Касым Тыныстановдун каты
Касым Тыныстанов түрмөгө камалып, эл душманы деп айыпталганы белгилүү. 1950-жылдардын аягында К.К.Юдахин шакирти катарында анын катын окуп берген эле. Катта мындайча ой айтылыптыр. «Менин окуу китептеримди өз атым менен чыгарууга болбойт. Эл үчүн анын пайдасы бар. Жаштарыбыз морфология, синтаксис боюнча блим алуусу үзгүлтүккө ажырап калбасын. Кимдир бирөө окуу китебин жазып, басмадан чыгарып бергиче, авторлук укугумдан баш тартып, уруксат беремин», деп жазган экен. Кайран асыл, ак ниет, эл камын ойлогон, элдин уулу, улуу илимпоз Касым Тыныстанов ушундай иш кылган эле. Касым атаңардын ал катын элибиз билсин деп жатамын.
“Касым Тыныстанов өлүм алдында элди илим-билимге үндөгөн, кыргыздын таланттуу окумуштуу тилчиси, патриоту болгонуна ишендиңби? Бул катты жарыялоого партия уруксат бербейт, эл билбейт, катуу тыюу салынган”, – деп оор улутунду К.К.Юдахин.
1959-1960-жылдарда улутчулдар басма сөздө үстөккө-босток катуу айтылып жаткан катаал учур эле. К.К.Юдахин “Түрк жазма эстеликтеринен” лекция окучу. Ошол учурда бир курста 6 группа 150дөй студент окучу элек. Бир күнү Касым Тыныстанов менен бирге иштепсиз, ал жөнүндө оюңуз кандай, айтып бересизби? деп өтүндүк. Лекцияны өтөлү, аягында жооп берейин деди. Лекция бүттү. Касым жөнүндө силерге эсте калгыдай, так кыска, таамай айтып, жооп берейин. Касымдын ишин, кесибин уланткан, эл арасына тараткан, аны жеткирген мугалим болосуңар. Алдыңар жана артыңар канча жаштасыңар? – деди. Сураштырсак, алдыбыз 21-22 жашта, артыбыз 45-50 жашка чыкканыбызды айттык. Быйыл кайсы жыл? – деди. 1960-жыл дедик. Эми өзүңөр ойлоп көргүлө. 1920–1960-жылдардын аралыгында илим-билим деңгээли, анын абалы кандай эле ойлонуп, салыштырып көргүлө. Кыргыздар: “Кудайды көрбөсөң да, акылың менен тааны” – деп айтышат. 1960-жыл, силер бир эле теманы же макаланы окуп, өздөштүрүп, айтып бергенге билимиңер, кудуретиңер араң жетет. Ыраспы? Ал эми Касым атаңар болсо, 20–25 жашында илим-билим өнүгө элек 1925–1935-жылдарда тубаса акылы, таланты менен кыргыз тилинин жазыла элек морфологиясы менен синтаксисинин илимий негизин жазып, элге жарыялаган. Менден 10 жаш кичүү эле. Мен да, башка илимпоздор да Касымды таланттуу тубаса тилчи деп баалайбыз. Аны айттырууга айгак болуп турган эмгектерин айттым. Ал Союзга да белгилүү, таанымал. Аны айтпай, баалабай коюуга илимпоздун абийири жол бербейт. Ал эң мыкты акын да болгон. “Жаңыл” поэмасын окуп көргүлөчү, окуганда тамшанып, таң каласың. Сөздүгүмдө анын материалдарын, атын атабай, стих деп бердим. Касым эртеби-кечпи өз баасын алат. Элине кайрылып келет. Ага ишенем, күмөн санабайм. Мен анын талантын, мурасын тайманбай, тайсалдабай жана коркпой, үркпөй басма сөздө өз оюмду, принципиалдуу көз карашымды айтып да, жазып да келатам. Партияда жокмун, улутум орус. Илимди сүйгөн илимпоз илимге калп айта албайт. Кыргыздын макалы бар, мындай учурда: “Туулдум өлдүм, тобокел”, “Билген жолуң туура болсо, атаңа да моюн бербе” – дешет. Улутчул деп айыпташса да, өз оюмдан кайтпайм. Аны эл билет жана баалайт – деп айтканы алигиче эсибизде.
Абак БИЯЛИЕВ, КУУнун профессору
Аттокур ЖАПАНОВдун фейсбук баракчасынан алынды.


