Эки дөөнүн күрөшү эмнени айтат?

“Манас” эпосуна келгенде эзелтеден элибизде бир эреже бар эле. Ал – “Манастын” тазалыгы. Ар ким эле алымча-кошумчасын кошо бергенге акысы жок болчу. Суу кошпой айт дечү. Дагы бир эреже бар эле, кандай гана фантазиясы ашып-ташыган манасчы болбосун, Манас баштаган каармандардын туруктуу портретине (м.: айың менен күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөндөй, асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй) тиешелүү, айткан оозго жараша калган сүрөттөөлөрдү бир-биринен өткөрүп, дайыма колдонуп келишкен.

“Манастын” төгүлбөй да чайпалбай, бүгүнкү күнгө жетишине ушул өңдүү жазылбаган эрежелердин сакталышы себеп болгонун унутпасак. Бирок ар бир манасчы өзүнүн дараметине жараша эпосту байытып, өз вариантын кошкон. Анысы оркоюп чыгып турбаса, көркөмдүк деңгээли бийик болсо, улуу эпостун негизги өзөгүн бурмалабаса, манасчынын табылгасы катары кабыл алынган. (М.: Саякбай “Желмогуз уулу Сарыбай”, “Семетей менен Төө балбандын күрөшү” эпизоддорун кошуп айткан.)

Заман шартка жараша, баарыдан мурда океан “Манасты” чет тилдерге жеткирүү максатында А.Жакыпбеков, К.Жусупов баштаган залкарлар Манасты кара сөз менен жазып чыгышты. Ал эми ыр түрүндө өз вариантын жаратууга Саякбай, Сагынбайдан кийин акындардан “тиш салууга” батынгандары жок болду. Учурдагы акындардан бир гана Шайлообек Дүйшеев кайраттанып көрүп, Кошой менен Жолойду күрөштүргөнгө жарады.

Шайлообек Дүйшеев “Эки дөөнүн күрөшү” китебинин алгачкы саптарын жаза баштаган учурларын жакшы билем. Жолойдун канжасын кере тартып, түтүнүн таноосунан буркуратып, дөбөдө отургандагы кебете-кешпирин келиштире сүрөттөгөн саптарын окуп бергенде күлө берип боорум эзилип калган. Ал мындай эле:
…Сайгыласа чириген,
Саман чыкты таноодон.
Каканчындан качырган,
Каман чыкты таноодон.
Алты жыл мурда жоголгон,
Адам чыкты таноодон.
Алты өгүздүн өлүгү,
Араң чыкты таноодон.

“Манастагы” дагы бир эреже – сөздүн балбандыгы. Андагы ар бир сөздүн ат көтөргүстүгү. Ансыз улуу эпос жүрөктөрдөн өтпөйт эле. Бизге жетпейт эле. Ш.Дүйшеевдин “Эки дөөсүнөн” камгактай жеңил, касиети аз сөздөрдү табуу кыйын. Ошондой эле Ш.Дүйшеев абаң Кошойго тиешелүү “байланып калган базардын багын ачкан эр Кошой”, же “ай кулагы калкандай, алагар көзү чолпондой” дечү туруктуу эпиттеттерден качып, өз сөзү менен “..кызыры тийген оңолгон, кыйыгы тийген жоголгон, каадасы тийген оңолгон, каргышы тийген жоголгон” деп жатпайбы. Бул дагы өзүнө ишенгендиктин күчү. Шаке жазган “Манастын” тамчысынын бир бөлүгү. Ошого карабастан кыргыз маданиятын, музыка дүйнөсүн, этнографиясын, тилин байыткан баалуу табылгалардын да ширелип турушу кубандырбай койбойт.

“Кошой менен Жолойдун” күрөшү “Манас” эпосундагы өтө урунттуу окуя. Негизги вариантта алтымыш алпты бир союп кан жыттанган, алтымыш батман буудайды бир аймап дан жыттанган зор Жолойго кыргыздан балбан чыкпай, айласы кеткен Кошой абаңдын “кан башың менен сен түш”, же “карысам да мен түшөйүн” деп Манасты карап наалып турганы айтылат. Акын Ш.Дүйшеев Кошой менен Жолойду дароо эле күрөшкө сала койбойт. Кандай эле кан башы менен Манас, карыса да Кошой түшөт, ар-намыс кайда деген суроону окурмандарга берип туруп анан күрөштүрөт. Жыйынтыгы баарыбызды ынандырып турат. Ырас эле, кылым кыргызда кан киши качан күрөшкө түшчү эле. Эрге эр чыгат. Эл болгондон кийин эрени да болушу керек. Дүйшеевдин айтайын деген идеясы ушул. Жазган себеби да ушул. Анын вариантында баары эле күрөшө салам деп жулунат. Бирок Кошойдун сынына толбойт. Толгонун салбайт. Себеби, Кошойдун өзү аркасындагы сары суусун алп Жолойго жакшылап эздирип алыш үчүн күрөшкө түшүшү керек. Бир караганда эрмекке эле түшкөндөй таасир калтырат. “Манас” эпосунун дагы бир улуулугу – терс каармандарды эч качан басмырлабайт. Татыктуу атаандаш катары өтө көркөм, кээде юмор менен сүрөттөйт. Бул салт Ш.Дүйшеевдин вариантында да сакталып, Жолойдун жүрөк түшүргөн, бир жагы күлкүңдү келтирген образы албан сөздөр менен ашкере ачылып берилген. Ал Кошойго оңой эле алдыра койбойт. Кармаш канча күнгө созулуп, акыры Кошой жыгат.

Сөзүмдүн башында “Манастын” тазалыгы үчүн эл өзү күрөшүп келгендигин, бирок, татыктуу толуктоолор болсо аны чанбагандыгын айттым. Ш.Дүйшеевдин варианты да дайрага кошулган мөлтүр булактай “Манастын” тузун кемитпейт. Көркөмдүгү, айтайын деген идеясы жагынан өзүнүн орду бар вариант. Учурда “Манасты” окурмандарга, айрыкча жаш муундарга жеткирүүдө эпостун ушундай чакан варианттарынын мааниси зор. Демек, Шакенин “Манасын” көптөгөн тираж менен чыгарып, ак сакалы жайкалган Кошойдой карыядан, тамга таанып ар нерсени түшүнүп калган балдарга чейин сунуш кылсак утат эле болчубуз.

Баса, Шайлообек Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү” китеби Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жатыптыр. Быйылкы жылдын адабият айдыңындагы чоң жаңылык катары резонанс жаратып, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган бул чыгарма аталган сыйлыкка татыктуу экенин, алып калса “каймакка куймак куйгандай, калмакка нике кыйгандай” жараша түшөрүн сезип турабыз.

«Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.