Skip to content
- Ыза тозокко алып барат .
- Ый менен күлкү бирге жүрөт.
- Ыйлабаган балага эмчек жок.
- Ыйлашарга өз жакшы, сыйлашарга жат жакшы.
- Ыймандуу таап сүйлөйт,
Ыймансыз каап сүйлөйт.
- Ыймандуунун алары – алкыш.
- Ыймансыз тамак десе шашат, жумуш десе качат.
- Ыймансыз уул ата-энесин көргө сүйрөйт.
- Ыйманы болсо адамсың, ыймансыз болсоң наадансың.
- Ынсап – эч кимди кор кылбайт.
- Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот.
- Ынтымагың болбосо, ит менен кушка жем болорсуң.
- Ынтымак бар жерге ырыс уялайт.
- Ынтымак достордун жолун ачат,
Ынытымак болбосо – ырысың качат.
- Ынытымактуу үй-бүлөдөн ырыскылуу үлпөт кетпейт.
- Ыргыткан ташы өйдө кулаган.
- Ырчы менен думананын жүрбөгөн жери жок.
- Ырыс алды – ынтымак.
- Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагың жок болсо
Алдыңдан таяр алтын так.
- Ырыс качса, кут конбойт.
- Ырыскыны жер берет,
Ынтымакты эл сүйөт.
- Ырыскысы жоктун ырымы күч, таалайы жоктун табышмагы күч.
- Ырыскысыз адам болбойт.
- Ырыстууга жуучу келет, ырысы жокко – доочу келет.
- Ысабы жокко кашык салсаң, беш ууртайт.
- Ыштанына чычкан колун аябайт.