Skip to content
- Паанасы жок сайдан без.
- Паанасы жок сайдан кач, кайры жок байдан кач.
- Падыша тукумун жеке уул даңазалабайт.
- Пайгамбар баарына асыр.
- Пайгамбар барына назир (ыраазы).
- Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр.
- Пайгамбар кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес.
- Пайгамбарга бар назир.
- Пайданы башыңа кыл, башыңдан артса досуңа кыл.
- Пайданы көрсө соодагердин шакыйы кармап, чыдай албай, буту менен эмес, төбөсү менен чуркайт эмеспи.
- Пайданы өз башыңа кыл, башыңдан артса башкага кыл.
- Пайдасыз тууган – чекеге чыккан чыйкан.
- Палан жерде алтын бар, өз жериңдей кайда бар.
- Паракорлор кызыгат бир токочтук тыйынга.
- Пейил күтсөң, битир бергенди унутпа.
- Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт.
- Пейли жакшы кем болбойт.
- Пейли жакшыны кудай табат, пейли жаманды ит кабат.
- Пейли жаман кишиден күтөт, өз ашын жашырып ичет.
- Пейли кенен – калысчыл, пейли тар – арызчыл.
- Пейли кеткен пенденин казанынан аш кетет.
- Пейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
- Пенде пейилинен табат.
- Перзент белдин (жандын) кубаты, берен (болсо) элдин кубаты. (Камкор малдын кубаты).
- Перилердин ойной турган жери бар, аюунун чээни бар.
- Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
- Пулсуз калаа – көрксүз, гүлсүз талаа – көрксүз.
- Пулу бардын – кеби он, пулу жоктун– кеби тоң.
- Пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт.
- Пулун пулдай албаган, досун сыйлай албайт.
- Пулуң болсо, кулуңмун.