Төкмө акын Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: “Мен күндүзү жылмайып, түнкүсүн ыйлаган адаммын”

Сиз мурун Жеңиш-бек Токтобеков элеңиз, кийинчерээк Жеңишбек Жумакадыр болуп алдыңыз. Анын себеби эмне?
Токтобек менин чоң атам. Мени ошол киши тарбиялады. Жумакадыр менин өз атам. Ал киши мен алтыга чыкканда каза болгон экен. Өз атамдын атын өчүрбөйүн деп Жумакадыр болуп алдым. Кээ бир нааразы болгон туугандарыма буга чейин элге Токтобек чоң атамды түзүк эле тааныттым, эми элге жаш кеткен өз атамды да таанытып коеюн деп тамашалап коем.

Бүгүнкү күндө сизди эмне ойлонтот?
Мени учурда акын катары, Кыргызстандын жараны катары көп көйгөйлөр түйшөлтөт. Себеби мекениң ооруп турса анын ичиндеги пенделердин баарынын жандүйнөсү жарака да. Чет мамлекеттерге чыгып калган учурда эгемендиктин жыйырма жылында биздин өлкөнүн көп тараптан артка кеткенин байкап, кейийм. Бул жыйырма жылдын башында төрөлгөн бала азыр жыйырмага чыкса, ал учурда бул куракта тургандар кыркка келди. Бир өмүр үчүн олуттуу болгон ушул жылдар ичинде биз мекенибиз үчүн эмне жакшылык жасадык? Мисалы, мен өзүмө суроо берсем, бул аралыкта эмне иш кылдым? Жооп берүү оор… Айтор, мени өлкөбүздүн азыркы абалы, келечеги кейитет. Ошол эле учурда таланттуу, колунан иш келген жаштарды көргөндө үмүт байлап калмай адатым бар. Мындан сырткары, айылдарды кыдырып калганымда улгайган адамдардан мурдагы кичинекей чагымда көргөн аксакалдык касиеттерди таппай кыйналам. Тойлордо, чогулуштарда же концерттерде болобу кээ бир аксакалдардан бата берип коюңуз деп сурансаң, кыйратып бата бере албайт. Андан көрө тосту жакшы сүйлөшөт. Бул маселе майда сезилгени менен турмушта өтө чоң роль ойнойт экен. Мен Бакайдай, Кошойдой болгон аталарды, Каныкей, Курманжан, Айчүрөктөй энелерди көргүм келет. Кыргызстандын келечеги ошондой касиеттүү карыяларыбыздын ак батасы менен оңолобу деп ойлоп кетем. Негизи биринчи ыйманды айтар элем. Эгер ыйман болбосо, жамандыктарга оой берсек, саясатчылар өз оюндарын жүргүзө берсе, Алла Тааланын жазасы керек болсо он секундда эле турбайбы. Мисал үчүн мына Японияны көрдүк, башка өлкөлөрдү көрүп жатабыз. Элимди андай жазадан кудай сактасын, тилегим жалаң жакшылык. Бирок жогорудагыдай көйгөйлөр кейитпей койбойт. “Ойлор бар сөздүн күчү жетпеген” деген ыр саптары болуш керек эле. Анысы кандай, мен жандүйнөмдөгү ойлорумдун баарын айтып бергенге сөз дарамети жетпечүдөй.

Дин жана Жеңишбек
Жогоруда мекен, улут темасында сүйлөдүңүз. Дин жолунда жүргөндөр арасында мекенчилдик, улутчулдук деген түшүнүк жок, аларда момун мусулман жана мусулман эмес деген гана маселе бар деп айтышат. Сиз намаз окуп жүргөн инсансыз, мекенчил, улутчул болушуңуз мүмкүнбү?
Намаз окуган адам мекенчил болбойт деген сөз туура эмес. Исламда мекенди сүйүү да ыймандан деген пайгамбарыбыздын жакшы сөзү бар. Кудай сактасын дейли, эгер Кыргызстанга кайсы бир мусулман мамлекети кол салса, биз “кой, булар мусулмандар” деп согушка барбай койсок, анда мекенибизди коргобогон үчүн тозокко кетебиз. Пайгамбарыбыздын дагы бир хадисинде мекендин чегин кайтарып турган сакчыга бейиштин эшиги ачык деп айтылат. Жана пайгамбарыбыз ар бир улуттун өз асылдыктары бар экенин айткан. Ошол асылдыктарды ыйманга жуурулуштуруп алып кеткендин эмнеси жаман. Мисалы эмне үчүн бешикке салуу каадасы, тушоо кесүү тою же улуттук оюндар өткөрүлбөш керек? Башкача айтканда, биз Куранда айтылган эмес деп өзүбүздүн улуттук каада-салттарыбызды четке кага албайбыз. Мусулман мусулмандын артынан жаман айтпайт, бирок тилекке каршы учурда намаз окуп жүргөндөрдүн арасында өзүн аалым сезип алып өз алдынча акылдуусунуп, бул болбойт, тиги болбойт деп кээде улуттук жакшы жөрөлгөлөрүбүзгө чейин киришип кеткендер бар. Бул дин жолунда жүргөн мага деле жакпайт. Мен мындай молдокелер менен талашкым келбейт, себеби алар кандай деңгээлде билим алганын билем. Мен ойлойм, биз пенделер бир күндө, үч күндө же кырк күндө Алла Тааланы таанып, аалым боло албайбыз. Айрыкча дин боюнча сүйлөгөндө абайлаш керек. Биз дин боюнча канча окусак да өкүм чыгара турган деңгээлге жете албайбыз.

Сиз дин фанатысызбы?
Ислам дининде фанатизм деген түшүнүк жок. Мындай нерсе болбойт. Мен үчүн дин деген – бул жашоо. Мисалы, таза тамак же, жаныңдагы адамдарга туура мамиле кыл, зыяндуу адаттардан алыс бол, уурдаба, кылмыш кылба деген сыяктуу жакшы жактарга умтулуп, намаз окуп Алла Тааланын алдындагы милдетиңден кутулуу.

“Биз муфтийди же Атамбаевди ээрчибешибиз керек”
Сизде чыгармачылык менен диндин мамилеси кандай?
– Көбүнчө ислам дини боюнча түшүнүгү жок кишилер, айрым молдокелер мени намаз окуп деле ырдап жүрөт, мындай болбойт деп сындашат. Чындыгында динде ырдаганга тыюу жок. Динди албаганда деле чыгармачыл киши болосуңбу же башка бир кесип ээсисиңби, ошол ишиңе байланыштуу жаман нерселерди кылууга болбойт эмеспи. Мисалы, кайсы бир таланттуу, нарк-насилдүү ырчынын сахнага мас болуп чыгып алып көрүнгөн нерсени дөөрүп, уяттуу ырларды ырдап турганы кантип болсун. Ошол сыңары эле эгер намаз окуган ырчы болсоң элди иренжиткен чыгармалардан кач, негизгиси ушул. Ырдаган болбойт деген маани эшек дептердин деңгээлиндеги ырларды элге жар салба дегенден улам келип чыккан. Калганын ырдай бер, комуз черт, анын баарына уруксат бар.

Эл көзүнө намаз окуган кишидей көрүнүп, бирок өздөрү башка жолдо жүргөн инсандар тууралуу эмне дейсиз. Мисалы, ажылык сапардан акча жасаган аалымдар тууралуу.
Бир окумуштуунун “акыйкат айтылыш керек, бирок ал ар кайсы жерде эле айтыла бербеш керек” деген сөзү бар. Мен бул суроо боюнча көп нерсе айткым келет, бирок жогорудагы окумуштуунун сөзүнөн улам тилимди тишиме катам. Ооба, динди көрсөтмө курал катары да пайдалангандар бар. Алардын үйүндө эмне иш кылып жатканын бир гана Кудай көрүп турат. Айрымдар динди саясый максаттарга пайдаланып жүрүшөт. Аны баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Мен мисалы намаз окусам да күндүзү жылмайып, түнкүсүн ыйлаган адаммын. Түндө туруп алып, Кудайым Кыргызстанымды балээ, кырсыктан сакта, ыйман бер, келечегин кең кыл, тынч жашайлы, ар бир адам эмгегинен баар тапсын деп чын дилимден дуба кылып ыйлашым мүмкүн. Бирок аны бир гана Кудай, периштелер анан мен билишим керек. Минтип көз жаш төккөнүмдү келинчегим да билбей калууга тийиш. Адамдар бири-бирибизди убактылуу алдайбыз, бирок Алла Тааланы алдай албайбыз да. Биз эч качан Жеңишбекти, муфтийди же Атамбаевди ээрчибешибиз керек. Бир күнү алардын кыйшыгын көрүп, а дин ушундай турбайбы, болбосо саясатчылардын баары ушундай дешибиз толук мүмкүн. Мен бир гана Алла Таалага анан пайгамбарыбыз айткан осуяттарын ээрчийм.

Ак таңдай акын Жеңижок да такыба жүргөн киши болгонун билебиз. Кадимки Токтогул атабыз “ырдын периштелери качып кетет” деп бозо ичпеген экен. Бирок алар өз чыгармаларында динди элге анчалык таңуулабагандай. Сиз чыгармачылыкты дават катары колдонуп калдым деп ойлобойсузбу?
Биринчиден, ал кезде коом азыркыдай абалда болгон эмес. Адамдар азыркыдан миң эсе ыймандуу болушкан. Бүгүн андай эмес, андыктан кээ бир учурларда ыйман тууралуу айтканга туура келет. Ушул маанидеги термелер кээ бирөөлөргө таасир этип оң жолго түшкөнүн көрдүк. Мисалы, биз “Ичпечи, апа” деген ырды чыгардык эле, ушул жолдо бараткан энелердин көбү оңолду. Бирок айтып кетерим, мен жаңыдан намаз окуй баштаганымда, кыргыздарым, келгиле дин жолуна түшөлү деген мааниде ырдап чыккам. Ал диск аябай көп нускада чыгып, элдин баарына жайылган. Элде ошол боюнча Жеңишбек диндин фанаты, бул жинди болуп калды, Алланы эле айта берет, эми ал башка чыгармаларды ырдабайт деген пикир калыптанып калыптыр. Албетте кечке эле Алланы айта берүү кээ бирөөлөрдүн жандүйнөсүнө оор келиши мүмкүн. Андыктан кийинки дисктеримде жөнөкөй ырлар деле бар.

“Кыргыз жигиттери көп аял алганга моралдык жана руханий жактан даяр эмес.”
Сиз Москвадан Шепкин атындагы театралдык институтту бүтүп келгенсиз. Кесибиңиз боюнча актерсуз. Сизди көбүнчө кандай роль кызыктырат?
Мен комедиялык актермун. Институтта ушул багыттагы ролдорду ойноп, диплом жактагам. Учурда эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, сахнадабы же кинодобу комедиялык ролдорду ойномокмун.

Менимче, сизге олуттуу каармандарды ойногон жарашат болуш керек. Мисалы, кайсы бир жылы Жантай хандын ролун мыкты ойногонсуз.
Мени сыртыман көргөндөр көбүнчө түнт, тамашаны түшүнбөгөн адам го деши мүмкүн. Чындыгында мен шайыр-шатман жүргөндү жакшы көрөм, тамашакөймүн. Куудулданып коймоюм бар.

– Жеке турмушуңуз тууралуу айта кетсеңиз?
Үч кыз, бир уулум бар. Колуктум балдар менен үйдө, өзү Жумгалдан болот. Турмуш тиричилигим эл катары. Эл ыйласа ыйлайбыз, күлсө күлөбүз.

Үй-бүлөңүздү кантип багасыз. Негизги киреше кайдан болот?
– Азыр тамада деген бир жакшы кесип чыкпадыбы. Жашырганда эмне, тойлор күчөп турган күз маалында ушул кесип менен алектенип калабыз. Учурда тойлор мурункудай болбой улуттук нукка бурулуп, акындарды чакырып калышты. Буюрса, сурангандар көп. Эми негизинен мендей өнөр адамдарынын ырыскысы элден да.

Менин негизги кирешем ошондон, башка бизнесим деле жок. Былтыр парламенттик шайлоо өтүп, анан бул депутаттар тарап дагы шайлоо болот экен деген сөз жүрүп жатса кайсы бир артист тамашалап, “болсун, болсун” деп ийген тура. Анын сыңарындай, былтыр парламенттик шайлоодо талантымды пайдаланып бир аз коммерция жасай койдум. Дагы деле даярмын.

Шариятта төрт аялга чейин уруксат берилген. Жеңебизге жардамчы алып берем деген ой барбы?
Менин бир эле аялым бар. Бул теманы Өзбек ажыдан сурасаңар жакшы жооп бермек. Антсе да менин пикиримде, кыргыз жигиттери акчасы саман болуп турса да динге жамынып алып көп аял алганга моралдык жана руханий жактан даяр эмес. Мына азыр көрүп эле жүрөбүз, акчалуулар ар кай жерден жашыруун аял алып коюшкан. Алар буга даяр эместигинен улам ушундай кылышууда. Эгер даяр болсо ачыкка чыгып, ошол аялзатынын жоопкерчилигин мойнуна алмак.

Зайырбек АЖЫМАТОВ , “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.03.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.