Чыңгыз Айтматов – бүтүн адамзаттын жазуучусу
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргыз кино үйүндө жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эскерүү иш чаралары өттү.
12-декабрь – Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү
Бул күн Айтматовсуз экинчи мертебе өтүп жатат. Бишкектеги “Октябрь” кино театрында казак кинорежиссеру Ардак Амиркуловдун “Кош бол, Гүлсары” фильминин бетачарына жалпы маданият ишмерлери жана студент жаштар чогулушту. Бетачар алдында эл алдына чыгып сүйлөгөн Кыргызкино департаментинин төрагасы Абибилла Пазылов: “Эми Айтматов бизге дайыма жетишпейт, өзгөчө Кыргызстандын алдында көп маселелер турган бүгүнкү күндө”,- деди.
Айтматовдун чыгармаларынын негизинде 20 кинофильм тартылган
Атактуу жазуучунун көзү өткөндөн бери “Жамийланын” негизинде француз кинорежиссеру Мари де Пон Шевиль “Тенгри” фильмин жаратты. Абибилла Пазылов жыйында буйруса жакын арада “Чыңгыз Хандын Ак булутунун” бетачарын көрөбүз деген тилегин жарыялады:
– Орусиянын “Луч” кинобирикмеси жакында Айтматовдун “Чыңгыз Хандын Ак булуту” чыгармасы боюнча фильм тартып бүттү. Азыр биз артисттер менен иштеп жатабыз. Жакын арада же жыл аягында, же жыл башынан бул кинотасманын бетачарын көрүп калабыз деген үмүттөмүн.
Немец көрөрмандары өзгөчө фильмдеги Гүлсарынын өз үйүрүнө үчүнчү мертебе кишен үзүп качып келген жерин жана анын бычылып аткан учурун жүрөк оорута кабыл алышты.
Ардак Амиркуловдун “Кош бол, Гүлсары” кинотасмасында Танабайдын ролун белгилүү киноактер Докдурбек Кыдыралиев ойноду. Бул фильм кечээ жакында Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда “Көрөрмандардын назары” номинациясын жеңип алды.
Докдурбек Кыдыралиев немец көрөрмандарынын “Кош бол, Гүлсарыга” карата ошондогу маанайлары боюнча ой бөлүштү :
– Немец көрөрмандары өзгөчө фильмдеги Гүлсарынын өз үйүрүнө үчүнчү мертебе кишен үзүп качып келген жерин жана анын бычылып аткан учурун жүрөк оорута кабыл алышты.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 60 млн нуска менен дүйнөнүн 160 тан ашык тилине которулган
Кыргыз киноматографисттер союзунун төрагасы Таалай Бапанов Чыңгыз Айтматов жалаң гана кыргыз элинин эмес, жалпы адамзат жазуучусу экенин белгиледи:
– Кечээ жакында Москванын мэри Лужков өзү маалымдабадыбы, Айтматовдун эстелиги Москванын борбордук чоң көчөлөрүнүн бирине орнотулмакчы деп.
Ошондой эле 11-декабрда Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде да Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган илимий жыйын болду. Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү даректүү тасмалар көрсөтүлдү жана фотокөргөзмө ачылды.
Фатима Абдалова, “Азаттык”, 11.12.2009-ж.