№13 “Жаз”

 

Үрпөйтүп үшүткөн сулуулук,
Узады этегин жыйынып.
Терезе тушунан сызылган,
Аяздын деми эми тыйылып.

Дарактар көз жарып жакында,
Күн чубак бешикке бөлөшөт.
Жер алды тамырлар жанданып,
Тирүүлүк айылына жөнөшөт.

Суз көчөм эли аз басышкан,
Суйкайып маанайы ачылат.
Чуру-чуу балалык дүйнөсү,
Чайыттай уйкусун качырат.

Чыйрыккан арыкта чунак суу,
Чыйралып, ойноктоп шаштырган,
Шапар тээп ыр ырдайт обондуу,
Шылдырап уккандар жактырган.

Жер көбүү деминен өрөпкүп,
Бийчи жел туралбай бир жерде.
Этек жең тарткылап ээлигет,
Эси кем окшогон бир делбе.

“Кыргыз маданият борбору” “Адабият Ордо” сайт менен биргеликте “Жаз” темасындагы бир ырдын сынагын уюштурууда. Сынак тууралуу маалымат – https://adabiyat.men/synaktar/1-yrdyn-synagy-zhaz/

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.