Нурпаяз АБЫТОВ: “Мандикер”
Лев Толстой көчөсүн бойлой эи-үчтөн болуп баштары кошулган мандикерлер кезектеги жумуш берүүчүнү күтүп турушат. Жалданып иштөө да оңой эмес. Таң агарып-агарбай шаар ичинде кыймыл башталаары менен алар көчө четине таңкы ырыскыдан кур калбайлы деп, өзөк жалгабай туруп келишкеничи. Жол боюнда баары унаа келип токтошун пайлап турат. Унаага ким биринчи жетишип барса жумуш ошонуку дей бер. Талашып эки-экиден урушканды коё кал, жаңжал бул жерде кадимки көрүнүш. Сырттан келген чоочун адам болсо, дароо байкалат. Өзүн бул жердин кожоюну сезген үч киши бар. Аларга каршы чыктың дегиче, алка жакадан алып, ары жакка алып барып, акеңди таанытып коёт. Катарга жаңы кошулган Атай да алардын көзүнө дароо илинди.
– Тиги ким? – деди толмочунан келген спорт кийимчен капталына чыйт түкүрүп.
– Новичок окшойт. Биринчи жолу көрүшүм.
– Көзүн тазалайлыбы? – деп ырсая күлдү үчүнчүсү, узун арыгы.
–Чакырчы. Бир аз эрмектейли балакайды. Жанагы спорт кийимчени кара жумуштан терисине сиңип бүткөн кир баш бармагы менен сөөмөйүн оозуна сала, ышкырды эле. Атай чочуп кетти.
– Эуу, жигит бери кел! – деди жинденген неме.
– Менби? – деп өзүн көрсөттү Атай. Ызырынган неме сөгүнүп баш ийкеди.
– Ооба, сен, сен. Атай чуркап тигилердин жанынажетип барды.
– Ассаламу алейкум, – деп колун сунса, эч кимиси алик албай, кайра аны жеп жиберчүдөй карашты.
– Сен эмне, биздин наныбызды талашкың келип жатабы? – деп толмочу атырылып берди. Атай колун сунган бойдон оозуна сөз илинбей турду.
– Калп эле аңкоолонбочу, балакай. Бул жердин «ээси» бизбиз. Жакшылыкча жылып кетип кал, же жардам керекпи… Атай а-бу дегиче:
– Мен өзүм эле тарбиялап коём балакайды, – деп бирөөсү алка жакадан алды. Булардын кылган кылыгына алыстан байкоо салып турган мойсопут аксакал ортого басып келип сөзгө аралашты.
– Койсоңорчу, кагылайындар, ырыскы баарыбызга жетет. Теменедей баладан жумуш талашканыңар уят. Керекпи, мен ордумду бошотуп берейин. Ага тийбегиле! – дегенде берки үчөө тиштерин кычыратып, Атайга батынышкан жок.
– Жүр, балам, – деп абышка Атайды далысынан таптап, экөө ээрчишип бактын көлөкө далдоосуна өтүп туруп калышты.
– Бул жерге биринчи жолу келишиң окшойт.
– Ооба, дос балам бул жерден күнүмдүк баскан-турганыңа акча тапсаң болот дегенинен келип калгам.
– Аа, жакшы балам. Буларга теңелбе, алар токумун жеп бүткөндөр. Сен жеңил акчага кызыкпай билим ал. Күнүмдүк курсактын камын ойлоп жүрө берсең тигилерге окшоп каласың.
– Аба, сиздин бул жерде иштегениңизге көп болдубу? – деп кызыкты, Атай.
– Үйдө соксоюп жалгыз отурбай эриккенде элге аралашып, алаксыйын деп чыгып калам. Иш болуп калса майда- чүйдө тыйын түшөт. Кобурашып отурчу кемпирим да бу жарыкты таштап кетти. Жалгыз балам келинчегин ээрчип, Россия тарапта жүрөт. Көптөн бери кабарлашпай да кетти. Жаш өйдөлөгөн сайын адам менен дидарлашканга зар болот экенсиң, – деп оор үшкүрүп койду.
Атай аны унчукпай угуп турду. Абышканын пешенесиндеги кат-кат бырыштар алыста калган жаштыктын изин эбак өчүргөндөй. Муңайым көздөрүнөн кусалыкты сезип, биз дагы кези келгенде ушинтип карыйбыз, ээ, деген ой анын денесин дүрт эттирди. Аңгыча экөөнүн жанына капкара унаа келип токтоду. Булардан мурда аңдып турган тиги үчөө жете келишти да унаа ээси терезесин түшүрөр замат:
– Канча адам керек? Биз үчөөбүз, эмне жумушуңуз бар!? – деп биринен бири өтүп жутунуп турушту.
– Мага бир адам керек, – деди унаа ээси.
– Анда бул барат, – деп үчөө арыгыраагын алдыга түртүштү. Ага болбой Атайды арачалап калган аксакал:
– Токтогула, жигиттер, али күн узун. Бизге жумуш табылат. Бу келген инибиз барсын, – деп калды.
– Бизчи? Коё туруңуз, бизди ким ойлойт? Керээли кечке туруп, жумушсуз калабызбы, жо-ок болбойт. Спорт күрмө кийген неме алдындагы ашын алдырып жиберчүдөй булкунуп алдыга өттү.
– Пейилди кенен кой, уулум. Сага дагы буюрган ырыскың келет. А буйрубаган ырыскы канча аракет кылсаң да келбейт. Кой, ушул балага жол бошотолу…
– Сизчи?! Атай өзүн ойлобой кайра абышканы кыя албай турду.
– Мага да жумуш табылат. Кабатыр болбо, балам.
– Биз экөөбүз чогуу барсак болобу? – деп кара унаанын ээсинен сурап да жиберди.
– Мага бир адам керек. Убакыт аз. Кимиңер барасыңар? Шашып атам, – деп унаасын от алдырды.
– Бул инибиз барат. Ойлонбо, уулум! Бол, батыраак, – деп унаанын арткы эшигин ачты. Атай отурары менен кара жип зуу койду. Атай күзгүдөн артын караса баягы үчөө сары кишини ортого салып төпөштөп жаткандай сезилип, жүрөгү өйүп чыкты. Ал ойго батып, биринчи жолу мандикерлик ишке баратканын, жанагы улуу адамдын шарапатын жакшылыкка жооруду.
***
Унаа заңгыраган эки кабаттуу үйдүн жанына токтоду. Атай короосу мындай бийик үйдү кинодон гана көргөн. Дарбаза ачылып короонун ичине киришти. Адам басчу жолдун эки жагында не деген гүлдүн түрү жайнайт. Таң калып, элеңдеп баратып, аз жерден арыкка чалынып кете жаздады. Бир дагы ашыкча нерсе жок, баары орду- орду менен. Гүлдөргө арбалып суктанып бараткан Атайды байкаган үйдүн ээси “Кызым отургузган гүлдөр. Гүлдү өзү аябай жакшы көрөт. Ушул күнгө чейин өзү сугарып, чөбүн өзү отоп карайт болчу. Акыркы күндөрү экзаменинен колу бошобой бир аз каралбай калды” деди.
– Кооз гүлдөр экен. Чет жактан алып келинген окшойт. Мындай сорттогу гүлдөрдү шаардан кездештире албайсың. Атай көз жоосун алган гүлдөрдөн көз айрыбай тиктей берди.
– Көпчүлүгү гүлдүн мекени болгон Голландиядан алынып келинген. Бул жерде жалпысынан ондон ашык мамлекеттен келген гүлдөр бар. Каралбай калганга суусап турат. Карачы, жапайы чөптөр да баса баштаптыр. Тиги саксайган бак-дарактарды да буташ керек. Ашып кетсе эки-үч күндүк жумуш. Колуңдан келеби, иним? Мына, баарын сага айттым дегенсип Атайга суроолуу карады.
– Ооба, байке. Кам санабаңыз, түшүндүм.
– А керектүү шаймандар тээтиги складда турат, – деп маңдайдагы жапыз тамды көргөздү.
– Болду, байке. Керек болсо сизден сурап турам.
– Ооба, макулдаштык анда. Менин жумуштарым бар, сен кирише бер, – деп ээси дарбазасын жаап сыртка чыкты.
***
Атайдын оюнан баягы сары абышка кетпей койду. Тиги зөөкүр чалыш үчөө ага кол көтөрүп, көңүлүн оорутпады бекен деп көпкө сарсанаа болуп жүрдү.
Түш оой дарбаза ачылып бир кыз кирди. Үй ээсинин кызы окшойт. Маанайы жарык, Атай жөнүндө уккан окшойт.
– Саламатсызбы, – деп Атай алик алгыча гүлдөрүн карап,
– Ии-ий байкуш гүлдөрүм, кечирип койгулачы мени. Силерди карай албай калдым деп кейимиш болду.
– Ой, кечиресиз. Чөптөрдү отоп, сугарып да коюпсуз. Гүлдөрүм өзүнө келип кулпуруп калган турбайбы.
– Гүлдөрүңүз өзүңүзгө окшош сулуу экен. «Рахмат» деп тартынышты билбеген кыз кубанып кетти.
– Бирок, биздин айылдагы гүлдөр мындан да кооз, – деди Атай.
– Чын элеби? Аларды да ушинтип карайсызбы?
– Жоок, аларды жамгыр сугарып, табият өзү кам көрөт. Айылга бардыңыз беле?
– Бир да жолу барган эмесмин. Кыздын үнүндө кысынгандык бар эле. Ал айылдык жигиттин жанында бир аз оңтойсуз сезди өзүн.
– Анда сөзсүз барышыңыз керек. Таанышып алалы. Менин атым Атай.
– Арууке.
– Атыңыз сонун экен. Биринчи жолу угушум. Кыз жылмайып койду.
– Мен дагы. Чарчагандырсыз. Мен азыр чай даярдай коем. Он мүнөттө. Тамактанып алыңыз. Жароокер кызга ичинен ыраазы болгон Атай шашып кетип: – Убара болбоңуз. Кеч кирип кетет. Мен кетейин. Калган жумушту эртең улантам, – деди.
– Ушундай да болмок беле. Мен азыр, бат эле, – деп Арууке ичкери кирип кетти. Артынан мулуюп карап калган Атай ойдолоктоп, жанындагы орундукка көчүк басты…
***
Атай Аруукенин гүлбакчасын айткан мөөнөтүндө отоо чөптөрдөн арылтып, баштапкы калыбына келтирип, үй ээсинин ыраазычылыгын, жумуш акысын алгандан бери бир топ убакыт өттү. Экөө күн сайын телефондон сүйлөшүп, эки сапар сейил бактанда жолугушту. Күтүүсүздөн эле ынак болуп кетишти. Арууке сабагына баратып да, окуу жайдан чыгаары менен телефон чалат. «Садовник» деп тамашалуу ат да коюп алган. «Бүгүн кимдин бакчасын гүлдөтүп жүрөсүң?» деп тамашасы менен баштайт сөзүн. «Арууке ханумдун кооз бакчасына эч кимдики теңеше албайт» дейт «садовник». Күндөр өтүп жатты…
Бир жолу ата-баладай болуп саар-кеч ээрчишип калган баягы Муса абышка негедир көрүнбөй калды. Атай дем алыш күндөрү гана мандикерлик кылып жүргөнгөбү, аны өз жумушу менен кеткен болуш керек деп ойлоп калчу. Андай эмес экен. Үчүнчү жума болгондо абасынын дайын-отун билбей тынчы кеткен Атай баягы ээн жердин бөрүсүндөй болгон үчөө турган жерге басып барып «Муса абам көрүнбөйт, сиздер билген жоксуздарбы?» десе«чалды сурап атасыңбы? Эки жума болду, бул жакка басып келе элек. Мүмкүн, «убактысы» келип, акырет жайына узаса керек да» деп колу менен асманды көргөздү. Дайыма көзү-башы шишип жүргөн толмоч жөн да жооп бербеди.
– Болбосо бир жерде тоголонуп жаткандыр да сенин абышкаң, – деди тишин чукуган экинчиси. Атайдынжүрөгү шуу дей түштү. Дароо үйүнө жөнөдү. Эки жумадан бери андан кабар албаганына өзүн күнөөлөп баратты. Үйүнүн эшиги ачык экен. Тынчылык болсо экен деди ичинен.
– Аба, үйдөсүзбү? – деп үн катты эле жооп болгон жок. Уктоочу бөлмөнүн эшигин ачты эле. Керебетте жаткан абышка козголуп, бери карады.
– Атай, сенсиңби?
– Ооба, аба, жакшысызбы?!
– Бир аз ооруп калдым. Турганга дарманым жок, – деди абышка демигип. Көп сүйлөшкөндөй болушпады.
– Азыр, азыр аба, ооруканага өзүм алып барам, – деп Атай дароо такси чакырды…
***
Күн шашке болгондо Атай Аруукени ээрчитип, ооруканага келишти.
– Сен экөөбүздү табыштырган адам ушу ооруканада дарыланып жатат. Азыр көрөсүң, аябай боорукер, – деди Атай.
– Кызык, ал киши бизди каяктан тааныштырды, мен түшүнбөй жатам… – деп Атайды колунан тартып өзүнө каратты.
– Биринчи жолу жумуш издеп мандикерлер менен турганымда, ал мени жаман адамдардан арачалап, жумушчу издеп келген сенин атаңдын унаасына отургузган. Кудай жалгап, ошондо сен жашаган үйгө жолум түшүп, гүлбакчада жолуккан күн эсиңдеби?
– Ии-и, ооба. Көрсө, бу киши бизге ортомчу болгон турбайбы… Арууке күлүп жиберди.
– Антип түшүнсөң да болот. Үчүнчү кабатка көтөрүлгөндө “силер кимге?” деп алдын тосуп чыккан медайымга “Мен Муса абышканын уулу болом” деди эле Арууке Атайды дагы бир жолу таң калып карады.
– Врач палаталарды кыдырып жүрөт, көпкө отурбагыла, – деп эскертти медайым. – Биз бат эле. Атай палатанын каалгасын черткилемиш болуп, Аруукеге “жүр” дегендей күлүмсүрөп койду. Палатада төртөө экен. Муса абышка төрдөгү керебетте терезени телмирип тиктеп отуруптур. Атайдын үнүн угар замат бери бурулду да “а келдиңби, уулум” деди, сүйүнгөндөй. “Жакшы болуп калдыңарбы?” деп төртөөнү алмак-салмак сурап, Муса аксакал менен кол алышты. Анан жанында уялыңкы турган Аруукени карады да “Аруужан экөөбүз сизди чогуу көргөнү келдик” деди.
– А жакшы болуптур, ыманы ысык жан экен, каерлик болот? Кары кызыгуусун жашырбады.
– Шаардык, – деди Атай Аруукенин ордуна жооп узатып.
– Эстүүнүн баары шаардан чыгат, өмүрлүү бол, балам, – деди Муса.
– Берген дарыларды калтырбай ичип жатасызбы? Качан чыгарат экен? Атай сурашып жатып эле баштыктагы сүт, нан, мөмө-чөмөнү үстөл үстүнө чыгарып койду.
– Убара болупсуң, тамакка табитим жок, көп жебейм, билесиң да…
– Сиз жебесеңиз коңшуларыңыз жешет, аш болсун! Унчукпай тиктеп турган бейтаптарды “туурабы” дегендей жылмайып карап койду.
– Бул уулуңузбу? Чачы суюк, халатын желбегей жамынган киши кепке аралашты. – Жанындагы келинчеги окшойт, ээ? – деп аркы жактагы үстөл үстүндөгү азыктан көз албай отурган жигит. Атай менен Арууке бири-бирин карап күлүп жиберишти.
– Ооба, байке, биз жакында баш кошобуз, тоюбуз болот. Баарыңарды чакырабыз, чогуу келесиздер, – деди жадыраң күлкүсүн тыя албаган Атай.
– Ошол күн силерге буйрусун, садагалар. Тилегиңер жакшы экен. Муса абышка эки жашка алмак-салмак тигилип, кубанып турду.
– Андан көрө батаңызды бериңиз, кош жылдыз жубайлардан болушсун! Чачы суюк байкенин үнү шаңдуу чыкты.
– Бербегенде! Муса ата оңдонуп отурду да алакан жайды.
***
Атай адатынча Аруукени үйүнө чейин узатып келди. Коштошоордо чекесинен өөп “бүгүн атабыздын батасын алдык, биз үчүн бактылуу күн, алтыным, Арууке!” Кылт эткенди жаза кетирбегенАрууке “биз батага татыктуубузбу, аны мезгил көрсөтөт. Жакшы жетип ал, эртең телефон чалам” деди. Анан колун назик булгалап, коштошту да дарбазасына кирип кетти. “Муса атамды ак тоюбуздун төрүнө отургузабыз”. Атай оргуштаган ойлоруна ээ боло албай ээн көчөнүн ортосуна салып, автобустун аялдамасына келатты.



