Табышмактар

 

* * *

Тап, табышмак
Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек
Күндүз көрөм,
Түндөсү көрбөйм.
(Күн)

 

Күнү-түнү тынбаган,
Бөлө чапса сынбаган.
(Суу)

 

Каза берсе түбү жок
Кайда барса жүгү жок
“Кадры” бар үнү жок
(Ой)

Эки күлүк бар
Биринен бири озот
Алдыны көздөй
Кадам созот
(Бут)

 

Бели ичке кылдай,
Бир мүнөт жөн турбай.
Көтөрөт тал куурай,
Өзүнөн кырк курдай.
(Кумурска)

 

Нөшөрлөп жамгыр басылды
Күн жаркып нуру чачылды.
Асмандан түстүү боёк жип
Ийилип жерге тартылды.
(Күн желе)
Абзий Кадыров

 

Чапаны ала-була,
Учканда кара буга.
Бирдеме көрүп калса,
Шакылдап салат чууга.
(Сагызган)

 

Абайла, ага тийбе,
Үстү толо ийне.
(Кирпи)
Айткулу Мамбетисаев

 

Жер үстүндө чачы,
Жер астында башы.
(Сабиз)

 

Тиши жок, тили бар,
Шаңшыган үнү бар.
ООзу курч ороктой
Алгырды билип ал.
(Бүркүт)

 

Колу жок, буту жок,
Терезеге сайма саят
(Аяз)

 

Ийнеси жок, жиби жок,
Тереземди саймалайт.
Тызылдатып эрте-кеч,
Бети-колум аймалайт.
(Аяз)

 

Жылгаяк тээп, жылып басат,
Кыш ичи иштеп, жай ичи жатат.
Алар жансыз, бирок төртөө,
Экөө бутта, экөө колдо,
Тогуз ай баспай,
Кыш түшкөндө болот жорого.
(Лыжа)

 

Уктаарында бүрүшүп,
Аяк-бутун жазданат.
Колтугун жыттап кырылдап,
Коңуругу таш жарат.
(Мышык)

 

Муруту бар, ээгинде сакалы жок,
Тону бар киерине, чапаны жок.
Пайдасы үй ичинен табылган соң,
Талаага барып келер сапары жок.
(Мышык)

 

Узун куйрук, кызгылт жүн,
Шек алдырбай жойлогон.
Айбан туруп өтө куу,
Ал эмне, ойлогун.
(Түлкү)

 

Түшүрбөй баштан калпагын,
Жарык кылат жан жагын.
(Лампочка)

 

Өзү бир, көзү миң.
(Элек)

 

Сүйлөөнү билбейт,
Арсылдап үрбөйт.
Кишиге тийбейт,
Бирок үйгө киргизбейт.
Кана эмесе, табалы,
Ойлонуп жообун айталы.
(Кулпу)

 

Өзү ачуу,
Тамакка салсаң таттуу.
(Туз)

 

Сууда өнөт,
Сууда өсөт.
Сууда бышып,
Суу менен желет.
(Күрүч)

 

Мейли оку оңунан,
Мейли оку соңунан.
Тынбай желчү кайсы даам,
Тамактардын баарынан.
(Нан)
Токтосун Самудинов

 

Башында топу,
Боорунда кулак.
Оозунан ичип,
Мурдунан куят.
(Чайнек)
Токтосун Самудинов

 

Жазылма түндүк төбөмдө
Жол бербейт жаан дегенге.
Көп өткөн элдин санынан
Калкалайт күндүн нурунан.
(Кол чатыр)
Абзий Кадыров

 

Суу ичпейт да, жем жебейт,
Каалашыңча мине бер –
Чарчабайт да, тердебейт.
(Велосипед)

 

Кызыл селде молдо бар,
Таңдан азан чакырат.
Кыя баспай дан көрсө,
Ошол замат катырат.
(Короз),
Абзий Кадыров

 

Уккан сөзүн кайталайт,
Өзүнчо эле кайкалайт.
Уят кылып койбосун,
Орой создү байкап айт.
(Тоту куш)
Абзий Кадыров

 

Жүнүн көрсөң үлпүлдөк,
Күндүз уктайт сүлкүлдөп.
Кечте көзү көрөгөн,
Жемин издеп жөнөгөн.
(Үкү)
Абзий Кадыров

 

Кубарбайт да, куурабайт,
Жайы дагы, кышы да.
Дайм кетпей сакталат,
Буркураган жыты да,
Бул эмне болучу?
(Арча)

 

Желими жок, мыгы жок,
Чебер уста жасаган.
Ал кандай жай, төрт мезгил
Ата-бабаң жашаган?
(Боз үй),
Байтемир Асаналиев

 

Жыланга окшош – сойлобойт,
Колдо тынбай ойдолойт.
Андан катуу сестенип,
Атың катуу жорголойт.
(Камчы),
Байтемир Асаналиев

 

Асманда койлор жайнайт,
Артынан койчусу айдайт.
(Жылдыздар жана Ай)

 

Аркалуудан оонабас,
Куйруктуудан шыйпаңдабас,
Жаактуудан кепшебес.
(Уй, Кой, Жылкы)

 

Бука моюндуу,
Буура сандуу,
Карчыга канаттуу,
Шумкар буттуу,
Жылан боорлуу,
Кылыч куйруктуу.
(Чегиртке)

 

Тетигин койсоң бурап,
Алысты жакын кылат.
Дүйнөдөгү укмуштар
Көз алдыңда турат.
(Телевизор)

 

Коңгуроосу шыңгырайт
Кулагыңа шыбырайт.
Сен сүйлөсөң, жооп айтат,
Бул эмне, билсең айт.
(Телефон)

 

Алтын көкүл атасы Аалам көркүн ачып турат,
Күмүш нурдуу карындашы көлөкөлөп качып турат.
Атасын айланып жүрөт, карындашы байланып жүрөт.
(Күн, жер, ай)

 

Аркы өйүздөгү карагай берки өйүзгө жыгылат,
Берки өйүздөгү карагай аркы өйүзгө жыгылат.
(Кирпиктер)

 

Жер үстүндө чачы,
Жер астында башы.Бул эмне?
(Сабиз)

 

Колу жок, согуп турат,
Буту жок, жүрүп турат.
(Саат)

 

Өзү таттуу, мупмуздак,
Бирок аны ичпейсиң.
Алып берсе идишин,
Катыратып бүт жейсиң.
(Балмуздак)

 

Гүлдөн гүлгө конушат.
Балдар кармап ойношот,
Бардык жерде болушат.
(Көпөлөк)

 

Бир үңкүрдө 32 бир тууган
(32 тиш)

 

Бир чынынын ичинде эки тамак бар.
(жумуртка)

 

Башы жарык,
Өзү арык.
Кармасаң турат,
Койберсең жатат.
(шланг)

 

Ымымылдак,
ымымылдактын үстүндө пышпышылдак,
пышпышылдактын үстүндө кайнар булак,
кайнар булактын үстүндө чийген камыш,
анын үстүндө кенен талаа,
кенен таланын үстүндө кара токой,
кара токойдун ичинде кара доңуз.
(ооз, мурун, көз, каш, чеке, чач, бит)

 

Элексиз элеп, даяр ун берет.
Жебейбиз аны, бирок турмушта керек.
Ар жылда келет.
(кар)

 

Атасы молдо,
апасы жорго,
кызы бийчи,
баласы ырчы.
(көпүрө, суу, балык, бака)

 

Жатсаң, турсаң колуңда,
Түшүрбөйсүң тагынып.
Ишти алып барасың,
Сен ошого багынып?
(саат)

 

Былк-былк, былк семиз,
Кабыргасы жок семиз.
(камыр)

 

Эки бир тууган, бирок бирин-бирин көрө алышпайт.
(көздөр)

 

Көктөн түшкөн көк буурчак,
Көз ачырбайт сабалап.
Жемиш бакты кыйратты,
Денелерин жаралап?
(мөндүр)

 

Кызыл селде молдо бар,
Таңдан азан чакырат.
Кыя баспай дан көрсө,
Ошол замат катырат.
(короз)

 

Кичинекей келинчек,
Күндө тебет селкинчек.
(сөйкө)

 

Байлап койсоң басып кетет,
Чечип койсоң туруп калат.
(бут кийим)

 

Элчи келди биздин үйгө сүйүнчүлөп,
Аты бар сонун, минейин десең заты жок.
Сүйүнчүсүнө эки кой энчилеп, соёюн десең сөөгү жок.
(наристе, бешик, эненин сүтү)

 

Жердиги ак, кыюсу кара,
Ача кайрык төрт талаа.
(калпак)

 

Өлөбай акем өлөм дейт,
Кырк баласы 40 жагынан жөлөйт дейт.
(түндүк жана кырк уук)

 

Желими жок, мыгы жок,
Чебер уста жасаган.
Ал кандай жай, төрт мезгил
Ата бабаң жашаган?
(боз үй)

 

Аркалуудан оонабас,
Куйруктуудан шыйпаңдабас,
Жаактуудан кепшебес.
(уй, кой, жылкы)

 

Сүйлөйт бирок укпайт.
(ооз)

 

Жыланга окшош – сойлобойт,
Колдо тынбай ойдолойт.
Андан катуу сестенип,
Атың катуу жорголойт.
(камчы)

 

Суу качан тик турат?
(шишеге куйганда)

 

Атасы куш, энеси чычкан дешет,
Муну өзү да оңойсуз сезет.
Жашынып күндүз кечке жарда жатып,
Кечинде кадалаңдап жерди кезет.
(жарганат)

 

Асманда бар, Жерде жок.
Саманда бар, Чөптө жок.
(А тамгасы)

 

Талаада айбар жатты,
Жатып-жатып каза тапты,
Каза тапса да
Өзүнө пайда тапты.
(капкан)

 

Ашка салсам жоголду.
Анын даамын оңдоду.
(туз)

 

Эки бутун көтөрүп, ортосуна итерет.
(араба)

 

От жанында каралуу катын олтурат.
(казан)

 

Баласы атасынын кулагын чукуйт.
(кулпу менен ачкыч)

 

Бозоруп кирип, кызарып чыгат.
(нан)

 

Жездекем жез тумшугу менен жер чукуйт.
(тамчы)

 

Кыпкызыл алма,
Эр болсоң карма.
(чок)

 

Бара берет, бара берет,
Оозу ачылып кала берет.
(көлөч)

 

Буту жок, колу жок,
Эшик ачканга шок.
(шамал)

 

Бир челекте эки камыр
(жумуртка)

 

«Аалам аппак кийинет»
(кыш)

 

«Көк көйнөккө пахта жайдым»
(булут)

 

«Дүйнөдө ким берекелүү?»
(жер)

 

«Суунун атасы ким?»
(булак)

 

«Отурганы обо жер
Басканы бакырчанак»
(ээр, ат)

 

Арча терек,
Алтымыш бутак,
Бутак сайын уя,
Уя сайын жумуртка
(алча)

 

Басса басат,
Жатса жатат,
Көмсө көмүлбөйт,
Караңгыда көрүнбөйт.
(көлөкө)

 

Өйүзгүнүн жылкысы,
Тончу кулак торала,
Бүйүзгүнүн жылкысы,
Кайчы кулак карала.
(кереге)

 

Бийик жерде жатагы,
Көзүнө топу кийбесе,
Бутуна жипти илбесе,
Койбойт экен чатагын.
(бүркүт)

 

Кыроону кызыл экен,
Куйругу узун экен,
Сагызганы сайда экен,
Жоор аты кайда экен?
(бычактын кыны, кайрак)

 

«Апан-тапан, жаман чапан,
Ийри комуз, жарык жылдыз».
(төө)

 

«Талаага таруу чачтым,
Тампылдап үйгө качтым.
Музга буудай чачтым,
Буркурап үйгө качтым».
(жамгыр)

 

Атасы — ийри-буйру,
Энеси — шылдыр-шулдур,
Бир баласы оюнчу,
Бир баласы комузчу.
(арык, суу, бака, балык)

 

Атасы — узун сары,
Энеси — желпин табак,
Баласы — дандан майлуу.
(Жаңгак жыгачы, жалбырагы, даны)

 

Кою саналбаган,
Жайыты өлчөнбөгөн,
Койчусу мүйүзчөн.
(Жылдыз, асман, ай)

 

Жер астында жаткан эт.
(жылан)

 

Алдымда алача жип жатат.
(жылан)

 

Ай талаада ак сандык,
Оозу мурду жок сандык.
(жумуртка)

 

Менин тонум бар,
Балка менен урса да айрылбайт,
Таш менен урса да урулбайт.
(көлөкө)

 

Ар кайсы үйдө белбоо байланып кемпир жатат.
(шыпыргы)

 

Эл жатса да Элебайдын эки уулу жатпайт.
(уйдун мүйүзү)

 

Кичине баатыр, ааламга татыр.
(ай)

 

Медет аке башында,
Макмалдан кызыл такыя.
(гүл)

 

Азамат акем ичкери,
Сакалдары тышкары.
(жүгөрү)

 

Минсең — канат,
Чапсаң — шамал,
Аны сыйлабаган
Кишилер — жаман.
(ат)

 

Актыгы — карадай,
Каралыгы — көөдөй,
Олтурганы — бектей,
Учканы — октой.
(сагызган)

 

Үйүмө кирет,
Жиниме тийет,
Урайын десем,
Таягым тийбейт.
(шамал)

 

Ары кызыл, аты таттуу,
Жеген жанды таңыркатат.
(дарбыз)

 

Канаты бар — куш эмес,
Суу түбүндө — таш эмес.
(балык)

 

Кулагы бар — башы жок,
Курсагы бар — чачы жок.
(казан)

 

Суюк, бирок суу эмес,
Ак, бирок кар эмес.
(сүт)

 

Күр-шар, күр-шар,
Киргилденген ким бар?
Түнкү тынчтыкты бузуп,
Тим эле боздогон нар.
(суу)

 

Тиги үйдө да тып-тып,
Бул үйдө да тып-тып.
(тамчы)

 

Үйгө кирсем «чык-чык»,— дейт,
Эшикке чыксам «кир-кир»,— дейт.
(жаан)

 

Шып-шып этет,
Шылып кетет.
(орок )

 

Аякка өтөт чай-чай,
Быякка өтөт чай-чай,
Муну тапкан кишиге,
Жүз жыйырма тай-тай.
(араа)

 

Зуу-зуу, зуу барат,
Зуу-зуу, зуу келет.
Такка чыгат,
Калбыр согот.
(аары)

 

Зуу барат Зулайка,
Зуу келет Зулайка.
(аары)

 

Тогуз табак эт жедим,
Эсебине жетпедим,
Карап туруп алдырдым,
Казынага салдырдым.
(тогуз коргоол)

 

Коюм кара, короом ак,
Таягым учтуу, тилим так.
(тамга, кагаз, калем сап жана киши)

 

Куш десең куш эмес,
Бут десең бут эмес,
Куштай учат.
Буттуудай жүгүрөт,
Муну ким билет.
(учак)

 

Бышырсаң — аш,
Бышырбасаң — куш.
(жумуртка)

 

Кош кайкыда турагы бар,
Кош каухардан чырагы бар,
Керемети ааламга тиет,
Аалам ага баш ийет.
(баш)

 

Алты аягы бар,
Эки башы бар,
Бир куйругу бар.
(атчан адам)

 

Бир кампа буудайым бар,
Жеген менен түгөтө албайм.
(тил)

 

Бир нерсе бар эң күлүк,
Адам менен бир жүрүп.
(ой)

 

Миң кочкор,
Миң кочкордун ичинде,
Бир алп кочкор.
(жылдыз, ай)

 

Кою саналбаган,
Жайыты өлчөнбөгөн,
Койчусу мүйүзчөн.
(жылдыз, асман, ай)

 

Таш үстүнө таруу жайдым,
Таң атпай жыйып алдым.
(жылдыз)

 

Эки куланды бир кулан жеп келет,
Аркасынан аптапка салып келет.
(булут, күн, ай)

 

Мал-жан үчүн эрте бышкан, кайсы тамак,
Жер жарып, чүчкүртүп жыты буркурап?
(шыбак)

 

Кунан койдун куйругу
Ары шалп, бери шалп
(боз үйдүн эшиги)

 

Дүйнөдө бир алп бар, көрөсүңбү,
Жаркырайт жалгыз көзү тебөсүндө,
Мүчөсү башка-башка толуп жатат,
Кабагы күндүз ачык, түндө жабык.
(боз үй)

 

Жарган жыгач,
Жаткан коен,
Эки көөкөр азыгы,
Астындагы азыгы.
(бешиктеги бала)

 

Сөөгү жок, эти бар
Сүйлөгөн сөзү бар.
(тил)

 

Конок келди алсыз,
Ат байладым жалсыз,
Кой союп бердим кансыз.
(бала, бешик, эмчек)

 

Кош кайкыда турагы бар,
ош каухардан чырагы бар
Керемети ааламга тиет
Аалам ага баш ийет.
(баш)

 

Кыпын түшсө ооруган,
Эки нерсе кичине,
Бирок тоо, көл, токойлор
Батып кетет ичине.
Бул эмне билип ал
Пайдасы зор кишиге.
(көз)

Соц тармактар: