Уйлар бөлүнсө – жолборс сүйүнөт
(Бирма жомогу)
Илгерки бир заманда токойдон алыс эмес жерде уйлар оттоп жүрүшчү экен. Алар дайыма чогу жүрүшүп, бирөөсү да бөлүнчү эмес. Ал эми токойдо болсо жолборс жашачу. Ал жаман куу жана арамза болуптур. Көптөн бери бир уйдун кардын жарсам деп эңсеп жүрчү, бирок уйлардын тобу таштай бекем болуп ширелгендиктен, бир уйду бөлүп алуу мүмкүн эмес эле. Анда жолборс уйлардын ортосуна чок салып, топту бузууну ойлонот. Бир жолу ал четте оттоп турган уйга келип мындай деп шыбырай баштайт:
– Эй, шуңшуйган мүйүздүү, кулак түрсөң мага! Сен билесиңби, тээтиги мүйүзү ийри, капталдары кирип турган уй сени сүзүп салсамбы деп эңсеп жүргөнүн?
Анан жолборс башка уйга акырын жакындап келип, мындай дейт:
– Эй, узун куйруктуу! Мен карасам, сен эч нерседен кам санабай гана оттоп жүрөсүң. Же сен көрбөй атасыңбы тээтиги шуңшуйган мүйүздүү уйду. Карасаң, ал тим эле керсейип, сени сүзүп гана салгысы бар!
Уйлар куу жолборстун сөздөрүнө ишенип, бир-бирине ишенбестик менен карай башташат. Көп өтпөй болбогон бир нерседен чыр чыгып кетет. Ошондон баштап алар мурдагыдай чогуу жүрүшпөй, ар бири өз алдынча оттоп, өз алдынча сууга барып, бөлүнүп кетишет.
Жолборско ушул гана керек болчу да. Ал шуңшуйган мүйүздүүнү да, узун куйруктууну да, мүйүзү ийри, капталдары кирип турганды да бир-бирден жара баштайт. Акыры ал бүт топту жеп бүткөн экен.
Ошондон кийин элде: “Уйлар бөлүнсө – жолборс сүйүнөт”, деген сөз калыптыр.
Которгон Марат Токоев
Pingback: Жомоктор — Кыргыз маданият борбору