«Айтматовго “окуумду таштабайм” деп айтып алганым үчүн институтту аяктадым»

 

(Нарсулуу Гургубаева менен маек)

Туура 4 жыл мурда Нарсулуу эже менен чакан маегибизди жарыялаган элем. Нарсулуу эже «ошондон башка интервьюмда төгүлүп сүйлөй албай койдум, ошол чакан маегим өзүмө аябай жагат» деп улам айтып калат. Мына эми бир жыл аралыгында чогулуп калган эч бир жасалмалуулугу жок дилден төгүлгөн маектерибиздин каймактуусун калпып, омоктуусун өлчөп алып, силерге сунуштоону чечтим.

Бакай Алмаз: Айланамдагылардын баарынын менден жашы кичүү. Мындай жагдайда автоматтык түрдө мен аларга өрнөк болушума туура келип калат экен. Өзүңдөң-өзүң ушинтип жүк артынып калат экенсиң ичиңде. А мен муну каалабайм. Өзүмдөн кичүүлөргө ашык өнөрүмдү көргөзбөй олуттуураак, ашык-кеми жок түптүз адамдай көрүнгүм келет.

Нарсулуу Гургубаева: Жол башчы болгуң келбедиби? Туура эле. Бир аз кыйшайсаң эле өөн учурай берет. Өрнөк болгондон өткөн оор нерсе жок.

Б. А.: А сиз эмне кылып жүрөсүз?

Н. Г.: Мен Москвага келдим. Келсем, туугандар той кылып атыптыр, эми барыш керек. Көргөзмөгө коюлган күчүктөй болуп олтурам тойдо. Ушул нерсе мен үчүн чоң стресс. Москвада той кылбай койсо эмне эми. Кыргыздын «тапканың тойлорго буюрсун» деген сөзүн жокко чыгарыш керек негизи. Эл өзү деле азыр депрессияда. Болор-болбос майда-бараттын баарын белгилеп, жасалма майрам уюштура беришет өздөрүнө. Жасалма бакыт. Эшафотко бараткансып баратам тойго. Азыр ар бир экинчи тууган эрди айтпаса мага кел. Шордуу мен (күлүп). 

Негизи биздикилер бирөөнүн жеке жашоосуна башын оңой эле тыга берет, «эптеп эрге тийип ал», «эмнеге эрге тийбей жүрөсүң?», «төрөп ал» деген сыяктуу сөздөрдү бирөөлөргө оңой айтышат. Эркеги дагы, аялы дагы айта берет. «Айтканга акым барбы? Ушинтип айтсам таарынтып албаймынбы? Кишиге катуу тийбейби?» деп ойлонгондор саналуу эле.

Б. А.: Сиздин жашооңузда унутулгус болуп эсиңизде калган, «балта чапкан» учурлар барбы? Мээ бош калып калса эле эскилерден бир элес аттап чыга калып, жан дүйнөнү сарсанаага бөлөп, капачылык ээлетип…

Н. Г.: Илгери бар болчу, азыр антпей калдым. «Балта чапкан» учурларды унутпай калайын. Бирок баштагыдай кайгырып, эстебей калдым. Мен каттым.

Б. А.: Убакыт мененби?

Н. Г.: Ооба.

Б. А.: Унутулат бекен?..

Н. Г.: Унутулбайт, бирок кейибей каласың. Эски кинону улам кайталап көргөнсүп, кайталап эстей бересиң. Бирок ичиң жымжырт.

Б. А.: Анда мага дагы бир аз бар экен. Кейибей калууга…

Н. Г.: Жек көрүү деле күчтүү сезим экен. Адамды алдыга сүрөйт экен баары бир. Дал ошол жек көрүү, таарыныч аралашкан элестер эски кинолорго айланды. Сага али эрте, кийин түшүнөсүң менин эмне дегенимди.

Б. А.: Өткөндө психолог: «Ичиңерде эмне болсо дагы бөлүшкүңөр келсе бөлүшкүлө, бактысыздыгыңарды бирөөнүкү менен салыштырып, “меники кымындай турбайбы” деп ойлобогула», – деди.

Н. Г.: Мынакей! Мен салыштырбай калдым. Ар бир адамдын кайгысы өзүнө оор. Тигинин же мунун кайгысына караганда «оор» же «жеңил» кайгы болбойт. Ар кимдин кайгысы өз башына чоң. Кайдыгер болуп баратам деп кээде кейип калам. Бирок андай дейин десем, кайдыгер деле эмесмин. «Чоң жиндилерге» реакциям бар да кантсе да. Бирок ичимде бир нерселер өлүп кетти. Же эстелик болуп калды. Кадимки эле таштан тургузулган эстелик, болгону ичимде…

Б. А.: Кези менен карап тургангабы? Баары бир жакшы экен кейибей калсаңыз. Өткөндү кол менен жасай албагандан кийин.

Н. Г.: Ии, ооба. Мен эки күн мурда бир нерсени эстедим. Ошол учур даана эсимде, бирок ал адамдын жүзү эсте жок. Кызык жери, ошол окуя бир кездери мени катуу сындырган окуя болчу. Жылмайып эле эстедим. Жаш экенмин, азыр ошондой учур болсо ыйламак эмесмин, баарынын башына ыштандарын кийгизип коймокмун деп эстедим. Бирок адамдын жүзү эсте калбаганы кейитти. Бир кезде укмуш маанилүү болгон адамдардын жадакалса жүзү деле унутулат экен. Кылык-жоругун бери кой. Сен экөөбүз тең эле жетилип келе жатабыз, сен менден көп болсо «2-3 жаш кичүүсүң». Жакында сен деле ошентип баштайсың. Сен экөөбүз теңтуш элебиз, ишене бер. Экөөбүздүн бактыбыз дагы, шорубуз дагы так мына ушунда.

Б. А.: Мага бул бакыт көбүнчө «алыс, алыс жактагыдай» туюлат.

Н. Г.: Ошон үчүн шорубуз дагы дедим. Көп нерселерди эрте түшүнгөнүң – сенин бактың, көп нерселерди эрте түшүнбөй «ойноп жүрө бергеним» – менин бактым. Бирок ошол эле учурда ушул нерселер шорубуз дагы.

Б. А.: Эсептөөлөрүм боюнча азыр менин жашоомдо жаңы бир адам болушу керек эле. Убактылуу болсо деле өзүмдүн керексиз толгонууларымды бөлүшүп туруу үчүн.

Н. Г.: Жаңы адамдардан коркпойсуңбу?

Б. А.: Жок. Ишенген адамдарым менен гана сүйлөшкөнүм үчүн коркпойм. Адамдарга жакындашууда өзүмө ишенем. Бирок ооба, негизи коркушум керек эле. Себеби, Айсулуу эже [автор: Айсулуу Көкөева] айткандай «мени көп досторум сатышты, туугандарым сатышты, кызыгы – бирөө да толук сатып кете алган жок, булайып колго токтобойм» деп. Мен өзүмө «сатып кетти, алдап кетти» деп даттанууга жол бербейм. Бирок, бир канча ай мурдагы досторумду сагындым. Алар менен чындап эле эми көрүшпөй калдык.

Н. Г.: Мен сендей кезимде адамдардан коркчумун, ошол себептен улам сурадым. Мени го сатыш кыйын, ушул жерине келгенде бекем элемин. Сатууга жарайт турган бирдемем жок. Бирок мени сатып кетти дегендер көп да. Мен адамдардан коркконум үчүн аз эле дос күттүм. Азыр ошолор эле калды жанымда. Келди-кеттилерге сезимим, анан энергиям эле короду. Бирок ишеним короткон жокмун. Бактысыз болуп олтурганда, таза бактысыз теманы баштайсың да (күлүп).

Сатып кетти, алдап кетти деп даттаныштын кереги жок негизи. Ал сенин проблемаң эмес, «сатып кеткен, алдап кеткен» адамдын проблемасы. Бирөөнү «сатып, алдап» жашаш эле оңой дейсиңби? Башкысы биз сатып, биз алдабасак эле болгону.

Б. А.: Туура. Ошол жүктү желкесинде көтөрүп жүрүшсүн өзүлөрү.

 

* * *

Б. А.: Оюм бар, элестер көз алдымда, бугум бар, чыгара алсам жеңилдейм. Чыкпайт. Эки саптан кийин бүттү, оюм чаржайыт. Ичим ачышмай болду. Жаман-жакшы бир балээлерди чиймелеп жеңилдемиш болчу элем. Таягын жоготуп койгон картаңдар өзүн кандай сезсе, менин да ичим ошентип куудурап жатат. Көз алдыңарда чоң бир акын «өлдү» (күлүп). Тамаша.

Н. Г.: Кой, кишини коркутпа. Ачыгын айтканда, мен көп эле адамдын «убалына калдым», бирок сага такыр тийишкен жокмун. Актанайын да ушунча болду. Сен эмне жазсаң деле жакшы көрүнчү көзүмө, азыр деле ошондой. Жалганы, жасалмасы жок жазганың жагат мага. Экөөбүз жаңы таанышканда көздөрүң мышыктын баласынын көздөрүндөй болчу. Жалдырап, жалжылдап, анан жылтылдап… Сенин оюң өстү. Чоңойдуң! Сен кийин чоң жазуучу болосуң, буюрса.

Б. А.: Кайсыл жакты тиктебейли религия жөнүндө талаш-тартыштар жүрүп жатат. Негизи ушул акыл-эстүү кишинин сүйлөшө турчу темасыбы же кандай? Карама-каршылыктардын туулушунан, жеке көз караштардын туу тутулушунан улам суроо туулду менде. Деги эле этика боюнча бул тема кайда болбосун козголгону туурабы?

Н. Г.: Ооба, «андай айтпай, мындай айт, ал жерден эмес, бул жерден туруп Кудайга кайрыл, ал сөз менен эмес, бул сөз менен Кудайдын атын ата» деп эле талашкан кишилер. Кудай биз айткан сөздү, биз ойлонгон ойду кандай, каерден туруп айтсак деле түшүнбөй калышына шегим бар. Мен деги эле дин тууралуу маектерди жактырбайм. Дин тууралуу Москвада деги эле бирөө жарым менен сүйлөшкөнүм эсимде жок. Кечирип кой, бирок дин тууралуу сүйлөшүү – мен үчүн «ич кийимиңдин түсү кандай, стринги кийесиңби же панталонбу?» дегендей эле кеп (күлүп).

Б. А.: Ошо да. «Өлөөрдө эле суралат, кантип көмүп коюуну билиш үчүн» деп бир академик айтат.

Н. Г.: Менин досторумдун жарымы Кудайга ишенгендер. Кызыгы баарыбыз ар башка динденбиз, бирок бир дагы жолу дин тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Диний майрамдарда эле , бири-бирибиздин динибизди эстеп, бири-бирибизди куттуктабасак…

Б. А.: Китептерди электрондук варианты менен окугандан ичим чыкпайт экен.

Н. Г.: Мен дагы китепти электрондук түрдө окуганды жактырбайм, бирок кээде айла жоктон окуп калам. Кагазды жакшы көрөм. Сен баягыда айткан китепти таап, кайрадан көз жүгүртөйүн, эмоциямды кайра эстейин деп таппай койдум. Бирөөгө берсем керек. Китеп сурап, анан аны кайтарып бербей койгондорго тозокто өзүнчө казан болсо жакшы болмок. Кудайды убара кылбай, мен өзүм от жагып бермекмин (күлүп).

Б. А.: Эртең менен Айзада Абазованы эстедим эле. Ырларына көз жүгүртүп жатсам, бир ыры, стили сиздикине азыраак окшошуп, түспөлдөшүп кетет экен. Же мага ошондой сезилдиби…

Н. Г.: Таң калычтуу. Болбоду дегенде мага жакын экен.

Б. А.: Айтор, сизди аябай жактырып окуса керек эле тирүү болгондо деп койдум.

Н. Г.: Мен дагы ушуну жаңы эле ойлодум эле, мага жаккан акын болмок экен деп. Өкүнүчтүү.

 

* * *

Б. А.: Бир аз мурда ыр окуп жаттым эле. «…Кечирем бүгүн, эртең, кийин, анан, / Болгону сурап үлгүр жалгызым ай» [Н. Гургубаеванын ыры] деп.

Н. Г.: Ал киши менден кечирим сураган. Беш жылдан кийин. Беш жылдан кийин темасынан эки эсе кыска кат келди. Анан мен ал катты дагы беш жыл сүйрөп жүрдүм каякка батырарымды билбей. Алиге чейин ошол катты коёрго жер жок, алиге чейин ошол кечиримди кайда батырарымды билбейм.

Б. А.: Керек беле? Кереги бар бекен негизи чийки кечиримдин?

Н. Г.: Жок, кереги деле жок болчу. Бирок өзүнө керек болчу. Өзү үчүн сурады, мен үчүн эмес.

Б. А.: Эмне үчүн «жарымкудай»?

Н. Г.: Толук Кудай болсо, ит көрбөгөн күндү көрсөтмөк эмес (күлүп).

Б. А.: Демек, бул жерге уруу экен да? Бирок көкөлөтүүгө да окшош экен.

Н. Г.: Жок, андай деле эмес. Жерге уруу эмес, көбүрөөк какшык десек туура болот. Көкөлөткөн какшык. «Кексе пейил» деп атпаймынбы ага чейин. Акыл эсти, жүрөктү, тагдырды тегиз калчап калганы үчүн ошентип атасам керек. Антип калганын өзү деле билчү, ошонун кесепетин экөөбүз тең тарттык окшойт.

 

* * *

Н. Г.: Сен айткандан бери Мурза Гапаровду эстейм. 10-класста «Жаңгак токойдун жомогун» окугам. «Бул китеп сени турмуш жолуна гана алып барат, эрге тийгиң келсе айт, анда биз сени урушпайлы, ушундай китептерди окуп отура бер» деп класс жетекчибиз аябай урушкан. «Кызык, анда бизди кайда тарбиялап атасыңар, турмуш жолуна болбогондо» дей коюп, ого бешбетер балээге калгам. Бирок ал китепти ушунчалык бактылуу болуп, ушунчалык таң калып окуганым эсимде.

Б. А.: Мен дагы бир окуя эстедим. Кыргыз тили сабагында эже тапшырма берип, класста аткарышыбыз керек экендигин айтты. А мен жаңы бир китепке үңүлүп кеткен болчумун. Авторун унутуп калдым, турмуш жөнүндө китеп болчу ал дагы. «Үйлөнгөнүн, күйөөлөнгөнүн эмне кыласың, ай, тапшырмаңды аткар» деген эжейибиз күлүмсүрөп.

 

* * *

Б. А.: Сиз талантка ишенесизби?

Н. Г.: Талантка ишенем, бирок куру талантка эмес. Талантты дагы багыш керек, өстүрүш керек. Жоопкерчилигин сезиш керек. Издениш, окуш керек. Жөн эле окуп, ырды жаттап албай, талдап-тандап окуганды дагы билиш керек. Азыр акын болууга караганда акын деп аталганын биринчи орунга койгон, «ичинен сырты чоң» жазмакерлер көбөйүп баратат. Ушунун баары Кудай берген таланттын жоопкерчилигин, жүгүн сезе албаганыбыздан улам го.

Б. А.: А баса, Чыңгыз Айтматов жөнүндө айтып берсеңиз. Аны менен көрүшкөнүңүз, сизге болгон сыйы жөнүндө.

Н. Г.: Мен Айтматовду 2007-жылы Москвадагы бир форумдан көргөм. Омор Султанов экөө форумга келген. Анын ачылышынан кийин жадырап, толкунданып, «Кудайды» көргөнсүп ызылдаган кишилердин катарына кошулуп Айтматовдун алдына барганым дагы деле эсимде. Ошончо ызылдаган элдин ичинен Айтматов мени сууруп чыгып, абалымды, ким экенимди, эмне максатта бул жерде жүргөнүмдү сурады. Студент экенимди айттым. Ал мага «кызым, эртең түшкү маал кел» деди. Эртеси түштө барсам, коноктордун баары ресторанга түштөнүүгө кирип баратыптыр. Айтматов мени ээрчитип алды. Ал киши менен баратсам мени ким токтотмок эле. Ресторанга катышуучулар менен чогуу эле кирип кеттим. Столдон орун алганыбыздан кийин тамак келди. Айтматов тамакты адегенде мага сунду. «Сиз биринчи алыңыз» десем болбойт. Биздин столдо улуу кишилер олтурган. Айтматов менен тартыша албай табакты кармап эле отуруп калдым. Ошентип, тамак алгач мага келди, Айтматов «жей гой» десе эле колум менен кошо кашыгым калтырап, көзүм жалдырап тамактанууга кириштим. Шорулдатпай ичейин десем болбойт. Чайнаганым өзүмө угулат (күлүп). Эртеси дагы кайрадан түшкү тамакты Айтматов менен жедим. Ошондо форум бүтөр-бүткөнгө чейин курсагым ток жүрдүм.

Адабиятчылардын үйүндө көп кишилердин арасында бирөө мени тиктей берип, Айтматовдон «кызыңызбы?» деп сурады. Айтматов: «Кызым», – деп жооп берди. “Кызым эмес, студент” деген жок. Койкоё түштүм. Мен дагы «кызы эмесмин, студентмин» деген жокмун. Бала экенмин да.

Мен адабият институтуна орус тилин билбей туруп тапшыргам. 3 ай окугандан кийин, тил билбегенимдин айынан окуй албай кыйналдым. Эч нерсени түшүнбөй эле сабакта олтурганым ыза кылчу. Айтматов Москвага келген учурда окууну таштайын деп жүргөм. Жазуучу мен окууну таштоону көздөп жүргөнүмдү туюп калгансып мага «Окууңду аякта, кереги тиет» деди. Ошентип, окуумду таштай албай калдым. Начар окудум. Жалаң «3» деген баа алдым, бирок Айтматовго «окуумду таштабайм» деп айтып алганым үчүн институтту аяктадым.

Жазуучу ошондо мага мен үчүн өтө маанилүү болгон көп нерселерди айтты. Бирок андан дагы «студент турбайбы, ачка болду го» деп илмийген мени аяп тиктеп, тамакты алгач эле мага сунган Айтматов менин эсимде көбүрөөк сакталып калды. Ошол учурда Айтматовго берем деген суроолорум аябай көп болчу. Бирок сурай алган жокмун. «Кийинки жолу кайра келгенде сурайм» дегем ичимден. «Кийинки жолу» келбей калды.

 

* * *

Б. А.: Ажырашуу оңойбу, кыйынбы?

Н. Г.: Кыйын. Өтө кыйын. Оңой кеткенде деле ой калат, кыжаалатчылык калат. Шак эле барып ажырашып алып, бирок «элүү жыл» эзилип жашагандарды өз көзүм менен көргөм. Бирок кирди-чыкты эси бар адамдарга гана кыйын. Болбосо бала деле, башка деле көзүнө көрүнбөй калгандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү.

Б. А.: Мисалы, өмүрлүк жолдошу аны таштап, башка бирөөгө кетип калса, анын артынан чалып, жазып, ыйлак-сыктап же балдары менен коркутуп, ж.б. жолдор менен шантаж кылган адамдарды кантип түшүнүш мүмкүн? Ал сенден кетти. Демек, керегиң жок. Ал дагы сага таптакыр керек болбошу керек. Адам баласы кантип өз баасын, баркын түшүрүп анын көзүнчө ыйлап, кайра келсе жашоо мурдагыдай уланарына үмүт кылышы керек?

Н. Г.: Ушул тапта бир курбум дал ушундай учурду баштан өткөрүп жатат. Кой дегенге болбойт, жадакалса мени менен урушуп кетти. Бул – өзүнө ишенбөөчүлүк. Мындан ары ал сенин жолдошуң эмес, башка бирөөнүн сүймөнчүгү деп деле түшүндүрө албай койдум. Кыз баланы өзүнө ишенимин бекем кылып чоңойтпосо, акыр-түбү ушундай окуялар боло берет окшойт. Мени таң калтырганы курбум жолдошу менен ит-мышык болуп эле жашады, бул деле тилин тарткан жок, тигиниси деле. Бирин-бири кыйын басынтышчу. Анан эле «мен күйөөмдү сүйөт элем» деп чыкты. Мен курбумдун күйөөсүн кайсыл учурда, кантип сүйгөнүн таппай эле калдым. Бул жерде сен айткан «барк» түшкөн жок, ал башынан эле жок болчу. Демек, бизде сүйүү тууралуу түшүнүк таптакыр туура эмес.

Бирөөгө кеткен эрдин артынан бала-чакасын кошо сүйрөп, ээрчип ыйлаган аялдын деле комплекси тоодой; талашып жатып бирөөнүн эрине тийип, бирөөнүн балдарынын убалына калган аялдын комплекси деле тоодой. Ажырашкан бирөөгө тийген таптакыр башка нерсе, бирок бүлөсү бар бирөөгө тийип алып, бет тырмоочулук кылган башка нерсе го…

Б. А.: Таланттын «мөөнөтү» бүтүшү мүмкүнбү?

Н. Г.: Элдин атынан сүйлөбөйүн, бирок менин талантымдын мөөнөтү бүтүшү мүмкүн деп ойлойм. Ашып барса дагы 5 жыл калды го. Поэзия эмоциядан, жүрөктөн көз каранды. Менин байкашымча көпчүлүк аял кишилер 50 жашка жетип-жетпей эле деңгээлинен түшө баштайт. Себеби, сезим мокойт.

Илхомду шарттаган ичтеги толкундоо адамдык сапатка барып байланган нерсе окшойт деп калдым. Бир окуяга, адамга «күйбөй калганда» толкундун бүтөөрү чын. Айсулуу эже (автор: Айсулуу Көкөева) бир жолу «Жазган кишиге Кудай тагдырды ченебей бере берет экен» деди эле. Ошондо өлө каткырып, боорум эзилгенче күлгөм. Азыр ал окуя күлкүлүү көрүнбөй калды.

2020-ж.

Маектешкен Бакай АЛМАЗ,
маек автордун Фейсбук баракчасынан алынды

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.