Кыргыз тагдырын татаалданткан тарыхый адашуулар
“Теңир ордо” фондунун негиздөөчүсү Дастан САРЫГУЛОВ менен бу жолу кыргыздын өз жолу, анын адашуусу, кайрадан оңолуусу боюнча маек курдук.
– Өткөн саныбыздагы маекте кыргыздын улуулугу жөнүндө сөз болду. Кыйналган элибиздин бүгүнкү абалына кайрылып, сөз улантсак. Бул абалдан кыргызды кайсы саясатчы, партия, лидер, деги эле ким алып чыга алат?
– Кыргыздын абалы өтө оор. Мекендин ыйыктыгы, улуттун улуулугу унутулду… Ал ишке ашмак түгүл, сөз жүзүндө да айтылбай калды… Өзүмчүлдүк, алдап, уурдап, тономой, баарына жырткычтык мамиле кылуу жашоо шартка айланды. Уялбай келечек муундардын эсебинен, алардын моюнуна карыз акча илип жашап жатабыз. Бийлик элге кам көрбөй, элди бакпай, эл бийликти багып калды…
Элдүүлүк жоготулду… Эл шайлоочулардын үнсүз, укуксуз калың тургундар тобуна айланды. Кыргыздын көбү тегин, тарыхын, санжырасын билбей, эне тилин сыйлабай, кыргыздын өзүн кемсинтип, басынткан жаман көрүнүш кеңири жайылды.
Улуттук намыс өлдү. Жапон, кытай, орус, немис, француз, араб өлкөлөрүндө жапон, кытай, орус, немис, француз, араб тилин билбеген адам өкмөт башына дайындалышы мүмкүнбү? Же болбосо, кытай, араб, орус, жапон элине 70-100 түтүн качкындар барып, аларга кордук көрсөтүп, зордоп, сабаганын элестетүү мүмкүнбү? Албетте, жок.
Мына, Петровка айылында, жакында эле тентип келген күрддөр кыргызды, орусту кордоп, зордоп, күн көрсөтпөй жатса, акчага сатылган чиновниктер күрддөрдү колдоп, кыргыз жигиттерин камакка алышты… Кана, кыргыз бириккени? Мекени кертилип, өзү тентип, кышы бою свети жок олтурса да кыргыз былк этпеген балык болду го…
Бир сөз менен айтканда, кыргыздын бүгүнкү абалын бир дагы саясатчы, партия оңой албай калды. Оңосо – кыргыз өзү гана оңой алат. Ал үчүн кыргызга кредит, акча, жабдык, партия, демократия ж.б. кереги жок. Эң алды – кыргыз жоготуп алган улуттук эс тутумун калыбына келтирип, ордуна коюп, улуттук намысына келип, өзүнүн аң-сезимин, жан дүйнөсүн өзгөртүшү керек. Кыргыз өзү өзгөрүлмөйүнчө – кыргыздын турмушу эгерим өзгөрүлбөйт, оңолбойт, аны эч ким оңой албайт.
– Заманга жараша кыргыз деле бөлөк элдердин катарында турмуш менен күрөшүп, алышып келатат. Өзү кантип өзгөрүлүшү керек?
– Эң алды – кыргыз өзү ким экенин таанып, билиши зарыл. Ал үчүн өз тарыхын, салтын, наркын, дилин билүү керек. Бул билим эне тилин билүүдөн башталат. Экинчиден, КПСС 70 жыл бою кыргыздын өз жолун бузуп, талкалап, кыргызга жукпаган, жакпаган, зыяндуу “интернационалисттердин”, улутсуздардын жолуна бирде күч, зордук менен кыйнап камап атып, бирде “токоч” (сыйлык, наам, даража ж.б.) менен “айдап”, “алдап” киргизген. Ушул бузулган жолдон чыгыш үчүн кыргыз далай адашуулардан кутулуп, аң-сезимин, көз-карашын “тазалап” алышы зарыл.
– Ал кандай адашуулар?
– Бул адашуулар ушунча көп, куржундун эки жагы толуп дагы беш таар капка салса да батчудай эмес.
БИРИНЧИ АДАШУУ. Кыргыз эл болуп XVI кылымда эле калыптанган, жазылган тарыхы деле жок, билимсиз, жапайы, маданиятсыз, алтайлык кыргыздарга эч бир тийешеси жок, жалкоо, ынтымаксыз, биримдикке келбеген чачыранды эл. Мамлекети деле болгон эмес. Манас – жомок, чындыкка эч бир жакындыгы жок апыртма. Бир сөз менен айтканда, Совет дооруна чейин эл сыягы деле болгон эмес, КПССтин аркасы менен феодал, капитализм доорлорунан аттап, дароо социализмге “секирик” жасады деген саясат – беш муун кыргыз элинин аң-сезимине уюп, кан-жанына сиңип, ишенимге айланып калган.
Ушундай карандай калпты 70 жыл бою айтып олтуруп, акыры КПСС өзү кыйрап, жок болду. Тарыхый чындык, мезгил өзү КПССтин далай жалган сөз, арам иштерине чекит коюп, анын өзүн жоготту. КПСС жок болгону менен, ал 70 жыл бою жүргүзгөн саясат бүгүн да кыргыздын аң-сезимин, ой-жүгүртүүсүн кое бербей, мыкчып, кул кылган боюнча бекем кармап турат.
Бул жалган маалыматтан, зор адашуудан тазаланып кутулмайынча, кыргыздын абалын эч ким оңой албайт, кыргыз ууру, шылуун, жойпуларга жем болуп, азаптан башы чыкпайт…
ЭКИНЧИ АДАШУУ. Кыргыз-стан аянты кичинекей, газ-мунайы жок, кен байлыкка жарды өлкө деп, эл башкара албаганын акташ үчүн акыры качып тынган президент кыргызды алдап келди. Иш жүзүндө, 93 өлкөнүн аянты Кыргызстандан кем (Сирия, Греция, Никарагуа, Куба, Корея, Венгрия, Португалия, Австрия, Эмират, Чехия, Грузия, Азербайжан, Израиль, Кувейт, Бельгия ж.б.)
Таза суу байлыгы менен 110 дүйнө өлкөсү Кыргызстандан кийин турат. Элинин сабаттуулугу менен Кыргызстан дүйнө боюнча 14-орунда (АКШ – 19, Россия – 22, Жапон – 31, Канада – 58, Малайзия – 94, Турция – 100, Кытай – 102-орунда) – Гуткин Л.С. “Человечество на рубеже веков”, Москва, “Логос”, 2003-ж. 21, 43, 111-беттеринен алынган маалымат.
ҮЧҮНЧҮ АДАШУУ. Кыргыз-дын биримдиги, ынтымагы жок болсо, бейиштин төрүндөй Мекенин перс, араб, кытай, калмак баскынчыларынын бирине да алдырбай миң жылдар бою коргоп, сактай алат беле? Бир атадан тараган жөөт, араб элдери канча жылдардан бери согушуп, кырылышып жатат? Теги, улуту бир ирак эли бирин-бири 40-50-100дөн жардырып, тынбай кан төгүп келатат. Афганистан, Пакистан элдеринде болгон кандуу окуяларды угуп, көрүп жатпайбызбы! Мына ушуну ынтымагы, биримдиги жок деп айтса болот.
XIX кылымдагы бугу менен сарыбагыштын, сарыбагыш менен солтонун чыр-чатагы негизинен сырткы күчтөрдүн кутумчулугунан чыккан, атайын кыргызды алсыратыш үчүн… Союз тарагандан кийин деле сырткы күчтөр кыргызды алдап, алсыратып, бөлүп, жарып, жакырлантып, арамза саясатын жүргүзүп келатпайбы?!
Партияларыңар көбөйсө демократия көп болот деп, 130 партия элди бөлүп, жарып келатат. Атаандашуу шайлоо демократиянын белгиси деп, айылдарыбыз алтыга бөлүнүп, атышканга чейин барганы жалганбы?
“Жер бөлүнсө эл бөлүнөт” деп бабаларыбыз ага жол бербей, дайыма жерди ортодо кармап келген. Калмактын кегин кууп, өчүн алган президент жерге жеке менчик киргизип, жер менен кошо элибизди да бытыранды кылып бөлүп салды.
Израил, Кытай жерге жеке менчик киргизбей эле өнүгүп, өсүп жатпайбы? Адам укугу деп, диний агымдарга кенен жол ачылып, кыргыз сөөк талашып, көр талашкан абалга жетти. Кудайды талашып калган эл эгерим бирикпегенин кыргыздын душмандары жакшы билишет.
ТӨРТҮНЧҮ АДАШУУ. Демо-кратияны кыргыз жаңы эле өздөштүрүп, үйрөнүп келатат. Демек, Баш мыйзамды ар эки жылда өзгөртө берсе болот деп, уурулардын, паракорлордун доорун түптөп, өлкөнү талкалаган президент кыргызды он беш жыл алдап келди.
Миң жылдар бою кыргыз накта демократия, болгондо да анын эң бийик, эң таза, дүйнө элдеринин көбү али да жете албаган үлгүсүндө жашап келди. “Адилет болбой эл жарыбайт. Эл байлыгы – Адилет, таянычы – Калыстык, келечеги – Акыйкат” деп дагы кайсы эл айтты эле?
Элди Адилет, Калыстык, Акый-каттан ажыратып алыс алып барып салган демократиянын “жемишин” жеп тойгон кыргыз тентип, тарап, жумушсуз, өз жеринде жетим, өз өлкөсүндө өгөй, уурдап, байыгандарга кор болгону жалганбы?
Кыргызды кыргынга учураткан жалган демократия элдин канын соруп ичкен паракорлорго, бийликти өз кызыкчылыгына гана иштеткен сүлүк курттарга керек болбосо, карапайым калың элге кереги жок.
Накта эл бийлигин кыргыз үч жолу менен жүргүзүп, бекем орнотуп, сактап келген.
Биринчи жол. “Кан бийлигинен нарк күчтүү”, “Салт элден өйдө” деп, ата-бабанын наркы, салты, адаты накта эл бийлигин камсыз кылып турган. “Салт бузулса эл бузулат” деп, салтты сыйлабагандарды элден четтетип, бөлүп салышчу.
Экинчи жол. Бийлерди эл шайлаган. Алар доо арызды элдин катышуусу менен, демек, калыс карап, чечкен. Бийлер өкүмүн адатка айланган элдин салтына ылайык чыгарган.
Үчүнчү жол. Бийликти элдин атынан эл өкүлдөр жүргүзбөй (азыркы элдин атынан каалаганын жасап, эч нерсеге жооп бербегендер эмес), кыргыз эли дайыма Элдик Курултай аркылуу өзү ишке ашырып келген. Натыйжада, коомдо адилет, калыстык сакталып, теңдик өкүм сүргөн.
“Элде болсо Тең болсун. Тең болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет” деп, кыргыз “Теңдикти Теңирим жалгайт” деп терең ишенген. Ошол үчүн кыргыз кулчулук, феодал ыплас доорлорунан оолак болгон. Бул кыргыз артта калгандын белгиси эмес. Тескерисинче, кыргыздын улуулугунун далили.
БЕШИНЧИ АДАШУУ. Бал-дарга адис – кесип билимин берсек эле алар бактылуу болот деген адашуу. Билим берүү тармагы так ушул ойго негизделген. Бул олуттуу ката экенин турмуш өзү күндө көрсөтүп турат. Кыргыз балдарына адам болуу билимин эң алды берчү. Аны менен бирге, бактылуу турмушка жол ачкан сабырдуу, кайраттуу, көтөрүмдүү, кечиримдүү, мээримдүү, боорукер, кайрымдуу, намыстуу, абийирдүү, уяттуу, кең пейил, ыймандуу, жылдыздуу, мээнеткеч, иштерман, тың, жооптуу, жөнөкөй болуу турмуш сырын өзүнө камтыган билимди кыргыз балдарына берчү эле. Азыр алардын бири да эске алынбай калды… Бул билимди албаган балдар эки-үч диплому бар, бирок, турмушта өз ордун таба албаган, адашып, ажырашып, бакыттан алыс, кыйналып, чайналып жатышпайбы…
Балдарыбыз кыргызды алты миң жыл сактап келген улуу мураска таянып жашаганы жакшыбы, же алты миң жыл тереңдигине кеткен рухий тамыры кыйылып, рухий селсаяк болуп жүргөнү жакшыбы? Акыл калчап көрбөйлүбү, туш келди уруна бербей?!
АЛТЫНЧЫ АДАШУУ. Чет өлкөлөр Кыргызстанга жардам берет деген адашуу. Өнүккөн дүйнө өлкөлөрүн туурап, аларды ээрчисек сөзсүз жакшы турмушка жетебиз деген адашуу. Чет өлкөлөр “жардамын” жөн эле бербейт. “Жардамдын” артында сөзсүз кандайдыр бир кызыкчылыктары бар Батыш “жардам берели” деп СССРди талкалаганын баарыбыз башыбыз менен тартпадыкпы! Же бул ачуу сабак бизге жетишпейби?
Өнүккөн өлкөлөр жырткыч, кыйраткыч болуп, элинин көпчүлүгү адам касиетинен кетип, айбан да жасабаган иштерге барганын күндө көрүп, угуп жатпайбызбы? Жылына төрт миллион кыз-келиндер сойкулук кулдукка араб өлкөлөрүнө сатылып жатканы жалганбы? Нечен миң тонна баңгизаттарды ошол өнүккөн өлкө жаштары пайдаланганы калппы?
Сойкулук, баңгилик, паракорлук, мыкаачылык, кылмыштуулук, өз жанын өзү кыйуу, таштанды балдар, кароосуз калган кемпир-чалдар кыргызга так ошол өнүккөн өлкөлөрдөн келбедиби? Же жалганбы?
ЖЕТИНЧИ АДАШУУ. Улут-чул болуу – жаман, интернационалист, космополит болуу жакшы. Адам укугун улуттан өйдө коюп, баалаш керек деген – зор адашуу.
Кыргыз – орус, немис, атүгүл казак, өзбек да боло албайт. Кыргыз кыргыз болбосо – ал бөлөк элдерге сиңип, жок болуу жолу менен баратканын билдирет. Кыргыздын тилин, наркын, салтын, санжырасын, тарыхын, дилин чангандар так ошол жок болуп, бөлөк элдерге сиңип кетүү жолун тандап алганын билишет болду бекен? Билишсе, кыргыз жерин таштап, ошол элдерге барып, арасында жашаса тезирээк сиңип кетишпейби, ыйык кыргыз жеринде телмерип жаткан бабаларыбыздын арбактарын кордобой?
Бул адашууларды улап олтурсак, гезит бети жетпейт.
“Жердин шартын эске алып, элдин салтын сактабасаңар – заманыңарды тааный албай, азапка учурай бересиңер” деген даанышман бабаларыбыздын акылын унутуп, улам артка кетип баратабыз. Кыргыздын оңолуусу – ата-бабаларыбыздын жолуна кайрылып, өзүн таанып, намысына келип, рухий жаңылануусунда гана. Элди уурдап, тоноп байыган саясатчыларда жана мансапка жетүү үчүн досун, элин, мекенин саткан мансапкорлордо эмес. Алар кызматка жетсе (аким, губернатор, элчи, министр, ректор, депутат, акыйкатчы ж.б.) ошол заматта эле элин да, мекенин да, баарын унутушат.
– Сиз өтө катуу айтып жаткан жоксузбу?
– “Түз сүйлөгүлө. Түз сүйлөбөсөңөр ооматыңар кетет, кутуңар качат” деп Адыл баатырдын (Атилла) аскер башчысы, төлгөчү Кара Төлөк бабабыз айткан экен.
Бурмалап сүйлөп олтуруп, бүгүнкү кейиштүү абалга келбедикпи.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Салтанат КЫДЫРМАЕВА, «Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2009-ж.