Skip to content
- Чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө жеткенче.
- Эбепке – себеп, эгиз улакка – айры шыбак.
- Эбин тапкан – эки ичет, эңсеси каткан – бир ичет.
- Эгем бир улак жаратса, бир түп шыбак кошо жаратат
- Эгин айдоо – байлык айдоо.
- Эгиндин жайын эккен билет, арабанын жайын чеккен билет.
- Эки арамза дос болбойт.
- Эки байдын ортосунда кедей байыбайт.
- Эки баш бир казанда кайнабайт.
- Эки бээлүү – эл сактайт, жалгыз бээлүү – жан сактайт.
- Эки жакшы жайлоого чыкса – кудалашып түшөт,
Эки жаман жайлоого чыкса – кубалашып түшөт.
- Эки жакшы кас болбойт,
Эки жаман дос болбойт.
- Эки жинди бир кетти, эсен барып, соо келсин.
- Эки кеменин башын кармаган сууга кетет.
- Эки кырчаңгы бир токойдон табышат.
- Эки нар жөөлөшсө, ортосунда кара чымын кырылат.
- Эки өчтүүнү бир күчтүү кошуптур.
- Эки сарыдан маймылча туулат, эки карадан каргача туулат.
- Эки таш беттешсе күкүм болоор.
Эки баш эптешсе бүтүм болоор.
- Эки тоо кошулбайт, эки киши көрүшөт.
- Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат.
- Эксең эгин, ичерсиң тегин.
- Эл – мазар, элден чыккан – азар.
- Эл – ыйык, элден чыккан – суюк.
- Эл болбосо, эр болбойт.
- Эл дөөлөтү – эмгек, эмгек баарын жеңмек
- Эл ичи – алтын бешик.
- Эл ичинде эл жүрөт.
- Эл камын ойлогон — көктөйт, өз камын ойлогон — өспөйт.
- Эл каргаса, жерге батпайт.
- Эл оозунда элек жок.
- Эл үчүн эрги, журт үчүн жүгүр.
- Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
- Эл менен эрегишпе, эр менен жоолашпа.
- Элдүү жерде элек бар.
- Элдүү түлкү ачка өлбөйт.
- Элинен безген — эр оңбос,
Көлүнөн безген — каз оңбос.
- Элиңде жаманың болсо, эрмегиң ошол.
- Элүү жылда – эл жаңырат, жүз жылда – жер жаңырат.
- Эмгеги аздан өнмөгү аз.
- Эмгек адамдын үзүрү.
- Эмгек барда өнмөк бар.
- Эмгек даңкка жеткизет.
- Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан
- Эмгек кылсаң өнмөк бар.
- Эмгек кылсаң эринбей, тоет кардың ар дайым.
- Эмгек менен тапкан малың, өлгөнүңчө мүлк болор.
- Эмгек эрдикке жеткирет, эрдик элдикке жеткирет.
- Эмгектен артык эм жок,
Кайраттан артык дем жок.
- Эмгектен арыктасаң, түшүмүнө семиресиң.
- Эмгектен качсаң – дөңгөккө, дөңгөктөн качсаң – аңгекке.
- Эмгектүүнүн аты калат, эмгексиздин даты калат.
- Эмгектүүнүн наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
- Эмдик боз минсең, оозуң тарт, элдүү жерде тилиң тарт.
- Эмне эксең, ошону оросуң .
- Эне – үй-бүлөнүн жүрөгү,
Ата – үй-бүлөнүн тиреги.
- Энеге баланын алалыгы жок.
- Эненин көөнү балада,
Баланын көөнү талаада.
- Энесин көрүп кызын ал,
Эшигин көрүп төрүнө өт.
- Эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче,
- Эпкиндүү болсоң элиң сүйөт, курбу-курдаш теңиң сүйөт.
- Эпчил эки ичет.
- Эр – бир өлсө, эс – миң өлөт.
- Эр – улан болбойт, ат – кунан болбойт.
- Эр – эгиз, эмгектүү – жалгыз.
- Эр азыгы – элден, бөрү азыгы – жолдон.
- Эр айласы – бир, катын айласы – миң.
- Эр ачкадан өлбөйт, арынан өлөт.
- Эр болсоң, көк бол, айткан сөзгө бек бол.
- Эр жаңылып колго түшөөр,
Куш жаңылып торго түшөөр.
- Эр жарасыз болбойт.
- Эр жигит бирде мырза, бирде кул.
- Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
- Эр жигит элин сагынат, өрдөк, каз көлүн сагынат.
- Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
- Эр жигиттин жакшысы, эгин айдап, мал күтөт.
- Эр карыса да, ой карыбайт.
- Эр соргогу – үй толтурат, катын соргогу үй курутат.
- Эр тамагы – элден, бөрү тамагы – жолдон.
- Эр төрөгөн эл өлбөйт.
- Эр эмгегин эл жебейт, эл эмгегин жер жебейт.
- Эрге ишенгенче, эки босогоңо ишен.
- Эрди – катын бир үйдүн айы менен күнү.
- Эрди – катын урушат, эси кеткен болушат.
- Эрди карыганда, атты – арыганда көр.
- Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты.
- Эрдин даңкын алыстан ук.
- Эрдин күчүн эл сынайт.
- Эри сүйбөс катынга эндик – упа не пайда?
- Эринчээктин колу тийбейт.
- Эришине жараша – аркагы, эшегине жараша тушагы.
- Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун.
- Эркиң жетсе, эки кулагыңды чой.
- Эрте аттанган кеч калбайт,
Элдүү түлкү ач калбайт
- Эрте турган жигиттин – ырысы артык, эрте турган аялдын – бир иши артык.
- Эртенки куйруктан, бүгүнкү бөйрөк жакшы.
- Эртең – макул, бүгүн – жок.
- Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык.
- Эсептешкен дос болбойт.
- Эсептүү дос айрылбас.
- Эсери болбой, эл болбойт.
- Эсиң барда – этегиңди жап.
- Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт.
- Эстүү – көпчүл, эселек – тууганчыл.
- Эстүүнүн алдында бас,
Бирок жиндиден артка кал.
- Эт жасаган колун жалайт.
- Эт жебеген жырткыч жок.
- Эт көрбөгөн – чоң сугунат, ун көрбөгөн – бор сугунат, туз көрбөгөн – шор сугунат.
- Эт менен челдин ортосунда.
- Этекке жетсе, жеңге жок, эңгиреткен дүйнө бок.
- Этекти кессең, жең болбойт, эзелки душман эл болбойт.
- Этим тургай, табагым жок.
- Эчки сүйөт баласын, «тентегим» деп, кой сүйөт баласын, «жөнтөгүм» деп.
- Эшеги – бир теңге, токуму – миң теңге.
- Эшегине жараша – тушагы.
- Эшегинин тушагы жок, төөсүнө чом жасар имиш.
- Эшек оонаган жерде түк калат, түк калса да жөн калбайт.
- Эшек такалаганча, бекер иштеген жакшы.
- Эшек ташыйт, ат жейт.
- Эшекти отко айдасаң бокко качат.
- Эшектин жүгү жеңил болсо жатак болот.
- Эшектин кулагы узун,
Ушакчынын тили узун.
- Эшектин күчү – адал, сүтү – арам.
- Эшиктен кирип, төр меники дейт.
- Ээгиндеги сакалың, эрксиз жүрсөң агарат.
- Ээн баштык менен тапкан малың, өз башыңа жүк болор,
- Ээси арамза болсо, аты чакар болот.
- Ээси келсе, бээсин бер.
- Ээси көрмөксөн болсо, малы көтөрүм болот.
- Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт.