Тап этине толо элек…
«Тап» деген сөздү чечмелейли. Жоголгон нерсени табуу. Мисалы, “Ал кечээ жоготкон ийнесин бүгүн таап алды”дейт.
“Тапкан сүйүнөт, тааныган алат” деген сөз бар. “Тапкан табат экен”. “Тап десем табалбай койду”. “Олжо тап”, “Пайда тап”, “Зыян таппадыбы”, “Акыл тап”, “Айла тап”, “Амал тап”, “Эбин тап” жана башкалар.
“Бечара карабайсыңбы, ажалын суудан тапты” дейт. Сууга агып өлгөн кишини ушинтип да айтат.
“Уул тапты”, “Кыз тапты” деген сөздөр бар. “Табышмакты табуу” деп да коёт. “Жылдыздардын сырын тап” дейт.
“Макул таптык”, “Ылайык таптык” деген сөздөр да бар.
“Тап” деген сөздүн экинчи мааниси – ысыктын, жылуулуктун, оттун илеби дегенди да түшүндүрөт. “От өчкөн сайын улам мештин табы кетип баратты” дейт. “Бүгүн оорулуунун табы жок” дейт. Же “Барпы акенин табы кандай болуп калыптыр?” дейт.
Таптын үчүнчү мааниси – жүгүрө турган, ала турган абалга жеткендик. Мисалы, “Буюрса күлүк табына келиптир” дейт. “Тапка келбес кушту мүнүшкөр тапка келтирбедиби” дейт.
Таптын төртүнчү мааниси – чак, учур, мезгил дегенди да түшүндүрөт. “Ка-ап, жүдөп калган табымда жолугуп калганын карабайсыңбы” дейт. Же “Балтыр эти толо элек, балбан табы боло элек” деп коёт.
Таптын бешинчи мааниси – карама-каршы көз караштагы социалдык катмар. Мисалы, “Жумушчу табы”.
Оюуларын бириникине экинчисин кыналыштыра турган шырдактын эки бет кийизин да “тап” деп коёт экен.
Таптын алтынчы мааниси – тап берүү же чаап жиберүү. “Ал, кудай албагыр мага тап берип келип токтободубу” дейт.
Таптын жетинчи мааниси – “Тап-тап этип басып келатты” дейт. Тап жылдырбоо дейт. “Ал бай болгон менен сараң неме” дейт. “Ал келиндин баласы ыйлаак тап жылдырбайт” дейт.
“Таптешиктеп салды” деген да түшүнүк бар. Тешиги бар идишти жылчыксыз кылып жамоо. “Челектин беш-алты тешиги бар эле, Акмат устага алпарсам таптешиктеп бербедиби, кудай жалгагыр” дейт.
“Тап этине келди” дейт. “Тап этине толо элек, чуркаар кези боло элек” деп коет ат чабышка таптап аткан атты. Же куштарга айтылганы “Алаар кези боло элек” деп коёт.
“Тапта” дейт. “Атты тапта”, “Кушту тапта”, балбанды тапта. Дагы бир мааниси – “Жерди тапта, баланы тапта” дейт.
“Таптиш” деген да түшүнүк бар. “Текшерүү” же “артынан түшүү” дегенди билдирет. “Таптиштеп сураштырсак, кылмыш дүйнөсү менен астыртан байланышы бар имиш” дейт.
Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 25.11.2015-ж.