Абдужапар уулу Канатбек : “18-19-кылымдардагы кыргыздардын тарыхын изилдɵɵдɵ Кытайдын Цин доору учурундагы манжурча маалыматтар маанилүү булак болуп бере алат”
“Тарых изи менен” рубрикасынын бул чыгарылышында кабарчыбыз Кытайдагы тарыхый булактарда кыргыздар тууралуу жазылган маалыматтарды изилдеп жүргɵн тарых илимдеринин доктору, жаш илимпоз, жердешибиз Абдужапар уулу Канатбек менен маектешкен.
– Канат мырза, кеп тɵркүнүн Кытайга барып, илим изилдеп калууӊуздун себебинен баштасак.
– Негизи мектепте окуп жүргɵн мезгилимде тарыхка анчейин деле кызыгуум жок болчу. Ошондой болсо да тарыхтан сабак берген Мухтар Жайлообаев агайыбыз тарых кызыктуу предмет экенин кɵп айтар эле. Айрыкча жигиттерди ушул сабакка кɵбүрɵɵк тартууга аракет кылчу. Бирок ошол учурда бул нерсеге анчейин маани берген эмес экенмин. Кийинчерээк тарыхка болгон кызыгуум артты. Анын үстүнɵ тагдыр насип кылып жогорку окуу жайды аяктаган соӊ Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштеп калдым. Ошол жерде чындап тарыхка кызыгуума, сиз айтмакчы эбептер да, себептер да болду. Ал университтеги т. и. д. проф. Анвар Мокоев, т. и. д. проф. Жээнбек Алымбаев, т. и. к. проф. Мурат Кожобеков, т. и. к. проф. Кубатбек Табалдиев ж. б. агайларыбыз кытай тарых булактарында кыргыздар тууралуу жүздɵгɵн, балким миӊдеген тарыхый маалыматтар чаӊ басып жаткандыгын кɵп айтышар эле. А тургай кытай тилин билген адис катары сен ушул нерсеге кол уруп кɵрбɵйсүӊбү дешип мага багыт беришчү. Ошондуктан, 2017-жылы Манас университетине Тарых факультетине тапшырып ɵтпɵй калгам. Бир жыл бою даярданып, кийинки 2018-жылы кайрадан кирүү сынагына катышып, бул жолкусунда ийгиликтүү университетке докторантурага кабыл алындым. Чындыгында, кыргызстандык күчтүү синологдор Муратбек Иманалиев, Таалай Бейшеналиев , Кубаныч Жусаев агайлар ж. б. кытай жазмаларында кыргыздар жɵнүӊдɵгү кɵптɵгɵн илимий иштерин жазып келишкен. Ошондуктан, мен да ошол агайлар сыяктуу синолог адис болуу максатымды алдыма коюп, ɵлкɵмдүн синология илимине ɵзүмдүн кичинекей болсо да салымымды кошууга бел байладым. Ошентип, тарыхка, анын ичинде кыргыздар тууралуу жазылган маалыматтарды изилдɵɵ иштерине кызыгуум артып жүргɵн учурда 2019-жылы Бишкек шаарында чоӊ иш чара ɵттү. Кыргыздын белгилүү тарыхчысы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяз Молдокасымов жетекчилик кылган бул иш чарада КРдин Президентинин администрациясына караштуу “Мурас” коомдук фонду кытайлык кесиптештер менен биргеликте Кытай башчысы Си Цзиньпиндин республикабызга иш сапарына келгендигине байланыштуу илимий-конференция ɵткɵрүштү. Мен ушул иш чарага котормочу катары катыштым. Бүткɵн соӊ Кыяз агай менен тааныштым. Кыяз агай да тарыхка болгон кызыгуумду арттырып, Кытай коомдук илимдер академиясынын университетинде эски кытай, манжур тилдерин үйрɵнүү сунушун айтты. Ошентип, 2020-жылы Кытайда тарых жаатында магистратураны окууну баштадым, ал кезде карантин болгондуктан сабактар онлайн түрүндɵ жүргүзүлүп, Кытайга баруу кажети болбоду, бул ɵз учурунда менин Манастагы ишимди, докторантурамды, жана Кытайдагы магистратураны бир учурда чогуу алып барууга мүмкүнчүлүк түздү. Кытай менен Кыргызстандын убактысы ортосунда 2 саат айырмачылык болгондуктан, Кыргызстан сааты боюнча эрте менен саат 6дан баштап Кытайдагы сабактарымды алып, күндүзгү убакытта болсо, жумушум менен Манастагы докторантурамды окуп жүрдүм. 2023-жылы ушул эле “Мурас” фондунун колдоосу менен Кытайга илим сапарына жол алдым.
– Ылайым ошол максатыӊызга жетиӊиз. Темабызга кайталы. Азыркы күндɵ республикабыздын кɵптɵгɵн окуу жайларында кошуналардын тилин үйрɵтүп жаткан факультеттер, ошолорду аяктаган студенттерибиз да аз эмес. Алардын арасында сизди ээрчигендер болбодубу?
– Ырас айтасыз. Бүгүн Кыргызстандын кɵптɵгɵн жогорку окуу жайларында кытай тили боюнча жаштарыбыз окуп жатышат. Бирок, кɵпчүлүгү окууну бүткɵн соӊ бизнес, котормочулук ж. б. жаатына кетип калып жатышат. Илимге, тарых изилдɵɵ иштерине баш баккандары аз, жокко эсе десем да болот.
– Ананчы, илим изилдɵɵ чындап чымыркануу менен сабырды талап кылат. Айрыкча азыр бүт баары акча менен салыштырып, ɵлчɵнүп жаткан бүгүн илимге кызыккандар ɵтɵ аз. Анын үстүнɵ илимдин натыйжасы да кыска убакытта чыга калса кана десеӊиз?
– Ооба, “Илим изилдɵɵ ийне менен кудук казагандай” деп бекеринен айтпаптыр. Аутенттүү тарыхый булактарга таянып чыныгы илимий макала жазуу абдан кɵп убакыт жана түйшүктү талап кылат экен.
– Ошентип, жогоруда белгилегениӊиздей, агайлар сизди элибиздин, мамлекетибиздин тарыхы, келечек үчүн илим изилдɵɵгɵ салым кошкон болосуӊ дешип илим сапарына аттандырышкан турбайбы?
– Дал ошондой болду. Азыркы учурда тарых илим жаатында бир магистратура жана докторантура программалар аяктап, тарых боюнча экинчи докторантурамды окуп жатам.
– Канат, синолог-тарыхчы катары айтыӊчы: Чындап эле кыргыздар жɵнүндɵ тарыхый жазма булактарында маалыматтар кɵппү?
– Мен ɵзүм изилдеген доорго гана жооп бере алам. Менин изилдеген доорум Кытайдын акыркы династиясы болгон Цин династиясынын доору. Бул доорго тиешелүү кɵптɵгɵн тарыхый кытайча булактарда жана манжурча архивдик документтерде кыргыздар тууралуу кɵптɵгɵн маалыматтар бар.
– Демек, андай тарыхый булактар менен таанышуу үчүн байыркы жана азыркы кытай тилинин ортосундагы “тосмолор” бар турбайбы?
– Азыркы колдонулган кытай тили менен Цин доорундагы кытай тилинин да айырмасы бар. Албетте, булактарды окуп түшүнүү үчүн ал тилди да үйрɵнүү керек. Ал эми манжур тили бул такыр башка тил. Бүгүнкү күндɵ дээрлик жок болуп калган тил болуп саналат.
– Анда сизге байыркы кытай тилин үйрɵнүүгɵ туура келиптир да?
– Ооба. Негизи 2018-жылдан байыркы кытай тилин үйрɵнɵ баштаган болчум. Жогоруда айткан иш чарада Кыяс агай кыргыздардын тарыхы дагы 3 миӊ жыл нарыраак жылып жаткандыгы тууралуу жазылган бир макала жɵнүндɵ айткан болчу. Буга чейин Сыма Цяндын берген маалыматы боюнча кыргыздар жɵнүндɵ б. з. ч 201-жылда алгачкы жолу тарыхый булактарда эскерилгендиги туурасында кабарыңыздар бар.Ушул тарыхый булактын негизинде Аскар Акаевдин убагында 2200 жылдыгын белгилегенбиз. Ал эми Кыяс агай айткан макалага карасак, кыргыздардын тарыхы дагы 7 кылым эрте деп жазылып жатат. Макаланы болсо жɵнɵкɵй катардагы окумуштуу эмес, Кытайда чоӊ абройго ээ Юй Тайшан деген чыгаан тарыхчы жазып жатпайбы. Ал азыр 90 жашта. Ошол киши биз, кыргыздар тууралуу макаланы мындан он жыл мурда жазып коюптур. Ал макалада “цзюань-хан” деген эл бар экен деп айтылат. Ушул сɵздү эски кытай тилиндеги “кыргыз” деген сɵздүн транслитерациясы болгон деген кɵз карашты билдирген. Деген менен, автордун бул гипотезасы дагы да кɵз карандысыз булактардын негизинде такталууга тийиш.
Азыр мен изилдеп жаткан илимий ишим Кытайдын акыры Цин династиясынын доорундагы (1644-1911-жылдар) мезгилдеги кыргыздар менен кытайлардын карым-катнашы десем туура болот. Жогорудагы мезгилдеги маалыматтар, жүргүзүлгɵн иш кагаздары Кытайдын биринчи архивинде сакталган. Чынын айтсам, ал жерде миллиондогон архивдик маалыматтар бар. Анын ичинде кыргыздар тууралуу маалыматтарда кɵп.
– Сɵзүӊүзгɵ аралжы, ошол кошуналардын биринчи архивине биз тууралуу кɵптɵгɵн маалыматтар кайдан барып калышы мүмкүн?
– Бул суроону тарыхка кызыккандар менден кɵп сурашат. Негизи Чыгыш Түркестан 18-к. орто ченинде Цин тарабынан каратылган. Алар Кашкар аркылуу кыргыздар, казактар жана Кокон хандыгы менен соода-сатык жүргүзүп, алакада болушкан. Ошол соодегерлери аркылуу, алар менен бирге келген элчилери жана башка адамдар бул аймактагы элдердин жашоо-турмушу тууралуу маалымат алышып турушкан. Ал маалыматтарды отчет катары императорго жиберишкен. Андай маалыматтар бүгүнкү күндɵ жогоруда айтканыбыздай Кытайдын биринчи тарыхый архивинде сакталып турат. Бул архивдик документтер 20 к. аягынан бери илим чɵйрɵсүндɵ колдонула башталган.
– Тарыхчы катары сиз да ошол №1 архивге кирүүгɵ кызыгып жүрсɵӊүз керек?
– Бул тилегим турмушка ашкан. Мен ошол архивде илимий ишимди улантуудамын. Ал жерде кыргыздар тууралуу 3000ге жакын архивдик документтер бар. Алар Цин империясынын убагындагы маалыматтар болуп эсептелет.
– Сиз ошол тарыхый маалыматтарды изилдеп жатыпсыз да?
– Ооба. Бирок кызыгы ал маалыматтардын дээрлик кɵпчүлүгү манжур тилинде. А манжур тили жок болуп кеткен тилдердин катарына кирет. Кытайлардын арасында болсо манжур тилин белгендер да дээрлик аз.
– Демек, илимдин артынан сизге манжур тилин да үйрɵнүүгɵ туура келип жатыптыр да?
– Ошондой. Негизи тил жагынан караганда манжурлардын тили Алтай тил тайпасына кирип кетет. Моӊголдордукуна жакыныраак. Түрк тилдери менен да орток сɵздɵр коп колдонулган. Бул жагынан мага жеӊил болду. Анын үстүнɵ, манжур тили кандайдыр бир деӊгээлде кытай тилинин да таасири астында ɵзгɵрүүгɵ дуушар болгон. Мен алгач, ɵзүмдүн кытайлык жетекчимдин сунушу менен ошол маалыматтарды колдонуу менен адыгыне уруусунан Ажы бийдин ишмердиги тууралуу маалыматтарды изилдɵɵгɵ кириштим. Ал тууралуу макалам “ОшМУнун жарчысына” чыкты. Ажы бий тууралуу маалыматтардын арты менен мен кыргыздар тууралуу дагы кɵптɵгɵн тарыхый маалыматтарга ээ болдум. Мен колдонгон манжурча документтерде Анжияндын тегерегинде кыргыздар отурукташканы, дыйканчылык, соода-сатык менен алектенишкендиктери маалымдалат. Аны менен катарда ошол учурда Фергана чɵлкɵмүндɵ Ажы бий менен кокондук Ирдана бийдин таасири күчтүү экениди айтылат. Экɵɵсү таасир талашууда бири-бири менен кадимкидей атаандаш болгондугу баяндалат.
Анжияндын тɵрт беги кыргыз беги Ажы бийге баш ийгендиги, Кокондун Ирдана бий да кыргыздарга таасирин ɵткɵрүүгɵ аракет кылып жаткандыгы туурасында да жазуулар бар. Ирдана бий аймакта кыргыздардын таасирин жоготуу максатында Цин империясынын императоруна кыргыздын бийлиги коркунуч жаратып жатат маанисинде кат жазат. Ошол эле учурда Ажы бий да ушундай эле мазмундагы каты менен императорго элчи аркылуу кат жиберген. Каттын мазмунунда Бухарадан баштап Кашкарга чейин кыргыздардын башын бириктирген хандык кылам деген оюн айтат. Кытай элчилери императоруна жиберген маалыматтардын арасында Кокон хандыгы жаӊыдан түптɵлүп жаткандыгы, ага карабай Фергана ɵрɵɵнүндɵ кыргыздардын саясий жактан таасири күчтүү экендиги жазылган. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, императорго жиберилген маалыматтардын арасында кыргыздардын уруулары ɵзүнчɵ бийлери тарабынан башкарылгандыгына карабастан, аларга сырттан кооптуулук пайда болгон учурда, бир ууч муштумга бириге алыша тургандыгын байкоого болот. Ушул эле нерсе Цин империясы Чыгыш Түркестанга бастырып киргендеги кырдаалда даана байкалган. Ушундай эле кɵз караш орус тарыхчыларынын эмгектеринде да айтылат. Мисалы, Чокон Валихановдун эмгектеринде да Цин империясы Чыгыш Түркүстанга бастырып киргенде Орто Азия элдери, анын ичинде кыргыздар каапырлар бастырып келе жатат деп бириккенге аракет кылышат. Ошол мезгилде Адигине уруу биримдиги түзүлɵт. Ага адигине менен бирге ичкилик уруулары жана башкалар кирген. Андан тышкары Анжияндын бектери баш ийгендиги жазылган. Демек мындан кыргыздардын таасири Анжиян аймагында күчтүү болгондугунан кабар берет.
– Жанагы жазылган каттарга Кытай императору тарабынан эмне деген жооп берилет?
– Цин императору менен Ирдана бийдин экɵɵсү келишимге келет. Экɵɵсү теӊ Фергана ɵрɵɵнүндɵ эки жактан кыргыздардын таасирин жоготууга аракет жасашкан. Башкача айтканада, алар кыргыздардын биригишин каалашкан эмес. Бул нерсе бир гана Ирдана бий үчүн эле пайдалуу болгон эмес. Ошол эле учурда кыргыздардын чачыранды болуп турушу Цин бийлиги үчүн да пайдалуу болгон. Анткени Адигине бирикмесинин башында турган Ажы бий Цин империясына козголоӊду уюштуруп турган кожолорду тикелей болбосо да кыйыр түрүндɵ колдоп турган. Анан, албетте, бул нерседен кабардар болгон Цин императору Ирдана бийди колдогон. Анын айынан Ажы бий бийлеген кыргыздар Фергана аймагынан сүрүлүп олтуруп, тоо этектерине жайгашып калгандыгын маалыматтардан кɵрүүгɵ болот. Бир убактарда Ирдана бий Ошту да басып алган. Бирок кийин кыргыздар кайра кайтарып алышат. Бул тууралуу мен “ОшМУнун жарчысына” чыккан макаламда кеӊири жазганмын. Сайтында да бар. Каалоочулар “ОшМУнун жарчысы” расмий сайтына кирип макала менен кеӊири таанышса болот.
– Ыӊгайы келери менен биз да окурмандарыбызды ошол тарых бүктɵмдɵрүндɵ жаткан кызыктуу фактылар менен тааныштырабыз.
– Сиздерге алдын ала ырахмат. Манжурча үйрɵнүп баштагандан бери Ажы бий тууралуу бир топ маалыматтарды изилдедим. Чындыгында, кытайларда, жогоруда белгилеп ɵткɵнүбүздɵй, кыргыздар тууралуу маалыматтар миӊдеп саналат. Тек гана аларды тереӊ изилдɵɵ үчүн эӊ биринчи, албетте, убакыт талап кылынат. Анан байыркы кытай, манжур тилдерин жакшы билүү керек. Ар бир кол жазманын түшүнүү үчүн түзүк эле убакыт талап кылынат. Ошентип олтуруп сапаттуу бир макала жазуу үчүн айлап, жада калса жылдап убакыт талап кылынат. Мындан тышкары котормо иштери менен деле алектенип жатамын. Анан жакында эле “Манас” эл аралык университетинде докторлук диссертациямды жактадым. Ошол докторлук ишимде кытайлык тарыхчылардын кыргыздар тууралуу эмгектерин изилдедим.
– Канат мырза, акыркы учуларда тарыхый токумачылык, башкача айтканда, болбогон нерсени болгон, жок нерсени бар кылып жазгандар, айткандар аябай кɵбɵйүп кетти. Мисалы Кытайда кыргыз тили ырасмий тил болгон деп жазгандар да болду окшойт.
– Андайларга тек гана башыӊды чайкап күлкүӊ келет. А илим тактыкты талап кылат
– Кытайда мамлекет тарабынан илим, билимге кандай кɵӊүл бурулган?
– Ɵзүӊүздɵргɵ маалым болгондой, Кытай азыр аябагандай ɵнүгүп жатпайбы. Илимге, билимге ɵтɵ мыкты колдоо кɵрсɵтүлɵт. Илим жолундагыларга да жогорку деӊгээлде колдоо кɵрсɵтүлɵт. Кубандырганы – бизде да илим, билим тармагын колдоо жаатында Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан жакшы иштер башталды. Президентибиз тарыхты изилдɵɵ үчүн “Мурас” коомдук фондун каржылоого жардам берип жатат. Мугалимдерибиздин айлыгы кɵтɵрүлдү. Буйруса бул нерселер келечекте ɵз натыйжаларын берет деген ишеничтемин.
– Канат мырза, кеп соӊунда убакыт бɵлүп биз үчүн маек куруп бергениӊе тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Илимиӊизге, иштериӊизге ийгилик каалайбыз.
– Сиздерге да чоӊ ырахмат.
Маектешкен Нуркамил Абдуллаев


