Цыганды Юдахин сыган деп эле бериптир
Акыркы күндөрдө “Кыргыз алфавитине реформа керекпи?” деген темада КР Улуттук илимдер академиясынын (УИАнын) имаратында адис тилчилер, журналисттер, акын-жазуучулар, адабиятчылар, генералдар, жөн эле келгендер ж.б.у.с. “билермандар” катышкан жыйын өттү. Теле-радиодо да ушул маселенин айланасында бир катар берүүлөр болуп жатат. Гезитибиздин бул санында белгилүү тилчи-илимпоз Сыртпай Мусаев агайыбыз бул маселенин тегерегинде өзүнүн ойлору менен бөлүшмөкчү
– Агай, бул маселе кайдан чыкты, ушуга кененирээк токтоло кетсеңиз.
– Бул маселенин тарыхы өтө терең. Коомчулук жакшы билет, биз кыргыздар Советтер Союзунда жашаган башка элдер менен бирдикте алфавитибизди 13 жылдын ичинде 3 жолу алмаштырып, жазуу системабызга өтө чоң реформа жасаганбыз. Ачык айтып коюш керек, мындай реформаны биз өзүбүз жасаган эмеспиз, бизди жасаганга мажбур кылган. Балтика боюндагы 3 республика алфавитин алмаштырган эмес, латын графикасындагы алфавитинен кайтышкан эмес, кирилл графикасына негизделген алфавитке өткөн эмес, алар мажбурлоого көнбөй коюшкан. Армяндар да, грузиндер да өздөрүнүн традициялык жазуу системасынанбаш тартышкан эмес Ушул элдер бүгүн да өздөрүнүн улуттук алфавитин колдонушуп жазып келе жатышат. Өнүкпөй калышкан жок, дүйнөлүк маалыматтык технологиядан алыстап калган жок, экономикасы жылбай, маданияты өнүкпөй калган жок, Орусия менен мамилеси бузулган жок, кайра тетирисинче, бизге караганда Орусиянын Армения менен мамилеси өтө ысык, Евразия биримдигине бизден мурда кабыл алды го Орусия, ал Карабах маселесинде жана башка маселелерде да Арменияга аябай колдоо көрсөтүп келет го…
Биз, кыргыздар, байыркы мезгилдерде – VI кылымдарда жазылган Энисей жазмасын жараткан эл экендигибизди орус, немистин залкар окумуштуулары өзүбүз танганыбызга карабай эчак далилдеп коюшкан. Кийинчээрек ата-бабаларыбыз араб жазмасын пайдаланып келди. Муну да өзүбүз танганыбызга карабай жазылган тарыхый фактылар, окумуштуулар дагы бир ирээт далилдеп беришти. Революцияга чейин да, андан кийин да, Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да араб алфавити колдонулуп, эл ичинен чыккан билимдүү, кат-сабаты ачылган “молдокелер” өз чыгармаларын жазып, аны көчүртүп, элге таратып, бала-бакыраларды окутуп келишкен, б.а. баардыгы болбосо да кыргыздар арасында жазганды, окуганды билгендер арбын эле болгон. Жазып-окуп келишкен. Араб алфавити менен элге ислам идеологиясы кошо келген. Бул – табигый нерсе. Анткени алфавит динди ээрчитет же дин алфавитти ээрчитет. 1928-жылдан тарта араб жазмасын таштатып, ислам идеологиясынан арылуу максаты көздөлүп, араб алфавити менен байланышкан таза лингвистикалык ыңгайсыздыктардан кутулууну көздөп, Советтер Союзундагы башка элдер менен бирге биз дагы латын графикасындагы алфавитке өттүк. 1939-жылдан баштап “бул алфавит СССР элдеринин тилинин фонетикалык системасына туура келбейт экен. Ал капиталисттик системада жашагандардын алфавити, андан калса, бул алфавит СССР элдеринин тилин орус тилинен ажыратып, бөлүп-жарып жатат. Орус тилин үйрөнүүгө тоскоол болуп жатат”, – деген сымал суу кечпес “далилдер” аркылуу орус алфавитине өткөзүү демилгелери көтөрүлдү. Бул Советтер Союзунда жашаган элдерди орусташтыруунун алгачкы, бирок өтө таасирдүү жолу эле. Анткени алфавит менен кошо идеология келет. Коммунисттик идеологиянын, албетте, жакшы жактары көп болду, аны танууга мүмкүн эмес. Бирок мунун түпкү максаты улуттук өзгөчөлүктөрдү жоюу, “улуу орус элинин” (великий русский народ) ролун көтөрүү, аны башкаларга “улуу агасы” (старший брат) катары таанытуу, улутту, улуттук тилдерди жоюу (1929-жылкы эл каттоодо СССРде 194 улут бар деп катталса, 1979-жылкы эл каттоодо 101 улут бар делип, 50 жыл ичинде 93 улут жоголуп кеткен, б.а. өздөрүн оруспуз деп калышкан. Муну орусташтыруу дейбизби же башкача да атоого болобу), ушундан кийин психологиялык, социалдык, саясий кыртыш даярдап туруп бир гана “совет эли” деген улутсуз жасалма элди калыптандыруу болгон. Кийинки кадамда “совет эли” деген бир эл бир гана тилде сүйлөш керек, ал тил орус тили болуш керек деген логика чыгып жатпайбы. Ушундай стратегиялык саясаттын алыс ыргытылган чалмасы СССРдеги элдердин алфавитин орус алфавити менен алмаштырып жатпайбы. 1940-жылы баарыбызды орус алфавитине өткөрүп жатпайбы. “Сокмогуң күчтүү болсо, кийиз казык да жерге кирет”, – деген ушул. Советтик идеологиянын, алыс ташталган стратегиялык саясаттын алдында эч ким туруштук бере алган эмес. Ошондуктан тилдер бири-биринен кескин айырмаланган типологияда экендигине, орус алфавити башка тилдердин фонетикалык системасына туура келбестигине карабай, орус тилинин алфавитинде өзүнөн башка эч бир тилге мүнөздүү эмес тамгалар бар экендигине, өтө шарттуу алфавит экендигине карабай туруп гана эч өзгөртүүсүз кабыл алып алганбыз. Ошонун азабын, мына 76 жылдан бери кыргыз тили тартып келет.
Мурда СССРдин курамында “старший братка” ини элек, алар бизге ушундай мамиле кылчу, биздин элдин салты боюнча агаңа өйдө карабайсың. Унчукпадык, унчуксаң эле “улутчул” аталып азабыңды жемексиң. Анткени биздин республиканын биринчи жетекчиси баш, калганы төш болуп “великий русский народ”, “великий русский язык – второй родной язык”, “советский народ”, “националисты”, “интернациолализм” деп салмактуу сөздөрдү айтып, тилин тишине беш маал жанып турбадыбы. Ушундай шартта кантип оруска, орус тилине, орус тилинин алфавитине бирдеме деп шамыян кайтарасың… 1984-85-жылдардагы кайра куруу, айкындык, ачык айтуу, көп пикирдүүлүк саясаты бизди да кичине копшолтуп, алфавитибиздеги, орфографиябыздагы айрым бир так эместиктер жөнүндө ой-пикир айтууга мүмкүнчүлүк берди. Анткени орус графикасына негизделген алфавитибиз кыргыз тилинин эркин, өз күүсүндө, өз ыргагында, өз закон ченеминде өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип келгени жөнүндө башкаларды жөн эле коёлу, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар, башка акын-жазуучулар, окумуштуулар, журналисттер, маданий, коомдук ишмерлер, мектеп мугалимдери, кыскасы, коомчулуктун баардык катмарынын өкүлдөрү айтып да, жазып да келишти. Ушундан кийин кийинчерээк латын графикасына негизделген алфавитке өтөбүз деп саясий жетекчилик да ыргылжың макул болуп, биз 1996-97-жылдары долбоор даярдап, орфографиясын да иштеп чыкканбыз. Бирок жетекчиликтин саясий эркинин жоктугунан, суверендүү эгемен өлкө катары декларация кабыл алсак дагы Орусияга кылчактап, андан коркуп, маселе чечилбеген бойдон кала берген. Алфавит – бул саясий маселе, саясий чечим керек. 1940-жылы СССР элдерин орус алфавитине өткөзүп жатканда Стакең эч кимден сураган да, кеңешкен да эмес. Саясий чечим кабыл алып койгон. Бир жылда өтүп кеткенбиз. Бул маселенин тарыхы терең дегеним – ушу.
Бүгүн да алфавитти реформалоо зарылбы деген маселенин көтөрүлүп жатышы ушундай тарыхый жагдай менен шартталган. Бул маселенин мезгил-мезгили менен байма-бай көтөрүлүп жатышынын өзү эле орус графикасындагы кыргыз тилинин алфавитинде чоң-чоң проблемалар бар экендигин тастыктап турганын көрсөтөт го. Демек, бүгүнкү орусташкан алфавитибиз, мен биздин алфавитти шарттуу түрдө эле кыргыз алфавити, а чындыгында, орус-кыргыз тилдеринин алфавити деп атайм, орус-кыргыз сөздүгү дегендей эле кеп, кыргыз тилинин өзүнүн фонетикалык системасына, өз илебине, өз күүсүнө, өз мыйзамына ылайык эркин өнүгүүсүнө багытталган, эң негизгиси, кыргыз тилинин жоголбой, жоюлуп кетпей сакталып калышына камкөрүлгөн реформага өтө муктаж, реформа ушул багытта жүргүзүлүшү керек.
– Агай, маселенин тарыхын кенен баяндадыңыз, бүгүнкү алфавитке реформа зарыл экен. Ал эмнеден башталып, эмне менен бүтүш керек. Реформа дегенде эмнени түшүнөбүз?
– Реформа деген түшүнүк “өзгөртүү”, “кайра түзүү”, “оңдоо”, “жакшыртуу” деген өңдүү маанилерди билдирет. Кантип өзгөртсө, кайра түзсө, оңдосо, жакшыртса болот. Ашыгын алып салып, жетпегенин кошуп, жогун таап, кемчилигин жоюп оңдосо, жакшыртса, өзгөртсө, кайра түзсө болот. Эми ушуну алфавитибизге алып келсек, анда төмөнкү жагдайларга өзгөчө көңүл бурууга туура келет. Бүгүнкү кыргыз тилинин алфавити деп биз колдонуп жүргөн алфавитибиз – орус тилинин 33 тамгадан турган алфавити, туурабы, демек, орус тилинин жазуусун чыпчыргасын коротпой кыргыз тилине көчүрдүк, андагы орус тилине гана мүнөздүү баардык шарттуулуктардын баарын кабыл алдык. Албаска чарк-чамабыз жок болчу. Өйдөдө айттым го, алыска ыргытылган саясий стратегиялык максат бар эле да. Баардыгы ушул максатка багындырылган. Ошондуктан орус тилинин алфавити эч өзгөртүүсүз таңууланды. Муну мен айтсам, кыргызча айтсам ишенбейсиңер, кыргыздын айрымдарына орусча айтсаң же орус айтса гана ишенет. Ошондуктан Москвада СССР илимдер академиясынын Тил илими институтунда (Институт Языкознания) иштеген чоң окумуштуу-түрколог, алфавит боюнча, түрк тилдери боюнча адис Н.А.Баскаковдун 1972-жылы эле жазган эмгектерине кичине шилтеме берейин. Маанисин өзгөртпөстүн амалында ал кандай орусча жазса, так ошондой орусча келтирейин, кыргыздар ишенсин, орустун айткан сөзүн орусча берейин: “…считалась необходимым принять русский алфавит со всеми его условностями для того, чтобы облегчить детям изучение второго – русского языка, и особенно его письменности. Однако ни в одном из современных тюрских алфавитов не были учтены все условности русского алфавита, тесно связанные с условностями русской орфографии. Совершенно излишними для тюркских языков окажутся, прежде всего буквы я, ё, ю, е (э) которые в русском алфавите используются для передачи, во – первых, соответствующих сочетаний йа, йо, йу, йэ, а во-вторых, палатализации предшествующего согласного, сочетающегося с гласными а, о, у, э.
Излишними являются также для всех современных тюрских литературных языков, принявших русский алфавит, такие знаки, как щ, ц, ь без которых тюрские языки могут обойтись, если будут приняты особые правила орфографирования заимствованных слов, имеющих эти звуки…
Из этого следует общий вывод о необходимости изьятия из алфавитов указанных букв” (Н.А.Баскаков. Вопросы совершенствования алфавитов тюрских языков СССР, “Наука”, М.1972)
(Уландысы бар)
Насыпбек Асанбаев, “Саресеп”, 20.04.2016-ж.