Skip to content
- Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт.
- Заман сага баш ийбейт, сен заманга баш ийесиң.
- Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.
- Заманына карай – күлкү, тоосуна карай – түлкү.
- Заманың бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол.
- Заманың кандай болсо, бөркүңдү ошондой кий.
- Заманыңа карай күлкү, тоосуна карай түлкү.
- Зер кадырын зергер билет, жез кадырын жезчи билет.
- Зордукчуга мал жокпу.
- Зордун түбү кор болот, байдын түбү ачка өлөт.
- Зулум эшиктен кирсе, ырыс түндүктөн качат.
- Зыкым бай кедейден жарды.