Москвада “Кыргыз-Орус мамилелеринде Шабдандын орду: дипломатиялык жана тарыхый байланыштар” аттуу китептин бет ачары болду
15-апрелде Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университетте КРнын Россиядагы элчилигинин колдоосу жана “Мигранттарды колдоо борборунун” демөөрчүлүгү менен Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмерлери жана мамлекеттик кызматкерлеринин катышуусунда XIX кылымдагы белгилүү кыргыз мамлекеттик ишмери, кыргыздар менен падышалык Россиянын кызматташтыгына чоң салым кошкон Шабдан баатырга (Шабдан Жантаев) арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган мигранттарды колдоо борборунун жетекчиси Чолпон Осмонова маалымдаган.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, Шабдан баатырдын ортомчулугу менен “Алай ханышасы” Курманжан Датка менен падышалык орус бийлигинин ортосунда 1876-жылы Түркстан жүрүшү учурунда жарашуу тууралуу келишим түзүлгөн.
Москва лингвистикалык университетинин ректору Ирина Халеева жетектеген россиялык тарыхчылар жана окумуштуулар да Шабдан-баатырдын кыргыздар менен падышалык Россиянын кызматташтыгын түзүүгө кошкон салымын жогору баалашты. Андан ары сүйлөгөндөр ал кездеги түзүлгөн келишимдер бүгүнкү күндөгү Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыгын, азыркы кыргыздардын турмушуна оң таасир тийгизген башат болгондугуна токтолушту.
Шабдан Жантаевдин чебереси Жаңыл Абдылдабек кызы чоң атасынын өмүр таржымалы жана ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.
“Шабдандын кыргыздардын Россия менен мамиле түзүүсүндөгү орду өтө маанилүү”,- деди ал сипозиумдун катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө.
Анын айтуусунда, 1916-жылдагы орус падышачылыгынын кысымына каршылык көрсөтүп, кыргыздардын Кытайга качкан Үркүн окуясын дагы кылдат иликтөө керек. Анткени тарыхый окуяны чагылдырууда кыргыз тараптан да, орус тараптан да айрым так эместиктерге жол берилген.
Профессор Марклен Коңурбаев өз докладында кыргыздардын Шабдан баатыр, Боромбай жана Жантай сыяктуу эл башчылары ошол учурдун тарыхтын багытын алдын ала туя билишип, өз элин туура багытка үндөшкөндүгү тууралуу баяндама жасады.
Симпозиумга аталган окуу жайдын студенттери да катышышты. Алардын бири, Эл аралык мамилелер жана социалдык-саясый илимдер институтунун экинчи курсунун студенти Анастасия Доброван кыргыз тилинде мекенчилдик маанайдагы ырларды окуп берди.
Көрсө, ал кыргыз тилин мыкты билген бул окуу жайдын жалгыз студенти эмес экен. Учурда 2004-жылы өкмөттөр аралык долбоордун негизинде кошумча чет тили катары ачылган факультетте бир нече орус улутундагы студенттер билим алышат. Ушул эле факультетте бир нече жылдардан бери Жеңишгүл Байтерекова жетектеген Ч. Айтматов атындагы маданий борбор да иштөөдө.
Иш чаранын соңунда аталган окуу жай тарабынан даярдалып, “Мигранттарды колдоо борборунун” жетекчиси Ч. Осмонованын демөөрчүлүгү менен жарык көргөн орус тилиндеги “Кыргыз-орус мамилелеринин калыптанышындагы Шабдан Жантаевдин орду: дипломатиялык жана тарыхый байланыштар” аттуу китептин бетачары болду. Аталган китеп жыйындын катышуучуларына таратылып берилди. Ч. Осмонованын айтуусунда, китептин бир бөлүгү окуу жайдын китепканасына тапшырылды. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык китепканаларга да таратылмакчы.
“Де-факто”, 17.04.2015-ж.