Зинакан ПАСАҢОВА: «“Арзуу” дарагы»
(аңгеме)
Эрте жаздын тумандуу таңында жекшемби күндү үйдө өткөрүү ниети күтүүсүз бузулду. Радиого маекке чакырганда Касиеттин мойну жар бербесе да, жакшы тааныган журналистке “жок” дей алган жок. Иштин күүсү менен жүрүп, апта соңуна жеткенде гана өзгөчө чарчоо сезилчү. Касиет таксиде уйкулуу көздөрү менен үргүлөп баратты. Дем алыш күнү эртең менен жолдо да, көчөдө да кыймыл аз эле. Майдалап себелеген жаандын бозомук туманы адамды ого бетер ныксыраткан аба ырайы өкүм сүрүп турду.
Радиодогу маек ал күткөндөн да жандуу өттү. Жекшемби күнкү таттуу уйкусун кечип келгенине эми өкүнгөн жок. Сүрөтчүлүк өнөрү жөнүндө сүйлөшүү ага дайыма жагымдуу эле.
Сергек маанайда сыртка чыкса, асмандан эленгендей себелеп жааган жамгыр али токтобоптур. Кол чатырына тамчылаган шыбыргак добушун тыңшай, бир аз жөө баскысы келди. Ушул добушту сагыныптыр. Ак жаандын жумшак шуулдашы ага табышмактуу түпсүз дүйнө, өтмүш тагдыр, опосуз өмүр жөнүндө сыр төгүп жаткансыды.
Өзү дагы жакындан бери эрте жаздын пейзажын тартууга делгирип жүргөн. Жарата турган сүрөтүнүн шилтеми элестеп, боёк жыты арбап, кыл калеминин толгоосун туя баштаган. Пейзажына жаңы түс-боёкту жаз ойготкон жаратылыштын өзүнөн тапмак. Буга бүгүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп турду.
Ошол үчүн үйүн көздөй шашпай, жол боюндагы сейил бак жакка бурулду.
Бул бак “Мажүрүм тал” деп аталчу. Ойлогондой эле, эрте жаздын деми бул жерде айрыкча сезилди. Бай терек, кайрагач, ак чечек, ак кайың, мажүрүм талдардын кыш айында какшыган сөңгөгүнө суу жүгүрүп, бутактары бөртө турган түргө келип, ыраңдуу көрүндү. Ала-телек жер али нымдуу болсо да, кышы бою сууга каныккан кыртышта бирин-серин көк чөп кылтыя көрүнөт. Көктөм доору дуулдап кирип келерине аз калгандай.
Табияттагы жаңыланууга баам салып, куштарлана тиктеп турган Касиет “Мажүрүм талдан” чыккысы келбей, таш таман жолдо жай басып баратты. Шынаарлашкан бир-эки түгөй болбосо, бак ичи ээн эле.
Ушул сейил бакка келген сайын “Арзуу” дарагын эстебей коё алчу эмес. Бул дарак тээ илгери бир жаш жигиттин баянын уккандан бери оюнан кетпей жүрөт. Жыйырма жылдан бери аны көргүсү келет. Ошентсе да, атайылап чыгынып деле издей элек. Ара-чолодо ушул жерден өтүп калса, эки жагына сарасеп сала карап гана өтчү. Жигит сүрөттөгөн “Арзуу” ушул күнгө чейин көзүнө илинген жок. Албетте, ушундай болууга тийиш эле.
Жаш жигиттин жоопсуз сүйүү дартына, жүрөгүн күйгүзгөн ашыктык өртүнө, ай шооласындай үлбүрөгөн назик үмүтүнө сыркеш болгон “Арзуу” дарагы көптүн көзүнө оңойлук менен көрүнө койбосо керек. Ал чырпык кезинде тамырынан чырмалыша өскөн кош бутагын жат көздөрдөн аярлай катып, бактын тээ түпкүрүндө далдоолонуп тургандыр. Ошол баянды айтып берген жигиттей улуу сүйүүгө кабылган, от болуп күйүп, сел болуп күргүштөгөн, чагылгандай асманды жара тилген албуут сезимдерди жүрөгүнө батыра албаган жанга гана көрүнөт. Же болбосо, дитин коюп, ниетин тууралап туруп чындап издегендер да таба алышар… Бүгүн ошондой күн болуп турат.
* * *
Касиет “Мажүрүм талдын” чыга беришиндеги тепкичтерге жеткенде күтүүсүздөн “тык” токтоду. Бир көз ирмемге созулган ички олку-солкулугун жеңип, дароо артына бурулду. “Бүгүн же эч качан!” – деди өзүнө көшөрө. Ушул тумандуу жазгы жаанга карабай, “Арзуу” дарагын чындап издөөнү чечти. Сейил бактагы миңдеген даракты бириндетип карап чыкса, акыры таап алар, же болбосо жоктугуна биротоло көзү жетер.
Ушундай ойдо артына кайрылып, кайрадан бакка киргенден кийин эмнегедир дарыяны көздөй кетчү жөө өтмөк жолго салды. Жол чакан дарыяны бойлогон узун аллеяга туташчу. Оо, качандыр бир кезде бул аллеяда солкулдак, жумшак сабактары шаркыратмадай төгүлгөн мажүрүм талдар катарлаш өсүп турчу экен. Алардын жерди көздөй ийилген назик шактары желге акырын термелсе, бийлегендей көрүнчү. Теңгедей болгон ойноок жалбырактары тынымсыз дирилдеп, табияттын жагымдуу музыкасын жаратар эле. Узарып, бутак-шактары жайылып өскөн чоң мажүрүм талдардын дарыя суусуна чагылышкан сүрөтү табиятка ого бетер кооздук берип, көздү арбоочу дешет.
Ал кезде бул аллея шаардыктардын сүйгөн жайы эле. Эртели-кеч сейилдеген адамдар үзүлбөй, арзышкан кыз-жигиттер да ушул жерден жолугушчу экен. Акындар арнап ыр жазып, сүрөтчүлөр пейзаж тартып, музыканттар обон чыгарышкан.
Бирок жылдар өтүп, ополоң-тополоң доордо бул мажүрүм талдар да каралбай калган. Эскилери карып, жаңы көчөттөр тигилбей, аллея көркүн жоготкон. Азыр бул жерде бутак-шактары суюлуп, жулмаланган, суу ичпей куурай баштаган, ичке сабактары башын ийип ыйлап жаткандай аянычтуу көрүнгөн бирин-серин гана дарак калды. Мурункудай куштарланта турган көркү өчкөн аллеяда эс алуучулар да көрүнбөйт.
Касиет издегенин дал ушул аллеядан табам деп ойлогон эмес. Аны бул жакка эркинен тышкары бир күч жетелеп келди. Аллеяга жетери менен ой келди эле сол жакка бурулду. Кандайдыр бир ички түрткү аны башкарып алгансыйт. Жүрөгү сезген экен. Эки-үч кадам шилтээри менен “Арзуу” дарагы көзүнө урунду.
* * *
Кош бутагы түбүнөн баштап бири-бирине чырмалышып өскөн мажүрүм тал дал ошол “Арзуу” экенине күмөн кылган жок. Бири-бирине оролушкан бутактар кучакташып турган сүйүшкөндөргө окшош эле.
“Сени таптым акыры…” – деди Касиет толкуп-ташкан сезим менен дарактын кабыгына алаканын аяр тийгизип. Баарынан кызыгы, жыйырма жылдан бери издегени бактын ичиндеги жолдун жээгинде эле өсүп турчу экен. Буга чейин анын жанынан миң ирет өтсө да, көзүнө илинбегени таң калыштуу эле. Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алмасындай” болуп, ушул убакка чейин көрүнбөй жүрүптүр.
Бариктей төгүлүп оңор эмес жылдар өтсө да, мажүрүм талдын кош бутагы ажырашпай, оролушкан бойдон жооноюп, кулач жеткис даракка айланыптыр. Аларды ажыратууга эч бир кудурет-күч жетпечүдөй. Жерди көздөй ийилген солкулдак, назик бутак-шактары чатырдай болуп чүмкөп турат. Майдалап майин жааган ак жаанга сууланган шактардын учунан тунук тамчылар сарыгат. Кудум эле муңдуу көздөрдөн кулаган жашка окшош. Аларды миң бир жолу жамгыр өөп, жел эркелетип, ай сырдашкандыр. Бутагына түнөгөн куштар түркүн үн менен мукамдуу сайрап, таңды тоскондур.
Касиет башын өйдө көтөрө талдын уч жагын карап, жүрөгү “тыз” дей түштү. Кош бутактын бири орто ченинен кыйылып турат. Ким болсо да атайылап араа менен тегиз кыйган экен. Экинчи бутак чырпык кезинен коюндашып өскөн түгөйүнөн ажыраса да, андан ары өсүүсүн улантыптыр. Бутак-шактары жайылып, мунжу бутакты да чүмкөп алган. Кесилген бутак, бирок, куурабаганы кызык. Түгөйүнөн жашоо демин алып, өмүргө өжөрлөнүп, жапжашыл бойдон турат.
Сүрөтчү аял көптөн бери издегенин тапканына сүйүнгөнү менен, азыркы аянычтуу абалын көрүп жүрөгү ооруду. Ушуну кыйганга кандай таш боор адамдын колу барды? Бул даракты “Арзуу” деп атап, өзүнүн ыйык сезимдерин аны менен байланыштырган ошол жигит азыр кайда болду экен?.. Кыйылган бутакты көрсө кандай абалда калды? Сүйүүсүнө жеттиби?
* * *
Эгер ошол бейтааныш боз улан ага өзүнүн ички сырын “Арзуу дарагы” менен шөкөттөп айтып бербегенде, Касиет уккан баянын көп узабай унутуп деле калмак. Андан бери ондогон жылдар өттү.
Ошол күнү тестиер уулун биринчи жолу спорт клубга жетелеп келген эле. Жаш балдарды мушташ өнөрүнө машыктыра турган тренерди көпкө издеп жүрүп, ушул жерге туш болот. Аны тосуп алган орто бойлуу, арык чырай жаш жигиттин машыктыруучу экенине Касиет күмөнсүй караганы эсинде. Спорт дүйнөсүнүн адамы булчуңдуу, чымыр денелүү жана катаал мүнөз болушу керек деп элестетчү экен. А бул жигиттин жүзү жарык, мүнөзү жумшак жана бир аз тартынчаактай көрүндү. Ал пахта кездемеден тигилген таза ак бешмант кийип, белинде кара белбоосу бар эле. Жигит нурдуу жана токтоо көздөрү менен ыкластуу түз тиктеп, күлүмсүрөй учурашты. Айкидо боюнча машыктыруучу экен. Касиет спорттун бул түрүнөн кабарсыз болгондуктан, ага өзүн чочулаткан көп суроо берди. Баарынан да тестиер уулу машыгуу учурунда катуу муштум жеп же жаракат алып калышынан сарсанаасын жашырган жок.
— Эч кам санабай эле коюңуз! Айкидо – балдар үчүн жөн гана мушташ өнөрү эмес. Бизде каршылашын кара күчкө салып уруп-согуу деген болбойт. Айкидонун философиясы – “Катуулукту жумшактык жеңет”, – деди машыктыруучу жигит. — Муш көтөргөндү муштум менен эмес, жумшак мамиле менен гана жибитсе болот. Бизде машыккандар эч качан зордук-зомбулук жасабайт. Чыр-чатактарды гармония аркылуу чечүүгө тарбияланышат.
Анын чын ыкластуу жылмаюусу жана ишенимдүү сүйлөшү адамды өзүнө тартып турат экен. Айкидо өнөрү жөнүндө көздөрүнөн учкун чачырап, берилип сүйлөдү. Касиет дитин коюп тыңшаса да, анын сөзүнүн тереңине көп деле түшүнө алган жок. Мындай мушташ өнөрүнүн бар экени ал үчүн жаңылык болчу. Уулунун күчтүүлүккө жана өзүн коргой алууга машыгышын каалаган ой менен келген. А бул тренер тескерисинче: “Муштаганга муш менен эмес, жумшактык менен жооп кайтарууну үйрөтөбүз”, – деп жатты. Баласы ансыз деле жүрөгү жумшак, боорукер. Муну ойлогондо Айкидодон айнып, бирок бул чечимин тренерге түз айтыштан ыйбаа кылып, үнсүз баш ийкеп коштошуп узай берди.
Спорт клубунун короосунун чыга беришинен гүлдөй баштаган шабдалы дарагына көзү түштү. Шабдалы дарагы жалбырагы чыга электе гүлдөйт. Жаңы ачылган ууз гүлдөрдүн кырмызы назик түсү көз жоосун ала үлбүрөйт. Касиет бул сулуулуктан кыя өтүп кете алган жок. Арбала тиктей туруп калды. Шабдалынын билинер-билинбес аңкыган жемиштикиндей таттуу жана баркыт жытына мээрленди. Гүлдөгөн дарактын жанында карап туруунун ырахаты башкача: сезим сергип, эс-мас кыялдар козголот.
— Ушул шабдалы гүлдөшү менен биздин короого жаз келет, – деген үн аны “селт” эттирди. Жанында машыктыруучу жигит да гүлгө оролгон даракка кадала тиктеп туруптур.
— Ооба, өтө кооз гүлдөйт экен, – Касиет башка темада сөз козгогон тренерге бир аз таң кала тиктеп. Анын жүзү муңайым көрүндү. Бая эле дүйнөсү тынч жандын нурдуу көздөрү өзгөрүлүп, санаалуу киртейет.
— А мажүрүм талдын гүлдөрү сизге жагабы? – Жигиттин күтүүсүз суроосуна Касиет жооп берүүдөн такала түштү. Бул дарактын гүлдөгөн учурун байкаган эмес экен.
Анын жообун күтпөй эле ойлуу сөзүн улады:
— Мажүрүм тал жаздын башында гүлдөйт, бир караганга гүлдөрү анчейин деле көрктүү эмес. Жалбырактын түсүндөй саргыч-жашыл майда гүл ачат да. Бирок кичинекей сөйкөчөлөрдөй кылтылдап турушу жарашыктуу.
— Ыр жазган жигит окшойсуң. Аябай көркөмдөп сүйлөйт экенсиң.
— О жок, эже, ыр жазыш кайда… Жөн эле… “Сулууларга суктанууга акым бар!” дегендей, жаратылышка жакынмын…
— Романтик турбайсыңбы…
Жигит бул сөзгө көңүл үчүн гана жылмайып койгонсуду. А көздөрүнөн ою башка жакта экени байкалат.
— Сиз менен сүйлөшсөм болобу? – деди анан тартынып-кысталган үн менен.
— Угайын…
— Мм-м… Эч кимге айта албай жүргөн бир сырым бар эле. Жүрөгүмө батыра албай, кыйналып кеттим. Негедир сизге ачылгым келди. Мүмкүн туура кеңеш бере аласызбы…
— Мейли, алымдын жетишинче…
Мектепти бүтүргөндөн кийин армияда кызмат өтөдүм. Жоокердик мөөнөтүм бүткөндө шаарда калып, курулушта иштей баштаган кезим. Күн сайын жумушка “Мажүрүм тал” сейил багын аралап барар элем. Кечинде да ошол жол менен кайтчумун. Бир жолу иштен эртерээк кайтып, жайкы аптапта көлөкөлүү бактан чыккым келбей басып жүрдүм. Ошол күнү жол боюнда өзөктөш эки бутагы бири-бирине чырмалышып өскөн даракты көзүм чалды. Аны көргөндө эле арзышкан кыз-жигит сүйүүгө канбай кучакташып турганындай элестеткем. Өзөктөш кош бутактуу талды “Арзуу” деп атап алдым. Өзүмдүн да жүрөгүм толо сүйүү бар эле. Мен ашык болгон перини “Арзууга” ээрчитип келип, сүйөрүмдү билдирсем дечү элем. Эч бир күч ажырата алгыстай оролушкан бутактарга окшоп ашыгымды кучагыма бекем кыскым келчү. Кучактап туруп жүрөк элжиреткен таттуу сөздөрдү шыбырап айтсам деп эңсөөчүмүн..
Бирок баары мен ойлогондой болгон жок. Махабат мага бакыт эмес, азап тартуулады. Сүйгөн адамың ушунчалык кол жеткис бийик сезилет экен. Ал деп күйүп-жансам да, батынып сүйлөй алган эмесмин. Тартынчаак, чечкинсиз, сырын эч кимге айта албаган мүнөзүм бар эле. Артына чуркап жетүүгө деле аракет кылбадым. Махабаттуу мажүрүм тал да бизди күткөн. “Жазында сага сүйгөнүм менен келем”, – деген убадамды быйыл да аткара албадым. Бул жолу да “Арзууга” өзүм эле бардым. Анын оролушкан кош бутагын көрүү мени ансайын жалгызсыратты. “Кечир, – дедим, – мен сага кайрадан жалгыз келдим…”. Махабат дарагынын жумшак сабактары шуудурай термелип мени жубаткансыды. Бутактары бүрдөй баштаптыр. Жаш бүчүрлөр жүрөгүмдө жаңы үмүттү ойготту: “Ишен! Ал баары бир меники болот!”, – деп сөз бердим мага сырдаш-муңдаш болгон даракка. Ал күн качан келерин билбейм…
Машыктыруучу жигит деми кыстыккандай “шуу” үшкүрдү да, үндөбөй калды. Ички сырын күтүүсүз бөлүшүп алганга ыңгайсыз болдубу, жерден көзүн көтөрбөй мелтирей демин ичине алып, Касиеттен сөз күткөнсүйт.
— Тилегиңе жет! – деди Касиет. Анан таң кала сурады:
— Ал кыз менен эмне үчүн сүйлөшө албай жүрөсүң?
Жигиттин кубакай жүзү бир бозоруп, бир кызарды:
— Олуттуу себеби бар…
* * *
Касиет мажүрүм талга алаканын сөйөп жөлөнгөн бойдон көпкө карап турду. Капыстан башында бир жакшы ой туулду: “Арзуу” дарагынын сүрөтүн жаратат. Жазгы пейзаж тартууга дилгирленип жүргөндө ага тема өзү кабылды. Ал жөн гана сүрөт болбойт. Анда алгачкы махабаттын, купуя ысык сүйүүнүн нурлануусу чагылып турушу керек. Талдын жоон сөңгөгүнүн жаракалуу катмарланган кабыгы далай жазды тосуп алып, далай күздү узаткан узак өмүрдүн изи сыяктуу. Жерге терең кирген тамырлары жашоого өжөрлүгүн, убакыттын күчүнө туруштук бере алган кубатын чагылтат. Баары бир эч бир жандууну аябаган турмуштун кыянатчылыгы бул дарактан да кыйгап өтпөгөн. “Арзуунун” айыкпас жарасы болгон кыйылган бутагы шаркыратмадай төгүлгөн солкулдак майда сабактарынын арасынан билинер-билинбес көрүнөт.
Эртеси сүрөт тартуучу шаймандарын көтөрүп келип, холстко сүртүмдөрдү ашыга түшүрө баштады. “Арзуу” дарагын биринчи көргөндө козголгон сезимдин таасири менен тез эле тартып бүтүрчүдөй сезилген. Башында ишке берилип киришсе да, бара-бара боёк сүрткөн сайын ойлуу тартты. Сүрөттөгү мажүрүм тал кандай маанайды чагылдырышы керек эле? Дарактын сүйүүгө, жаштыкка үндөшүп толукшуган көрктүү доорун тартсабы, же мезгилге жулмаланып, эгиз бутагынын бири кыйылган өкүттүү тагдырынбы? Кудум эле адам жашоосундай. Жүрөгү бүтүн адам жок. Канаты кайрылбаган тагдыр жок. Дарак да ошондой.
Касиет бул ойду башында бир нече күн көтөрүп жүрдү. “Арзуу” дарагына эртең менен да, күндүзү да, кечинде да келет. Мажүрүм тал ага негедир ачылган жок. Чыгармачылыктын толгоосун далай жолу жеңе билген сүрөтчү бул жолу өзүнүн жеке сезимдерин, ойлорун жана көз карашын холстко түшүрө албады. “Арзуу” көп дарактын бири эмес эле. Ал жаш жигиттин жалындаган сүйүү сырын тыңшап, аны менен кошо жазды күтүп, солкулдак сабактары ашык жандын дегдөөсүндөй термелип, майда бариктери арзыган жүрөктүн үлбүрөк үмүтүндөй болуп шуудураган. Бул тал турган турушу менен сырдуулукту, туюк арманды, эскерүүнү өзүнө топтогон жандуу эстелик.
Махабат дарагынын сырын боёк менен бере албай көп күн түйшөлдү. Сүрөткө кантип жан киргизишти билбей жан-дүйнөсү эзилген Касиет кол шилтеп да коё албады. Басса-турса ойлонот. Сүрөтчүлүк ышкысын козгогон мажүрүм тал көз алдынан кеткидей эмес. Анын сырын ачуу бир адамдын гана колунан келиши мүмкүн. Ал – “Арзуу” дарагы жөнүндө айтып берген жигит! Бул даракка байланышкан сүйүү баяны эмне менен уланганын укмайынча баштаган ишин бүтүрө албасын түшүндү…
* * *
“Дүйнө чындыгында тар экен…” Касиет издеген адамынын аты-жөнүн сураштырып билгенден кийин социалдык тармактардан бат эле тапты. Анын Facebook’тагы жеке баракчасы ачык экен. Бирок профилиндеги сүрөтүн көргөндө башкабы деп саамга күмөнсүп турду. Сүрөттөн турмуш курчуткан өткүр жана ишенимдүү көз караш менен теше тиктеген орто жаштагы эркек бир кездеги Айкидонун жумшак мүнөз, жарык жүздүү, сезимтал машыктыруучусуна такыр окшош эмес эле. Анын тикирейген кыска чачын күмүш бубак аралай баштаптыр. Жүзүндө сом темирдей бекемдик менен токтоолук уюган. Маңдайын өмүрдүн билинер-билинбес изи тордоптур. Көздөрү турмуштан өз жолун туура тапкан адамдын өзүнө болгон ишеними менен кайраттуу тиктейт.
Кайраттын сүрөтүн көргөндөн кийин бир топ күн олку-солку болуп жүрдү. Бул эркек тээ артта калган жаштыктын окуяларын эске салууну каалабасачы? Эң корккону – күтүүсүз суроосу менен жүрөктүн эски жарасын козгоп алсачы? Же балким ал сүйгөнүнө жетип, бактылуу өмүр сүрүп жаткандыр.
Акыры мессенжерге кыска кат жолдоду: “Мажүрүм тал” сейил багынан “Арзуу” дарагын таптым… Ошол даракка байланышкан баяның эсимден кетпейт…”.
Кайрат билдирүүнү ошол эле күнү окуса да, дароо жооп жазбады. Бир нече күндөн кийин кыска жооп келди: “Саламатсызбы, эже! Бул балалык сезим эле… Мен үйлөнгөм. Бир уулум бар…”
Касиет: “”Арзуу” дарагы күткөн кызгабы? Сүйгөнүңө жетип, бактылуу болгонуңа ишенем…”
Кайраттан дагы кыйла күн жооп болгон жок. Касиеттин көңүлү чөгө баштады. Мажүрүм талдын сүрөтүн тартуу каалоосу аны коё бергидей эмес. Бир нерсени катуу ойлой берсе да ишке ашат окшойт, көп узабай эле тренер мырзадан кат келди:
Кайрат: “Арыбаңыз, эже!”
Касиет: “Кутман күн, Кайрат!”
Кайрат: “Ишенем, сизде баары жайында деп.”
Касиет: “Ыракмат, шүгүрчүлүк.”
Кайрат: “ Келип кетиниз! Келсеңиз жолугайлы!”
Касиет: Эң сонун! Жакын арада барып калармын.
“Бул чакыруу жөн эмес”, – деп ойлоду сүрөтчү айым. Демек, көптөн күткөн баянды угат окшойт. Мажүрүм талдын сүрөтүн тартууга дилгирленип турганда убакытты созбостон жолго чыгыш керек. Эргүү көпөлөк сыяктуу, аны кармап калуу оңой эмес. Кайрат менен жолукмайынча “Арзуу” дарагынын сырын ачалбасын билип турат. Сүрөтчүлүк ышкы – жанын жай алдырбаган, башка бир дүйнөгө жетелеген ушундай бир сыйкырдуу күч. Ар бир боёк, кыл калемдин ар бир шилтеми – бул турмуштун чагылышы. Касиет буга эчак ынанган. Ошондуктан түмөн-түйшүк күнүмдүк ишине көз жуумп, эртеси эле Бишкекке учуп кетти.
* * *
Экөө көлөкөлүү бактын ичиндеги тынч жайда чай ичип олтурушту. Кайрат сүрөтүндөгүдөн алда-канча жаш жана өңү жумшак көрүндү. Илгерки бала кыял жаш машыктыруучунун жугу калган сыяктуу.
Ал сөздү создуктурган жок:
— “…Кеч үйлөндүм… 38 жашымда дарыгер кызга баш коштум. Бирок колуктумду “Арзуу” дарагына алып барган эмесмин…”
Касиеттин көздөрү бакырая түштү: “Эмне үчүн?!”
Кайраттын карылуу манжалары билинер-билинбес калтырап, жан дүйнөсүндө козголгон эскерүүлөрдү башкара албагандай сөзгө такалды. Анан аба жетпегендей терең дем ала, жер тиктей ойлуу сөзүн улады.
— “…Дарак дайыма жүрөгүмдө болчу. Ал бизди күткөн. Жылда жазында мени түгөйлөшүм менен келет деп күтчү. Мен ага: “Кийинки жазда жалгыз келбейм. Сенин түбүңдө туруп арзуумду айтам. Мен ал кызга кандай сагынып жүргөнүмдү, кучагымда турса да сагынарымды айтам”, – дечүмүн. Андан бери көп жыл өтүп кетиптир. Бирок “Арзуу” дарагына берген убадам аткарылган жок…”
— Антүүгө эмне тоскоол болду?
— Мен ал кызга жетпей калдым, эже…
— И-ий десе…
— Буга өзүмдү гана күнөөлөшүм керек. Жаш кезимде өтө тартынчаак, чечкинсиз элем. Ал кыз экөөбүз бир мектепте окуганбыз, менден эки класс кийин бүттү. Классынын отличниги, ак саргыл, жылдызы ысык бийкеч. Уяң мүнөз, назик болсо да, мектептеги шок балдар да даай албаган сүрү бар эле. А мен болсо эч өзгөчөлүгү жок жөнөкөй баламын. Сыртынан эле күйүп-жанып ашык болуп жүрдүм. Ал менин балалык биринчи сүйүүм эле. Жакшы көргөн кызың асмандагы кол жеткис жылдызга айланат экен. Топ кыздын ичинде турса да көзүмө бир гана ошол көрүнчү. Азыр ойлосом, анын деле сезими бар болсо керек. Анткени экөөбүз бет келишип сүйлөшпөсөк да, уурдана тиктегенин байкап жүрөм. Ошол бир караштан жүрөгүм эрип кетер эле. Бир жолу экөөбүз мектептин короосунан жалгыз бет келишип калдык. Көздөрүбүз дагы кезигишти. Ал мени жалт карады. Ууртундагы уячасы чуңкурайып жылмайгандай болду. Жүрөгүмө ток ургандай нес болуп, жылмаюусуна жооп кыла албадым. Кийин канча жолу өзүмө наалат айтып: “Эмнеге ушунчалык суу жүрөксүң!” деп тилдегенимчи! Андан кийин деле кызга жакындай албадым. Баш тартабы деп корктумбу же өзүмдүн сезимдеримди ачык айтууга жүрөксүздүк кылдымбы, азыр деле толук түшүнө албайм. Эгерде ошол убакта бир аз кайраттуу болгонумда, балким, баары башкача бүтмөк беле?
…Мектепти аяктагандан кийин жолдорубуз эки башка жакка кетти… Мен армияга жөнөдүм. Ал жактан эки жолу жазган катыма жооп берген жок. Кийин билсем, кат колуна тийбептир. А мен оюмда биротоло түңүлдүм. Армиядан келгенимче ала качып кетиптир. Аяш-атасынын уулу экен. Ата-энесинин макулдугу менен зордоп эле олтургузуп коюшуптур.
* * *
Кайрат тиши ооруган адамдай жүзүн бырыштыра, башын жерге салып тунжурап калды. Өкүнүчү ичине түшүп, муун-жүүнүн сыздатып тургандай. Далысы үңкүйүп, чекесиндеги бырышы тереңдеп, жүзүн кайгынын көлөкөсү каптаган. Касиет үн катпай сөздүн уланышын күттү.
“…Биз кийин жолуктук. Жолугуу күтпөгөн жерден болду. Ак жоолукчан, колуна наристе көтөргөн, жүзү азыңкы келиндин армандуу үнсүз ыйы мага сүйүүнүн эң оор өкүмү эле… Сөз айта албай ичтен быгып буулугуп ыйлады. Анан өзүн токтотуп, жашка толо муңдуу көзү менен ушундай бир чечкиндүү тиктеди да, артына кайрылбай басып кетти. Кеп-сөзгө келбесек да арзуумду экинчи жолу биротоло жоготконумду түшүндүм… Бажырайган жаштуу көз:”Кош!.. Түбөлүккө кош!” – деп биздин сүйүүгө чекит койгон эле.
…Андан кийин Сизге ошол жылы жолугуп, “Арзуу” дарагы жөнүндө айтып берсем керек… Жүрөктө тамырлап калган сезимди жулуп салуу кыйын экен. Мен баары бир үмүт үзө албадым. Дарак да, мен да баары бир аны күтүп жүрдүк. Көөдөнгө батпаган муңумду, түңүлбөгөн үмүтүмдү, ээ-жаа бербеген сагынычымды бир гана “Арзуу” менен бөлүшчүмүн. Анан сиз уккансыз… Тагдыр бизди кол кармаштырбай койду… Экөөбүз эки башка бүлө күттүк. Турмуштун деңизинде эки башка кайыкка түштүк…”
Арадан көп жылдар өттү. Мен башка адамдарды да сүйдүм, бирок ал биринчи сүйүүм – эч кимге айтылбаган, бирок жүрөктө терең сакталган азаптуу да, таттуу да сезим. Кээде түшүмө кирет. Ак жоолукчан, басыңкы келин эмес, окуучу кезиндеги ак көйнөкчөн, уяң мүнөз, назик кыз бойдон… Чоң арманым – мен аны “Арзуу” дарагына алып бара албадым… Ал даракка өзүм да ошол бойдон барганым жок. Анткени “Арзууга” берген убадамды аткарбадым…
Сиздин катыңыз менин сезимдериме жаңылап жан киргизгендей сезилди. Мен ал кезде бала-чакалуу болуп калганым менен, сүйүүм дагы деле күчүн жогото элек экен. Аны өзүм деле билген эмесмин. Катыңызды окуганда баягы сезим ойгонду. Алгачкы сүйүү унутулбайт, аруу, тунук бойдон калат дешет эмеспи. Бирок дарак да, арзуум да мезгилдин артка кайтпас сапарында калыптыр… Ушул, эже… менин сизге айта турганым.”
* * *
Бул жолугушуу Касиет күткөндөй болгон жок. Кайраттын окуясы ар бир адамдын өспүрүм куракта башынан өтө турган уяң балалык сүйүүнүн бири эле. “Ошол элеби?..” – дегендей суусуну сууй түштү. Андан көрө жолукпай эле койсо жакшы болмок экен. Өзгөчө кызыктуу сүйүү тагдыры жөнүндө угам деген ою ордунан чыккан жок. Эки жаштын “Арзуу” дарагына байланышкан махабат баяны таң калаарлык болсо керек деп ишенген. Бул баянды уккандан кийин өзүнүн тарта турган картинасына курч сюжет, кайталангыс боёк-түс таба алам деген үмүттө эле. Мажүрүм талдын чырмалышкан кош бутагы, чатырдай болуп жайылып, жерди көздөй ийилген солкулдак узун шактары “Моно Лизадай” болуп табышмактуу сыры менен көрүүчүнү арбап турушун каалаган. Кайраттын эскерүүсү тескерисинче сүрөттүн сюжеттик чыңалуусун бошоңдотту, ошону менен бирге сүрөтчү айымдын да күйүп-жанган ыкласын муздатты.
* * *
Касиет Бишкектен ышкысы өчүп кайтты. Мажүрүм тал көңүлүнөн чыкпаса да, сейил бак тарапка барууга каалоо жок. Тартылбай калган сүрөт үйүнүн бурчунда ачык турат. Кез-кез кыл калемди колуна алып, холсту көпкө телмире тиктеп калат. Өзү издеген элести таппаганда кайра колу шалдаят. Чыгармачылык изденүүнүн туңгуюгуна капталуу өзүнчө азап … Ошентип жай, күз, кыш билинбей өтүп, каркыралар кыйкуулап кайта баштаган эрте жаз да келди.
Жашоону жаңыртып, күндө керемет жаңылыктарды жасап жаткан жаздын жаркын күндөрүнүн биринде Кайраттан күтүүсүз кат алды. Болгондо да аба жетпей тумчугуп жанталашкан адамга окшоп жалбарып жазыптыр: “Эже! Саламатсызбы! Качан Бишкекке келесиз? Келип кетиңизчи?! Сиз менен жүрөк жарып сүйлөшкүм келди!”
Бул кат Касиетти ойготту. Көптөн бери керең уйкуда жүргөн жүрөгү элеп-желеп болуп, кыялы козголду. Демек, “Арзуу” дарагынын ал күткөн сырын угат. Кайратка жооп берерден мурун сейил бакка барып, мажүрүм талды көргүсү келди. Сүрөт тартуучу шаймандары колунда, тез-тез басып ашыга баратат. Бактын ичинде ойгонгон табияттын жазгы эйфориясына кушбак болуп маанайы жарык.
Махабат дарагына он кадамдай аралык калганда “тык” токтоду. Жерди көздөй ийилген назик шактардын түбүндө даракка жөлөнө кучакташып кыз-жигит турган. Көкүрөгүнө башын жөлөгөн кызды жигити эки колдоп кучагына кысып, бактылуу сезимге мас болгондой акырын термелет.
“Сонун! Сүйүүсүнө жетиптир…” – деп ыраазы боло ойлоду Касиет. Анан жаштарды чочутпаш үчүн акырын басып, жолдон өттү. Дарактын тушуна жеткенде караса, бутактары бөртүп, бүчүр байлап жатыптыр. “Арзуу” дарагынын жаңы жашоосу башталган экен. Ушул саамда махабат дарагынын бүтпөй турган сүрөтү көз алдына тартыла түштү: Бүчүр байлаган карт дарак, ага жөлөнө кучакташкан жапжаш кыз-жигит турат. Ал эми обочороок жерде мажүрүм талга ойлуу тиктеген Кайрат. Ал өзүнүн жаштык сүйүүсүн жана азаптарын эстеп, ностальгия сезимин баштан кечирип турушу мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен ал өтмүштү жашоосунун бир бөлүгү катары кабыл алган. Дарак ага алгачкы махабатынын символу болуп калат, бирок көргөндө мурункудай арман жаратпай, ошол таза сезимин ыраазычылык менен эстейт…
Касиетке “Арзуу” дарагынын сүрөтү ушундай элестеди. Ал издеген элести тапты. Эми Кайраттын катына жооп берүүнү ойлогон жок. Ал жигиттин өтмүшүн козгобой, азыркы жашоосу менен тынч коюуну чечти.
25-май, 2025-ж.



