Байыркы кыргыздардын күн, ай эсеби

Илгерки ата-бабаларыбыз саат болбогондуктан күн-түн ичиндеги мезгилди болжоп ар кандай турмуштагы колдонулуучу убакыттык аттар менен атап келишкен. Бул мезгил болжол менен алып караганда жаңыдан ислам динин кабыл алышып, жашоодо колдонулган беш маал окуган намаздын аттарын пайдаланып аташып болжол менен 8 – кылымдын орто ченинен баштап ал маалдарды 34 кө бөлүп төмөнкү аттар менен аташкан. Ар бир маалдын аталыш ат убактылары болжол менен 40 тан 45 мүнөткө чейин бөлүшкөн. Алсак;

1- Таң каракчы” (бул саратан тамыз” жайдын күнүндө болжол менен таңкы саат 4.00. убактысы, кышкы чилдеде саат 6.00 дө башталат).
2-“Таң дүмпөйүү” (бул “таң каракчы” менен “таң куланөөктүн ортосу).
3-“Таң куланөөк”,
4-“Таң кылаюу”,
5-“Таң аппак атуу”,
6-“Кун чыккан”,
7-“Күн тоонун башына тие баштаганы”
8-“Күн көтөрүлгөндө”,
9-“Күн текши тийген”,
10-“Шашке”,
11-“Улуу шашке”,
12-“Жалган түш”,
13-“Чак түш”,
14-“Түш кыя”,
15-“Түш оогон”,
16-“Сарт бешим”,
17-“Кыргыз бешим”,
18-“Алакөлөкө”,
19-“Намаз дигер”,
20-“Күн батар”,
21-“Күн батканда намаз шам”,
22-“Бүрүүл киши таанышар-таанышпас”,
23-“Эл аягы басыла”,
24-“Намаз куптан”,
25-“Тамак ичээр”,
26-“Тамакты текши ичкен”,
27-“Эл текши жатканда”,
28-“Уйкуга кирээрде”,
29-“Текши уктаганда”,
30-“Түн ортосуна жакын”,
31-“Түн ортосу”,
32-“Жылдыз толгон”,
33-“Түн ортосу оогондо”,
34-“Таңга жакын, зоор, насыбай атым”, бээ саам” – деп убактытты бөлүшкөн. Бир, эки…деп отузга чейин айткан 7 күндү кыргыздар эң байыркы замандан ай эсебин билип, күн эсебин билбестен 1 жылда 360 күн деп жалпысын эсеп кылган. Күндү жетиге айрып (ишемби, жекшемби, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума) деп Ирандын күн эсептөөсүнөн кожо, молдолор, жайгылар колдонуп элге жайылткан.

Кыргыздар жылды 12ге бөлүп, негизги алгач жашоосу аңчылык менен өткөндүктөн кайберендердин (кийиктердин) аттарын коюп, жылдын башын “жалган куран”, “чын куран”, “бугу”, “кулжа”, “теке”- деп кайберендердин атынан башташкан.

1- Куран-деп кыргыз эликтин текесин айтат. “Жалган курган”-деп аталганынын себеби, 1-бала жаңыдан түйүлүп, бооз-кысыры экени арсар убак, ошол себептен “жалган куран”дейт, 2-жазында курандын мүйүзү түшүп калган үчүн бул куранды көрдүм беле же көргөн эмесминби деп бүшүркөп жалган куран деп аташкан.
2-“Чын куран” бала көтөрүлүп, бооз болуп билинип калган үчүн ал айды “чынкуран”деп аташкан.
3-Бугу “баш оонанын” аягында ишкырат (ызгырык) дейт. Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп кезген чагы.
4-Кулжа жетинин айында жүгүруп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, ошондуктан кулжа айы дейт.
5-Теке бештин айынын 20-нан озгону 30-на чейин созулат. Теке бийик зоого чыгып, аба ырайын аныктап, үйүргө кошулаарын аныктайт. Эгер эрте үйүргө кошулса, улактары эрте туулуп, жүнү суюк, териси жука жаныбар болгондуктан бийик тоонун суугуна туруштук бере албай өлүп калышат. Ошондуктан кайберендерден эң кеч үйүргө кошулган жаныбарлар эчки, теке болушат.
6-Бугу баш оонанын аягында, аяк оонанын башында баш ооган жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен “баш оона” дешкен.
7-Аяк оонада бугунун аягы тынбай маралга жүгүргөн чагы болот. Ошондуктан “аяк оона” деп аталат.
8-Тогуздун айы. Байыртадан кыргыз эли бирөөлөргө ызаттап мал берсе, кудалыкка мал алып барса, тартуу берсе, кузундө мал семиз кезинде алып барышкан. Маселен, 9 атка байге сайуу, ханга 9дап тартуу менен берүү (хандын тартуусу тогуздап деген макал ошондон калган), же илгерки байбичелер элегин 9 дун айында тогуз кабат же 7 нин айында жети кабат кылып оронуу ошол айдын атына жараша болгон.
9-Жетинин айы. Жети-атасын билүү, 7кылым өткөнчө 7атасынан бери турган деп жетини бел кылып, 7 атасын сүрүштүрүп кыз беришкен.
10-Бештин айы. Бешенең бештен-деп беш санатты артыгыраак көргөн, ошол бештин айы деп аташкан.
11-Үчтүн айы. Үчтөн кийин чүч деп жана үч чапканча таяк көтөрүү өлгөндүн үчүлүгү, конокко үчтөн бириктирип тамак берүү расими сакталган, ошондуктан учтүн айы деп аталган.
12-Бирдин айы. “Туулмак бир, өлмөк бир, сөз бир”деген. Так сандагы 1,3,5,7,9 сандарды алым кылып эсептеп, так эсептебеген.Ал эми жуп сандарды 2,4,6,8,10 деген сандарды айга кошпогону, байыркы кыргыздар жуп эсептин жолу туюк, алым эсептин жолу ачык, пайдалуу деп ырымдашып так сандарды киргизген. Ошондуктан кыргыздар “тогуз коргоол” ойношкон сүттөн 9 түрдүү: сүт, айран, каймак, сары май, чөбөгө, эжигей, быштак, сүзмө, курут-деп тогуз түрдүү тамак жасашат. Ай короолосо аягынды тос, жут болбой мал тезинен сүт берет. Күн короолосо курөгүңдү тос, кар жаап кысымчылык болот дешкен. Эртең менен күн кызарып чыкса, элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса, аялың эркек туугандай сүйүн дешкен.

Ата-бабаларыбыз, жыл башындагы айлардын атына биринчи кайберен кийиктер аттарынан баштаганы алгачкы доордо эле адам баласы жан-жаныбарларга аңчылык кылып жашашкан. Ал жаныбарлардын этин жеп, терисин ашатып, ийлеп, кийим тигип, жүнүнөн да ийрип, ар кандай кийим түйүп, кийип жашашкан. Алардын аттарын ыйык тутушкан. Кыргыз эли байыркы эл болгондуктан жапайы куландан-жылкы, буйволдон-топоз, уй, аркар, кулжадан-кой, тоо эчки, текелерден-эчки жана алардын жаңы туулган: кулун, торпок, ларек, улактарынан азыркы төрт түлүк малды асырап багып, үйрөтүлгөн мал кылгандары биздин элибиздин байыркы эл экендигибизге толук далил. Дүйнө элинде малдын көп түрүн багып келген жалгыз гана кыргыз эли. Ал эми койдун жүнүн ийрип кийим тигип, терисин ашатып ийлеп тон, ичик кийип же көрпө жасап колдөлөң кылып отуруп, чүкөлөрүнөн-упай, ордо ойношот, ал эми шыйрагынан бешикке шимек кылып колдонгон дүйнө элинде жалгыз кыргыз эли болуп саналат.

Асыкбек Оморов (Чын Темир), «Асман-пресс» («Кыргыз гезиттер айылы») 26.03.2010-ж.

Соц тармактар: