Блог тууралуу

Блогду биз былтыр сентябрда ачкан экенбиз. Бирок аны иштеткенге мүмкүнчүлүк болбоду. Буга блог менен иштөөнү билбегенибиз бир себепкер болду. Биздин убакытыбыз да тар болуп (ар бирибиздин негизги иштеген жерибиз бар), кыргыз маданиятын өнүктүрүү боюнча жасагандарыбыз да аз болду. Биз алгач мектептеги башталгыч класстарда окуган балдарды алардын кабылдоосуна, окуу мүмкүнчүлүктөрүнө туура келген жомоктор менен камсыз кылууну максат кылган элек. Автордук укукту бузуп албайлы деген тейде биз дүйнөлүк элдик жомокторго кайрылдык. Бир нече жомокторду тандап алып, ар бирибиз аларды бөлүштүрүп алып, которуп чыктык. Биз бул блогго ошол которулган жомкотордун бир бөлүгүн гана чыгаралы деп чечтик. Анткени биз жомокторду өзүнчө китеп кылып чыгарып, мектептер арасында таратсак деген ойдо элек. Китеп болуп чыккандан соң жомоктордун баардыгы чыгарылат.

Учурда биз блогду ишибизге ылайыкташытырып жатабыз. Бирок аны толук кыргызчалаштыруу болбой жатат. Блогдун мүмкүнчүлүктөрү тоскоолдук кылууда. Бирок ошого да каниет кылып туралы.

Соц тармактар:

4 thoughts on “Блог тууралуу

  • 13.08.2022 at 17:53
    Permalink

    Саламатсызбы.Биз кемер кур заказ берели дедик эле каерге ,кимге кайрылсак болот?

    Reply
  • 17.12.2022 at 21:35
    Permalink

    Саламатсыздарбы? Адабий чыгарма жана ыр саптарыбызды жөнөтүп, сынакка катышсак болобу ? Кандай катталабыз сиздерге? Же сайтка эле салып коебузбу? рахмат.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.