Жыргалбек КАСАБОЛОТОВдун котормосундагы Сергей ЕСЕНИНдин ырлары

БАБУШКИНЫ СКАЗКИ

В зимний вечер по задворкам
Разухабистой гурьбой
По сугробам, по пригоркам
Мы идем, бредем домой.

Опостылеют салазки,
И садимся в два рядка
Слушать бабушкины сказки
Про Ивана-дурака.

И сидим мы, еле дышим.
Время к полночи идет.
Притворимся, что не слышим,
Если мама спать зовет.

Сказки все. Пора в постели…
Но, а как теперь уж спать?
И опять мы загалдели,
Начинаем приставать.

Скажет бабушка несмело:
«Что ж сидеть-то до зари?»
Ну, а нам какое дело, —
Говори да говори.

ЧОҢ ЭНЕМДИН ЖОМОКТОРУ 

Кышкы кечте короо таптап
Күрткү кечсек деле биз,
Уу-дуу түшүп аттап-буттап
Үйгө тентип келебиз. 

Чаналарды чанып салып
Чоң энемдин төрүндө
Чогуу угабыз жомокторду
Чомпуш Иван жөнүндө. 

Укпамышка салып коюп
Чакырганда апабыз.
Түн оосо да сөздү тыңшап
Демибизди басабыз. 

Жомок бүттү. Жатыш керек.
Жок да, кайдан уктамак?
Жаңыларын баштаса деп 
Жабышабыз тытмалап. 

«Таң атканча айтмак белем?» –
дейт чоң энем күбүрөп.
Анысына көнмөк белек,
«Айтчы!» дейбиз кибиреп.

_____ _____
«ЖИЗНЬ – ОБМАН С ЧАРУЮЩЕЙ ТОСКОЮ…»

Жизнь – обман с чарующей тоскою,
Оттого так и сильна она,
Что своею грубою рукою
Роковые пишет письмена. 

Я всегда, когда глаза закрою,
Говорю: «Лишь сердце потревожь,
Жизнь – обман, но и она порою
Украшает радостями ложь.

Обратись лицом к седому небу,
По луне гадая о судьбе,
Успокойся, смертный, и не требуй
Правды той, что не нужна тебе».

Хорошо в черемуховой вьюге
Думать так, что эта жизнь – стезя
Пусть обманут легкие подруги,
Пусть изменят легкие друзья.

Пусть меня ласкают нежным словом,
Пусть острее бритвы злой язык,–
Я живу давно на все готовым,
Ко всему безжалостно привык.

Холодят мне душу эти выси,
Нет тепла от звездного огня.
Те, кого любил я, отреклися,
Кем я жил – забыли про меня.

Но и все ж, теснимый и гонимый,
Я, смотря с улыбкой на зарю,
На земле, мне близкой и любимой,
Эту жизнь за все благодарю.

«ӨМҮР – ЖАЛГАН, САГЫНЧЫ БАР КЕРЕМЕТ» 

Өмүр – жалган, сагынчы бар керемет,
Анын айкын кудурети ушунда –
Тагдыр жолун жазып жаткан калеми
Орою суук оң колунун учунда. 

Көзүмдү жуумп, дайым айтам: «Сен жалаң
Жүрөгүмдү санаа менен сайып ал.
Өмүр – жалган, бирок кээде шаттыгы
Өтүрүктүн көркүн ачкан жайы бар. 

Жүзүңдү бур, агыш саамай асманга,
Айды карап тагдырыңды ченегин.
Тынч ал, пендем, өзүңө да керексиз
Бир чындыкка жетет элем дебегин». 

Жайда жааган кардай ушул өмүрдө,
Жанга жагат, «жашоо – жол» деп ойлонуу.
Жеңил баалуу достор сатып кеткени,
Жеңил мүнөз кыздар алдап койгону. 

Эркелеткен сөзү болсун адамдын,
Заарын чачкан тили болсун өңгөнүн –
Баарысына көптөн бери даярмын,
Ырайымсыз ырыскыма көнгөмүн. 

Ичиркентет көңүлүмдү бийиктер,
Жылдыздардын жарыгы жок жылыткан.
Ашыктарым түйүнчөгүн түйүшкөн,
Арзыганым аты-жөнүм унуткан. 

Антсе деле, кысталышта, куугунда,
Таңды карап күлгөнүм эш көңүлгө.
Жер бетинде, жанга жакын, сүйкүмдүү,
Баарысы үчүн ыраазымын өмүргө.

 

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.