“ЖЫЛДЫЗДУУ ЖЭЭК” же Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы
Акын жана фестиваль
Окууга өтүп, 1992-жылы талаа жумуштарынан кийин университетке келсек, Чыныбай агай филфакта декандын орун басары экен. Бизге “Ыр түзүлүшү” аттуу тандоо курсунан сабак берип калды. “Араңарда ыр жазгандар барбы?” – киргендеги биринчи суроосу ушул болду. “Жазабыз” дегендерди кийин биринчи ыр окутуп, анан сабагын баштачу. Кулан Рысалиевдин “Ыр түзүлүшү” (1965) китебиндеги маалыматтарды алгач агай аркылуу алдык, өздөштүрдүк.
Ошондой күндөрдүн биринде дептеримди сураганынан берсем, биринчи бетине:
“Аида, ыр жазасың ойго баткан,
Ырларың ак куу сындуу колго баккан.
Эмгектен, оку, ойлон, мээнет тарткын,
Бакыт жок бекер ал деп жолдо жаткан”,
– деп жазып коюптур. Ал менде азыр да жүрөт. 33 жыл мурдагы бул саптар эсимде.
Ошо менен агай Түркияга кетти. Аталышы абдан символикалуу “Шаарда жоголгон сөз” (1994) аттуу экинчи китеби жарык көрдү. Акын болуп кетип, ишкер катары кайтып келди. Биздин эсибизде ал агай жана акын бойдон калды. Бүтүндөй доор алмашып, эл каатчылыкка батып турган жылдары агайдын “Акун” фирмасынын уну элдин жашоосуна жакшы аралжы болгонун кийин аңдадык. Бирок бардык учурда ал жогорку төрт сап ырда мага жазган эмгек, окуу, ой, мээнет деген нерселерди карманганына толук ишенем.
Быйыл Кара-Ойдогу (Долинка) “Акун” пансионатында бешинчи ирээт Чыныбай Турсунбеков мааракелик поэзия фестивалы өттү. Быйыл да, былтыр да катышкан адам катары айтсам, фестивалдын максаты чоң. Биринчиден, Чыныбай агайдын чыгармачылыгын таанытуу, экинчиден, жалпы эле адабиятты жайылтуу, көркөм окуу аркылуу жаш жеткинчектерди адабиятка тартуу, үчүнчүдөн, булактын көзүн ачуу же жаш акындарды алып чыгуу, төртүнчүсү, түндүк-түштүк, айтор жети дубандын элинин – ар кайсы курактагы, кесиптеги адамдардын – акын-жазуучулардын, окурмандардын башын кошуп, ынтымакты бекемдөө, акыркысы, Ысык-Көлдү даңазалоо. Ошол эле мезгилде программанын алкагындагы “Сармерден” оюну аркылуу улуттук маданиятты жаңыртуу. Быйылкы фестивалдын дагы бир артыкчылыгы анын эл аралык деңгээлге көтөрүлгөнү болду. Түркия, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн келген акындардын ыры, добушу биздин фестивалга жаңы боек сүрттү.
Чыныбай Турсунбеков өтө астейдил жазган, “Жылдыздуу жээктин” (2021) баш сөзүндө Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин агай эң таамай белгилегендей, чындык деп чыркыраган акын болчу. Ооба, ал адабиятта – көрөңгөбүздү, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев агай фестивалдардын биринин жүрүшүндө, андан кийин сүйлөгөн адаттагы жалындуу сөздөрүндө белгилегендей, дасторконубузду нанга толтурду. Акындын, адабият адамынын саясаттагы дагы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.
Балдарга эмне жакын?
Көркөм окуу үчүн мектеп окуучулары менен студенттер тандаган ырлардын ичинде “Тушоо кесүү”, “Беш сом”, “Мен сени издейм, адам” өңдүү ырлары болду. Биринчи ырдын мазмунунда бала кезиндеги бир окуя айтылат. Айылда бир үй-бүлө баласынын тушоосун кесип, аны угуп дүрбөп келген балдар жарышка түшүп, лирикалык кейипкердин байкеси биринчи келет, кичинекейдин бутундагы тушоо жипти ал эмес, парторгдун баласы кесет. Дүйнөдөгү, адамдардагы көшөкөрлүктү, адилетсиздикти алгач ирет бүткүл жан дүйнөсү менен туйган балдар үйүнө ызаланган, ыйлаган бойдон кетишет… Бул жөн гана биздин айтып бергенибиз. Ырдын өзүнүн таасирдүүлүгү өзгөчө.
“Күн күлүп,
кубанып,
бажырайып карап турду
төбөбүздөн.
Дүмбүл балдар,
сүт балдар,
ок балдар
дүрмөттөгү –
“дүр-р” эттик
үркүп учкан карагайдан
чымчыктардай.
Көөдөнүбүз
ава жарып,
таманыбыз
ташты тилип,
чымылдап,
чуркап,
жүрөктө кан тызылдайт
бизден да ылдам.
Көзгө илинбей,
жер бутта чимирилди.
Жан-Булагым:
– Тушоосун кесип бер?! – деп
колунан кармап турдуң
топ аялдын ортосунда
бир инимди” (70-71-бб.).
Ырдын образдуулугун, элестүүлүгүн караңыз. Балдар жөнүндө жазылган кыргыз адабиятындагы жакшы ырлардын бири. Экинин бири! Ырдын бул биринчи бөлүгүндө баары жарык. Төбөдөн тийген күн да, “дүр-р” этип учкан чымчыктардай ава жарган таптаза, дилдери тунук, баёо “дүмбүл” балдар дагы. Алар үчүн бакыт, алар үчүн кубаныч – тушоо кесүү. Чымылдап чуркап жеткилери бар. “Өтүнөм, жерге шашып түшпөгүлө, а жерде жашайт жалаң жалганчылар!”, – деп Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров да бекер жазбайт. Бул ырда да ошого себеп бар. Анткени ырдын экинчи бөлүгүндө окуянын маанайы өзгөрүлөт. Мында жанагы күлүп турган күн да, ава да, жер да күйдү. Аларды күйгүзгөн эмне?
“Биринчи жеткен агам,
кечирип кой,
тушоосун кесе алган жок.
Тушоону кести парторгдун
баласы арттан барган.
Агамдын
бычакка сунулган колу
кайырчынын колундай көрүндү…
Күн күйдү,
ава күйдү,
жер күйдү.
Уялгандан баары күйдү!
Аялдар уялган жок,
жүрөгүм күйүп,
мен четте карап турдум
биринчи ирет
көрүп
кошомат коштоп алган
бийлик кандай чуркаарын,
бардыгын сатып алган
байлык кандай чуркаарын.
“Парторг” деген сөзгө
кыжырым кайнап,
аяп турдум
наристенин эң алгачкы кадамын.
Байгени
бөлүп киришти.
Кол булгабай кетип калдык
байкем экөөбүз ызаланып,
капаланып.
Келсек үйгө
апабыз
шымыбыздын жыртыгына
жамаачы салып отуруптур…
Сагындым, жыртык шымым!!!” (71-72-бб.)
Мыкты ыр!! Адилеттикти, акыйкаттыкты, чындыкты даңазалаган ыр!!
Жеңиш кимдики?
Балдардын кайсы мүнөздөгү сынагы, жарышы өтпөсүн, дайыма жогорку эпизодду эстейм. Бул жылы поэзия сынагында Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин – төрага, филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева, көрүнүктүү акын, “Даңк” медалынын ээси Абдилаат Дооров, филология илимдеринин кандидаты, акын Гүлзада Станалиева төртөөбүз комиссиянын мүчөсү болдук. Сынакка катышкандар дагы бешөө: Мээрим Эркинбек кызы, Гүлүмкан Исаева, Бегайым Нурлан кызы, Мирлан Аскаров, Бектемир Асылбеков.
Гүлүмкан Исаеваны окурман журтчулугу таланттуу, өз алдынча үнү, сөзү бар, күтүлгүс ой айта алган, айтайын деген оюн ашык-кеми жок бере алган акын катары жакшы таанып калды. Ал буга чейин Жолон Мамытов, Курбаналы Сабыровго байланышкан фестивалдарда ушул эле ырлары менен орунга татыган.
“Ишенбеген тариз бийлеп эркиңди,
Сенде күмөн сезимиңден жогору.
Мен жаш болсом болгондурмун, агатай,
Сүйүү да жаш болобу?”
– деп койгон суроосу канча ирээт цитата болуп ооздордо айтылбады. Же болбосо “Жүзүм сүртүп эми кайсы күн, башка бакыт эшик черткилейт. Жөө барсам да ыйлап Теңирге, Келбесиңди эми мен билем”, “Көңүлгө от салып, муз салып, кудурет узактан күзөтөт. Обо Эне адашкан дүйнөдөн, кандай жан түз жашап, түз өтөт?” деген сыяктуу жаңы кайрыктар анын ар дайым изденүү жолунда баратканын айгинелейт. Анын үнүнөн жалпы өз замандаштарынын, жаш калемдештеринин дагы үнүн эшитесиң. Анткени ал “ыр” деп алып учкан жанындагы улан-кыздарды жакшы сезет. (“Жаш толкундагылардын” бири-бирине ылымтасы, ынтымагы өзүнчө сөз). “Биздин жашта менимче эч күнөө жок, көктөмүндөй артта калган күздөрдүн” деген карама-каршылыктуу же дагы башка саптарында “бакыттын өң-түсүн билбеген сезимдер”, “бир ийилсе сүйүүгө гана ийилген жаштык”, “махабат деп кайра өлүүгө табылбаган дарман”, “көлөкөсүнөн качып чарчоо”, “бүгүнкү менен жашагысы келүү”, “деңизден өтүүгө даай албай” жээкте калган канчалар, “дилдегини көз айтып” турган абал, тынымсыз Кудайга кайрылуу, “бешигин Теңир термеген” акын бар. “Тагдырга шылтап коюп жашай берет, таалайын кармай албай учургандар” деген сабында турмуштун өзү туйган чындыгын айтат. Ал тынымсыз өзүнүн дүйнөсүн, сезимдерин салмактайт, суроо артынан суроо берет, бу жарыктыктын сырын аңдаганга дилгир.
Көп болду көңүлүм калганы,
Келбеген күндөрдү күтүүдөн.
Ырдатат дешчү эле сүйүүнү,
Ыйлаткан сүйүү да сүйүүбү?
– жаштыктын күчү ушинтип сүйүүнүн сырын издегенинде.
Мээрим Эркинбек кызында “Махабатты жазда келет дешчү эле, менин сүйүүм күзүндөсү гүлдөдү”, “Көк мейкинден атын угуп талпынган, мен сүйүү деп кабыл алдым бактыны”, “Мезгил эмес, адам эмес, башка эмес, өзүмдү-өзүм жетеледим жарга, чын. Оо Жараткан, эң акыркы таяныч, Төрөлө элек акын өлүп калбасын?!” деген өңдүү мыкты саптары бар.
“Сен мени дүйнөңдөн кетирем дебе,
Кеткеним – күнүңдү булут басканы.
Бут кулап тоолоруң, көпүрөң, дөбөң,
Азаптайт арзуунун унутпас жагы.
Сен мени жашооңдон чыгарам дебе,
Чыкканым – жомоктон ажыраганың.
Кунарсыз сөз болуп угар аңгемең,
Жарашпайт башканын жазына багың…”
Мындагы максимализм Мээримдин ырларынын көбүнөн байкалат. Мындай нерсени кыргыз кыздар поэзиясы тууралуу докторлук ишимди жазып жүргөн кезде XIX кылымда жашап өткөн Акбермет Карагул кызынан байкагам:
“Келиндерди карасам,
Күмүштөн чачпак салынып,
Келген жери ылайык.
Мен шордууну карасам,
Келген жерим келишпей,
Кейишти тарттым муңайып.
Беш-бештен өргөн чачымды,
Беш калмактык башымды.
Билимсиз жаман кез болуп,
Кор кылды менин башымды.
Он-ондон өргөн чачымды,
Он калмактык башымды,
Оюлган жаман кез болуп,
Билбеди менин баркымды.
Өткөздү менин наркымды.
Башында барып жаманга,
Жашабаган мен шордуу,
Азыраак айттым дартымды…
Кызыл тоо башы желдейди,
Кыргыек конбос белдейди.
Кызыккан жарга жеткизбей,
Кыз экенде кыйылткан,
Кыргыз, кытай баш кошсо,
Кызы туубас мендейди.
Кара тоо башы желдейди,
Карчыга конбос бел дейди.
Каалаган жарга жеткизбей.
Казак, калмак баш кошсо,
Катыны туубас мендейди.
Мен шордуу
Тегиз ойлоп олтурсам,
Акылым жаман зилдейди…”
– деп теңсиз коомдо кыргыз кызы азапка малынганы менен “кыргыз, кытай бириксе да катыны мендей кыз туубайт” деп айтканга батылдык кылган.
Мээримдин ырындагы жарык маанай, ишеним (“Качандыр бир кеменгер келет мага, Кирпигимдин учун да кирдетпеген”), колдоо (“Кубанычты, кайгымды да түшүнүп, жакшы көрөт ырларымды укканды”) ар дайым жашап, жеңишке себепкер болгон күмөн эсен төрөлсүн!!
Бектемир Асылбековдун ырларына чыныгы күйөрман болдум. Мага андагы жүрөктүн, ойлордун эркиндиги жакты. “Метиркең бейиштенби, Жерден эмес? Ант ичем! Сендей сулуу көрбөгөм эч”, “Сүйүүнүн өзөгү – сыйлоодо”, “Өлүм менен ырсыз өмүрдө, барбы, ыя, барбы айырма?!”, “Сенин ысмың – жүрөгүмдүн келмеси!”, “Көздөрүңдү көргөн күнүм – жыргалдуу, Карегимден ыраак кезиң – ызгаардуу”, “Карап тургун!.. Келиниңди балаң сенин сүйдүрүп, Күйөөң сага окуп берчү ыр жазам!..”, “Бир Кудайды бирдей таанып, биле албай, биздин сүйүү тең экиге бөлүнгөн”, “Жашоонун да кетет тура кызыгы – жүрөгүңдө от болбосо жагылган”, “Бакыттын да турат өңү кубулуп, бакыт менен иши жоктор бактылуу”, “Өзгөлөрдүн изин туурап баскыча, бооруң менен жөрмөлөгөн жогору!” деген сыяктуу ондогон табылгалуу саптары бар экен.
“Бу адам –
Ишенгиси келгенге эле ишенет.
Ишенгиси келбесе –
Кудай деле кур жомок”
Же:
“Бейиш жалгыз о дүйнөдө дегендин,
Акыбалы кандай… кандай кейиштүү”
– деген саптарындагы чындык, айтылып-айтылбаган ой катмары, подтекст – булар Бектемирдин бир топ ырларына мүнөздүү. Андан да диний көз караштар курчуп турган бүгүнкү күндө акыркы эки саптын мааниси зор.
Анын поэтикалык лексикасы бай: үрүм, улаарыган капалык, лааладай жыпары аңкуу, убаажысыз сүйүү, “үчүн” жана “себепсиз”, апак-шапак таң ж.б. Көндүм уруна бербеген сөздөрдү колдонуу, ар биринин маанисин ачуу – бул дагы изденүүнүн жемиши…
“Мен сага кучак жайсам,
Сен дагы кучагыңа чакырасың.
Телмирип тиктей берем,
Теңдешсиз татынасың.
Тоолордой бийик болгон сезимиңди,
“Тентек” деп, бир сөзүңө батырасың.
Жолугуп тунук сүйүү,
Жоголду эки көздүн өткүрдүгү.
Акылдан ашып түштү,
Жүрөктүн эпчилдиги.
Сендей жыттуу жыттана албайт, жаным,
Ааламдын эч бир гүлү!”
– бул Мирлан Аскаровдун “А эртең бүгүнкүдөн ашык сүйөм!” деген ырынын башкы эки куплети. Зал толо эл алдында кымбатын маңдайына отургузуп алып бул жигит дал ушул маанайдагы ырларын окуду. Келинчегин карап алып эле элбиреп-делбирей берсе, ушул өңдүү ырлары эле угулуп, ичиндеги жетээр-жетпес турмуш (“Бүгүн, бул айдын соңку күнү. Бир аздан кийин бизге айлык тийет”), өмүр (“Түрдүү жолдор, таштакпы, чаңбы, кирби..? Турам билбей тандайын кай бириңди” же “Өмүрлөрүн бир кылып коёт кээде, Өлсөм дагы сүйбөймүн дегендердин”), мекен, эл-жер (“Калем менен калаа курган өлкөмдө, Караңгылык, көптүн көзү тийгенби?..”) жөнүндөгү ырлар негизги теманын көлөкөсүндө калды. Көрүнүктүү адабиятчы, адабияттагы көбүбүздүн устатыбыз Осмонакун Ибраимов агайдын “азыркы акындар же апасын, же кыздарынын капасын жазат” (акын жигиттер жөнүндө) таризиндеги сөзү мисалга келтирилип, Мирлан көбүрөөк сын угуп калды.
Поэзия сынагынын негизги жеңүүчүсү Нурлан Бегайым кызында “Бакытты бактылуулар издейт дешет Сүйүүнү сүйө албастар турат күтүп…”, “көл мүнөзүң байкалууда, төп келип, биз өзүңө тандап жүргөн жакшы ысым”, “билесиң кайдамын, билгизбе жогумду, сүйүүнү бар дешет – укканым дагы ушу!..”, “өлүм үчүн өмүр жытын жыттатып, өлүм үчүн төрөш кыйын, эң кыйын”, “Чыңгызды айтып өстүрсөк ээ уул-кызды, Чыңгыз төрөй албасак да кыргызга…”, “же сен менин табытыма баш уруп, же мен сенин табытыңда ыйлаймын!”, “мени кардай тунук болсун дешти эле, а мен кардай муздак болгум келбеген…”, “Өлүм гана айта турчу акыйкат “Өтө жакшы адам эле!” дегендик…”, “Коломтонун түбү – бүтпөс бакытым, урмат-сыйым – устуканым күң жилик”, “адам деле куурап, кургап бир учур, жашайт анан жамалына чөп чыгып” деген сыяктуу ондогон ийгиликтүү саптар бар.
Конкурстун жүрүшүндө биз күткөн масштабдуулук менен тематикалык көп түрдүүлүктү ушул акындан көрдүк. Ырларында тагдыр, өксүк… Өмүр, жашоо, ата-эне, бала, эл-жер тууралуу ж.б. ырлары мазмуну, ойлорунун тереңдиги менен көңүлдү бурат. Чек арада курман болгон баатырларга арналган ырында:
“…Атам өңдүү мунарадай тирелген,
Адам өңдүү сепилби не, чеппи не?!
Улутка ата болгон менен, силердей
Уулуңа ата боло албастыр эч бирөө…”
– деп акыйкат сөзүн айтат.
Же болбосо башка бир ырында:
Ай түндө, күндүз күн күзөттө,
Асман көк, жер күрөң, чөп жашыл.
Ак болсо болгону жүрөктөр,
Ар кимдин өзүндө өз башы!
Дешет го… жобосу жок бирок,
Демиңде тирүүлүк оболойт.
Же ачка, же мейли ток жүрөк,
Жеңилдим дегендер ого көп.
Ананчы… токчулук… жокчулук,
Адашкан түмөн жан багыттан,
Алар да куурчакты дос кылып,
Чыбыкты ат кылып жарышкан.
Алар да аруулап бир үйдү,
Алдейлеп бешикте термелген.
Эсине албай эч бу күндү,
Эртеңки үмүткө дем берген.
Ай түндө, күндүз күн күзөттө,
Асман көк, жер күрөң, чөп жашыл.
Ак болсо болгону жүрөктөр,
Ар кимдин өзүндө өз башы! – дейт.
Ооба, ар кимдин өз башы, өз тагдыры, өз жолу, өз добушу, өз дабышы бар. Бу жолку фестивалдагы жаш акындардын ар бири келечекте көптү үмүтөттүрөт. “Берээри алдыда” деп ишенгиң келет.
Азыркы поэзиянын жалпы картинасы алардын мисалында
Жогорку бешөөнүн ырларын карап отурганда Бегайымдын ырларында символдор жыш, кармалбаган абстракция бар. “Пейзажындагы” каргалар эмнени айтат да, көгүчкөндөр эмнени аяндайт? Айрым ырларында айтылып бараткан ой жоголуп кетет. Ушундай ырлары үчүн убагында О.Ибраимов Роза Карагулованын ырларын “Делбе болгон ойлор ыйы же сөз алхимиясы” деген макаласында катуу сындаган. Акын кыздын ырлары өзү жазып аткан мезгилдин агымындай – ыкчам, тез. Жашоодо жашап үлгүрбөйсүң. Ырлардын автору да жазып атып шашкандай. “Жомокторуң мендей болсун, башкасы: жолуң, багың, сүйүүң болсун атаңдай!” деген саптарда менимче ал “жомокторуң меникиндей болсун, тагдырың атаңдыкындай болсун” дегенди айткысы келгендей. Дал ушундай бүдөмүк кеткен жерлерге көңүл бурушу керек. Ошол эле ырда “нелерди уктум, нелер гана көтөрдүм, барга шүгүр, айтам анын эмнесин?! Сен төрөлдүң – мен төрөлдүм ошол күн, Эссиз болсом, эң оболу сен кечир!..” – деген саптар бар. Мында жакшынакай келатып эле автор уулунан эмнеге кечирим сурап атат? Түшүнүксүз.
Гүлүмкан Исаеванын көркөм котормо менен алектенгени, болгондо да тээ Генрих Гейнеден тартып, Назым Хикмет баштаган түрк элдеринин акындарын которгону аны тематикалык чектелүүдөн оолактатат.
Бектемирдин ырларында учураган “кабыр, кайрылбас жай, бейтап, түн, үшкүрүк, пери, шайтан, убай, аза күткөн ырлар, ным кирпик, көз жаш, азап, кайгы” деген сөздөр чочутат. “Күлүп-жайнап жаза албаймын ырларды” дегени көбүнө тиешелүү болгону менен көңүлүн жарык толкундар толкутса экен дейсиң.
Айтор, алардын мисалындагы бүгүнкү поэзияда күнүмдүк көр тирликтен тартып (М.Аскаров “Бүгүн”) Кудай менен Теңирге чейинки (Г.Исаева) темадагы ырлар бар. Маанайлары басмырт (Б.Асылбеков) да, жарык дагы (М.Эркинбек кызы). Эң негизгиси, аларды шыктандырып, сүрөп турган адабий фестивалдар, конкурстар, адабияттын өнүгүшүнө кызыгдар уюмдар, өкүлдөр, сайттар бар. Биздин учурда эмне бар эле?
Агедил көз артуу
“Белая зависть” дегенди ушундай котордум. Биз студент кезде университетте “Жаш толкун” адабий ийрими иштечү. Кыргыз адабиятынын негизги өкүлдөрүнүн көбү ушул ийримден чыкканын айтышчу. Биз да анын бир нече дубал гезитин чыгарып калдык. Университетти бүткөндөн кийин чыгармачылыктагы байланыш уланган жок. Ар кимибиз өзүбүз менен болдук.
Союз урагандан кийин Жазуучулар союзу “Ала-Тоо – 97” фестивалын өткөрдү. Курамында Кыргыз эл акындары С.Эралиев, С.Жусуев, М.Абылкасымова сыяктуу лөктөр отурган комиссиянын тандоосунан өтүп, Шербото Токомбаев, Олжобай Шакир, Венера Бөлөкбаева, Назгүл Осмонова, Садык Гавай, Чолпон Толубаева, да бир проза жазган байке лауреат болдук. Кубандык, толкундандык, а тургай мен “Кыргызстан маданияты” гезитине “Адабияттагы муунумду таптым” деп маек дагы берип жибердим. Бирок жолуга келгенде саламыбыз түз болгону менен башыбызды бириктирип чыгармачылык күч болуп кете албадык. Университетте экендеги Бахпур Аленов, Кубат Оторбаев, Мыктыбек Өмүрзаков, Кубанычбек Болотбеков, Бакытбек Абдыразаков, Нурлан Калыбеков, Айсулуу Көкөева, Гүлзада Станалиева, Бактыгүл Көкөтаева өңдөнгөн улуу-кичүү калемдештеримди, эгемендиктин алгачкы жылдары Табылды Муканов сыйлыгын алган Атахан Кожогулов, Жыпар Арыкова, Жыргалбек Касаболотовду, анын достору Марат Токоев менен Шабдан Сулаймановду турмуш ар кай жакка айдады. “Дордойдон” (Б.Көкөтаева) тартып мезгилдүү басылмаларда, а тургай кийин бийлик бутактарында иштегендер болду. Ошогезде бирдеме жазаарын байкатпаган Жеңишбек Эдигеев байкенин “Көк дептери” өзү Швейцарияда жүргөн кезде жарык көрүп, биздин адабияттагы жанрлык изденүүнүн жаңы көрүнүшү болду. Биздин төбөбүз (эгер көрүнсө) ар кайсы жерден бирин-сериндеп көрүндү.
2001-жылы түптөлгөн “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, анын алдында уюшулган “Жаңы толкун” адабий клубу жети дубандын каалаган чыгармачыл жаштарын бириктирип, биз кыла албаган ишти кылды, бекем чыгармачылык күч боло алды. Ушул күндөрү да алардын мамилесине, астейдилдигине, ынтымагына, биримдигине суктандым.
“Бир даам сызган жериңе, миң жолу салам айт”
Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын ар бир жолку өтүшү акындын жубайы Нуржан Тентимишева тарабынан каржыланып уюштурулуп келет. Азыркы күндө беш кишинин башын кошуп чай берген чоң иш. Нуржан Давлетбековна 200дөн ашык адамды чакырып, келип-кетишин камсыздап, төрт күн багып, сый көргөзүп, фестивалды эң жогорку деңгээлде өткөрүп атат. Жылдан жылга улам жаңы саамалыктар, көрүнүштөр байкалууда. Быйылкы ачылган акындар сейил багы, анын ичинде фестивалдын мурдагы лауреаттарына арналып отургузулган дарактар эң жок дегенде – чоң жаңылык, а чындап карай келсе Намыс болду. “Казакстанда акын-жазуучулардын шарты мындай экен”, “Өзбекстанда тигиндей экен” дей берген бизге тыштан бирөө келсе “силердегидей биздин аллея, биздин бак, биздин аянт Көлдүн жээгинде” дегидей сөз, сыймык болду.
Жогоруда айтылгандай фестивалдын масштабы, горизонту кеңейе баштады. Жаңкы үч өлкөдөн тышкары келечекте башка континент, алыскы мамлекеттер менен иштешүү планы бар. Акындын 65 жылдыгына арнап кайра эле “Жылдыздуу жээк” аталышында жарык көрө турган жыйнакка акындын өзүнүн ыр-блогун, фестивалдын 5 жыл ичиндеги лауреаттарынын ыр-блогун жайгаштыруу пландашылууда. Мен билип-билбеген дагы башка жакшы тилектер – биздин адабияттын өнүгүшү үчүн көрүлгөн кам. “Бүткөн ишке сынчы көп” дегендей, фестиваль жөнүндө сөз айтканда нарктан кетпейли!!
Аида Эгембердиева,
филология илимдеринин доктору,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.