Гүлүмкан ИСАЕВА

 

1999-жылы 11-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылында туулган. 2022 -жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин социология бөлүмүн аяктаган.

Учурда ошол эле университетте Педагогика жана психология бөлүмүндө магистратурада окуп жатат. «Жан жарык» (2018), «#Сезим_сонатасы» (2024) ырлар жыйнагы жарык көргөн.

 

Гүлүмкан Исаева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

“ЖЫЛДЫЗДУУ ЖЭЭК” же Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы

Шүүдүрүм талаанын ырлары

Улуу муундан үйрөнөр сабагыбыз эмне?

 

Котормолору

Шухрат ОРИФ (ОРИПОВ)

 

Ырлары

КҮЗ. ГОРТЕНЗИЯ

Күздө барик саргаят,
Күздө кетет турналар,
Күздө мени эстейсиз.

Күздө бүчүр бүрдөбөйт,
Күздө гүлдөр гүлдөбөйт,
Күздө сүйүү?.. Мм… Билбейм.

Күздө сизди унуткам.
Күз – унутуу. Күз – кетүү.
Күз.
Кечигүү.
Гортензия.

*Гортензия гүлү — япон ишениминде «сүйүүнүн кадырына кеч жетүү» дегенди билдирет.

 

*   *   *

Бийиктен бой таштап тилегим,
Билемин,
Бир жылдын күзү эле.
Бешиктен чыга элек дилиме,
Бейишти тозокту бир берип,
Кеттиңиз ошондо сиз неге?
Мен кийин бүт ашык дилдердин,
Үйүмө чогултуп бар муңун,
Күн-түнү шарапат кургамын.
Көзүмө көчүрүп булутту,
Эртеси ыйладым.
«Көзү ачык», «бакшылар» дешти эле:
(Теңелип Кудайга, Теңирге)
— Сүйүү – аң , тузак да аялга,
Же өзүн асканга барабар…
— Ишенбейм кеп, сөздөр, койгула!
Өз сүйүүм өзүмдүн мойнума.
Ашыктык – билбеске кара жол,
Ашыктык – билгенге ак арал.
Күтүүнүн беделин өтөдүм,
Жолугуу бактысы мага адал!

Күрөшүп эрк менен мен сизди,
Жүрөктөн жүз казып, жүз көмгөм.
Жүзүмөн сылаңыз. Келиңиз
Кезигип туралы түштөрдөн.

Аялуу жанымбы чалуудан,
Аялдык намыспы айбыгам.
Сиз менен ооруймун, ашыгым,
Келсеңиз сиз менен айыгам.
Жомоксуз сиз бала дүйнөмө,
Коноксуз күттүргөн санаама.
Качанкы сезимди жаңыртып,
Жамгыр жаасын,
Күз келсин калаага!..

Бийиктен бой таштап тилегим,
Билемин,
Бир жылдын күзүндө
Бешиктен чыга элек дилиме,
(Ошондо) Биринчи ирет өмүрдө,
Биринчи ирет сиз менен жаз келген…

 

СИЗГЕ

Чакырсам үнүм жетпейт алыстасыз,
Чанактан гүлүм ачпай кубарамын.
Билбейсиз,
түшүнбөйсүз,
сагынбайсыз…
Мен сиз деп убарамын.

Түндөрү жылдыз болуп түшкө кирип,
Эреркеп жүзүңүздөн сылай албайм.
Арзуумду сезбей кетсе күткөн кишим,
Кантемин?
Чыдай албайм.

Түн менен кирпигиме булут түнөйт,
Белгисиз арзуу бийлейт эрким жеңип.
Сизди да уктатпасын улуу түндөр,
Мага бир кезикмейин…
кезикмейин…

 

БЕЙТААНЫШ БИРӨӨГӨ

Жарашпай турса да оюм тилегиме,
Жаштыгым башын ийип жүрөгүмө.
Кыз дүйнө, кызыл дүйнө эми кантсин,
Атыңыз дилден түшпөй күбүрөнөм.

Жаркыган жаштыгыма сүйүү бүттү,
Унутуу , сагынбоого билесиз кеч.
Карайган түндүн ачып каалгасын,
Таңдарды бир тосуубуз мүмкүн эмес.

Көздөрүм көзүңүзгө чагылышып,
Кайра бир тагдыр буюруп, кезиктирсин.
Миң жылдык кусалыктан куткарыңыз,
Миң жылдык жолдо күтөм эми сизди.

Бир түшүп биздин караан, көлөкөлөр,
Кадамым кадамыңыз жандай элек.
Мен сизге бейтаанышмын, бөлөк – бөтөн.
Сиз мага андай эмес…

 

*   *   *

Көңүлүм көк асманды эңсегенин…
Көзүмдү коркутпасын тагдыр кайып!
Оо, менин жер караба, сезимдерим,
Ортону бөлүп турган жылдарда айып.

Ортобуз бөлүп турат узак жылдар,
Ойлосоң ой жетпеген ызабы а?
А мүмкүн сүйүү ушундай тузак курган,
Чалынып кеткем мен да тузагына.

Түшүмө ал кезиккен айлар кирет;
Өрүкзар. Калаа. Анын күлгөн жүзү.
Ал менин санаркоомду кайдан билет,
Ал менин кайдан билет сүйгөндүгүм?..

Мен жашайм көк тиреген үйлөр менен,
Ал жашайт дүйнөнүн бир калаасында.
Мен аны ичтен, ичтен сүйөр элем,
Ал муну билбейт. Сүйүү – дал ушундай.

 

БИР ТУУЛГАН КҮНДӨГҮ ТОСТ

Калаадасыз азыр сиз деңизи жок,
Каарманысыз канча сөз, канча ырдын.
Кат жаза албайм, жазбайын, дегем бирок,
Дилдегини жазууга аргасызмын.

Бу мезгилсиз сезимдин айыбы не?
Баарын ичке жутуунун убагы эмес.
Бүгүн жазып калбасам тилегимди,
Дагы бир жыл күтүүгө туура келет.

Кудайы бар чыгар ээ сүйүүнүн да,
Ушул күндү күткөнүм билет беле?
Узак узак түйшөлткөн бул кат менен,
Сиз да мени сүйсө деп тилейт элем.

Жүрөгүмдүн көздөрүн көрө элексиз,
Саамайыман бир сылап, өбө элексиз.
Муң артынып келатам жаштыгыма,
Мынча бакыт сизге да көп эмеспи?

Ана асманда дагы бир жарык учту,
Да бир жылдын сиз жакта жаңырышы.
Жолуңузду утурлап дагы бир жыл,
Колуңузда бокалдын кагылышы.

Сиз жыл тосуп, жаш тосуп ага кошо,
Калаадасыз мага алыс, алыс ошол.
Тилегимди тыткылап каттардагы,
А мен жылда бул түндү жалгыз тосом.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.