Кош жылдыз, актер Капар Медетбеков менен актриса Калемкаш Атамкулова 80 жашта
Кош жылдыздын өмүрү, Ала-Тоонун койнуда өмүр сүргөн кыргыз элин, кыргыз жерин Ош, Ысык-Көл, Нарын, Сары-Өзөн, Чүй, Таласты кыдырып өз өнөрлөрүн элге тартуулап, дөңгөлөктүн үстүндө алты айлап командировкалап жүрүп өткөрүштү. Эгиз козудай ээрчишкен кош жылдыздын таланты кыргыз сахнасын жандандырып, 150дөн ашык образдарды жаратуу менен көрүүчүлөрүнө көптөгөн рахатты, эргүүнү тартуулап жашоон, турмушту таанып билүүсүнө жардам берди. Өзгөчө Шекспирдин “Король Лир”, “Отелло”, “Магбет”, “Шок курбулар”, Ч. Айтматовтун -“Кыямат”, “Кызыл жолук жалжалым” жана да башка жазуучу, драматургдардын спектклдериндеги башкы ролдогу образдарды өзүндөй кылып алып чыгышы кыргыз журтчулугунун көз алдында, жүрөгүндө калды. Ооба, анда мөлтүрөгөн сулуу сахнанын аккуусу Калемкаш эже, сахнанын арстаны, оттон ысык илеби бар Капар аба 80 жашка келип ардактуу эс алууга чыгып, оору торуп, эч кимдин оюна да келбей унутулуп калат деп ким ойлоптур.
– Калемкаш эже өткөн өмүр жолдоруңуздан эсте калган күндөрүңүздөн айтып бербейсизби?
– кызарттын бели, кар ызгып көз ачырбаган бороон. Түшкөн автобусубуз ЛАЗ, бензинитүгөнүп токтоп калган. Артисттердин кирпиктерине муз тоңуп колу- бутубузду үшүгөндөн кыбыратканга алыбыз келбей калган. Сахнада оюн койгондо кийилүүчү кийимдерибиз төшөк, жуурканга, баш кийимдерге айланган. Бири капрон көйнөгүн башына байлап алса, бири бутуна байлап алган. Кудайдан тилегенибиз бир машина өтүп калса деп эки көзүбүз төрт, ошол күнү Кызарттын белинде ЛАЗдын ичинде бир сутка жаттык. Ошол суукта аман калганыбызга кубанып Капар абаң ыйлап турду. Дагы бир эсте калган окуя, 1990-жылы Оштон Жалал-Абадга оюн коюп келе жатканда кыргыз менен өзбек урушуна туш болдук. 15 артист 3- июндан 14-июнга чейин качып жүрдүк. Жалал-Абад мейманканасына келдик, ал жердеги кыргыздар өзбектер келет деп күтүп жатышкан экен. Ал жерде түнөгөнгө мүмкүнчүлүк болбогондон кийин Өзгөнгө кеттик. Өзгөндөн өзбектер бизди таш менен уруп тосуп алышты, Өзгөндөн жолубуз болбой Совет районуна качтык, Совет районунун мейманканасына бардык. Ал жердеги тополоңду көрүп, Алай -Кууга качтык. Алай-Кууда ашуу жабык экен, арга жок Совет районуна кайра келүүгө туура келди. Совет районунун райкому Тайлак деген жигит милицияга бизди узатып койгула деди. Биз Көк-Арт аркылуу Тогуз-Торого өттүк. Ашууда машина жүрө албай баткакта калды. 15 артист белчеден баткакка батып, жөө ДЭУга келдик. ДЭУда 2сутка түнөдүк. Ошол жерде иштеген балдар, кыздар баткак болгон кийимдерибизди жуушуп, эсибизге келгенге жардам беришти. Трактор менен машинабызды сүйрөтүп келгенден кийин Нарынды көздөй жөнөдүк. Эптеп Нарынга жеттик. Бул биздин өмүрүбүздүн өткөргөн 11 күнкү окуясы. Канча кыйынчылыктар баштан өтсө да, айлап үйдүн бетин көрбөй, балдарды туугандарга бактырып, талантыбызды элге тартуулап, сахнада туруп элдин залды жаңырта кол чапканынан ырахат алып жашоо, бул өзүнчө эле бакыт турбайбы.
Өмүр бою өз мээнети, өз таланты, өз аракети менен жашап келген кош жылдыз азыр ардактуу эс алууда. Бир убакта сахнанын көркүн чыгарган таланттарды биздин атка минерлер унутушкан. Оору, иштебеген кишиге да, сыйлык же көңул бурулмак беле деген сөздөр да айтылган. Маданият жамаатында өсүп- өнгөн кишилерден ушундай сөздөр чыгып жатса башка карапайым адамдардан эмнени кутсө болот?..
Ансыз да кыргыз элинин караанын бир көргөнгө зар болуп, ооруга кор болуп үйдөн чыга албай отурган адамга кемсинткен сөздөр катуу тийерин биздин чиновниктер түшүнбөсө керек, бирок оору сурап келбесин, карылык баарыбыздын башыбызда баарын унутушпаса.
– Калемкаш эже өзүңүздөр сүйгөн кыргыз элиңизге эмне деп айтмакчысыз?
– Караанындан кагылайын кыргыз элиме каалом: Асманыбыз ачык болсун, элибиз тынч болсун, ден соолукта болуп оорубаңыздар, картайганда балпайып төрдө отуруп, урмат-сый көрөрдө кыргыз элин кыдырып кубанып жүрө турган убакта, үйдөн чыга албай отурабыз. Капар абаңар тогуз жылдан бери оорулуу, абаңардын баспай калган буттарын, элден бөлүнүп калган жалгыздыгын эч ким токтото албайт. Сиздерге дагы бир жолу ден соолук каалайм.
-Капар аба, Калемкаш эже сиздердин талантыңыздарга таазим этебиз. Маданият жамаатында иштеген чиновниктер деле газет, журналдарды окуйт го деген ойдобуз. Ушул маектешүүнү окушса, сиздердин артыңыздарда, сиздерди сүйгөн, талантыңыздарды баалаган кыргыз эли турганын түшүнүшсө ойлонушар…
Кыргыз эли жашап турган сиздер жараткан образдар журтчулуктун жүрөктөрүндө сакталуу жана эч убакта унутулбайт, 80жаш кутман курак куттуу болсун!
Күлсүн Кабылбекова, “Кадырлуу адамдардын борбору” бириккен коомунун лидери,
“Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.04.2011-ж.