Тилдер күнү жана майрамдары
21-февраль – Эл аралык эне тил күнү
Эл аралык эне тил күнү 17-ноябрда 1999-жылы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында жарыяланып, 2000-жылдын 21-февралынан тартып тил жана маданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүү максатында белгиленет.
14-март – Эстон эне тил күнү
14-мартта Эстонияда Эне тил күнү белгиленет. Эгер сөзмө-сөз которгондо бул күндү “Энелер” күнү деп атаса болот.
20-март – Француз тили күнү
Француз тили күнү, 2010-жылдан баштап белгилене баштады.
9-апрель – Микаэль Агрикол күнү
Жыл сайын финндер жана дүйнөдөгү финн тилин жакшы көргөндөр Микаель Агрикол күнүн же Финн тили күнүн активдүү белгилешет.
20-апрель – Кытай тили күнү
Кытай тили күнү БУУнун расмий тилдери сыяктуу эле 2010-жылы уюмдаштырылган. Бул сунуш коомчулук менен байланыш боюнча уюмдун департаменти тарабынан киргизилген.
23-апрель – Англис тили күнү
Биринчи жолу Англис тили күнү БУУнун башка расмий тилдери сыяктуу эле 2010-жылы өзгөчө дата катары бекитилген.
15-май – Осетин тили күнү
Бүгүнкү күндө Түштүк Осетияда бул жаңы майрамды өзгөчө шаң менен белгилешет.
6-июнь – Пушкин күнү
2011-жылы Россия Федерациясынын Президенти тарабынан жыл сайын белгиленүүчү тил күнү Жарлык менен бекитилген.
1-август – Азербайжан тили күнү
Азербайжандыктар Россия падышалыгынын курамына кирген учурда араб алфавитин колдонушкан.
31-август – Лимба Ноастре күнү
Жай күнүнүн акыркы күнү Молдова салттуу жана өзүнчө уникалдуу майрам Лимба Ноастре – Улуттук тил күнүн белгилешет. “Лимба Ноастре” – “биздин тил” же “ эне тил” дегенди түшүндүрөт.
22-сентябрь – Казакстан тилдер күнү
Президенттин Жарлыгынын негизинде Казакстан республикасында 22-сентябрь – Казакстан элдеринин тилдер күнү деп жарыяланган.
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү
1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган.
26-сентябрь – Европалык тилдер күнү
2001-жылдан бери жыл сайын 26-сентябрда Европа тилдер күнү белгиленип келет.
9-октябрь – Корей алфавит күнү
Түштүк Кореяда корей алфавитин жарыялоо күнү катары 9-октябрда белгиленет. Корей тилинин алфавити Хангль деп аталат.
12 – октябрь – испан тили күнү
2010-жылдан бери белгиленет.
9-ноябрь – Украин тили күнү
Бул майрам Украинанын Президенти Леонид Кучманын Жарлыгы менен 1997-жылы бекитилген жана жыл сайын белгиленет.
18-декабрь – араб тили күнү
Бул тил дагы БУУ тарабынан жарыяланып, 2010-жылдан бери белгиленет.
Даярдаган Аида Ишеналиева, «Кыргыз тили», 21.02.2017-ж.