Баш ыргытуу

Бул – жакшылыктын жышаанасы. Бир өтөөлүү иштердин натыйжасы үчүн жандыкты курмандыкка чалуу, т.а. кыргыздар боз үйдүн түндүгүн адеп көтөрүү учурунда ага атайын арнап кой-эчки, а мүмкүн, бардарлар тай-торпок союш салты бар. Бул устун көтөөрүүдө да бар. Ал аркылуу кутмандуу карыялардын, набаттуу байбичелердин, журт жакшыларынын, билермандарынын, улуктардын баталарын, алкыштарын алуу наркы болгон. “Ушул үй куттуу болсун”, “балдар төрөлсүн, кыз чыксын, алардын дендери сак, курсактары ток, көңүлдөрү чак болсун”, “Үй ээсинин мартабасы артылсын”… Мисалы, карыянын балага бата тилегени:

“Өмүрүң бек болсун,
Акылың көп болсун.
Төгөрөгүң төп болсун,
Сөздөрүң эп болсун,
Душманың жетпесин,
Дөөлөтүң кетпесин.
Кайгыга чөкпөсүн,
Көңүлүң көктөсүн,
Кыдыр Алекисалам жолдосун,
Оомин, аллоху акбар!”

“Кыргыз Web” сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.