Бешик – бизге Умай энеден калган таберик

Бешик кандай түзүлгөн?
Бешик талдан, жаңгактан, арчадан жасалат. Эң баалуусу – арча бешик. Бешикти жасоодо байыркы акылман усталар бардык ыңгайлуулуктарды эске алышкан. Мисалы, бешиктин баш жагындагы алкакка тирөөч коюшкан. Бул тирөөч аяк жагында жок. Анткени, эне бешикке салмагын салып эмизгенде тирөөч кармап турат. Ошондой эле бешиктин эки таманына жаа сымал жыгачтар ашталып, алар бешиктин термелишин жеңилдетет.

Мындан он жыл мурун деле, жүз жыл мурун деле энелер алдей ырын ырдап, бешик терметишкен. Бешик – көптөгөн Орто Азия элдеринин, анын ичинде кыргыз энелеринин алмашкыс жардамчысы болгон. Бул ыйык буюмдун качан пайда болгонун эч ким билбейт, бирок, көчмөн турмушта кеңири колдонулганы баарыбызга белгилүү. Биздин көчүп-конуп жүргөн элибиз үчүн бешик эң зарыл буюм эле. Анткени, ал оңтойлуу жасалган. Кокусунан бала бөлөнгөн бешик аттан оодарылып кетсе да баланын эти оорубайт, башы жерге тийбейт. Аны бешик сактайт.

beshikЖабуулары – бешикти сыртынан жабуучу кездеме. Жайкы жабуу баланы чымын-чиркейден сактоо үчүн тордон тигилет. Кышкы жабуу балага жылуу болуш үчүн калың кездемеден – баркыттан тигилет.

Боортко – баланы байлоо үчүн жумшак кездемеден тигилген жазы курлар. Бала муну менен эки жеринен: тизесинен жана төшүнөн таңылат. Төшүн таңуучу боортко узунураак жана кененирээк болсо, бутун таңуучу боортко кыскараак жана куушураак болот.

Олпоктору – күлтүктүн орду оюлган үч кабат төшөк. Эң астыңкы олпоктун ичине арчадан салып тигишет. Бул баланы бешик курттан сактайт. Анын үстүнө баланын асты калың болуу үчүн эки катар төшөк салынат.

Шимек – заара агып, күлтүккө түшүүгө ыңгайлашкан буюм. Шимекти адатта койдун шыйрак сөөгүнөн жасашкан. Учурда жыгачтан жасашат. Жыгачтан жасалган жаңы шимекти кызып турган майга салып, бир кайнатып алуу керек. Андан соң күнгө жакшылап кургатат. Ошондо жыгачтын майда таарындылары жоголуп, сыйда болот. Шимек эркек балага өзүнчө, кыз балага өзүнчө жасалат.

Күлтүк – баланын заарасы менен заңы түшүүчү идиш. Адатта бул идиш чоподон же жыгачтан жасалат. Бирок, азыркы күндө айнектен, пластмассадан жасалган идиштерди да колдонуп жүрүшөт. Сийдик ары-бери чайпалып, чачырабаш үчүн күлтүккө топурак же күл салып коюшат.

Жаздык – баланын башына коюлат.

Бут ороосу – баланын үстүн жабуучу жууркан.

«Леди.kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.