Жазуучу окурманды бийик деңгээлге жетелеш керек
Акыркы учурда адабий чөйрөдө жакшы жаңылыктар болуп келүүдө. Ошолордун бири 5 айдан бери өткөрүлүп келе жаткан аңгемелер жарышы. Бул жарышка башка эч жерде жарыяланбаган, өздөрү, жакындары үчүн гана белгилүү болуп, эл окубаган, эл оозуна алынбаган аңгемелер катышып, жеңүүчүлөр аныкталып олтурат. Фейсбук тармагында талкууга коюлган аңгемелерди окуп олтуруп, руханий дүйнөнү аздектеп, баалап, барктаган адамдар жок эмес экени мени кубандырды. Беш айдан бери ар бир аңгемеге убакыт бөлүп, кылдаттык менен окуп, баа берип келебиз. Алардын ичинде купулга толуп, кубандырганы да болду. Ошону менен бирге күнүмдүк майда-бараттар камтылган аңгемелер да жок эмес. Негизи, жазуучулар нукура адабий тилди элге жеткирүүсү керек. Ал эми кээ бир аңгемелерде түштүктүн 5-6 диалекти сөздөрүн кошуп алып, өздөрүн Мурза Гапаровдун стилинде бараткандай сезип алган окурмандарды да көрүүгө болот. Чынында диалектикалык сөздөрдү кошуп жазуу чыгармага эч кандай деле пайда бербейт. Тескерисинче, окурман журтчулугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Фейсбуктагы окурмандардын айткандарына кошулам, себеби грамматикалык каталар аябай эле көп. “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” дегендей болбоо үчүн, ар бири катага көңүл бурдук. Бир эле сүйлөмдөн 5-6 ката кетирип жазган адамдан, биз келечекте кандай жазуучу күтөбүз? Сөз менен ойногондор да көп кездешет. Сүйлөмдүн баш-аягы жок, сөздөрдү ойду-келди жазып койгон учурлар да болду. Окуп көрсөң тушүнүксүз. Чыныгы көркөм чыгарманын деңгээлине жетпей калгандар да кездешпей койгон жок. Дагы бир байкаганым, акыркы аңгемелер, мурунку аңгемелерге караганда барандуу келе баштады десем болот. Кээ бири тарбиялык мааниси бар чыгармаларды жазып жатам деши мүмкүн, бирок биз чыныгы көркөм чыгарма күтүп жатабыз. Ал эми тарбиялык маанисин ар бир адам өзүнө жараша камтып алат. Эң негизги нерсе, аңгемедеги каармандын образын тереңирээк ачып бергенге аракет кылсак. Майдаланып көчө тилине кирип кетпей, окурмандарды бийик деңгээлге жетелесек, – деп билдирди калыстар тобунун мүчөсү Мурат Турдалиев
Ал эми Сейит Жетимишов өз сөзүндө: Турмушсуз жакшы чыгарма жаралышы кыйын. Турмушту канчалык көп билсе чыгарма да ошончолук мыкты чыгат. Жандуу турмуш менен аралышып, жандуу турмуш менен ойлонуу бул өзүнчө башка нерсе. Чыгармада эң башкы максат чындык болуу керек. Мен, мен деген акын, жазуучулар жөнүндө бил, бирок өзүңдүн гана жан-дүйнөңдү жаз! Ар кимдин жазган чыгармасы өзүнүн тагдыры менен байланыштуу. Бирок ал байланыш табышмак катары сезилет. Аны миң илимдүү адамың дагы баамдап биле албайт. Жан титиремейин жакшы чыгарма жаралбайт. Жер титирегендей жан дүйнө да титирөө керек. Аны эч ким титирете албайт. Жалпак тил менен айтканда Кудай гана титиретет. Ошол титирегенди кетирип жибербей кармап калсак, пайдаланып калсак деген ойду силерге айткым келет, – деди.
Эскерте кетсек, кечээ 12-апрелде А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада аңгемелер сынагынын V айлампасынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлык тапшыруу аземи өттү. Анда окурмандардын добушу менен жеңишке жетишкен, “Көз ирмем” аңгемесинин автору Мусакун Сатыбалдиев 20 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Калыстар тобунун добушу менен “Карышкыр чапкан аял” аңгемесинин автору Кубанычбек Аркабаев 30 000 сом акчалай сыйлык алды.
Кылычбек Исамамбетовдун демилгеси жана колдоосу менен өтүп жаткан аңгемелер сынагы беш айдан бери фейсбук тармагындагы “Калемгер” адабий клубунун баракчасы аркылуу өтүп келет. 10-майда VI айлампага келген аңгемелер жарыяланат. Ага чейин 5 айлампада жеңүүчү болгон 10 аңгемени баракчадан окусаңыздар болот.
Жылдыз Акбар кызы, «Саресеп», 13.04.2016-ж.