«Бул кандай күндөр болду буулуктурган?..»
Рахат АМАНОВАнын акыркы кезде жазган ырларынан.
ҮЧ АЯЛ
Дубалдары калың, бекем, үч карыш,
Эски үйдө жолугушуу буюрган:
Үч ача жол – үч аялдын чырайы,
Жарым кылым өйдө-ылдыйда туурулган.
Эски үйдө божурашат эскилер,
Эрки, сыны чет-четинен кетилген.
Доорубуздун кыйрагынын көтөрүп,
Өгөй доордо өгөөлөнүп жешилген.
Муздак жамгыр, муздак шамал, муздак түн,
Өкүм кылат терезенин сыртында.
Жомогуна кулак төшөйт үчөөнүн,
Караңгыдан калкалаган сыр парда.
…Ортодо даам, очор-бачар оокаттуу,
Акын аял улам ысык чай демдейт.
Кыраан-каткы ортобузда. А бирок,
Айтылбаган дүйнөбүздө бир кемдей…
Муздак жамгыр, муздак шамал, муздак күн,
Аппак, жаңы машинеде учабыз,
Жылуу-жумшак салон ичи күлкү ойноп,
Бишкек бизге ачып койгон кучагын.
…Ниети түз да, бирок асте сый менен,
Саламдашпай, көрүшпөдү жөнү жок.
Эшиктеги көкүнада түнөгөн,
Үйдүн ээси – жазуучунун өөнү жок.
Бишкек шаары, 27-30.04.2024
СҮЙҮҮ БАГЫ
Атам бир кез олтургузган чынарлар
Үйүбүздүн алдында
Сүйүү багы дүпүйгөн
Ажайып бир сулуу эле
Сулуу эле бул дүйнө
Сулуу элек биз дагы
Бойго жеткен боз улан
Бойго жеткен аруу, сулуу, уяң бийкеч үлбүрөк
…Күрмөң менен аяр ороп, карадың:
− Үшүбөсүн буттарың?
− Сенчи? − дедим
− Мен үшүбөйм сен жанымда турганда…
Тике карап тиктей албай келишимдүү жүзүңдү
Уяң карайм колдоруңду кармап алган колумду
Келбетиңдей келишимдүү
Бул дүйнөдө чанда гана жаралчу
Дүйнөң дагы сырдуу дагы, сүрдүү эле
…Башым жөлөйм мамыктай
Апаң токуп берген жылуу кемзелге
Сөздөрүбүз түгөнбөйт
Айлана да жыпжылуу
Кыш чилдеде кайдан келди ак мамыктай жылуулук?
Кайдан келди жомоктой бул сулуулук?
Биз олтурган тизилген топ устундар
Тактыбыздай сезилип
Учуп кеттик кыял менен асманга.
…Үйүбүздү салам дедиң өзгөчө
Айылдын так ортосуна
Салам дедиң үйүбүздү арчадан
Кыйып келмей болдуң кызыл карагай
Сүрөт тарткан канаа болмок өзүңкү
Мага өзүнчө жазганыма бир канаа
Сайдын ташы толо дедиң
Төшөйм аны жерпайына
Бышык болот үйүбүз
Балдарым да жашайт кийин кылымдар
Кетпейбиз деп айылдан
Кыял менен курат элек үйүбүз
Кызык эле экөөбүздүн сүйүүбүз
«Көргүм келбейт такыр сенин өлгөнүң
Кетем сенден башта дедиң баары бир»
Айтып болуп күлүп койдуң бактылуу.
…Ооба, кеттиң ары жакка
Бирөө сени чакыргандай эртелеп
Акын өлдү сендеги
Өлдү дагы сүрөтчү
Адам элең кайталангыс
Бул дүйнөгө кокусунан жаралган
Өлдү сенде кайталангыс сулуулук
Өлдү сендей кайталангыс бир адам
…Сүйүү багы кыйылган
Бир дүмүрү калган эмес
Бүчүр ачып жазында,
Жайы, күзү түркүн-түскө боёлуп,
Кышындасы аппак карга сүйүлбөгөн сыяктуу
Кудум сендей, сүйүүбүздөй
Жаралганы белгисиз
Дайын отсуз жылас болду чынарлар
…Асман тиреп, бой тиреп
Өсүп жатса керек дале көк тиреп
Буюрбаган биздин үйгө
Арча менен карагайлар керилген.
Ош шаары, 26.01.2024
* * *
Бул кандай күндөр болду буулуктурган?
Буюгуп, үнсүз улуп-уңшуп турган.
Суз күндөр жүзүм сүйүп, тоскон кезим,
Супа таң суру качкан бозгун туман.
Кызыгы кеткен өңдүү бул жашоонун,
Кызматым бүткөн өңдүү, башоогондой
Белгисиз жоголсом дейм изим суутуп,
Бекетти көргүм келбейт таш коргондон.
Жазыксыз күндөр өттү, көңүл кушу,
Жашарып, ирмемдерде кошо болгон.
Кызылы оңуп бүткөн күндөр келди,
Кыян жууп кеткен өңдүү жошолонгон.
Ош шаары, 24.02.2024
ЖЫЛДЫЗЧАГА
Жем чокулайт чымчыктардан талашып,
Куркулдашып учуп-конгон мисчелер.
Сары кардын изи калбай ээриди,
Эрте жаздын илеби урат көксөгөн.
Көзгө комсоо бүрдөй элек дарактар,
Күнү бүткөн сейрек сөйкө тагынып.
Карап жатам кызым жууган айнектен,
Мына ушундай бүгүн менде жаңылык.
…А сен, курбум, тоо-таштарды аралап,
Жүрсөң керек таза абада сейилдеп.
Кандай бакыт! Байчечекти өөп койчу,
Үзүлгөнүн көрсөң анча кейибе…
Азан-казан оокат кылып күнү-түн,
Асырайсың аялууну үшүтпөй.
Баарыбыздын күнөөбүздү жууп-чайган,
Жаның ыйык, аман болгун, түйшүктүүм.
Жаның ыйык, аман болгун, түйшүктүүм.
Ош шаары, 07.03.2024
* * *
Кар жаабаган кышты айтып көпчүлүк,
Кара жерди өгөйсүнтүп карашат.
Бирок мендей билигине май тамган,
Бирөөлөрдүн көңүлүндө арасат.
Көңүлүбүз арасаты ушундай:
Көпчүлүктөй аппак карды сүйөбүз.
Бирок дагы апакайлар ызгаарда,
Биздейлердин көйү экенин билебиз.
…Кары, музу тоңголоктун билинбей,
Капканыма аркан, жипсиз айланат.
Терезеден көрүп үч ай дүйнөнү,
Теригемин балдагыма тайгалак…
Айга учкан адамзаада акылы,
Арга таппайт өкчөсүнө балдактын.
Жалгыздыгың ар адамдын башында,
Жазасы ушул жаралуу ак чардактын.
…Көңүлүмдүн аргасындай жакшы адам,
Көктө учкан шумкар эле кезинде.
Шыңгытабыз бук болгондо шараптан,
Шыбагалуум, таяк буттуум өзүмдөй…
Баркыбызды билген үчүн эш тутуп,
Байланабыз бирибизге бирибиз.
Алты саны амандай күн кечирип,
Анда-санда жүз көрүшүп жүрөбүз.
Ош шаары, 06.01.2026



