Ак бороонго айланган Барчынбек Бугубаев. “Азыркынын Алыкулу” тууралуу 10 факт

Барчынбек Бугубаевдин адабияттагы тагдыры СССР бузулуп, акын-жазуучулар камкордуксуз калып, китеп чыгаруу токтоп, жазармандар окурмансыз “жашап”, чыныгы поэзияга саман-топон аралашып кеткен жылдарга туш келди. Аны айрымдар адабияттан жолу болбогон “тагдыры тайкы” акын деп санаса, кээси талантын ооздуктай албай калган “бала” деп, дагы бирөөлөр “азыркынын Алыкулу” деп баалашты.

Канткен менен бүгүн карасак, ал кыргыз поэзиясына бир топ чыгармаларды берген экен, бергенинен бере элеги көптөй болгон экен… Биз кыргыз адабиятында айтар сөзүн толук айта албай 52 жашында арабыздан бөлүнүп кеткен Барчынбек Бугубаев тууралуу кеп кылабыз.

 

Кочкордун Мантыш айлында өткөн балалыгы

Барчынбек Бугубаев Кочкор районунун Мантыш (айрым булактарда Көк-Жар) айылында 1963-жылы 15-майда туулган. Бир жагы тоолор, бир жагы узунунан кеткен эгин талаалары эмгекке эрте аралаштырган. Ушул айылдын бардык эле балдарындай эгин сугарып, мал багып, муздак сууларга түшүп, ат минип чоңойду. Атасы Асанбек түпкүлүгү Жумгал жактан, Куйручуктун турагынан келген дешет. Ал арык казып келип, суу чыгарып, ошол жерге суу тегирмен салган экен. Колхоз эгинин да сугарып, гектарлаган жерге түндөп суу чайып чыгып кеткен эмгекчил болгон. Ошол киши Жылуу-Булак деген жерде суу жүрөр арык казганга тоскоол болгон чоң ташты көтөрүп ары жылдырып коёт. Бул ташты айылдыктар “Асанбектин ташы” дешчү. Аны кийин эч ким көтөрө албаптыр. Көп жыл өтүп бир гана уулу Барчынбек көтөргөн экен, кийин акын болгондо “Асанбектин балбал ташы”, “Балбал таш” деген ырларын жазган. Ата-бала экөө тең балбан болуптур. Барчынбек жаш кезинен атасына талаага тамак алып барып жүрүп, колунан кетменин алып жардам да кыла койчу. 4-класста окуп жатканда апасынан айрылат да, атасын кароо, үй-оокатка жардам кылуу, тамак бышыруу, кир жууш анын энчисине калат. Өксүк жаны талаа-түзгө суктанып, көтөрүмдүү, чыдамдуу болуп өстү, апасын эстеп, анын мээримине канбай, атасына боору ооруп жүрүп эки сөздүн башын кошуп ыр жаза баштады. Апасын элес-булас гана билип калды.

 

Студенттик жылдар

Эмгек жолунун башталышы. Мектепте сабактарын жакшы окуган бала 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине келип кирет. Бул жерде жалаң эле биринен бири таланттуу акын-жазуучулар окугандай чөйрө экен. Аскерден келип окуп аткан Дүйшөн Жапаров, кыялдан “кылым ырын” жазчудай кыйын акын Жолдошбек Зарлыкбеков, балдар үчүн бир китебин чыгарып, бир ичип кетсе бир ай токтоо бербес Алик Акималиев, ар бири өзүнчө “гений” эле. Барчынбек алардан калышпай ыр ааламына кирип кетет. Анан калса 1980-жылы “Жаш ленинчи” журналына жарыяланган “Китеп” деген ыры басылып, өзүн кадыресе акындай сезип калган. Бугубаевдин студенттик жылдарын Болотбек Таштаналиевдин мындай эскерген жайы бар: “Кааласа лекцияларга катышып, каалабаса катышпай, түнү менен ыр жазып, күндүзү керели-кечке уктаган, албеттүү, колдору батмандай, баркылдап сүйлөгөн, бирөө сүйлөсө башын ал жакка буруп коюп, оозун мурчуйтуп уккан, башкалар күлүп жатса мостоюп, башкалар мостоюп калганда тимеле жыргап каткырган бир жигит бар эле. Көрсө, ошол Барчынбек Бугубаев экен”. Ошентип ырлары менен бат эле адабий чөйрөгө таанылат. 1988-жылы Жазуучулар союзуна кабыл алынат, окуу жайын да аяктайт. “Чымыны” барлар эптеп шаарда калып, гезит-журналдардын, радио, телевидениенин редакцияларынан иш издеп ээрчишип жүрө турган. Барчынбектин жолу оң болду, талантын тааныган профессор Киреше Иманалиев өз кафедрасында иштөөгө калтырды. Ал гана эмес, окуу жайынын “Путь к знанию – Билимге жол” гезитине редактор болуп дайындалды. Ыр жазуу эми анын эрмеги эле эмес, жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Жаш талапкерлердин башын бириктирип, “Топ жылдыз” деп аталган адабий ийрим негиздеп, ал жерде күпүлдөп ырларды окушту, бири-бирин сындашты. Дүйнөлүк адабият менен кыргыз адабиятын салыштырып, кандай болгондо мыкты жазууга жетишерине аракет кылган бул ийримдин мүчөлөрү профессионалдык деңгээлин кыйла жогорулатты. Ошол кезде Москва жактан демократиянын желаргысы келе баштаганда жогорку окуу жайында иштегенине карабай, жаңычылыкты жакшы көргөн жигит Топчубай Тургуналиев, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Тынчтыкбек Чоротегин сыяктуу демократтарга кошулуп, ачкачылык жарыялап, пикетте отурду. Бул болбойт эле, университеттен кетиш керек эле, арызын жазып оңой эле кете берди.

 

Редактор

1991-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясына ишке кирди, болгондо да көркөм адабият бөлүмүнүн редактору кызматына кабыл алынды. Бул жерде иштеген төрт жылда не бир залкар акын-жазуучулардын чыгармаларын эфирге даярдады, не бир жаш таланттардын тушоосун кести, не бир халтураларга бөгөт койду. Анан бир топ жыл жумушсуз калат. Жалаң жазуу менен күн көрүү кыйын болгон, жакшы кишилердин колдоосу менен 2000-жылы Чүй университетине жумушка кирип, бир азга болсо да туруктуу айлыкка жетишет.

 

Термелерди жана поэмаларды бир кыйла терең иштеп берди

Төкмө акындардын жанры болгон терме жанрын жазма адабиятынын өкүлдөрү Райкан Шүкүрбеков, Какен Алмазбеков бир кыйла байытып кеткени менен терме жазган акындар табылбай турганда Барчынбек Бугубаевдин Калыгул жөнүндө, Курманжан датка тууралуу, Чыңгыз Айтматов тууралуу термелери жазылган. Акын бул термелерди бир-эки күндө эле жаза салчу экен, ал эми терме – дароо эле ырчылар тарабынан аткарылып чыкканга, элге тез тараганга ылайыктуу жанр. Адатта терме фольклорго мүнөздүү, төкмөлөр тарабынан айтылган чыгармалар болуп, алардын авторлору салттуу кыргыз ырынын жети-сегиз муундарын пайдаланат. Терме чыгаруу менен Барчынбек Бугубаев, биринчиден, элдик оозеки чыгармачылыктын традицияларын жакшы өздөштүргөнүн көрсөтсө, экинчи жагы, эгер жазма акын болбой калса төкмө болор беле деп боолгололонтту. Акынды жакшы билгендер да бир отуруп эле ыр шилеп салчу дешет. “Баян сулуу” деген соңку учурдагы жазган поэмасы азыркы замандын көйгөйлөрү, кыздардын жеңил ойлуулугу тууралуу болсо, “Кыргыз үнү” поэмасы мекенчилдикке чакырат. Тилекке каршы, бул чыгармалары окурмандарына жетпей келет.

 

Рыспай жана Барчынбек

Кыргыз музыка өнөрүнүн туу казыгы Рыспай Абдыкадыров окумал киши болчу, өзгөчө жакшы ыр тапканда барбалаңдап, жаш баладай сүйүнүп, авторун издей баштачу. Барчынбектин ырларын окуп алып, “ой, куспуруш эй, куду мендей ойлойт экен, ээ” деп айтканын обончунун досу Бөкөнбай Боркеев жазып чыкты. Бир жолу Барчынбек түшүндө Рыспайды көрөт, ал керебетинин алдында аны карап отурган экен. Рыспай Барчынбекти издетип, табышып, аны менен ага-дос, ини-дос болот, экөөнүн мүнөздөрү кыл келип, ээрчишип калат. Таланттуу обончу таланттуу акындын төрт ырына обон чыгарган. Анын бири “Кусалуу жол” бир топ ырчынын репертуарына кирген. Ушул эле текстине Бакыт Капаров да обон жазып, аткарылып жүрөт. Андан башка да Рыспай Абдыкадыров анын “Көңүлсүз кеч”, “Айтумар”, “Түнкү санаа”, дагы башка сөздөрүнө обондорун жараткан экен. Акын обончунун “Сары-Челек көлгө бир арзуу” деген сөзүн Сүйүнтбек Дүйшөналиев жазган чыгармасын өзгөчө куштарланып укчу. Рыспай Абдыкадыровго арнап “Ак булут” поэмасын жазган.

Табышмактуу талант бар тагдырында,
Табийгаттын үнү бар кайрыгында.
Рыспайдай обончу Ала-Тоого,
Качан келет болду экен, кай кылымда?

Ушундай саптар менен баалап жатпайбы улуу обончуну улуу акын.

 

Чыңгыз Айтматовдун баасы

“Барчынбек Бугубаевдин чыгармачылык бөтөнчөлүгү, сырдуулугу, философиялуулугу менен кыргыз поэзиясынын гана эмес, жалпы адамзаттын акылга сыярлык бийиктигин элестетет” деп жазган 1997-жылы. Акын залкар жазуучуга арнап көлөмдүү поэма-терме жазып, өзүнө тапшырган.

 

Эне тилине арналган ырлары

Акындын саясий-публицистикалык, атуулук лирикаларында кыргыз тилинин келечегине күйгөн ырлары да көп болгон. Ошолордун бири “Эне тили” деген ырды Асылбек Маратов кыябына келтирип ырдап жүрөт. “Кыргыз тилден тилиңерди тарткыла!..” аттуу ыры граждандык бийик пафосу, тартынбай кыйкырган үнүнүн жогорулугу менен айрымалат. Мына окуп көрүңүз эле.

Кыргыз тилин сүйбөй туруп,
Сүйө албайсың Манасын.
Кантип чындап сүйө аласың,
Суусун, нанын, абасын.

Кантип билет бай тарыхын,
Кан Бакайдай бабасын.
Кантип чындап сүйө аласың,
Ала-Тоосун, талаасын.

Билсең эгер кыргыз тили,
Билинбеген канатың.
Өз тилиңди сыйлабасаң,
Өз тилиңдин кусуруна каласың!

“Капастагы кыргыз тили” деген чыгармасында тилдин абалына ачуусу келип, ички бугун, арманын бир катуу төгүп алган.

 

Жыйнактары жана сыйлыктары

Акын “Ак бороон” (1980), “Адамзатка кайрылуу” (2003) деген ыр жыйнактары менен окурмандарга аздыр-көптүр таанылган, кийин “Асман-жерге созулган баян” аттуу китеби чыкты. Кезегинде Жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон. “Хельветас” эл аралык кызматташтыгынын швейцариялык ассоциациясы уюштурган акын-жазуучулардын сынагында да сыйлыкка жеткен. Турар Кожомбердиев атындагы сыйлыктын да ээси. 1996-жылы КР президентинин “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.

 

Тагдыры жана үй-бүлөсү

Акын стандартка сыйбай жашады. Үй-бүлөсүнө да ошондой болду. Оокат-тиричиликти ойлобой, ыр кууп, эркин жашоо кууп жүрдү. Коомдогу башаламандык, жокчулук да аны мукуратты, жакшы маяналуу жумуш таба албады, тапса да отуруп иштебеди. Биринчи жубайы Кымбат менен тез эле эки башка жолго түшүп, баласы Шамил тайларында өстү, ал бала атасы менен 27 жашка чыкканда гана табышты, билим албаганы менен ыр жаза коёт дешти. Дагы бир жубайы таланттуу жана оригиналдуу акын Венера Бөлөкбаева болгон. Көпөлөктөй назик жубай менен бир топ жашаса да, андан ары кол кармашып кете албады. Кийинки жубайы Майрам Жумабаева менен бир топ кыйналып жүрүп түтүн булатты. Кара-Жыгачтагы үйүн тарттырып ийишип, үч бала менен темселеди. Ал азыр Барчынбек Бугубаев атындагы “Топ жылдыз” деген фонд ачып, ырчылар менен акындардын башын бириктирүүгө далалат кылып жүрөт. Акын 2015-жылы 19-сентябрда 52 жашка эми келгенде узак оорудан кийин каза болуп, сөөгү өзү туулуп-өскөн Мантыш айылына коюлду. Ак бороон болуп талаа бетин чаңдатып өткөн Барчынбек Бугубаев ошентип окурмандарын бир тамшанткан бойдон кете берди…

Абдыкерим Муратов, “Спутник-Кыргызстан”, 18.05.2025

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.