“Жаз жөнүндө бир ыр” сынагына келген кезектеги чыгармалар

 

35. Жаз
Мына жаз да келди кайрадан,
Тал-дарактар бүчүр байлаган.
Жаратылыш көркүн карачы,
Түркүн түстүү гүлдөр жайнаган.

Асылзаттар бажырайып кулпунат,
Жыпар жыты гүлдөй буркурап.
Назданышат көңүл эргитип,
Түрлөнүшөт жаркып суйкайып.

Келгин күштар келди сайраган,
Бакка уя салып жайнаган.
Жаратылыш көрккө бөлөнүп,
Жашыл шибер өстү кайрадан.

36. Жаздагы күтүү
Ушул жазым көңүл тоңун жибитти,
А булуттар калкыйт ээлеп бийикти.
Көкүрөктүн эңсөөлөрү мен күткөн,
Көтөргүлө үмүт жаккан биликти.

Жазда жаңы бүчүрлөгөн дарактар,
Эскертишет, алдыда кең жашоо бар.
Сагынычтын канаттарын тагынып,
Күтүп жүргөн ак сүйүүмдү тосуп бар.

– Жаздын салкын жели менен келет – деп,
Күтүп жүрөм, жүрөгүмдү белектеп.
Булут болсо жашын төгөт жамгырлап,
– Эки жүрөк жолугушуу керек – деп.

Жазда түркүн гүлдөр өсүп буралат,
Тамыр алып жашоолору куралат.
Биздин үмүт жазда колун кармашып,
Багыттары бир сапарда уланат.

37. Жазды күтөм
Сагыныпмын булбул үнүн таңдагы,
Бүйүр кызып, угар эле бүт баары.
Кечикти го жаркыраган жаз күнү,
Бүчүр байлап, камын көрчү дарагы.

Ак кар чүргөп аска башын бул убак,
Күчү жетпей эритүүгө күн чубак.
Суулар кирип, сайы толо күркүрөп,
Коктулардан агып калчу шаркырап.

Түнү бою бака чардап үн салган,
“Кар кетти” – деп таранчылар чогулган,
Мезгил эле, кош дей албай негедир,
Кылчактады кыш кеталбай ордунан.

38. Сулуу жаз
Сагынткан сулуу жазым келди мына,
Жадырап жашыл көйнөк кийип алып.
Дарактар жашыл жоолук салынышат,
Кайындар жашыл, көйнөк кийээри анык.

Адырлар жашыл түскө боёнушуп,
Талаалар жашыл килем жамынышты.
Өрүкзар аппак болуп гүлдөп турат,
Ой-кырлар гүлдөн мончок тагынышты.

Куштар да түркүн тилде сайрап турат,
Кырлардан төмөн карап булак чуркайт.
Жапжашыл, жашыл аалам, жашыл дүйнө,
Өзөндөр бүтпөс ырын ырдап турат.

Сулуу жаз, сагындырган келди мына,
Жаркырап күлүп турат бүт айлана.
Кыздар да сулуу болуп чыга келди,
Жарашып жадыраган сулуу жазга.

39. Жаштыгымдын сырын кантип жашырам
Жазым келди, гүлгө оронуп сагынткан,
Кучагынан жалбыз жыты жыттанган.
Ууз сүйүүмдү кайра кайрып берчүдөй,

Жазды күткөн кыялымды багынткан.
Жаз көктөмү жашыл кийип жасанган,
Жийде бурак сезим козгоп мас кылган.
Жаштыгымдын сырын кантип жашырам,

Жүрөгүмө алгач сүйүүм из салган.
Тизилишип эрте келген турнадай,
Мезгил өтөт, колго турбай сымаптай.
Алкымынан алма жыты жыттанган,
Жай мезгили күтө турчу шаштырбай

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.