Атантай АКБАРОВ: “Эч качан экс болбойт акын Жолон!..”
Отту сүйгөн, ырлары да оттон бүткөн улуу акын Жолон Мамытовду биз алгач Жокем Ленин комсомолу сыйлыган алып, Ош пединститутунун жамааты менен жолугушууга барган учурда көрүп калдык. 1982-жыл эле.
Филфактын тегерек залында акын менен жолугушуу өтүп жатты. Жолон акын оттуу көздөрү менен дүйнөнү сыдыра караган, ар кандай суроолорго түз, жеткиликтүү жооп берген, ар бир ырын жатка окуп, ыр окуган маалында океандай окторулуп, угуп тургандарды ой-кыялын алда кайда сабалатып, бир керемет дүйнөгө жетелеп кеткен зор акын эле.
Мен анда элбе-делбе болуп, алып учуп турган жаш акын элем. Мага сөз берилгенде: “Ленин комсомолу сыйлыгы Жолон Мамытовго алгачкы “Отту сүйөм” деген жыйнагы үчүн эле берилсе болсок. “Эч болбогончо, кеч болсун” демекчи акынга кечиктирип болсо да сыйлык ыйгарышканы абдан туура болду. Сыйлыгыңыз кут болсун, Жолон аке!” – деп чын дилимден куттук айттым.
Анан, толкунданып ала чаап кеттим окшойт: “Бирок, Ленин комсомолу сыйлыгы сизге төмөнкүдөй ортозаар ырларды жазбаш үчүн… берилди”, – деп акындын ийине жеткире иштелбей калган, ортозаар чыгармаларын санап кириптирмин (Анда акындын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси” – деген китептери жарык көргөн эле). Акыр аягында:
“Жеткирилип мүмкүндүк, болуу керек,
Акындын ар бир ыры тандалмасы!” – деген бир ырымды окуп трибунадан түшүп кеттим.
Жолон Мамытов алп акын да, алп көкүрөк кайталангыс инсан да экен. Менин жаштыктын күүсү менен айта салган сыныма ал териккен да, солк эткен да жок. Анан өзүнө кеп кезеги келгенде: “Күргүштөгөн эмоция менен жазылган ар бир ыры жаңы жазганда акынга укмуш болуп көрүнөт. Бирок, кээде өз кондициясына жете иштелбей жазылып калган да ырлар болот. Ырдын баары эле шедевр боло бербейт. Китептеги жакшы ырлар вагондорду сүйрөп кеткен локомотивдей болуп ортозар ырларды сүйрөп кетет”, – деди.
Ошол жолугушуунун жүрүшүндө: “Азыр бизде эмне үчүн поэзия прозадан аркада калган?” – деген суроо берилгенде Жолон Мамытов агай:
“Коңшулаш өлкөлөргө салыштырганда, ал турсун жалпы Союздун алкагында деле кыргыз поэзиясы аркада эмес. Бизде да абдан жакшы акындар бар. Бирок, биздин бактыбызга – бизде СССРдеги № 1 прозаик жазуучу Чыңгыз Айтматов бар. Ошондон улам окурмандарга поэзия прозадан аркада калгандай болуп көрүнөт.
Буйруса, мынабул жаш акын Атантай сыяктуу биздин оргуп чыккан таланттарыбыз дагы жакшы изденип, дагы мыкты чыгармаларды жазса, анан ошол чыгармалары орус, англис жана башка дүйнөлүк тилдерге жакшы которулуп, туура баасын алса, кыргыз поэзиясы деле дүйнөлүк эң жогорку бийиктикти багындыра алат. Биз Манасты жараткан элбиз”, – деп кесе айтты.
Ооба, ошондо мен өзүм поэзиянын астанасын жаңы аттап жатып эле улуу акыныбызга сын айтып кирсем, алп акын Жолон Мамытов кеменгерлик көрсөтүп кайра мени мактап салган. Антүү башка бирөөлөрдүн колунан келбес эле. Бирок, кийин ойлосом Жокем ошол мактоосу менен мага оңбогондой чоң жоопкерчилик да жүктөп салган экен.
Эртеси Жолон Мамытов, аны коштоп Ошко барган акын Асан Жакшылыков, Сүйөркул Тургунбаевдер менен Ош жазуучулар бирлигинде кайра жолугушуу өткөрдүк. Асан Жакшылыков “Жыйырма миллион” деген жакшы ырын окуганы эсимде калыптыр. Карбалас Бакиров ошондо:
“Окуй берем сүйүү ырын Жолондун,
“Сен жөнүндө поэмасын” Омордун” – деп ыр окуду. Жолон Мамытов: “Эми Омокем (Омор Султанов) тууралуу айтсаңар болот, биз тууралуу коё тургула”, – деп койду. Анысы, Осмонкул төкмө Калык төкмө менен айтышып жатып:
“Калык төө, мен тайлак,
Качып турам жалтайлап”, – деп ырдаганындай эле чоң сыпайыкерчилик, ички маданият экенин сезип турдук. Бул да болсо Жокемин Омекеме болгон урматы болду деп ойлойм. Болбосо, экөө тең эле кайталангыс залкарлар эмес беле. Ал мезгилде жаштар Жолон Мамытовдун ырларын жатка окушчу. Фрунзеде өткөн бир поэзия кечесинде Жолон Мамытов күпүлдөтө ыр окуп келип, анан ырдын соңунда:
“Ала-Тоо Чындыктын Мекени десеңер,
Ордуңардан тургула!” – десе, элдин баары ордунан тура калышканы, анан акын Жокем: “Отургула!” – деп кайра баарын олтургузуп туруп трибунадан түшүп кеткени тууралуу аңыз кептер айтылып жүрчү. Ошол жолугушууда Камалдин Султанбаев деген жаш акын Жолон аганын бир ырын:
“Жүрөктө тунгуч сүйүү, көздөрүм чал,
Жүрөктө тунгуч сүйүү, колдорум шал,
Жүрөктө тунгуч сүйүү, буттарым шал,
Жүрөктө тунгуч сүйүү… мажрүм тал!..” – деп күпүлдөп жатка окуп жатты.
Жолон ага коштошордо “Фрунзеге барсаң мага жолук”, – деп (Анда Бишкек шаары Фрунзе деп аталчу) телефон номерин берди. Кийин мен Фрунзе шаарында “Арашан” чыгармачылык үйүндө өткөн жаш акындардын семинарына барганда “Акын Жолон Мамытовго жолуктум. Үйүнө да бардым. Жубайы жазуучу-акын, драматург Меңди Мамазаирова эжем беш бармак жасады. Жолон агага жаңы ырларымдан окуп бердим. Жактырды. “Ырларыңды басмага ташырууга даярда”, – деди. Жокем ошентип менин акындык тушоомду кескен. Ал кезде басмадан китеп кылып чыгаруу үчүн автордун кол жазмасы үч нуска менен машинкага басылыш керек экен. Компьютер деген укмуш анда бизде жок болучу. Менин бир нуска менен басылган кол жазмам басмага кабыл алынбай калды (анда нускасын көбөйтүп бастыруучу техникалык каражаттар да жок эле). Жолон ага: “Анда кол жазмаңды мага таштап кете бер”, – деди. Анан Чаткалга келип иштеп жүрсөм эле “Кыргызстан маданияты” деген абройлуу жумалыктын бир бетине толо менин ырларым жарыяланып калыптыр. Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев болсо ырларыма баш сөз жазып салыптыр. Көрсө анын баарын уюштурган Жолон агам экен. Улуу акын менин ырларымды үч нускадан кылып машинкага бастырып, Кыргызстан Жазуучулар Союзунунн төрагасынын орун басары катары (анда Ч.Айтматов төрага болчу) өзү кат жазып басмага сунуш кылып, кол жазманы басмаканага да өзү тапшырып коюптур. Чынын айтсам ага чейин менин чыгармачылыгыма андай күйгөн, анан да абдан жөнөкөй адамды жолуктура элек болчумун. Көрсө чыныгы адам, чыныгы акын дегендер ошондой болот тура.
Ж. Мамытов өзү китеби чыга элегинде эле “Ала-Тоо” журналына жарыяланган ырлары менен жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. “Отту сүйөм” деген жыйнагы менен Жокемдин аты “дүңк!” этип, кыргыз адабиятында жанган бир жылдыз болуп калган. Ошондой зор акын көр турмушта боло келген бут тосуулардын, көралбастыктардын бирине да жооп кайтарбай, болгону эле “эх, жолуң болгур!” – деп гана коюучу экен.
Жолон акенин “Олокон” поэмасындагы:
“Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда,
Айлансын ар бир уулуң чагылганга!” – деген сабын көп эле жаштар айтып жүрүшөт, бирок, кейиштүүсү ошол оттуу саптар Жолон акынга таандык экенин баары эле биле беришпейт.
Кайран акын, кайран асыл киши! Оорудан улам 48 жашында эле оо дүйнө салып кете берди. Жокемди Москвага ооруканага алып барышканда “оорусу өтүшүп кетиптир!..” – деген жоопту угуп: “Ата, кайран иним ай!.. Аттиң кайран иним ай!.. Асыл кайран иним ай!.. Кап, кечигип калган экенбиз!.. ” – деп Чыңгыз Айтматов турган ордунан үч тегеренип кеткен деп калышчу.
Кеп аягын ошол залкар акын Жолон Мамытовго арнап жазган ырым менен аяктагым келип турат:
ЖЫЛДЫЗ ЖОЛОН
(Чыгаан акын Жолон Мамытовго)
Эң аруу махабатты издеп, каалап,
Сүйүүнүн баңгиси окшоп, сүйүү самап,
Өзүнүн… баарынын тең ырын жээрип,
Куш өткүс ыр – мухитте урду чабак.
Шарт буруп көз күйгүзгөн оңой жолдон,
Чексиздик чегарасын ачып тордон,
Өзү айткан Акын-Баба сыяктанып,
Ырларын элге чачты акын Жолон.
Жашады жашагандай жарк-журк этип,
Жүрөгү күйүп-жанып кыргыз деген.
Жараткан алп жаратып таштаган соң,
Жашады тең арыштап кылым менен.
Бүркүттөй табылга издеп куш өмүрдө,
Кайыптай ыр чубаган ыйык жолдон.
Эң жарык жылдыз болуп жанып калды,
Өмүрдө жарык жанган жылдыз Жолон.
«Ала Тоо – ал Чындыктын Мекени!..»-деп,
Аз жашап, саз ыр жазды асыл Жолон.
Бүт бардык Президенттер экс болот,
Эч качан экс болбойт акын Жолон.
Автордун фейсбук баракчасынан алынды