Учурдун идеялык тополоңу: паспорт. Бийлик айтпаса, биз айталы – улуттун «уурдалышы» эмнеге алып келет?
Кыргызстандын ички паспортунан «улут» графасын биротоло алып таштоо боюнча өкмөттүн демилгеси ансыз деле ажырымга толгон кыргыз коомчулугуна дагы бир сыйра жик таштады. Бир тарабы бийликтин бул аракетин кыргыз элинин тагдыры үчүн тымызын коркунуч катары бааласа, экинчи тарабы тескерисинче, муну мамлекетти бекемдөөнүн каражаты катары көрсөтүп, өз оппоненттерин ошондой «жаркын идеяга» каршы чыккан чектелүү, түркөй кишилер катары көрсөтүүдө.
“Улут” дегендин эки башка түшүнүгү
«Улут» түшүнүгү кыргыз кыртышына келгенде ар башка бааланып жатышы тарыхый себептерге байланыштуу. Кеңеш өкмөтү улут (национальность) деп улутун (этносун) түшүнүп, аны автономия, республика ж. б. административдик бирдиктерди киргизүүдө негизги чен-өлчөмдөрдүн бири катары караган. Ал арада Батыш мамлекеттеринде улут (нация) термини бүтүндөй өлкөнүн эли тууралуу жалпы түшүнүккө айланып кеткен. Ошентип, улут тууралуу түшүнүктүн өзү эки башка шартта эки башка калыптанган. СССР убагында «улут» деп тили, маданияты, теги, тарыхы, өңү-түсү, каада-салты менен айырмаланган конкреттүү кыргыз, орус, өзбек ж.б. улуттарды түшүнсөк, көптөгөн башка мамлекеттерде «улут» деп тегине карабастан, кайсы бир мамлекеттердин жарандарын билип калышкан. Ал түшүнүк улуттук (этностук) алкакка таптакыр байланбаган мамлекеттердин да жарандыгына негиз болууга жетишти. Тагдырдын тамашасы менен, материктин түпкү эли болгон индеецтердин канына сугарылып, алардын миңдеп сыйрылган баш териси англосакскон цивилизациясынын таман астына төшөлгөн АКШнын жарандары «америка улуту» деп аталып калды. Алардын айрым стандарттары бизге да кирип кетип, зарылчылыгы бар-жогуна карабай Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз улуттук университети ж.б. сыяктуу аталыштар кеңири тарап кетти. Албетте, азыркы турпатында алар жалаң кыргыз улутундагы адамдарга гана тиешелүү деп айта албайбыз, бирок улут тууралуу ушундай эки башка түшүнүктүн өзү ого бетер талашка жем таштап келатканы да чын.
Өкмөт өз сунушун негиздеп бере алган жок
Кыргызстанда башкаруунун негизги принциби катары тандалып алынган демократия шартында бийликтин бирден-бир булагы Эл болуп эсептелет. Мамлекет – болгону Элдин чечимдерин, мүдөөсүн мыйзамдаштырат. Анын негизги милдети ошол. Бул айрыкча элдин тагдырына түздөн-түз таасир эте ала турган чечимдерге тиешелүү. Улуттун улуттугун аныктай турган ар кандай жагдайлар – ашык-кеми жок, дал ошондой чечимдердин катарында. Сөз болуп жаткан принциптин алкагында, демилге расмий түрдө элдин өзүнөн чыкпаган күндө да, өкмөт өз сунушун жок дегенде 3 себеп менен негиздеп бериши керек эле:
а) Элдин талабы. Мисалы, азыр педофилдер күчөп кеткенине байланыштуу өлүм жазасын киргизүүнү эл бардык жерде талап кылууда. Ал эми ушул маселени эл койгон талаптын нугунда чечүүгө мынчалык көңүл бурулган жок.
б) Турмуш зарылдыгы. Объективдүү сырткы жагдайлардын бири катары Бажы биримдигинин түзүлүшүн мисал келтирсек болот. Анын чек арасындагы режим кыргыз экономикасын кыса баштагандан тартып же ага кирүү, же башка жолун издөө зарылчылыгы чын эле бышып жетилген. Бирок мындай маселе бардык жагынан Эл менен кеңешип чечилиши керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Президенттин позициясы ачык айтылгандан кийин эле парламент тез арада мыйзам кабыл алып койду. Жоопкерчилигин эч ким тарткан жок.
в) Киргизилген сунуштун аткарылышы кайсы бир маселени (же бир нече маселени) айныксыз чечет деген ишеним. Айталык, мамлекеттик иш кагаздарынын баарын мамлекеттик тилге өткөрүү – жок эле дегенде жарандардын мамлекет менен өз ара катнашында аргасыздан кыргыз тили менен эсептеше турган шартты пайда кылат деген ишеним бар. Бирок аны аткарууга саясый эрк жок.
Ушул 3 тегиздиктен тең алып караганда деле, улут тууралуу графаны алып таштоого эч кандай негиз жок экени көрүнүп турат.
Улут тууралуу графаны алып салуу – элдин талабыбы?
Паспорттон улут тууралуу графаны алып таштоо боюнча демилгени эл көтөргөн жок. Өкмөт өзү көтөрүп чыкты. Эл ичинен «улутум паспортумда көрсөтүлгөнү үчүн укугум чектелип калды, маселем чечилбей калды, алмаштырбасак болбойт экен» деп эч ким митингге чыгып, массалык түрдө басма сөзгө жазып, кол чогултуп, Ак Үйдүн алдына жыйылган жок. (Жыйылган маселелер боюнча жагдай кандай экенин да көрүп жатабыз). Кыргызда уурулукту «көрсөтпөй сурап алыптыр» деп тергешчү эле. Улуттун тагдырына тиешелүү маселе боюнча Эл менен кеңешпестен, референдум өткөрбөстөн кабыл алынган чечим – бери болгондо чийки, а чындыгында ошондой уурулук менен барабар болот.
Турмуш зарылдыгыбы?
Буга чейин эч кандай маселе жаратпаган улут тууралуу графа кимге, эмне үчүн жана эмнеси менен жолтоо болуп жатканы тууралуу бир да ынандырарлык жүйө келтирилген жок. Болгону, жарандын үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери тууралуу маалыматтар улам-улам өзгөрүп тургандыктан, жаңы типтеги ID-картанын өзүнө жазбай коюу тууралуу сунуш түшкөн экен. Бирок улут тууралуу графа – андай тез-тез өзгөрүп турган маалымат эмес. Аны улам алмаштырып отуруунун эч кандай олуттуу зарылдыгы жок. «Жарандарыңардын паспортуна улутун жазып коюпсуңар, аныңар туура эмес» деп чет мамлекеттер, анын ичинде КМШ, Бажы биримдиги боюнча өнөктөштөр Кыргызстанга маселе койгон учурлар да коомчулукка белгисиз. Тескерисинче, башка өлкөлөрдүн жарандары жасалма кыргыз паспорту менен чет өлкөдөн кармалган фактылар, маселе өкмөттүн өзүндө экендигин көрсөтүп турат.
«Улут» графасынын жоюлушу эмнени чечет? Өкмөттүн жүйөлөрү жана турмуш чындыгы
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана аны колдогон адамдар улут тууралуу графаны ички паспорттон алып салуу боюнча сунушту бир нече жагдайлар менен негиздешүүдө. Алардын ар бирин сын көз менен талдап көрөлү.
- «Улут тууралуу графанын эч кандай зарылдыгы жок». Зарылдыгы бар. Анткени Башмыйзамдын 20-беренесинин 5-пунктунда жаран өзүнүн кайсы этноско (тиешелүү графага карата – улутка) таандык экендигин өз алдынча аныктоо жана көрсөтүү укугу эч кандай чектелбейт деп кашкайта жазылып турат. Кыргызстандын шартында жарандын улуту анын паспортунан башка бир да маанилүү документке жазылбайт. Чипте көрсөтүү – ал көрсөтүү эмес, жабык маалымат базасы. Демек, Кыргыз Республикасынын өкмөтү биринчи иретте Башмыйзамды жетекчиликке алып иш жүргүзгөнү чын болсо, азыркы сөз болуп жаткан демилгесинен токтоосуз баш тартуу – анын түздөн-түз милдети.
- «Улут тууралуу графаны алып таштоо улут аралык ынтымакты бекемдейт». Бул да далили жок түшүнүк. Улут аралык мамиле паспорттогу графага эч кандай тиешеси жок. Мисалы, бул графаны паспорттон алып салган Түркияда күрд жикчилдигинин маселеси эч кандай чечилген жок, тескерисинче күчөп жатат. Бул – факт.
- «Улут тууралуу графаны алып таштоо жалпы жарандык сезимди калыптандырууга жардам берет». Эч кандай жардам бербейт жана экөөнүн ортосунда түздөн-түз себеп-натыйжа байланышы жок. 2-пункттагы мисалды карагыла. Анын үстүнө паспорттун өзү эле жарандыктын белгиси. Дагы башка кандай белги керек?
- «Улут тууралуу графаны алып таштоо кыргыз тилин өнүктүрүүгө жардам берет»(Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Кыргыз тилин өнүктүрүүгө паспорттогу графанын эч кандай тиешеси жок. Ал үчүн орус тилинин расмий статусун алып таштап, мамлекеттик иш кагаздарынын баарын кыргыз тилине өткөрүп, жарандарды мамлекеттин атынан кыргыз тилинде гана тейлеш керек. Аны өкмөт да, парламент да, убагында ушул азыркы Башмыйзамды түзгөн Конституциялык кеңешме да жасаган жок.
- «Паспорттун пайда болгонуна 70 эле жыл болду, ал эми кыргыздын пайда болгонуна 7 миң жылдан ашты» (Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Бул эч кандай логикалык негизи жок салыштыруу. 7 миң жыл мурун азыркыдай шарт да, азыркы типтеги мамлекет да, паспорттун зарылдыгы да болгон эмес. Япония сыяктуу 99% бир улуттан турган, болгондо да түпкү улуттун бардык белгисин сактап калып, өркүндөтүп келаткан мамлекет болсок бир жөн эле. Тилекке каршы, андай дагы эмес.
- «Улуту жөнүндө графа жазылса башка улуттар автономия сураганга негиз түзүлөт»(Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Бул тенденция өзгөрдү. Акыркы жылдардагы окуялардан кийин ошол автономия сурайт деген улуттар ал идеянын канчалык келечексиз экенине биротоло көзү жетип (анын себептерин баары билет), айрымдары улутун кыргыз кылып жаздырыш үчүн аракет кылып, айласы кеткенде пара берген учурлар кездешип жүрөт. Тескерисинче, алардын так ушул демилгесин колдош керек. Эгерде Кыргызстандагы башка улуттар өз ыктыяры менен кадимки эле улутун (жарандыгын эмес, этносун) ачыктан-ачык «кыргыз» деп тандап алышса, ошонун жоопкерчилигин алып, кыргыздын тилин үйрөнүп, салтын кабыл алып, маданиятына салым кошсо – биз үчүн эң жакшы жолу ошол болот. Сиңирсек – чындап сиңирели. Анда автономия маселеси өзүнөн-өзү, алда канча натыйжалуу чечилет. Анын үстүнө 2-пунктта көрсөтүлгөн мисал бул жүйөнүн негизи жок экенин көрсөтүп турат. Анткени паспортунда улутун көрсөтпөгөн күрддөр Түркияда мурда кандай автономия сурашса, азыр деле талап кылып жатышат. Ал тургай азыркы түрк өкмөтү аларга бир катар жеңилдиктерди берип, мурунку өз позициясынан чегинүүгө чейин барды.
- «Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында тең улут тууралуу графа жоюлган» (Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь). Паспорттон улут тууралуу графаны таптакыр алып салган мамлекеттер – Европа мамлекеттери. Бирок акыркы жылдардагы окуялар Евробиримдик туу туткан мультикультурализм саясаты жарактан чыгып калганын, тескерисинче өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнө абдан тескери таасир этээрин ал жактын көптөгөн саясатчылары өздөрү айтып чыгышты. Толтура кишини кабыл алып, жарандык берип, эми алардан кутула албай айласы алты кетип жатышканын фактылар тастыктап турат. Мультикультурализм саясатынын кесепети тууралуу ушундай эле тыянак президент А.Атамбаевдин жакында сүйлөгөн сөзүндө моюнга алганы да бар.
Өкмөт айтпаган, бирок реалдуу коркунучтар
Өкмөт бул демилгени көтөрүп жаткан учурда анын жалаң гана өзү жакшы деп эсептеген жактарын көрсөтүүгө аракет кылып, анын болжолдуу кесепеттерин көз жаздымда калтырууда. Бийлик айтпаса – биз айталы. Улут графасынын жоюлушу кандай коркунучтарга алып келет?
I Миграцияга байланышкан коркунучтар. Азыркы тапта кыргыз улутундагы көп кишилер четке чыгып кетип, барган жеринин жарандыгын алып жатышат. Алардын ордуна айрым башка улуттагы жарандардын өтө тез көбөйүп жатканы жашыруун эмес. Өкмөт бул тенденцияны тескери жагына буруп, өлкөнүн өзүндө жумуш орундарын түзүп, Кыргызстанда кыргыз элинин үлүшүн чындап арбытуунун ордуна, мигранттар үчүн түзүлгөн шарттарды жеңилдетүүнү негизги багыт катары тандап алды. «Мигранттардын барып иштешине шарт түзөлү» деген сөз – түпкүлүгүндө «кыргыз ого бетер тентисин» деген сөз! «Кыргызстанда кыргыздар азайып, ордун башка улуттар бассын» деген сөз. «Барган жеринен келбей эле биздин элге акча салып турса болду, митинг кылып башты да оорутпайт» деген сөз. Мындай шартта, мисалы, 40-50 жылдан кийин Кыргызстанда кыргыздар азайып, аз улуттун абалында калса – чыныгы коркунуч ошол. Анда саясый маселелерде Кыргызстандын тагдырын кыргыздар эмес, улуту көрсөтүлбөгөн, бирок кыргыз жарандыгына ээ болгон башка адамдар чече баштайт. Кыргыздар улут катары өз кызыкчылыгын эч жерде коргой албай калат. Анткени «улут» деген терминдин өзү – паспортто далилденбеген, эч жерде тастыкталбаган, чипке киргизсе киргизип, киргизбесе деле боло бере турган (Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев, «Ой Ордо» телекөрсөтүүсү, КТР, 23-июнь) аморф (борпоң) түшүнүккө айланат. Кыргыздар демографиялык жактан аз улуттун абалында, көрсөтмөлүү-протоколдук гана ролдо калган, өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой албаган, кыргыздын атынан кыргыз эместер таптакыр башка бирөөлөрдүн (Орусиянын, Кытайдын, Өзбекстандын ж. б.) кызыкчылыгында сүйлөп турган Кыргызстан – кыргыздар үчүн керекпи? Менимче, кереги жок.
II Коррупцияга байланышкан коркунучтар. Эмитен эле экономика министри Арзыбек Кожошев «Кытай менен визасыз режим киргизиш керек» деп оозунан катуу жаңылып алып, элдин реакциясынан улам гана унчукпай калды. Коррупциялык механизмдер дал ушул паспорт маселесинде канчалык күч алганы былтыр Мамкаттоонун иши Жогорку Кеңеште каралганда айкын болгон. «Жазаланды» деген кишилер баяндамачылардын так жанында отурганын депутат Исмаил Исаковдун күйүп-бышып кеп кылганы бар. Ошондой коррупциялык ыкмалар менен, мисалы, 20-30 жылдан кийин кытайлыктар паспорт алып, каалашынча көбөйүп, дагы 50 жылдан кийин кыргыз жарандарынын атынан Кыргызстандын Кытайга кошулушу тууралуу же «эл аралык достук үчүн» кытай тилине расмий статус берүү боюнча маселе көтөрбөйт деген кепилдик барбы? Кыргыз жарандыгын да, орус жарандыгын да алып алган орус тилдүү башка улуттагылар Маскөөңүн шыкагы менен «Орусиянын курамына кошулалы» деп 100 миң кол чогултуп киришсечи? (Ал жактын социологиялык уюмдары эмитен эле ошондой пикирлерди аныктаган иликтөөлөрдү Кыргызстанда жүргүзүп жатышат. Мындан 1-2 жыл мурда анкетасы 16 беттен турган, өтө терең сурамжылоо жүргүзүлгөн). Азырынча андай болбойт деген кепилдик жок. Ошол кезде «сен кытайсың (же башкасың)» деп көр. «Эч кандай кытай эмесмин, сенден өткөн кыргызмын» дейт. Анткени паспорту боюнча азыр биздин өкмөт кыялдангандай «кыргыз жараны». Ичи баягы эле кытай. Паспорту кыргыз. Анда эмне кыласыңар?
III Демографияга байланышкан коркунучтар. Кыргызстанда кыргыздар башка улуттагыларга салыштырмалуу саны жагынан өтө эле жайбаракат көбөйүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Бул тенденция жакынкы жылдары дагы сакталып кала берчүдөй. Жарандардын улуту так көрсөтүлүп турса – бул маселенин масштабын даана байкап, маселе көтөрүп, коңгуроо кагып, алдын алып, чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми улут тууралуу графаны жоюп салгандан кийин андай маселе коюлбай да калат. Коюуга негиз жок калат («Баары «кыргызстандыктар» да, кимиси ким экенин ит билсинби, ал маселени эмне эле козгоп жатасың?» дешет). Андыктан улут тууралуу графаны жападан-жалгыз жарандык документтен алып салуу – улут тууралуу далилдүү маалыматты жоюп салуу менен барабар. Улутту адегенде паспорттон, андан кийин мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу чөйрөсүнөн, андан кийин дүйнө жүзүнөн жок кылууга багытталган, чындап келсе ири геосаясий борборлордун алысты көздөгөн кызыкчылыгы үчүн жасалган кадамдардын эң алгачкысы (биздин өкмөт бул тууралуу билеби же билбейби ал башка маселе). Жеке мен үчүн бул мамлекеттик чыккынчылыкка тете.
Эмне кылыш керек?
Жогоруда айтылган жагдайлардан улам, ички паспорттон улут тууралуу графаны алып салуу азыркы этапта таптакыр максатка ылайыксыз деген жыйынтык келип чыгат. Ал эми сөз болуп жаткан жарандык биримдик, коопсуздук маселесин чечүүнүн төмөнкүдөй кадамдардан турган комплекси максатка ылайык:
- Орус тилинин расмий статусун алып салуу, дегеле кыргыз тилинен башка бардык тилдерге кандайдыр расмий статус берүүдөн баш тартуу жана мамлекеттик тилди мамлекеттин бардык чөйрөлөрүнө, менчик формасына карабастан адамдарды тейлөөгө байланышкан бардык кызматтарга милдеттүү түрдө киргизүү.
- Кош жарандуулук тууралуу нормалардын баарын алып салуу. Кош жарандуулуктун өзү эле – Кыргызстандын келечеги үчүн стратегиялык коркунуч.
- Кыргызстандын жарандыгы сырттан келгендердин арасынан кыргыз улутундагы адамдарга гана бериле турган нормаларды кабыл алуу.
- Жарандык берүүдө аны кабыл алып жаткан адамдын жарандык милдети башка бардык кызыкчылыктардан (жеке, диний, башка мамлекеттердин ж. б.) жогору тураарын моюнга алган милдеттенмени киргизүү. Мисалы, АКШда ушундай маанидеги ант – жарандыкка кабыл алуунун милдеттүү процедурасы болуп эсептелет. Ал жагын эмнеге туурабайбыз?
- Кыргыз жарандыгын алгысы келгендердин баарынан кыргыз тилинен, кыргыз тарыхынан экзамен кабыл алууну мыйзам нормаларына киргизүү. Мындай көрүнүштөр да эл аралык тажрыйбада бар.
- Башмыйзамдагы абстракттуу «адам укуктарын» конкреттүү Кыргыз Республикасынын элинин укуктарынан жана кызыкчылыгынан жогору койгон нормалардын баарын жокко чыгаруу. «Адам укуктары» башка бардык тараптар үчүн иштеп, Кыргызстандын өзөгүн түзгөн кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы үчүн келгенде эле бир да маселе боюнча иштей элек.
- Түзүлүп жаткан маалымат базасына адамдын өзүнүн эле эмес, анын ата-энесинин, 7 муунга чейинки ата-бабасынын мамлекетке каршы кылган кылмышы тууралуу маалымат үчүн атайын графа киргизип, эгерде андай фактылар бар болсо – чиптеги графада атайын чакан белги коюу. Мунун тарбиялык мааниси бар. Кыргыздын кызыкчылыгына каршы иш кылган ар бир адам укум-тукумуна чейин уят болоорун эмитен эле билсин.
Улутум – кыргыз, урааным – Манас.
Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, саясат таануучу, “Көк асаба”, 29.06.2016-ж.