Айтурган Темирова: “Цыган кыздын ролун аткармакмын”
Кыргыздын керемет тасмаларынын ажарын ачкан Айтурган ТЕМИРОВА көп жылдан бери Чехияда жашайт. Актриса айымдын айтымында, чех жолдошу Павел экөө Кыргызстанга жайкысын келип эс алып кетишет экен. Айтурган эженин күйөрмандары, эли сагынып калса керек. Анын чет өлкөдөгү жашоосу, өнөр жолу тууралуу кеп курдук. Мындан 30-40 жыл мурун тасмага тартылган суйкайган жаш актриса Айтурган менен азыркы Айтургандын айырмасы деле жоктой. Баягыдай эле жаш, сулуу, өң-келбети ажарына чыгып турат.
– Чехияга барга-ныңызга канча убакыт болду, чет тилди эркин сүйлөп калдыңызбы?
– Ал жакта жашаганыма он эки жыл болду. Ушунча убакыттын ичинде эки жолу университеттен атайын тил үйрөнүү үчүн курс окудум. Күйөөмдүн орусча сүйлөгөнү да мага тилден анча кыйындык туудурган жок. Учурда тилди эркин сүйлөгөнүм менен философиясын чечмелей албайм. Чех тили менен орустардыкы окшоштой сезилет. Алардын тилдери окшош болгону менен сөздөрүнүн мааниси таптакыр башкача. Мисалы, воняет деген сөз ал жакта пахнет дегенди билдирет.
– Жакшы ырдайсыз, балким бул жактан чыгармачылыгыңызды өркүндөтүп, киного да тартылат белеңиз?
– Алгачкы беш жылда чыгармачылыкка аралашкым келип жүрдү. Ошол мезгилде Геннадий Базаров киного чакырып, жайында киного тартылып кеттим. Жолдошум Павел менин чыгармачылыгымды колдоп, сен жакшы ырдайсың, ырларыңды жаздырып дискке чыгаралы деп Кыргызстанга келдик. Быяктан композиторлор менен сүйлөшүп жашыма, статусума ылайык кыргыздын илгерки, тарыхый, эски мезгилине тиешелүү ыр жаздыргым келди. Себеби Европада поп музыканы эч ким укпайт. Алардын көпчүлүгү фольклорго, экзотикага кызыгышат. Ал жакта менин “Бул дүйнө” деген ырымды уккан чехтер чех тилине которуп ырдоомду суранып атышат.
– Жолдошуңуз Павел да чыгармачыл адамбы, ал эмне кызмат кылат?
– Кесиби геолог. Геология илиминин доктору. Өзүнүн компаниясы бар. Менин чыгармачылыгым ага жакса, анын геология боюнча айткандары мага кызыктуу. Мисалы, алтынды кантип казып чыгарат, ушул сыяктуу жер кыртышына байланышкан кызыктарды айтып берет. Боом капчыгайына барганда дөңсөөлөрдүн, тоолордун кыртышын көргөзүп, ушул жерде качандыр бир мезгилде чөл болгон, андан кийин чоң көл болуптур дейт.
– Чехиядан киного тартылып же театрда ойноого аракет кылган жоксузбу?
– Мен ал жактан киного тартылып, роль ойносом деген кыялым бар болчу. Болгону бир тасмага түштүм. Бирок мен ал жактан чоң роль ойнойм деп ойлобойм. Себеби азиат болгондуктан мен ойной турган башкаарман үчүн атайын роль жазыш керек. Ал жерде деле быяктагыдай кино тартуу үчүн атайын демөөрчү издешет. Менин образыма ылайык бир режиссер атайын роль жазып, долбоор иштеп чыкканбыз. Бирок демөөрчүлөр жетишерлик каражат бербегенден улам ал долбоор ишке ашпай калды. Андан кийин Брно шаарындагы театрга орношоюн дегем. Бирок жолдошум театрда иштешимди анча каалаган жок.
– Бул жактан киного тартылууга сизди эч ким чакырган жокпу?
– Азыр режиссермун деп кино тарткандарды мен кинорежиссер деп эсептебейм. Себеби ал жердеги артисттер кинодо ойнобой эле аны туурагандай таасир калтырат. Мурда тасмага атайын билими бар, таланттуу артисттер тартылчу. Азыркы тартылган тасмаларды мурдагы режиссерлор Убукеев, Океев, Шамшиев, Базаровдун кинолоруна окшоштурууга болбойт. Ошол кезде тартылган фильмдер кыргыз искусствосунун керемети деген атка татыктуу. Агезде жылына эки тасма тартсак, сөзсүз фестивалдарга катышып, байгелүү орунга татычубуз. Азырчы? Өзүн режиссермун деп эсептеген кээ бир инсандар кыргыздын жаман, жапайы жагын байкуш кылып көрсөтүп, ошондон байге алып атышат. Европа, Африканын жапайылыгын көрүп тажап калганбыз, эми кыргыздын жапайылыгына байге берели дешет. Мен Европада жашасам да кыргыздын жетишпеген көп жактарын билем, цивилизациядан, маданияттан артта калганбыз. Бирок мен кыргыздар ушундай байкуш, жапайы деп аларга айтпайм, ага оозум да барбайт.Тескерисинче, Кыргызстандын кооздугун, керемет көлүбүз бар экенин, бейиштин төрүндө жашарыбызды айтып мактанам. Башка мамлекет өз кемчилигин тасмага тартса да анын маңыздуу жагы бар. А биздин ошондой тартылган тасманын маңызы да жок. Тасмадан көрсөтүлгөн кыргыздын жапайылыгы чыныгы жашоодо жок. Алар жапайылыкты өздөрү ойлоп тартып атышат. Биздин беделибизди түшүрбөй турган нукура үрп-адат, каада-салтыбыз тууралуу деле тасма тартса болот. Ошондуктан азыр тартылып аткан тасмаларды кино деп айтууга болбойт.
– Балдарыңыз Кыргызстанда элеби, алар чыгармачылыктан алыспы, же?..
– Уулум Чыңгыз Францияда окуп, бул жакта жашап иштеп атканына эки жыл болду. Кызыман үч неберем бар. Балдарымдын чыгармачылыкка таптакыр тиешеси жок. Учурунда Чыңгызды белгилүү режиссер Никита Михалков өз тобуна алам деп аракет кылган эле. Бирок Чыңгыз бизге айтпай Кыргыз-Европа факультетине тапшырып салыптыр. Бул жакка Франциядан профессор келип, маектешүү менен окууга өтүп кетти. Сабакты мыкты окучу. Францияда университетти окуп, аспирантураны, андан кийин докторлукту жактап, ошол жакта иштеп, Оксфорддо, Лондондо, Венадагы университеттерде лекция окуду. Англис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт. Учурда кыргыз өкмөтүнүн алдындагы стратегиялык изилдөө институтунда директор болуп иштейт. Чыңгыздын Францияда ийгиликке жетише турган көп мүмкүнчүлүктөрү болгон. Бирок биз аны жибергибиз келбеди. Ал докторлукту жактаганда дүйнө жүзүндөгү экономика боюнча он беш профессор катышып, эң мыкты баа алган Чыңгызга ордуларынан туруп кол чаап куттукташкан. Көрсө, Орто Азия өлкөлөрүнөн экономика боюнча чет өлкөдө докторлукту жактаган биринчи Чыңгыз болуптур.
– Европалык мырзанын азиат аялына үйлөнгөнү кыйынчылык туудурган жокпу?
– Павел экөөбүз таптакыр урушпайбыз, ортобузда пикир келишпестик болбойт. Экөөбүз жаңы үйлөнгөндө ал түрк жазуучусунун “Азиянын аялдары” деген китебин окуп, азиат аялдар кандай болот деп изилдеп чыккан. Ал мени мыкты түшүнөт. Орусча жакшы сүйлөйт, кыргызчаны да түшүнөт. Кээде быякка келгенде аны жезде десе кубанып калат. Жыл сайын жайында мени менен Кыргызстанга келип турат. Павелдин деле меникиндей бир кыз, бир уулу бар. Адегенде мен ага турмушка чыгам деп ойлогон эмесмин. Экөөбүз бир иш-чарага барып, ошол жерден таанышканбыз. Бул эми тагдырдын буйругу деп ойлойм.
– Учурда Болот Шамшиев экөөңүздөрдүн мамилеңиздер кандай?
– Балдарымдын атасы тууралуу жаман сөз айтуудан алысмын. Экөөбүздүн мамилебиз тууралуу көптөр кызыгышат. Андан эң сонун балдар төрөлгөнүнө кубанып калам. Балдарыбыз жакшы чыкты, уулум да, кызым да мектепти алтын медаль менен аяктап, чоң окуу жайларын аяктап, өз алдыларынча иштеп атышат. Экөөбүздүн ажырашып кеткенибиз бул тагдырдын жазмышы деп ойлойм. Биз сыяктуу ажырашкандар бул жашоодо абдан көп. Болгону биз элге таанымал болгонубуз үчүн бардык жашообуз алаканга салгандай көрүнүп калат, эл ага кызыгат. Балдарым атасы менен катышып турат. Болот улуу режиссер экенин унутпашыбыз керек.
– Болот Шамшиев аганын дачасы өрттөнүп, бир сыйра ызы-чуу болду эле. Ал дачада сизге тиешелүү буюмдар жок беле?
– Чындыгында ал үйгө экөөбүз көп каражат жумшаганбыз. Болот ал үйдү кийин баласына калтырмак. Аны дача деп айтканыбыз менен айылда салынган кадимкидей эле чоң үй болчу. Тилекке каршы, өрттөнүп кетти. Болот азыр кийинки үй-бүлөсү, кичинекей балдары менен бактылуу. Ушундай жашта кайра балалуу болуу бул да бакыт.
– Карыганда өзүңүздү кандай элестетесиз?
– Мисалы мен азыр өзүмдү күзгүдөн көрүп, жашым өтүп улгайып баратканымды байкайм. Бирок адамдын өзү картайса да жүрөгү картайбайт экен. Балким мен чыгармачыл адам болгондуктанбы абдан романтикмин. Павел кээде сен качан чоңоесуң деп күлүп калат.
– Тартылган тасмалардын арасынан кайсынысы оор жана кайсынысы жеңил болду?
– Чыгармачылыгымда 42 тасмага тартылыпмын. Оңой роль болгон жок. Ар бир ролго өзүмдүн жанымды бердим. “Снайпер” деген тасмадан кийин ооруп, үч жолу операция болдум. Жакында Казакстандан “Кеш-уои” ырчылар тобу Алия деген ырды ырдап, мен тартылган “Снайпер” тасмасындагы Алиянын образын клипке беришип, мага салып жиберишиптир. Тасмадан өзүмдү көрүп толкунданып, көзүмө жаш тегеренди. Ал жерден өзүмдү эмес башка Алияны көргөндөй болдум.
– Кайсы тасмага тартылам деп кыялданып, бирок түшпөй калдыңыз эле?
– Учурунда Молдавиядан кинорежиссер Эмиль Лотяну келип, мени “Табор уходит в небо” деген тасмадагы цыган кыздын ролун аткарууга чакырган. Бирок мурдагы жолдошун мындан кантип цыган кыздын ролу чыксын деп каршы болгон. Режиссер болбой эле башыма жоолук салып, жакшы эле көңүлдөндү. Бирок Болот жибербей койгон. Кийин ал тасма эң мыкты чыкты. Ошого тартылсам деп кыялданган элем.
– Театрда сахнага чыгып роль аткарып көрдүңүз беле?
– Киного түшкөндөн кийин мени ошол учурда театрга чакырышкан. Бирок Болот театрга кирсең арак ичип кетесиң, гастролго көп чыгасың деп болбой койгон. Ошондуктан сахнада бир да жолу спектаклде ойногон эмесмин. Азыр да сахнага роль ойносом деген кыялым бар. Тилекке каршы, мени көпчүлүк Чехияда деп ойлошот. Эгер театрдан олуттуу роль берип чакырышса Чехиядан келип аткарып кетмекмин.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.08.2011-ж.