Алыкул Осмоновдун туулганына 95 жыл

Сен Акынсың, Алыкулсуң! 2005-жыл, декабрь айы
“Асылзат” гезитиндеги Сагын эженин Алыкул акын жөнүндө жазган макаласына үңүлөм. “Короону бир сыйра айланып чыктык. Алыкул далай ирет өз тирлиги менен аркы-терки баскандыр, отургандыр. Ушундай күздөрдө күбүлгөн жалбырактарды кечкендир, тыңшагандыр… Атаганат, ушул короону кайра куруп, көркүнө чыгарып таш төшөп, чатыр куруп, бүткүл поэзия күйөрмандарынын борборуна айландырса, акындардын ыр кечелерин өткөрсө болчудай. Буга ою жеткендердин колу жетпейт. Колу жеткендирдин көбү жеке байлыгын кантип сактайм, кантип көбөйтөм менен алек”-деп жазган экен Сагын эже.

Бүгүнкү күн
Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы китепканасынын №9 филиалы. Акындын мааракесине арналган кече. Алыкул акын артынан эрчитип келген акындар Сагын Акматбекова, Аида Эгембердиева, Мирлан Самыйгожолор чакырылган. Журналист Мундузбек Тентимишев жолугушууга келгендерге акын жөнүндө ой бөлүшүүдө. Акындын жердештери келишкен. Каптал-Арыктагы музейдин директору, акындын жээни Сыдыгалиева Нестан отурат. Акындын ырлары окулду. Жолугушуудан кийин, өзүбүзчө отурганда баягы эле жылдан жылга былк этпеген, чечилбеген маселелер. Алыкулдун үйү кандай ахыбалда, музейдин жагдайы, чыгармалары басылып жатабы? Же Алыкулдун аты брендке, жеке адамдарга пайда алып келиш үчүн пайдалануудабы? Акындын ырларын, өрнөктүү өмүрүн, чыгармачылыкка мамилесин кантип келечекки муунга жеткириш керек? Рекламанын заманы жүрүп жатканда кыска эсибизде руханий баалуулуктарыбыз унутулуп калбастын айласын табуу зарыл. Кандай кылыш керек? Ишти эмнеден башташ керек? Маданият агентствосу менен акындын мекенинин акимдерине салам жолдойбуз.

* * *
Алыкул дегенде өмүрүмдүн баары көз алдыма келе түшөт. Мекенимди сагыныч да, сүйүү, сүйүүдөн көңүл калуу да, жашоо, өмүр, анын кыскалыгы, достук, достуктан көңүл калуу, акындык парз, “көпкө умтулдум, бирок азга жетпедим”, анан дагы көөп нерселер… Эмне дегенде мыкты акындын ырлары гана адамды өзүнө өзүн таанытат, алып келет, адамдык жакшы касиеттерин ойготот, аруулайт, чыйралтат. Жакшы чыгарма окуган адам ошол сезимдердин толкунунда, буркан-шарканында, терең-бийигинде өзүнө тиешелүү эстетикасын табат, калыптайт.

Бир топ жыл болду. “Ленинчил жаштын” жаш, поэзияга суктанган, жалындуу журналисттери Алыкул күнүн 21-март, нооруз күнү АлаАрча көрүстөнүнө барып, акынга таазим этип белгилейли деп сунуштаганына. 2-3 жыл бою көптөр келип жүрүштү. Түрлүү-түмөн ырларын окушчу. Ошентип, жыл сайын сейректедик. Мен да алыска кеткем. Эми дагы бара баштайм. Алыкул ырын сүйүүчүлөр 21-март, Ала-Арча көрүстөнүндө дале жолугушарбыз.

Ал эми Алыкул акындын ырлары жана бүгүнкүнүн чындыгы байланыштабы? Албетте, бүгүн да сүйүү бар, бүгүн да Мекенге болгон аздек сезимибиз күч. Серттиктен, саткынчылыктан, экибеттиктен арылсак дейбиз, анан көбүнчө бирөөлөр арылса дейбиз. Демек, бүгүнкү күндүн деле миң кырлуу, түрлүү кырдаалдары Алыкулдун оттуу саптарында. Отсаптары жадымыбызда. Аттиң кылсак да, суктансак да Алыкулдун сабы менен суктанабыз. Ыр жазсак саптырбызда.

Мисалга акын Айнагүл Базарбаева:
“Эй Россия, Россия бир боор энем,
Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен”!
Тамаша чынын айтып жөнөйт иним,
Кусалуу кылкылдаган поюз менен.” – деп ырында келтирүүдө. Бирок аттиң, күнүмдүктүн түйшүгү адамды чимирилтип жиберет экен. Айрыкча бизди, айрыкча ушул күндөрү. Жада калса өз абийрибизди өзүбүзгө тебелетип да жиберет экен. Мына ушундай чакта Алыкулдай алптар сактап калат, жан дүйнөбүздү, ишеничибизди. Мыкты чыгарма, үзүрлүү эмгек, күчтүү философия кечээгиге да, бүгүнкүгө да, эртеңкиге да, туура келип, эки дүйнөдө да сынынан тайыбайт. Баарына тең. Салижан агайым айткандай “кемпирдин түйүнчөгүндөй болуп кандай куласа да, кайда куласа да чачылбайт, сайда саны калбайт”, Жыйынтыктуу болот. Буга Алыкулдун ырлары мисал. Анда эмесе түбөлүктүү ырларына, Алыкулга арналган саптарга көңүл бурсак.

* * *
Замана
Замана!Эгерде сен баркыт болсоң,
Анда мен күрмө кылып кийээр элем.
Тундуруп барлык бүткөн лаззатыңды
Боорума седеп кылып тигер элем.

Замана! Эгерде сен гармонь болсоң,
Маржандай беренеңди басар элем.
Сүйүүнүн тунук, таттуу көз жаштарын
Бакчама фонтан кылып чачар элем!

Замана! эгерде сен вино болсоң,
Анда мен түгөткүчө жутар элем.
Турмуштун күрөш-талаш кумарында,
Кетирген көп айыбымды утар элем.

Замана! Сен башкасың, бул үчөөнөн,
Эң зор күч, жакшы элессиң, баарыга тең.
Эр жүрөк баатыр минген буудандайсың,
Такасы ташка тийип, жарк-журк эткен.

Аялга
Сүйгүм келет, жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп,
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан,
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.

Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.

Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып.

Алыкулдун бейитинде
Чырпыгыбы, калың бактын илгери?
Чың болсун деп кай булут суу жиберди?
…Өчөт окшойт бул булуттуу дүйнөдөн
Өтө эртелеп, өңчөй назик гүлдөрү.

Жаңылбастан өсчү жерин тапкандай,
Жанын төшөп тыңшап акын жаткандай.
Жалп этет бейм жанып туруп, жалындап
Жашагандар эч нерседен сактанбай.

Ким тикти да, ким соолутпай карады?
Нарктуу кары, акын чыкма балабы?
Күү салгандай өлбөстүктөн, бейитте
Гүлгө тунган бир түп өрүк дарагы.
Сагын Акматбекова

Таазим
Бүкөнтайдай болгон эки кызымды
Алыкулдун бейитине алпарам.
Силерге жашоодогу
энелик сабагымдыр.
Алышабыз чырмоок менен,
Алышкандай
чырмалышкан тагдыр менен.
Кызым Айдай. Акындын да
Сүйгөнү бар, аты Айдай.
Чоңойосуң, кызык айтам.
А азыр “Бүкөнтайды” окугула.
Акындын кызы Жыпар
Силерчилеп таптаттуу ыйласа керек.
Көп эле сезимдерди ойготсо керек.
Кыздарым,
куураган гүлдөрдү жыйнагыла.
Акындар келишкендир,
ырларын окушкандыр.
ырларын окуп жатып,
дили да тазаргандыр.
Куру кол, гүлүбүз жок,
Чүпөрөк, бир аз суу гана,
Бирок, сабак алганы келдик,
Адамдын асылдыгы, сүйүүнүн аруулугу,
Ыймандын ыйлаганы, өмүрдүн кыскалыгы.
Дагы бир ырына мен ынанамын,
Менин дагы арманым,
“Отуз жаштын улам арткы жагында
Жаш кездей ынак сүйүү жок экен”.
Эмне дейин! Көөдөн көөлгүйт арманга.
“Сагынбашты, таарынбашты, күтпөштү”
Үйрөнөмүн тагдырымдан аз-аздан.
Көлдү сүйгөн. Көлдүксүңөр.
Ээ кыздар.
Эсеп менен чийген үйдүн
түптүз шыбын карайсыңар,
Шаарда коен сымал
окшош үйлөр,
мекен болот кайсынысы?
Мына, мекен деген жер
жайкысын чырмоок, күзүндө сар жалбырак.
Кышында балпалактап кар жамынган.
Жер койнунда жаткан акын ыр жазган.
Акындын тили, дили, ыры мекен.
Жазганын силерге деген.
Окугун ишенбесең.
Күткөн. Карасаңар ырларын дейм.
Мен деле “бир көз карашын
кубат жамынып”,
Көп эле кыйчалыштардан чыгайын дегем.
кыяндардан өтүш үчүн
көп издегем.

Даярдаган Айсулуу Көкөева, “Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар: