Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “Кайран заман”

аңгеме

Хабибахон хола [1] күтүүсүз жерден катуу ооруп калды. Ичегиси түйүлүп, түн ортосунан таң атканга чейин түзүк деле уктай албады. Акыры чыдабай калганда, өзүн алаксытыш үчүн жекшемби күнгө карабай мектептин имаратына кирип, өзүнө караштуу аймактын полун жууп кирди. Ысык жан эмеспи, кээде башы ооруйт, кээде бели чыдатпай сыздайт. Андай кезде Хабибахон хола бар кайратын топтоп, чымыркана жумуш жасаганга өтөт да, ишке алаксып, оорусу сүрүлүп кетер эле.

Жок, бирок бүгүн андай болбоду, канчалык тырышып иштеп, үстүңкү кабаттан ылдыйга кеткен тепкичти жууса да, ичи андан бетер түйүлүп баштады, оорусу басылар эмес, орто жерге жеткенде, ичегиси дагы бурап сыздатып чыкты. Акыры чыдабай калганда, ичке ок жеген кишидей курсагын мыкчып, бети-башын тырыштырып кире бериште олтурган күзөтчүгө сүйрөлүп келди да, ага акыбалын оозун араң кыбыратып түшүндүрдү. Күзөтчү аны колтуктан сүйөп корридордо жайгашкан диванга олтургузду да, “Тез жардам” чакырганы телефонго жүткүнө чуркап кетти.

Москвага жумуштап келгени, он беш жылдан бери оору мынчалык карайлаткан эмес, сыркоолоп калганда, оорусун тытынып иштеп жумуш менен жеңип жүргөн. Ичегиси үзүлүп кетчүдөн бетер бурап оорутуп, эми табарсык тушу тырышып, омуртка сөөгү сыздап, денеси чилденин күнү сыртта жылаңач калгандан бетер калчылдап, жүзүнөн көл-шал муздак тер кетип, диванда тырайып жатты. Күзөтчү телефондон катуу кыйкырып “Тез жардам” кызматын чакырып жатканын бир билет, андан аркысы эсинде жок, бир маалда көзү тунарып барып, бопбоз булуттардын арасына кирип кеткенсип эчтеке сезилбей калды.

Эсине келсе, “Тез жардам” унаасында баратыптыр. Жанында аны коштоп эки медайым баратат. Жакынкы бейтапканага жеткирилген соң, алгачкы текшерүүнүн жыйынтыгы менен таанышкан башкы врач тез арада операция кылуу керектигин айтып, операцияга даярдык башталды. Көрсө, кеч күздүн суугунда узак убакыт бою карышып ачка иштегенден улам, ач ичегилер желимдей чапташып, түймөдөй чокмороктошуп буралып  калыптыр.

Москвада кеч күз мезгили, ошого аба-ырайы бозомук тартып, алыста бараткан адамдардын ким экенин бозоргон күндөн улам дурус таанып болбойт. Кайыңдан башка бак-дарактар таз башындай жылаңачтанып, жер бетине алтын чачып салгандай, сары-кызыл жалбырактар төшөлгөн. Дем алыш күн эмеспи, айлана кымгуут тартып, эрте менен көчөдөн бирин-серин гана адам көрүнөт. Сөөк какшаткан Москванын кеч күздөгү эрте мененки суугу ичтен өтөт.

Таң азанда болгон иштин жагдайын күзөтчүнүн өз оозунан уккан мектеп директору Галина Николаевна дем алыш күнгө карабай аксаңдай басып мектепке келди. Карыган кезде күчөгөн радикулит дартынан улам оң бутунун тарамышы тартышып, жакшы бүгүлбөй калган. Мындан улам балдак таянып калганына бир жылдай болуп калды.  Анын аялдамадан бери мектепти көздөй келатканын биринчи болуп мектепте короо шыпыргыч болуп иштеген кыргыз киши көрдү. Мектеп короосунда өскөн дарактардан түшкөн кызыл-сары жалбырактарды шыпырып, топтоп жаткан маалда аялдамадан бери көздөй кудум мастан кемпир баштанып бир бутуна сылтый, ийрең-ийрең басып келаткан балдакчан директорду жазбай тааныды.

Галина Николаевна дем алыш күнгө күбүлгөн жалбырактарды шыпырып, таштандыга ыргытып жүргөн кыргыз кишиге ичинен ыраазы болду, ал менен жылуу саламдашып, ал-акыбал сурашкан соң, күзөтчүгө жолугуп, иштин чоо-жайын толук билди.

Иш бөлмөсүнө кирип барып, шкафта сакталып турган запас ачкычтарды алды да, бир бурчунда Хабибахон хола жашаган мектеп кампасы тарапка балдагын таянып, ийрең-ийрең сылтып жөнөдү. Чолок жаны кол жеткидей жерде турган мектеп кампасына бир топто жетти. Темир эшикти ачып, кууш корридор аркылуу Хабибахон байырлаган кенедей бөлмөнүн эшигин ачып, ичкериге баш бакты. Бир ирет Хабибахон батирге айына алты миң рублдан төлөп каражат жагынан аябай каржалып кеткенин айтып ыйлактап калбаспы. Үч жылдан бери мектептин полун жууган кызматкеринин мындай акыбалда калганына ичтен кейиген Галина Николаевна ага ушунчалык боору ачып, кампанын бир бурчунда жайгашкан өжүрөдөй тар бөлмөнү бошотуп берген. Ошол кенедей бөлмөнү Хабибахон хола төрт жылдан бери байырлап жашап келет. Негизи мектепке караштуу имаратты батир катары колдонууга мыйзамда уруксат жок, буга мектеп директору керт башы менен жооп берип калышы турган иш дечи, бирок үч жылдан бери жайын-кышын үстүнөн бозоргон курткасы түшпөгөн, ишине дилгир, жумшаса кылайып каяша айтпаган пол жуугуч аялга директор кемпир эрдикти сүрө кылды: мыйзамга карабай буга көзүн жумуп келди. Анүстүнө аймактык полиция бөлүмүнүн башчысы менен да мамилеси жакшы, саламга түз. Үстүнөн бир кийимин түшүрбөй, тишинин кирин соруп, тытынган бул байкушка үйүндөгү шкафка тирелип батпай жаткан кийилбей калган кийимдерин да алып келип берип каралашып жүрдү. Бир ирет Москвада катталган жери жок, мындан улам эртели-кеч ушуну ойлой берип жүрөкзаада деле болуп бүткөнүн, мыйзамдуу документ тууралаган жеке менчик фирмага кайрылса, өзүнүн эле өзбек жердештери асмандагы бааны айтып эсин оодарганына наалып калганда, кайран кемпир бул ирет да айкөлдүк кылып, өзү жалгыз жашаган батирге мыйзамдуу каттоого коюп берди.

Галина Николаевна кампа тарапка анда-санда иштери менен басып келбесе, көп деле келчү эмес. Былтыртан бери буту оорутуп кыйнаганы бул жакка басып деле келбей калган. Кенедей бөлмө ичинде жайгашкан жалгыз темир керебетке олтура кетти. Бөлмө ичи адамдын зээнин кейитет. Арзыбаган айлык менен күн кечирген кембагалдын чыныгы турмушу көзгө заматта урунат: бөлмөнү байырлаган каңырсыган жагымсыз жыт, акталбаган киргилт дубал, шыптын бурчтары торлоп кетиптир. Күнүмдүк турмушка керектүү эски буюм-тайымдар, айтор, жаңы сатылып алынган бир да буюм көзгө илинбейт. Дубалдагы тактайга мык кагылып, мыктарга бир кездери Галина Николаевна алып келип берген кийим-кечектер илинген. Кемпир өз колу менен алып келип берген эски кийим-кечектерин бир көрүп тааныды.

Албетте бөлмө ичи адамдын зээнин кейиткенден сырткары, киши таң калгыдай акыбалда. Ичинде бут коёрго чоло жер жок, ыргытылган таштанды буюм-тайым, кийим-кечектерге толуп кетиптир: дубал саат, чөмүч, жаш бала минген велосипед, микроскоп, эски телевизор, көз айнек, компакт дисктер, электр чайник, кышкысын кийген колкап, аялдар кийчү кышкы пальто, шиш такалуу туфли, тамтыгы чыккан ноутбук, деги койчу, ар жерден ташылып келинген эски көр-дүнүйөнү санап болбойт. “Кайран заман… Кедейлик турмуш курусун” – деп кемпир ичинен кейип алды. – “Бей-бечара жакырга эскирген буюмдар деле тоодой байлык көрүнөт. Ар кимден калып, көрүнгөн жерде ыргытылып жаткан көр-дүнүйөнүн баарын термелеп ташына берген тура. Кембагалдык курусун, акчанын азары өткөн адамдын көзү ушинтип эчтекеге тойбой калат…”.

Кемпир ушуларды ойлонгуча, сырткы темир эшикти бирөөлөр акырын каккылап, корридор аркылуу кирип келаткан эки аялдын кобур-собуру угулганда, Галина Николаевна эшик тарапка карады. Сырттан Хабибахон менен бирге иштешкен пол жуугучтар – бир өзбек аял жана кыргыз келин капыл-тапыл кирип келишти. Директор менен ал-акыбал сурашкан соң, өзбек аял Хабибахон тууралуу билишинче божурап берди. Анын айтуусуна караганда, Хабибахон кургур ысык тамак да ичпей, тишинин кирин соруп иштеп жүрө берип, күзгү суукта ичегилери түйүлүп калыптыр. Анын медициналык камсыздандыруу кагазы бар экенине байланыштуу операция акысыз боло турганын укканда, Хабибахон хола ичегиси карышып калганы, азыр эми операцияга киргени жатканы менен иши жок, буга төбөсү көккө жетип сүйүнүптүр. “Курган анан кантсин” – деп ойлоду кемпир муну укканда. – “Быйыл жайда ооруган бутту дарылатканы Абхазиядагы санаторияга барып, жыйырма беш күн жатып чыкканыма эле эки жүз миңдей акчам короду. Эки жүз миң акчаны Хабибахон кайдан тапмак эле, мындай акчаны өмүрүндө бир ирет кармап көрбөсө”.

Кирип келген эки аял ооруканага жатып калган Хабибахон холаны сөзсүз сурап барышарын, ал жумушка чыккыча ага тиешелүү аймакты экөөлөп жууп-тазалап турушарын айтып, Хабибахонго караштуу кийим-кечектерден керектүүсүн тандап алып, көтөрүнүп чыгып кетишти.

Галина Николаевна ал экөөнө ичинен ыраазы болуп калды. Бир ирет ушул өзбек аял сөз арасында ал тууралуу: “Хабибахон дем алыш күндөрү Москвадагы чириген байлардын үйүн жыйнап берип, кошумча акчага иштейт. Ал жактан саман-саман акчаларды уучтап келет. Бирок битина түгөт бизге мунун чекесин да билгизбейт…” деп бир топту эбиреп-жебиреп айтып бергени эсинде. Деги адамдар кызык эле жанбыз, ээ! Пол жууп күн көргөн байкушту минтип артын чукулабаса не. Саман-саман акча уучтаган адам ушинтип ачкадан ичегиси карышып, эс-учун жоготуп ооруканага түшмөк беле. Адамдар, ай, адамдар! Кайран заман, азыркынын пейили бузулду… Деги жашоо кайда баратат!

Бир жолу мектептеги мугалимдер канаасында сабактан кийин бекерчиликтен эриккен эки-үч мугалим аял Хабибахон тууралуу: “Пол жуугуч Таня (мектеп жамааты аны Таня  деп чакырыша турган) ашкананын полун жууп жүрүп, столдо окуучулар жебей калтырып кеткен тамак-ашты терип жейт экен…” дешип ал тууралуу ушак кылып олтурушканын өтүп баратып кокустан эшитип калган жайы бар. Ошондон кийин үйүндөгү муздаткычта желбей тирелип жаткан эскире элек тамак-ашын баштыкка салып келип, ага жеп алсын деп берип жүрдү. Ооруган бут менен алышып жүрүп, тамак-аш ташынганын да унутуп калыптыр. Азыр эми ушуга өзүн күнөөлүү сезип бүшүркөй түштү: балким тамак-аштан каралашып турганымда, минтип ооруканага да түшмөк эмес.

Галина Николаевна кенедей бөлмөнүн төрүндө турган темир шкафты да не бар да, не жок бир карап койгусу келди. Жерде чачылган көр-дүнүйөнү аттап өтүп, запас ачкыч менен темир шкафты ачканда, бөлмө ичине толуп кеткен каңырсыган сасык жыт мурдуна “бурр” дей түштү. Какап жиберип, шкафтын ичин караса, текчелер да ар жерден алынып келинген эски-ускага толуп кетиптир. Каңырсыган жагымсыз жыт кайдан чыгып жатканына эми мээси жетти. Алдыңкы текчеге тыгылган түйүнчөктү караса, аялдарга таандык колдонулган буюм-тайымдар көзгө урунду. Түйүнчөктү алды да, итеңдей басып сыртка чыгып, кампанын кире беришине жакын турган таштандыга ыргытып жиберди. Бөлмөгө кайрылып келип, эң алдыңкы текченин тээ төрүнө тыгылган сасыган эски түйүнчөктү сууруп алды да, аны да таштандыга ыргытканы көтөрүп жөнөдү, ичин ачып карагысы да жок. Корридордо баратканда, чакан түйүнчөк эмнегедир сулкуюп оор сезилди. Токтой калды да, түйүнчөктү ачып жиберип, көргөн көзүнө ишенбей, оозу аңырдай ачылды: түйүнчөктөн таңгак-таңгак ирик акчалар көрүнгөндө, денеси ток ургандай жыйрыла түшүп сырткы эшикти ичинен жаба салып, чокунуп жиберди. Чолок кемпир эмне кылыштын айласын таппай заматта карайлап калбаспы. Өзүн ээси жокто үйүнө уурулукка кирген кылмышкер сезип заманасы куурулду. Бир маалда башына “полиция!” деген ой кылт эткенде, түйүнчөктү көкүрөгүнө кыскан бойдон сыртка атып чыкканын өзү да аңдабай калды, кетип баратып дубалда жөлөнүп турган короо тазалаган шыпыргыны эмнеге колтугуна кысып алганын деле түзүк билбейт, айтор, түйүнчөктү көкүрөгүнө мыкчып, узун шыпыргыны колтуктаган бойдон, бутунун чолок экени да эсинен чыгып, мектеп артындагы кууш жол менен бутунда түптүз жортуп полиция бөлүмүнө жөнөдү.

Бирөө-жарым мунумду байкап калып, орто жолдо торойто чаап, тоноп кетсе не болот деген ой келгенде, деми кысылып, төбөсү лукулдап чыкты. Бар ойлогону – эптеп полиция бөлүмүнө жетиш. Мектеп артындагы калың бакты чок ортосунан кесип өткөн кууш жолдо уруп-согуп баратып, жол боюндагы дарактын далдоосунда жашынып турган караанды байкап калды: үңүрөйгөн бейтааныш караан курткасынын капюшонун баса кийип, колуна союл кармап, жыга чапканга камданып калыптыр. Муну көргөндө, Галина Николаевна чындап жанынан түңүлдү. Көгүш көздөрү көкмөк тарта алайып жол боюнда аны торойто чапканы аңдып турган каракчыны карап турду да, анан: “Апа-аа! Жардамга-аа!” деп кыйкырмакчы болгондо, тамагына чүпүрөк тыгылып калгансып үнү буулуп калды. Өз ажалына тике караган кемпир теңселе түшүп, аз жерден жыгылып кала жаздады. Жакшылап карай салса, колуна тырмооч кармаган короо шыпыргыч кыргыз киши аны тиктеп туруптур. Ал экенин билгенде: “Сен белең, жашабагыр! Бери бас!” – деп айткан же айтпаганы түзүк эсинде жок, аны кол жаңсап чакырганын бир билет. Колундагы тырмоочту ыргытып жиберип, ага жете келген кыргыз киши кемпирге улам жетпей калып, артынан желип-жортуп баратты. Кокус көчөдөн полиция кызматкери кармап, жок жерден ууру атыгып, абийирим айрандай төгүлүп, курулай дооматка калбасам экен деген ой келгенде, буттары тушалып калгансып баскан кадамы арбыбай, беш жүз кадам арыда турган полиция бөлүмү беш чакырым ары жылып кеткенсип туюлду. Алдыда шыпыргыны колтуктап, көкүрөгүнө бирдемени бекем мыкчыган бойдон бутунда түптүз басып, жетим жүгүрүккө салып кемпир баратат. “Тууй ата! Бул мастан кемпирге не болгон?!” – деп таң калды артынан желип-жортуп бараткан кыргыз: – “Балдагы менен сылтып баскан желмогуз бутунда түптүз учуп баратканы эмнеси?!…” Короо тазалаган узун шыпыргыны колтуктап, алдыда чөкчөңдөп бараткан аны жомокто шыпыргысын минип зуулдап учкан жезкемпирге окшотту.

Кубалашкан экөө акыры полиция бөлүмүнө жетип келишти. Кемпир коңгуроону басып, жан-алы калбай эшикти каккылайт. Бир топтон кийин темир эшик ичтен шарак ачылып, оозун кыпкызылга боёгон ак жуумал полиция кыз көгүш көздөрүн бакырайтып эшикти ачар замат кемпирге заардуу кыйкырды:

– Сизге эмне болду?! Эшикти жарып жиберчүдөн бетер!…

– Мен… Неме… Кызым… – деди кемпир энтигип. – Тиги болсо… Аймактык тескөөчү бар болду бекен?

– Ооба, бар! – деди оозун кыпкызылга боёгон жаш полиция кыз чакчаңдап. – Эмне иш менен келдиңиз?

– Өтө жаман…Зарыл… Өтө зарыл иштер чыгып калды.

– Он экинчи бөлмөгө кириңиз, – деди полиция кыз кемпирге жол бошотуп. Анан ичкериге карап кыйкырды: – Женя! Бул жакты карап койчу. Сага келиптир.

– Угуп жатам! – ичкерки бөлмөдөн эркектин үнү угулду. – Бул жакка кире берсин!

Кемпир шыпыргыны колтуктаган бойдон ичкери кирип кетти. Полиция бөлүмүнүн сырткы темир эшиги тарс жабылды. Кемпирди ээрчип келген короо шыпыргыч кыргыз киши анын чыгышын күтүп сыртта кала берди. Энтиккен жаны койнунан тамеки алып чыгып, бурулдата соруп кирди.

Галина Николаевна үн чыккан бөлмөгө энтигип кирип барса, ортого коюлган чоң столдун четинде бою шатыдай, арык чырай жаш полиция жигит телефон чукулап олтурат. Аймактык тескөөчү ушул жигит шекил. Төрдө ага сыртын салып орто жаштагы таз баш полиция кагаздан бирдемелерди компьютерде терүү менен алек.

– Угуп жатам Сизди, – деп күңк этти аймактык тескөөчү телефондон баш көтөрбөй. – Эмне иш менен келдиңиз?

Галина Николаевна бирдеме дейин десе, тамагы кургап калгансып оозунан сөз чыкпайт. Уруксат сурабай туруп аймактык тескөөчүнүн алдында турган бөтөлкөнүн оозун ачып жиберип, суудан култ-култ жутуп жиберди да, бул кылыгына ичтен бир аз уяла түштү. Ошондо гана аймактык тескөөчү телефондон башын буруп, андан дагы сурады:

– Угуп жатам Сизди. Эмне иш менен келдиңиз?

– Мени… Апкелдим… Неме болсо… – деп кемпирдин оозунан сөзү учту. Бир маалда эсин жыйып айтканы бул: – Мен сага бир түйүнчөк акча алып келдим.

– Ыя?! – деди таң калган аймактык тескөөчү бир тутам эрдин шалпыйтып.

– Сага бир түйүнчөк акча алып келдим.

Галина Николаевна көкүрөгүнө кыса кучактаган түйүнчөктү столго койду. Көгүш көздөрү чоң ачыла түшкөн аймактык тескөөчү ордунан турганда, анын шатыдай узун бою кемпирге андан бетер арбактай узарып кеткенсип туюлду. Төрдө аларга сыртын салып олтурган таз баш полиция ишин токтото салып, столго жакын басып келди.

Түйүнчөктө катылган акчаны үчөөлөп санап чыгышты. Кемпир мындай суммадагы бели сына элек, шуудураган ирик акчаларды өмүрү колго кармап көргөн эмес. Аймактык тескөөчү таңгакталган кагаз акчаларды жана аларды кайсы банктан алгандыгын тастыктаган дүмүрчөк кагаздарды атайын даярдалган кагаз кутуга иреттеп салды. Кутунун сыртына бүгүнкү күндү белгилеп, кара маркер менен “Юлдашева Хабибахон” деп бадырайта жазып, мөөр басты да, сейфке салды. Галина Николаевна ишеним кат калтырып, акчанын ээси бул акчаларды өзү келип, алып кетсе боло тургандыгын, акча кожоюндун колуна тийгенге дейре муну жеке көзөмөлүнө ала тургандыгын эскертти.

Галина Николаевна аймактык тескөөчүгө төмөнкүдөй ишеним кат жазып берди:

Мен, Твердохлеб Галина Николаевна аймактык тескөөчү Комнатный Евгений Владимировичтин күбөлүгү астында Юлдашева Хабибахонго таандык 6 700 000 (алты миллион жети жүз миң) рубль жана 78 400 (жетимиш сегиз миң төрт жүз) АКШ долларын полиция бөлүмүнө алып келип, тапшырганым чын…

Кийин сыртта күтүп турган короо шыпыргыч кыргыз кишинин айтканына таянсак, кемпир полиция бөлүмүнөн чыккан соң, өзүн дароо тынчтандыра албай, бутунда сылтып аксабай, түптүз басып полиция бөлүмү жайгашкан тамды эки-үч сыйра тегеренип жиберген имиш.

Эртеси Галина Николаевна аягы сыздатып оорутуп, ишке чыкпай калды. Бутуна эптеп тура албай, үйүнө чакырылган “Тез жардам” кызматкерлери аны замбилге салып кетишти. Палатада доктур анын оорукчан бутун текшерип, балдак таянбастан көпкө баскандыктан улам бутка катуу күч келгенин айтты. Кемпир узак мөөнөткө ооруканада жатып калды. Палатада жаткан кезде ага бир басып келип, ал-акыбалын сурап койгон бир жан болсочу. Бирөөгө бар дүйнө, а бирөөгө зар дүйнө деген ушул да, атаңдын көрү дүнүйө, кайран заман…

_____

[1]. Хола (өзбек тилинен) – эже.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.