Жамшит АЙТКУЛОВ
КАР
Үйлөп койсоң үзүлүп,
Үлп деп уччу каакымдай
Үлбүрөгөн кар жаады:
– Сагындыңбы?
– Сагынбай…
– Эстейсиңби?
– Эсте эле.
Эң биринчи кеч беле?
Коюнума кар тыккан,
Колуң ысык эле, ээ?..
Кайра азыр жолуксак,
Кантер элек? – деп коём.
Канча жылдар кетти эми:
Кар кармабай койгон оң…
КААП
Жүрөк жаш, – дедик,
жүздөрдү бырыш басса да,
Жүр, – десе, кеттик
жүзүмдөр бышкан бакчага.
Шиңгили ширин,
шилекей агып жатса да,
шилиден тартат:
Шүк! – деп бир сезим аркага.
Жүрөккө деле
жүзгө окшоп тырыш түшөрү,
жүйөөлүү экен
жүзүмбак эми башка да…
Күбүлгөн күндөр
бир талдан эмес, тутамдан.
Күйүккөн жылдар
узарган сайын, кыскарган.
Улгайган жаштык
уучта эмес, эми жүрөктө.
Учуруп ийип,
ууз сезим дагы тул калган.
Кайрылып артка,
караган эле болбосоң,
Канатың талып,
каректе чөгүп бир арман…
ЖОЛУКТУК КАЙДАН
Жолумдан чыксаң муңайып,
Жоготкон дүйнөм дүр жанып.
Кандайсың? – деген сөзүмдөн
Канча арман кетти куланып…
Көп жылдар өтүп арадан,
Көңүлдүн бугу тараган.
Көнүмүш күндөр өтмөк да,
Көрүндүң неге, садагам?..
Түшүндүм… ашык башка кеп,
Түз гана койдуң баш ийкеп…
Түйшүгүң тартам мен эми,
Түшүмдө сени дагы издеп…
Убайга салган сезимди,
Унутсун, мүмкүн, дедиңби?..
Унутпай, кайра артыңдан,
Учканы турам шекилдүү…
АК ЧӨЛМӨК
Кырчындай курак жаш элек,
Кыналып бирге баса элек.
Китептен окуп сүйүүнү,
Кызыгын бирок тата элек.
Ак жайда ойноп ак чөлмөк,
Арылап кетсек, ким көрмөк.
Ай деле батты, жүргүн деп,
Айталбай койгом сөз жөрмөп.
Болбогон кайрып келишке,
Боёксуз таза наристе.
Бүр ачпай калган бүчүрлөр,
Бүгүнгө чейин бар эсте.
Алгачкы сезим экен, ээ,
Аттиң! – деп калам ичимде.
Маанисин анда билбесем,
Махабат менен ишим не…
КЫЗГАНАМ
(жубайыма)
Чын эмес, чыгарма бул, – деп,
Чырылдап араң көндүргөм.
Алтымыш ашып калсам да,
“Аягым суюк”, жөн жүрбөйм.
Кудайым берген кыялым,
Кубалап кантип тыяйын.
Сүзүлүп кете бергиче,
Сүйүүнү келет ырдагым.
Өзгөгө өлө көз салам,
Өзүңдү бирок кызганам.
Алыста алар кол жеткис,
А, сага чейин бир кадам!
БИР ОБОН
Жазып жүрөм сен жөнүндө бир обон,
Жарап калса, угузам деп ободон.
Аруу түндө алма учунда ай талып,
Айнегиңде гитар үнү боздогон.
Обон болор, мүмкүн, обон эместир,
Ошентсе да менден сага белек бир.
Сезимдерди өрттөп кеткен жылдарга,
Сенин деле кээде кеткиң келеттир…
Жан дүйнөмдө жаш өткөндө козголоң,
Жаз жана сен, жазам деген бир обон.
Эл жатканда, басаңдатып добушун,
Эч болбосо, бир угар деп ойлогом…
30 09 2022
ЫР ЖАЗЧЫ
Түгөлбайдын ырларындай кусанын
Түтөй турган обон жазчы, суусадым.
Турмуш деген көр оокаттан эле эмес,
Туюндурчу ырдан дагы турарын.
Көктөм, жамгыр… аралашып музыка,
Көксөп жүрөм кайра да бир угушка.
Жүрөгүңдү дирилдеткен кез менен
Жүз көрүшүү – арман, бирок кызык да…
Ачкычы жок окшоп нота сызыкка,
Арбып барат чекедеги тырыш да.
Алып учкан жылдар калар шашылбай,
Ак жамгырда арзуу ырын угушса…
АЙЫЛДАШ ЧАЛДАР
Унутуп учур түйшүгүн,
Убакыт болуп бир бүгүн.
Айылдаш чалдар жолугуп,
Ай, сонун өттү бул күнүм!
Ээрчишип автобекеттен,
Ээнирээк жерден жай таптык.
Элирип кетпей жаш кездей,
Эсеби, бир аз чайлаштык.
Отуз жаш эмес, кырк да эмес,
Окуучу күндөр башка экен.
Классташ сүйгөн кыздардын
Кылыгы дале башта экен…
КЫШКЫ ТҮНДӨ
Сампарлап жааган ак кардан,
Саамайын жыйбай ак чалган.
Капарсыз уктайт дарактар,
Кайра эле келчү жаз – майрам.
Жашарбай бактай көктөмдө,
Жан эмес тура көрпенде.
Арыган сайын артты эңсер,
Аялуу сыр көп сен, менде…
Жаталбай түндүн узуну,
Жамбашым талып, утуру.
Жоболоң салат көңүлгө, эй,
Жолондун жазган бир ыры…
КАРКЫРАЛАР АМАН БАРГЫЛА
Кайра дагы мезгил алмашты,
Канатында келгин куштардын.
Каркыралар кайтып баратат,
Кайрып алып жылдын бир шагын.
Ичиркентип күздүн шамалы,
Ирегеде сууктун кабары.
Ичеги-отун камдап балдарга,
Иши бүтпөс мен да баягы…
Булуттардын өңү бозомук,
Булак башы тоодо тоңгондур.
Бурганагын салып алдына,
Быйылкы кыш дагы жолдодур…
Катарыңар жолдо кемибей,
Каркыралар аман баргыла!
Катаал болгон турат ушул кыш,
Кайра эртерээк келип калгыла
КУТМАН ТАҢ
Тур, апасы, бир аздан соң таң атат,
Бу да болсо – жараткандын белеги.
Тефалга эмес, таш көрөгө суу кайнат,
Тердеп ичкен очок чайга келеби.
Жаштык өттү, биз мезгилди кубалап,
Жылдар эми бизди арттан кубалайт.
Көңүл деле карыйт белем адамдай,
Көккө учалбай, көз кычыгын уялайт.
Шүгүр дейли, эл катары жашадык,
Күн да болду кээ учурда адашкан.
Набат салдым, ысык чайдан ууртачы,
Насип кылды да бир таңын жараткан
ЫСЫК-КӨЛ, АВГУСТ, БОСТЕРИ
Ысык-Көл, август, Бостери.
Ысык кум, калбай бош жери.
Күнчатыр жээкке тиктирип,
Гүл кармап тостум мен сени.
Күн менен көлгө уланып,
Кумуңа кошо куладык.
Жеталбай калган күндөрдүн
Жетесин турдук чыгарып.
Өйкөлүп тирлик мүрүдө,
Өмүр да келген күзүнө.
Өрт алып кеттик бу жолу,
Өлүп, а, кетсин дүнүйө.
Жадабай кечке чөмүлө,
Жан сырды айттык төгүлө.
Убада бердик толкунга,
Учур таап, да бир келүүгө .
Ысык-Көл, август, Бостери,
Ынагым, сен да кош эми!
…Биз баскан изди, толкундар,
Билгизбей чайпап кой эми…
БАЛАЛЫКТЫН СОҢКУ ЫРЫ
Бүтпөй калган бир ырымды улантып,
Бүгүн келди дагы өзүңө кайрылгым.
Сагындырган сага кызык жылдардын
Салаасында, мүмкүн, дале бардырмын
Жай болуучу, жаңы кызып чөп чабык,
Жакадабыз, ата-энелер жайлоодо.
Бозой-кызга болбос мындай боштондук,
Болбойт эле сезимдерди камоого.
Жалбыз жыттуу арык бойлоп кеткен из
Жолго айланып тунгуч сүйүүм каттаган.
Жаттап алган ыр саптарын чогултуп,
Жан дүйнөмө бөлөп сага алпарам.
Ээн бөлмө… Эки дүйнө тең бизге.
Эриндерде махабаттын шыбыры…
Баш айланткан бакыт даамын таттырган
Балакатка жеткен кездин сыйыбы?..
Балалыктын, балким, соңку ыры бу…
ДЕЙТ ДОСУМ
Мекенимден сыртта жүрөм канча жыл,
Мен көрбөгөн жер деле аз калгандыр.
Чыгарымда чырпык сайып кетти элем,
Чынар болуп, канат-бутак жайгандыр.
Мега шаарлар, мелмилдеген океан,
Не бир сонун жерлер жок да дүйнөдө.
Мыкты сервис, ыңгайлуулук, баары укмуш!
Бирок жаным тартып турат үйгө эле.
Отелде эмес, ат токумун жазданып,
Орто-Жондо көк тулаңда жатсам, ээ!
Оттоп келген тай-тулаңдан кызганып,
Окуранып кулунуна кашка бээ…
Тагдыр кайда калчабасын пендени,
Ташы оор болуп, тартат экен Мекени.
Чыгып жаның баратса да чет жерде,
Чыр деп учуп, маалым ага кетери
ЖАШОО
Нелер гана баштан өтпөдү,
Ийгилик да, кетип кемчилик.
Эл катары жашап келебиз,
Эгем берген күндү кечирип.
Көзүбүздүн жашын байкатпай,
Көкүрөктө канча ыйладык.
Ээк салаңдап жатчу убакпы,
Эртеси эле кайра чыйралып.
Барбы-жокпу баарын көтөрүп
Баркын бара туйдук турмуштун.
Жетериңдин жээги – табышмак,
Жашоо, жашоо, дале кызыксың!



