Акын Элмира Ажыканованын ырларындагы “эски мештин” табы
Акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн поэзия сынагында 3-орунду алган Элмира Ажыканованын ырлары менен студент кезден таанышмын. Ал ошол кезде эле сезимтал, чыйрак, тирүү ырларды жазчу. Анын сөзгө жасаган аяр мамилеси ырдын тексттине, саптардагы уйкаштыктарга өзгөчө маани бергенинен улам дароо көзгө урунчу. Ар бир сабына ой катып, сыр жашырган кыялкеч ырлары анын нукура акындык табиятынан кабарлап турар эле.
Адатта, акындар кыялында ажайып бир аруу дүйнөнү жаратып алат да, андан ажырагысы, кеткиси келбей, куду жомоктогудай дүйнөдө жашай беришет. Эмнегедир Э. Ажыканова да ошол ааламда адашып калып кеткендей, анын өзү анын адамдык тагдырын аныктап, акындык тагдырына апкелгендей, анан ал ошол тагдырына моюн сунуп, ал жазмыштын ачуусун да, таттуусун да башынан кечиргендей туюлчу.
Э. Ажыканованын сынакка жиберген ырларындагы кайсы жылы, кайсы күнү жазылганы так көрсөтүлгөн даталардан улам, акын кызыбыз же ырларды сейрек жазат, же поэзия сынагына өтө олуттуу маани берип, соңку беш жылда жазылган ырларынын мыктыларын тандаганбы деген ойго кетесиң.
Эмнеси болсо да, ушул ырларынын арасынан эң кийинки жазылган “Эски мештин жанында” ыры жакты.
ЭСКИ МЕШТИН ЖАНЫНДА
Талдап бүтпөй оңум менен солумду,
Таштап салып талыкшыган боюмду.
Кыш түнүндө, меш түбүндө телмирип
Олтурамын отко кактап колумду.
Жер айланып зуулап барат огунда,
Менин үйүм тогуз жолдун тоомунда.
Бир ойлосом мен бир чекит дүйнөдө
Бир карасам аалам менин колумда.
Көкүрөгүм ысып-күйүп эзилем,
Көр турмушка жем болчудай сезилем.
Шашып жашап, шашып ичем чайымды
Бир тыныксам биротоло кечигем.
Мен мезгилге барган сайын утулуп,
Мерез заман үрөйүмдү учуруп,
Аласалып кетип барам кургуйга
Айлампалуу ылдамдыкка жутулуп.
Мен бир пенде сүкүт чалган түндөгү,
Акылыма сыйдыра албайм дүйнөнү.
Эч ким мага бере албады жылуулук
Эски мештин табынчалык үйдөгү.
3-январь, 2021-ж.
Автор “Эски мештин жанында” деп ырга элестүү тема койгондуктан, чү дегенде эле көз алдыбызга кыштын элеси тартылат. Кулак-мурунду, бети-башты аяз чымчыган суукка карабай, кар урушуп ойногон убактар, качан гана ата-энебиз чакырганда, сырттан жылуу үйгө кыштын суугун ала кирип, мештин жанына отура калып, колубузду оттун табына кактап, жылынган учурлар балалыктын кайталангыс күндөрү тура.
Ырдагы лирикалуу образ – эски меш. Автор эски меш аркылуу адамдын тагдыры, анын басып өткөн жолу, кубанычтары, башынан өткөргөн бактылуу күндөрү, дегеле тирүүлүктүн өзү чексиз бакты экени тууралуу алакандын оттуу табындай жылуу баяндайт.
Адатта, адам эскерүүлөр менен жашайт. Адам баласынын табияты ошол. Жараткан бизге эс тутумду ошон үчүн берген. Каалайбызбы же жокпу, басып өткөн жолубузга саресеп сала, каталыктарыбызга, жаңылыштыктарыбызга өкүнөбүз. Бактылуу күндөрүбүздү эстеп, андан каниет алабыз. Басып өткөн жолуң, кылган ишиң, башкаларга жасаган мамилең, айткан сөздөрүң, кыялдарың, ойлогон ойлоруң, ал сенин тарыхың болуп эс тутумда жашай берет.
Кимди сүйдүң, кандай сүйдүң – ал ысык сезим канчалаган жылдар өтпөсүн кечээ гана болгондой көз алдыңда тура берет. Кайталангыс сезимдердин жылуулугу, кармашкан колдордун табы эч качан эстен кетпегендей эле, алгачкы балалык сезимдеги жылуулуктун табы өмүр бою сенин жашооңду коштоп жүрүп отурат. Ал жылуулукту эстеген сайын жашап өткөн өмүрүңө тобо кыласың.
Автордун колун отко кактаган каарманы оттун табынан ошол жылуулукту эстеп жаткандай. Бирок, аны таба алабы – бул талаштуу нерсе, табышмак, белгисиз.
Ырдын ар бир сабына сыр катып, ар бир сөзгө ой таштаган акын эски мештин лирикалуу образы аркылуу өмүр бою эстен кеткис өкүт калтырган махабаттын чоктон ысык илеби алоолонгон күндөрүн, ашыктыктын албууттанган айлуу түндөрүн эске салуу менен, адам каалайбы же жокпу, өткөн өмүрүнө бир кылчая карап, аттиң деп, бармак тиштейт деген ойду айтып, турмуштун бир ачуу чындыгын эске салгандай.
Ырдын экинчи сабагындагы “Жер айланып зуулап барат огунда” ыр сабы – мезгилдин учкулдугун, убакыт категориясын билдирсе, “Менин үйүм тогуз жолдун тоомунда” ыр сабы – мейкиндик категориясын билдирет. Кыскасы, ойлор ойго жуурулушуп, мейкиндик жана убакыт – бир караса бир чекиттей көрүнгөн, бир караса ааламды алаканына салып калчаган ырдын каарманы аркылуу бири-бирине жипсиз жылгыс байланат. Тирүүлүктүн башаты – ар бирибиз төрөлгөн, өзүбүз жашаган үй менен ажырагыс байланышта экенин, ошол үй аркылуу дүйнөнү таанып билерибиз, анын тартуу күчү качан да болсо өзүнө тартып турарын түшүнөбүз.
Тирүүлүк – эски меш сыяктуу эле эски, көөнө. Оомал-төкмөл турмуштун түгөнгүс түйшүгү, бизди канчалык карбаласка салбасын, тирүүлүктүн кубанычы-кайгысы бизди эски мештин табындай жылытып, жүрөгүбүзгө жылуулук чачып турат.
Ыр кынтыксыз иштелген. Андагы ар бир сап, ар бир сөз жүк көтөрүп, ырдын маани-маңызын арттырып, аны тоо дайрасындай ташытып, деңиздей толкутуп, албуут күчүнө күч кошуп турат.
Э. Ажыканованын жан дүйнөдөгү жалгыздыкты, өкүт менен арманга айланган таарынычты эске салган “Шамал” аттуу ыры дурус иштелген экен. Бирок, биз ал ырын эмес, “Сен деңизсиң” аттуу ырын мисал келтиргибиз келип турат. Окуп көрөлү:
СЕН ДЕҢИЗСИҢ…
Сезген элем жети катар туюмдан,
Сени мага тагдыр өзү буйурган.
Апрелдин ошол күнкү жамгыры
Арзуу болуп төбөбүздөн куюлган.
Ошол көктөм төлгөсүндөй тагдырдын,
Мен сүйүүгө акылымды алдырдым.
Көкүрөккө толуп кеткен көз жашым
Күүсү болуп агып турду жамгырдын.
Алты кабат айлампалуу жолдомун,
Айтып болбос бул тагдырдын болжолун.
Билесиңби, сага келген ушул жол
Кандай татаал, кандай азап болгонун?!
Сен деңизсиң толкундары түрүлгөн,
Мен желаргы сени көздөй жүгүргөн.
Билбейм бизди кайда алпарат бул тагдыр
Биротоло келдим сага бүгүн мен.
2018-ж. Февраль
Бир караганда акын кызыбыздын “Сен деңизсиң” аттуу ырында баягы эле башка авторлор айта жүргөн сүйүү темасындагы тааныш ойлор эле айтылган. Ырда жаңылык деле жоктой, табылга деле көрүнбөгөндөй туюлат.
Арийне, дайралар, деңиздер сыртынан мелмилдеп тургандай көрүнгөн менен, ичинде толкуп, ичинде ташат эмеспи. Анын сыңары, бул ырдын үчүнчү сабагындагы: «Билесиңби, сага келген ушул жол / Кандай татаал, кандай азап болгонун?!» – деген ыр саптарын окуганда, ырдын дайрадай ичинен кайнаган күчүн сезесиң. Автордун айтайын деген оюнун кульминациясы да ушул саптарда камтылган.
Бул саптар ашкере көркөм деле, таңгаларлык, тамшандырарлык деле эмес. Бирок, күчтүү жана элестүү чыккан. Мындай күчтүү ыр саптарын жазуу ар бир эле акындын колунан келе бербейт, аны акындык тагдыры бар адам гана жаза алат. Анан калса мындай ыр саптары күн сайын эле жарала да бербеси айтпаса да түшүнүктүү, аны жазуу канчалык “оор”, “азап” экенин калеми төшөлүп, такшалып калган акындык тагдыры бар адамдар гана түшүнөт.
Сүйүү адамдын акыл-эсине, жүрөгүнө баш ийбеген кубулуш. Аны адам тандап албайт. Ал күтүүсүздөн, кокусунан келет. Ошондон улам, сүйүү жолу – бул ары татаал, ары азаптуу жол. Ар бир эле адам бул азаптуу жолго тагдырын байлабайт, өмүр бою сүйүп өтсө да, бул жолго түшпөйт. Көкүрөктө жашаган сүйүүсүн эч кимге айтпай, аздектеп өтөт. Ал эми миңдин бири гана тобокелге бел байлап, “эл эмне дейт” деген сөзгө да, азабына да кайыл болуп, бул жолго тагдырын байлайт. Буга бөтөнчө эрдик керек. Мындай эрдикке көп учурда эркектер да батылдык кыла алышпайт. Мындай эрдик Кыз Сайкалдай аялзатынын гана колунан келиши ыктымал.
Кандай дегенде да, ырдын каарманы өзүнүн сүйүктүүсүн, эч кимге алмаштыргыс жакын адамын деңизге салыштырып, бул тагдыр бизди кайда алпарары белгисиз болсо да, биротоло сага келдим деп, өз тагдырын ишенип тапшырып жатканы дегени эрдик эмей эмне!?
Элмира Ажыканова такшалган акын жана кара сөздү да катыра жазган прозачы катары (Республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунда эки жолку жеңүүчү болду. Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыкты багынтты) учур адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Биз минтип он жыл мурда эле айтсак болмок. Себеби, Э. Ажыкановага окшогон акындык, жазуучулук тагдыры бар чыныгы таланттар күн сайын эле төрөлө бербейт.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 01.12.2022-ж.


