки залкардын акындык тагдырлары таптакыр эки башка, карама-каршылыктуу болгон. Асылган оору Алыкулду кадам баскан сайын басынтып, ошондон улам “оорум жугуп калбасын” деп көпчүлүктөн корунтса, Мидин дайыма “шайыр-шатман” көпчүлүктүн чок ортосунда жүргөн. Ошондон улам Мидин Алыбаев айтылуу сын макаласында: “А.Осмонов “Адамга” деген ырында мындай дейт:

“Адамды адам меймандап,
Сыйлайт экенсиң.
Жакын жолдош-жорону
Жыйнайт экенсиң.
Жакшы тилек, ак ишти
Кыйбайт экенсиң.
Ак дасторкон үстүндө,
Чын ниет менен досуңду,
Жегин муну, ичкин деп
Кыйнайт экенсиң.
Ошентип ал өмүргө
Сыйбайт экенсиң.
Кара жердин түбүнө
Бириңди бириң жашырып
Ыйлайт экенсиң (??)”

Бул эмне дегенге жатат? Адамды адам сыйлагандыкта эч кимдин талашы жок. Советтик адамдар бирин-бири сыйлап, бирине-бири ак нээт менен жакшылык кылуу – закондуу иш. Бирок Осмонов ушуну айтып келип эле ырынын аяк жагында: “Өмүргө сыйбайт экенсиң”, анан: “Бириңди бириң кара жерге көөмп коюп ыйлайт экенсиң” деп эмнени айткысы келет? Осмонов өзүнүн “философиясына” түшүп алып, ый, кайгыдан башканы жазууга колу баргысы келбейби?” – деп Алыкулдун “философиялык” бийик ойлоруна чындыгында эле түшүнө албай бүшүркөп турат. Кайрадан эле жаңычыл акындын дагы бир классикалык ырынан өөн издейт. Атайылап эле түшүнгүсү келбейт. 

1945-жылдын 16-февралында Койсарыда жазылган бул ыр акындын философиялык дүйнө таанымынын дагы бир кырын ачкан, жашоого реалдуу караган көз карашынан кабарлаган мыкты ырларынын бири. Акын 15 сап ыр менен эле бешиктен бейитке чейинки адам өмүрүнүн кубаныч менен кайгысын, сүйүнүч менен өкүтүн баяндап, өлүмдүн айныксыздыгын, анын баары жашоонун мыйзам ченемдүүлүгү экенин көз алдыңа элестүү тартып койгон. Муну Мидин Алыбаевдин түшүнбөй коюусу мүмкүн эмес болчу. Андай болсо, эмнеге ал “Махабат” тууралуу жазганда “чийки май жегенсип” кыжалат боло берет деген суроо кала берет. 

Ал эми Мидиндин: “… ВКП(б) Борбордук Комитетинин “Звезда” жана “Ленинград” журналдары жөнүндөгү тарыхый токтому жана жолдош Ждановдун ленинградддык партиялык актив менен ленинграддык жазуучуларга жасаган доклады биздин советтик адабиятка “Махабатка” окшогон халтура чыгармаларды жолотпоо үчүн ачык жол көрсөттү…” – деп Алыкулдан саясий ката издеген маселесине келсек, аны “Кызыл Кыргызстанда” иштеген “жолдоштор” эле кошуп коюшу ыктымал.

Өз мезгилинде Алыкул Осмоновду түшүнбөгөндөр же түшүнгүсү келбегендер жалгыз эле Мидин Алыбаев болгон эмес. Эки залкар менен замандаш адабиятчылардын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Жээнбай Самаганов “Бир чыгармага арналган үч макала тууралуу” макаласында (“Советтик Кыргызстан, –1948.– №1.– 55–61-бб.) оболу акын Т.Үмөталиев, К.Кулиев, Я.Шивазалардын макалаларына токтолгон. Ал өз мезгилиндеги белдүү, кесипкөй адабиятчылардын бири болгондугу эч качан талаш жаратпайт. Ж.Самаганов бул макалада кесипкөй адабиятчы катары акындарга кыр көрсөткүсү келгенби, сөз болгон үч акындын “Махабатка” жазылган рецензияларына мүнөздөмө бере келип, алардын макалаларындагы айтылган ойлордун айрымдарына макул болуу менен, айрым пикирлерин каталык деп эсептеп, өзү да жаңылып калган жерлери бар. Анан барып “Эми Алыбаев Мидиндин ошол эле Алыкул жөнүндө жазган «Мааниси жок махабат» деген макаласына келели” дейт да, бул макала Т.Үмөталиевдин “Махабатты” мактаган макаласынын тескерисинче Алыкулдун чыгармасынын жакшы пайдалуу жактарын бүт бойдон өчүрүп салганын, “байкаган кишиге Алыкулду бир «согуп» өтүү максатын көздөгөнү сезилгенин”, ошондон улам «Махабатты» кыргыз адабиятынын тизмесинен чыгарып, бүт бойдон зыяндуу китеп дегенге чейин жеткенин” эске салат да: “Чындыгында «Махабатта» бир канчалык ийгиликтүү жактары бар. Колхоз курулушуна арналган «Жалгыз өрүк», «Чөп чабык», «Түп суусу», «Ичке суу» деген жакшы ырлары бар. Бул ырлардан колхоз уюшулууга чейин куурап турган жалгыз өрүк колхоз курулушунун эмгегинин натыйжасында жыты аңкып гүлдөгөн бакка айланып, анын ичинде колхоздун шайыр жаштары даң салып сайрандап жүргөнүн көрөсүз. Мында колхоздун жалаң эле пейзажы эмес, социалисттик курулуштун, бирдешкен эмгектин терең сыры жатат. 

Бул ырларда колхозчу аялдардын баатырдык эмгегин, колхоз жаштарынын эркиндик доорундагы таза сүйүүсүн, колхозчулардын ардактуу кишилеринин элестерин, эмгектин кадыр-баркын чебердик менен берген. 

«Кара деңиздин боюнда», «Адилдик кушу», «Россия» деген ырларында, биздин көсөмдөрдүн адам баласынын тарыхындагы эбегейсиз чоң ролдорун кыска сюжет менен берүүгө тырышкан. 

«Покрышкинге», «Жеңеме», «Ак куунун көрдүм учканын» аттуу ырларын окусаңыз, Алыкул өз алдына зор милдет алып, аны аткаруу үчүн бардык күчүн жумшаган тилеги көрүнөт. 

Алыкулдун бардык ырлары дээрлик сюжеттүү. Сюжет куруу жагынан чеберчилиги байкалат. «Махабат» Алыкулдун мындан ары бат өсөрүн көргөзөт” – деп Алыкулга, “Махабатка” карата жылуу көз карашын жаап-жашырбайт. 

Анан эле “Ырас, Мидиндин айткандарында кайсы бир чындыктары бар” деп: “Мисал үчүн Мидиндин келтирген Алыкулдун «Дүнүйө» деген ыры: 

Кармасам деп кылтак салып үйүмө,
Карайм, карайм, келеби деп күнүгө,
Мага алданып эс ала кет бир минут,
Алдың кызык, артың өкүнүч дүнүйө. 

Бул биздин философия эмес, Мидин айткандай биз турмушту шандуу эмгек менен багынтабыз. Партия бизди ошого үйрөтөт жана ошондой болгонун көзүбүз менен көрүп, колубуз менен иштеп жатабыз. Алыкулдун кайсы бир жекеликке берилүү менен жазылган ырлары бар. Анда Алыкулду кыздар:

«Бул кандай ысыгы жок жансыз жүрөк,
Турмушта бүркөө түндөй жалгыз жүрөт»! – 

десе, Алыкул ага макул болуп: 

«Аның ырас: кечке жуук, эртең менен
Ың-жыңсыз тынчтык менен эрмектешем» – 

дейт. 

Ырас, ыр жазып жатканда тынчтыкта жалгыз отуруп жазганы туура иш. Бирок, дайыма ыр жазуу үчүн «бүркөө түндөй» жалгыз, шайыр турмуштан четте жүрөм дегенин үлгүлүү иш катарында көргөзгөнүнө кошулбайбыз. Ыр жазган акындардын баары турмуштан четтебей, анын казанында кайнагандыктан жакшы ыр жазат. Биздин жаштарга акындын жеке турмушунан да үлгү алуу керек. Анткени, жеке турмуш менен коомдук турмуш бизде бири-бирине тыгыз байланыштуу. 

ВКП(б)нын адабият жана искусство жөнүндө чыгарган токтомдорундагы жана жолдош Ждановдун докладында көрсөтүлгөн кемчиликтер бизде бүт жоголду деп айтууга азырынча убакыт жете элек. 

Ошондуктан, биздеги көркөм сындын башкы милдети: бардык пайдалуу чыгармаларды элге кең таратып, начар чыгармаларды көзгө карабастан катуу сынга алып, көркөм адабияттагы партиялуулуктун туусун дагы жогору көтөрүү болот” – деп адабияттагы партиялуулук принцибине такап, өзүнүн саясий сабаттуу экенин далилдеп макаласын аяктаган.

Алгачкылардан болуп Алыкулду жактап, акындын чыгармачылыгы боюнча ар тараптуу илимий иликтөө жазган адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев “Алыкул Осмонов” аттуу илимий монографиясында: «Махаббат» ырлар жыйнагы чыккандан тартып эле анын айланасында ар түрлүү пикирлер айтылды: кээ бир жолдоштор макташты да, кээ бир жолдоштор катуу сөздөрдү айтып, а түгүл чийип салууга чейин барышты. Бирок алар кичинекей гана рецензиялар. Кичинекей рецензиялар болсо да, жыйнак жөнүндө карама-каршы пикирлер айтылып, ал талаштын предмети болуп калгандыгынын өзү, фактынын өзү ойлонтпой койбойт. Бул – жакшы көрүнүш. Ортозаар нерсе мынчалык дүрбөлөң түшүрбөс эле. Эми Алыкулдун айланасында болгон «чырдын» себеби эмнеде? Анын себеби – акындын жаңы сөз айткандыгында. Акын анда кыргыз поэзиясындагы көндүм болуп калган көрүнүштөрдөн башкача, өзүнө гана таандык үн менен сүйлөп чыкты. Ал теманы да өзүнчө чечет, поэтикалык каражаттарынын суммасы да башкача, сюжети да жаңыча, геройлору да эрки күчтүү, башкача шартта аракеттенишип, тээ алыстан эле көзгө даана таанылат. Албетте буга окшогон жаңылыктар бирөөгө эрөөн көрүндү да, бирөөгө жылуу көрүндү, туура түшүнүшкөндөр да болду, түшүнбөгөндөр да болду. Ар бир жаңылык ушундайча болот. Бирөөгө ысык, бирөөгө суук көрүнгөн нерселердин төркүнү кайда? Анын төркүнү Алыкулдун чыныгы акын – гражданин катарында чыккандыгында жана нукура талантында. Терең сезим бар жерде гана чыныгы поэзия келип төрөлөт. Терең поэзия жаратыш үчүн акын терең сезимге бөлөнүү керек. Акындын жаратылышы ушундай. Ал Алыкулга толук бойдон тиешелүү” – деп тим болгон. Эки залкардын жеке мамилеси тууралуу кеп кылган эмес.

Улуу адамдар чоң жаңылат эмеспи. Мидин Алыбаев Алыкулдун “Махабат” ырлар жыйнагы тууралуу окурмандык пикирин билдирүүдө өтө катуу жаңылып калганы бул тарыхый факт. Ал бул сын макаланы кимдир-бирөөлөрдүн буюртмасы менен жаздыбы, же өз демилгеси менен жаздыбы, анын өзү иликтөөнүн предмети болгону менен, бүгүн ал анча деле маанилүү эмес. 

“Мааниси жок “Махабатын” улам кайталап окуп жатып, бул макаланы Мидин жазганына ишене албайсың, бул макаланы ага ыраа көрбөйсүң. Аттигиниң, “Алыкул Осмонов жөнөкөйлүктүн көп түрдүү табиятын жакшы түшүнгөн. Ар кандай нерсе сыртынан жөнөкөй сезилиши мүмкүн, бирок терең үңүлүп караганда, анын айрымдарында татаалдык бар” – деп адабиятчы Мухтар Борбугулов (Жөнөкөйлүктүн татаалдыгы // Ала-Тоо. 1985. – №7, – 115-128-бб.) жазмакчы, Мидин Алыкулдагы жөнөкөйлүктүн ошончолук татаалдыгын жетик кабыл ала алган эмес. Анын акындык жана адамдык трагедиясы мына ошондо.

Бирок да ал сын макала Мидиндин акындык жана адамдык парасатына эч качан доо кетирбейт. Кеп, “Мааниси жок “Махабаттын” жазылып калуу тарыхын изилдебей, иликтебей, кайдыгер мамиле кылган Мидин менен замандаш жашап калышкан жана аны көрүп калышкан адабиятчыларда, алыкултаануучуларда. Убагында бул макаланын жазылыш тарыхы изилденип, айтылчу сөз айтылып калганда, “Мааниси жок “Махабат” Мидиндин адамдын бейнесине көлөкө түшүрбөс беле?

Адабият тарыхы да адамзат тарыхы сыяктуу эле тактыкты жактырат. Биз болгону адабият тарыхына келди-кетти, жөн салды мамиле жасоого болбостугун эскерте кеткибиз келет.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.