Пабло Пикассонун сабагы: Талантка жараша сый…
(адабий этюддардан)
Күндөрдүн биринде даңазалуу кыл калем чебери жана скульптор Пабло Пикассо Париждин ресторандарынын биринде Эйфель мунарасын тиктеп, ойлуу кофе ичип отурат. Аңгыча сырттан кооз кийинген, чырайлуу француз айым кирип эле, улуу сүрөтчүнү аялзатына мүнөздүү кыраакылык менен дароо байкайт да, ага жакын басып келип, дал ушул азыр бир сүрөт чиймелеп берүүсүн өтүнөт. Пикассо айымды бир карап алып, анын өтүнүчүн четке какпастан, колуна калем, кагаз алып, терезенин тушунан көрүнгөн шаардын көрүнүшүн тартып кирет. Колундагы калемин бериле шилтеп, заматта ажайып картина пайда болот.
Өткүрлүк менен улуу сүрөтчүгө тартынбай кайрылып, алеки саатта сүрөт тарттырып алганына ыраазы болуп, бирок бул бактысына ишенип, ишене албаган айым эми курбуларына эмне деп мактанаарын да ойлонуп койгондой, бактылуу жылмайып, сүрөттү алуу үчүн колун сунат. Анда сүрөтчү:
— Бул сүрөт 10 миң доллар турат, – дейт шаар пейзажынын акыркы сүртүмдөрүн тартып жатып.
— Кантип?!! Сиз муну 10 мүнөткө жетпей эле шилтей салдыңыз го?
— Ооба, бул сүрөттү 10 мүнөткө жетпеген убакытта тарттым. Бирок, Пабло Пикассо деген сүрөтчү болууга 50 жыл убактым кетти, – деп жооп берет улуу сүрөтчү.
Албетте, баарыбыз эле Пабло Пикассо боло албайбыз. Бирок, бул окуя бизди көп нерсеге үйрөтөт. Чыгармачыл чөйрөгө тиешеси бар адам болгондуктанбы, кээде мен да туруп-туруп эле ким-бирөөлөргө карата Пикассонун айткандарын кайталагым келип кетет.
Неге дегенде, бизде чыгармачыл адамдарды дайыма эле баалай беришпейт. Айрыкча, акын-жазуучуларды акыркы 33 жылдан бери акын-жазуучуларды ит да каппай калды. Акындарга коомчулукта “чымыны”, “чиркейи” бар адамдар катары шылдың менен мамиле жасашат.
Башкаларды мисал кылып не кылам. Кээ бир досторум көпчүлүк отурган жерде: “Болот, мага да китебин белекке берген” – деп менин ага китеп бергенимди жар сала айтып келип, өзүмө кайрылып: “Сен, капа болбо, китебиңди барактай элекмин”, – деп, ыр китебимди окубай койгонун мактаныч менен айтканда өчөсүң да. “Эмнеге кайра өзүмө кайтарып бербеди экен?” – деп колума калем алып, ыр жазып калганыма өкүнө, менин акыл азабын тартып жараткан ырымдын, жазгандарымдын башкаларды кой, өз досторума кереги жоктугун көргөндө, алда неге нааразы болгум келет. Бирок, мен деле ошол досторумдун, тааныш-бейтааныштардын уйдун түгүнө арзыбаган, арзан баа сөздөрүн, арсыз калжы¢дарын, эч кандай ойсуз, ма¢ызсыз кептерин алтындай убактымды коротуп, унчукпай угуп тим болгонумду эстеп, Кудайдын мага берген ырыскысына тобо кылам.
Жашырганда эмне, акыркы 30 жылда баалуулуктар алмашты. Авторлордун аты аталбай, аткаруучулар жылдызга айланды. Таланттар улагада калып, талантсыздар төргө өтүп кетишти. Баарынан кыргыз акын-жазуучуларынын шору көп экен. Күнү-түнү көз майын коротуп кагаз тиктегени, эмгеги бааланбаганы аз келгенсип, тишинин кирин соруп, каражат чогултуп, же бирөөлөрдүн эшигин сагалап, акча сурап, өз каражатына же демөөрчүлөрдөн алган акчага китеп чыгарууга аргасыз. Ал кордугунан да, китебин чыгарарын чыгарып алып, ар кимге “окуп кой” деп китебин бекер тараткан кордугу да бар.
Бул тагдыр, бул кордук менин башымдан да өткөн. Мен да далайларга ыр китептеримди белекке бердим. Өзүм да далай акын-жазуучунун китебин белекке алдым.
Ушу бүгүн ыр жазып жатып: “Менин жазгандарымдын ким-бирөөгө кереги барбы, зарылбы? Башкалар эмес, өз балдарым окуйбу” деп ойлойм. Же ким бирөөнүн ырларына сын жазып жатып, менин жазгандарымды башкалар окуйт, менин ырларым башкаларга керек деген кыял менен жашаган авторлорду аяйм. Ошол эле учурда, качандыр бир эмгегим бааланат, талантымдын кадырына бирөө болбосо, бирөө жетет деген жазарманды түшүнгүм келет.
Пабло Пикассонун француз айым менен болгон окуясын эскергеним, талантка текебер мамиле жасоодон өткөн наадандык жок. Талантка сый менен мамиле жасаганды үйрөнсөк дейм. Себеби, талант ар бир эле адамда боло бербейт. Таланттуу адамдар Кудайдын сүйгөн пенделери. Көчөдө жүргөн бир бекерчилер эмес. Алар башкалар көрбөгөндү көрөт, башкалар укпаганды угат. Башкалар тааныбаганды тааныйт. Башкалар айта албаганды айта алат. Таланттын күчү мына ушунда.
Ушундан улам акындардын ырларын баалай келгенде өтө этиеттик менен мамиле жасайм. Башка бирөөнүн эмгегин баалоодон өткөн кыйын нерсе жок. Мактасаң далил менен мактап, сындасаң далил менен сында. Ашөпкө мактоо да, бир жактуу сындай эле ашыкча. Мезгил сынынан өткөн чоң сын жок.
Мына бүгүн Пабло Пикассонун картиналары аукциондордо миллиондогон долларларга бааланууда. “Түш” аттуу картинасы 139 миллион долларга бааланган. Демек, 10 мүнөттүк эмгегин 10 миң долларга баалаган улуу сүрөтчү өз эмгегине ашык-кеми жок калыс баа бергенинде талаш жок.
Биз да жазармандар өз кадыр-баркыбызды, баабызды билсек, ошол кашыктап жыйнаган беделибизди сактасак, башкаларды да аны менен эсептеше жүрүүсүнө жетишсек эмне, атаганат!!!
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 21.08.2023



