Skip to content
- Убада берсең, убарасына чыда.
- Убада берүү – арзан, аткаруу – кыйын.
- Убаданын жаманы – улам болжоп, тил эмизген,
Убаданын жакшысы – адамдык, абийирге ишенген.
- Уга турган жерге сүйлө,
Сиңе турган жерге куй.
- Уй сыйпаганды билбейт, жаман сыйлаганды билбейт.
- Уйдун сүтү тилинде.
- Уйку төшөк тандабайт.
- Уккан — улама, көргөн — көсөм.
- Уккан кулакта жазык жок.
- Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
- Улук болсоң кичик бол.
- Улууну укпаган – узабас.
- Урсаң- өлдүм, берсең – жедим.
- Урук сеппей эгин жок.
- Урушта туруш жок.
- Уста кандай болсо, шакирти ошондой.
- Уста менен дос болсоң нар кескенин аларсың.
- Уста сына турган буюм жасабайт.
- Устанын тогоосу жок.
- Уугум, сага айтам, уулум сен ук.
- Ууру – байыбайт, сук тойбойт.
- Ууру күчтүү болсо, ээси доого жыгылат.
- Ууру менен конок айттырып келбейт.
- Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
- Ууруну каракчы урат.
- Уурунун ичкени – ирим, жегени – желим.
- Уурунун куйругу кууш.
- Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат.
- Уялбаган буюрбагандан ичет.
- Уят өлүмдөн катуу.
- Уяты бар азамат, ишке түрсүн билегин.