Махабат Алымбекованын Адабий сынакка келген айрым чыгармаларга пикири
Махабат Алымбекованын Адабий сынакка келген айрым чыгармаларга пикири
Күчүк
(аңгеме)
Күчүк аңгемеси тууралуу
Мага негизи күчүктүн,мышыктын турмушуна тереңден үңүлүп карагысы келген адамдар жагат,урматтайм жана сыйлайм мындай адамдарды…Болбосо,күчүк,мышык түгүл өз турмушуна,жакындары менен балдарынын турмушуна деле тереңден үңүлө албай жүргөн,үстүртөн карап коюп жашап жүргөн тоң моюн,кайдыгер,муздак адамдар толтура жашоодо.Мен бул автордун “адамдыгын,адамкерчилигин”чын жүрөгүмдөн бааладым жана урматтоом терең.
Ал эми чыгарма боюнча сөз башка.Окуп чыктым,окуп чыгып кечке ойлондум,муну менен автор эмнени айтайын деди экен деп..?
Күчүк,келиптир…кууса кетпей ошол үйдү пааналап жашаптыр.Кордук да көрүптүр…”Кине басып кетти”дейт.”Кине”эмес “кене”деп жазылат жана айтылат.Айтор жалпы түшүнгөнүм ушу-учурунда баркын билбеген жаман күчүк күндөрдүн бир күнү эле овчарка болуп чыга келиптир жана ал укмуштай идеалдуу итке айланып,кожойкесин ар кандай балээлерден сактай баштаптыр…
Негедир жомокко окшош.Овчарка болуучу ит-күчүк кезинде эле таанылып турат да!Кулактары тикчийип,өзүнүн дене түзүлүшү кадимки күчүктөрдөн айырмаланып турат,овчарканын күчүктөрү эң мыкты таанылат чоңойгуча эле…Экинчиден,кожойкеси көпкө үйүнөн кетип,келсе эле ити зоңкоюп чоңоюп,буттары жоон,семиз…Аны ким бакты экен ошончо “чың”кармап.Ээси жок ит тентимиш болуп,кынжыйып арыктап,керек болсо ууру болуп кетет да. А бул иттин өзү кайдан тамак таап жегени табышмак…(эми бул сыяктуулар- окуянын жүрүшүндөгү мүчүлүштүктөр деп ойлодум жеке мен)
Калеми-автор калемди элпек шилтеп баштаган жакшы эле.Баштапкы абзацты окуй баштаганда сүйүнгөм өзгөчө бир чыгарма окшойт деп.Бирок окуянын тузу анчейин…Эмоция азыраак сезилди.Элпектигине жараша супсактыгы бар экен.Аягында ит машинеге түшүп кетип калды,уурдап кетишти…Ошо менен окуя бүттү.Көркөмдүккө да,чыгарманын тилине да,окуяга да анчейин ичим чыкпады.
Кеп акчада эмес
(аңгеме)
Тандалган тема актуалдуу тема экен,кызыктуу сюжети деле бар мындай карасаң.Кадимки реалдуу жашоодо болуп аткан көрүнүштөр! Ишенимдүү жагдайлар…Бирок ошол сабак болор окуя чыгарманын деңгээлине көтөрүлө албай калганы гана өкүнүчтүү.
Адатта чыгарма мына ушундай тартипте,лирикалык мендин жеке баяндоосунда баштан-аяк жазылышы көп эле учурайт,ошол сыяктуу кабылдап да көргүм келди,бирок көп нерселер жетишпейт баарыбир.Кошуна кошунага сүйлөп берип отургансып жөн гана кургак баяндап өтүп кете берген бир нече таасирдүү өтүмүштөрүн.Өз кетирген кемчилигин моюнуна алып,башкаларга окулган мораль экен…
Мен мисалы ишенем,сүткорлуктун түбү адам рухун ,кээде денесин олуттуу зыянга учуратаарына.Бул олуттуу тема,сүткорлукту салт да көтөрбөйт,дин да жектейт арам деп,психология болсо сүткорлукка төбө чачы тик туруп каршы чыгат-айтор сүткорлук (процент берүү,алуу,пара ж.б)өзгөчө бүгүнкү коомдогу актуалдуу темалардын бири.Мына ушуга басым жасап,өз сүткорлугунун аягында кыйналган рухтун,жандын азабын ачып берип…идеясын кашкайта дааналап койсо жакшы болмок.Кайсы бир идеяны ачып берүүдө өтө көп чаташкан окуяларды баяндоонун зарылдыгы жок болчу…бир эле маанилүү,курч окуянын тегерегинде ой топтоп,ошону өнүктүрүп,чиелештирип,жетчү чегине жеткизип туруп,ой жыйынтыгын чыгарып анан идеяны ачып берүү жетиштүү болмок деп ойлойм.
(“Кеп акчада эмес” аңгемесине карата пикир)
АПА
Апакем-ов, касиеттүү апасың,
Аалам нурун карегиңден чачасың.
Бар күчүңдү мага жумшап бүтүп да,
Бакубат, соо болуп келе каласың.
Чындыгында сен керемет энесиң,
Чыйрыкканым айттырбастан сезесиң.
Бүт дүйнөңдү мага берип, кайра эле,
Бүтүн дүйнө болуп кала бересиң.
Турмуш сага далай мүшкүл салган ээ,
Табиятың ушул болсо айла не?
Дарман, күчтөн кетип жатып анда да,
Дайра болуп оргуштадың кайра эле.
Ошондуктан мактайм апа сени миң,
Сен бар кезде басынта алмак мени ким?..
Кесепеттен сактап жүрөт калкалап,
Чачкан сайын толуп-ташкан мээримиң.
Оор күндөрдү топчу сыңар бүчүлөп,
Ооруп жатып чыйраласың күч үрөп.
Кара күчүң короп жатып чыңалган,
Кайратыңа таазим кылам миң ирет.
Адам жолун, адал жолун үйрөткөн,
Апа сага таазим кылам миң ирет.
БУМЕРАНГ
Байкатпастан шыпылдап бура басып,
Бантигиңди чачыңдан жула качып.
Ой да сени ызага батырчумун,
Ойносок деп бир азга кубалашып.
Сен кууганда жеткирбей качам анан,
Сен да көксүң, куугандан тажабаган.
Жеткирбейин деп качып баратып да,
Желкеңдеги чачыңдан тарта калам.
Жалгыз ошол болчу эле сүйүнгөнүм,
Жакчу мага артымдан жүгүргөнүң.
Качып жүрүп байкабай калыптырмын,
Капилеттен түбөлүк сүйүлгөнүң.
Бойго жеттик, суйкайып бура бастың,
Боз уланча бой салсам, тура качтың.
Бантигиңди жулдурган кегиң үчүн,
Бакытымды колумдан жула качтың.
Тагдырдагы ызаңды кайтып алдың,
Таразанын тактыгын айтып алдың.
Чачың тартып ойногон күнүм үчүн,
Чамгарагым түндүктөн тартып алдың.
Жакшынакай жазылган ырлар экен чындыгында.
“Апа” жана “Бумеранг” ырларына пикир
1-чи ырда Эне темасы ырдалыптыр.Уйкаштыкта- ААБА формасын баштан-аяк толук сактаган.Эч бир куплетте форма бузулган эмес.
Шаблондуулук кайсы саптарда байкалат:- “Чындыгында сен керемет энесиң”, “сезесиң”,”мактайм апа сени миң”,”мени ким” мына ушул сөздөр буга чейинки эне тууралуу жазылган ырларда кайталана берип окурмандын көңүлүнө жат болуп калган тажатма саптар…
Ал эми оргиналдуу ойлор камтылган сонун саптар – Бар күчүңдү мага жумшап бүтүп да,
Бакубат,соо болуп келе каласың.
Бүт дүйнөңдү мага берип,кайра эле
Бүтүн дүйнө болуп кала бересиң
Дарман-күчтөн кетип жатып анда да,
Дайра болуп оргуштадың кайра эле…
мына ушул саптар окурманды кайдыгер калтырбайт,эненин энелик күчүн айгинелеп ,чындап даңазалай алган автор,ушул саптар менен.ӨЗГӨЧӨ ЭКИНЧИ КУПЛЕТТИН 3,4 САПТАРЫ КЕРЕМЕТ!
“кайратыңа таазим кылам миң ирет”,”апа сага таазим кылам миң ирет” эми ушундай саптар өтө тажатма да чынында.Мээ чарчаткан саптар,жазыла берип тамтыгы кеткен.
Автор негизи мыкты жазат экен.Мындай мүмкүнүчүлүгү,таланты менен эч качан туурама саптарга жол бербеши керек,көбүрөөк эле жиберсе болмок экен чыгармаларынан.Өзгөчө ой жүгүртүүсү бар экен да.
Бумеранг ыры.
Мага бул ыр ашык-кеми жок жакты жалпысынан.Чакан сюжетке эгердер чыгарма экен…Балалык,сүйүү,арман-бүтүндөй бир көкүрөктөгү сүйүү өкүтү болгону беш куплетке батыптыр…Ырдын формасында да айып жок.Өтө татынакай,чебер түзүлгөн.Саймачыдай эле шөкөттөптүр формасын.Үчүнчү куплетке чейин балалыктын оюну чебер сүрөттөлүп келет да,төртүнчү куплетте лирикалык каармандын эң алгачкы сүйүүсү,колунан жулдурган бакыты баяндалып келип,бешинчи куплетте ички арман тээ тереңден сызылып, өксүк,күйүт жарып чыгат көкүрөктү…Бумеранг ыры боюнча доом жок авторго.😇Автор менен кошо абдан ойго баттым.
Татаал тагдыр
(аңгеме)
Саламатсызбы эже, кандайсыз,кечиңиз жарык болсун!
Төмөндө “Татаал тагдыр”деген чыгармага карата пикиримди жаздым.
Чыгарма аталгысы келип турган чакан бул тексттен эмнени байкадым, максатсыздыкты,идеясыздыкты.Автордун баяндоосу менен сүрөттөөсүндө албетте бир аз,бир аз лиризм бар,окуган кишинин жүрөгү мыжылып,каармандын ички сезимдерин сезип-туюп,турган турпатын элестетип алып аяйт,кейийт…Эгер автордун жападан жалгыз макталчу нерсеси болсо-мен аны окурманды кейите алган абалды сүрөттөп бере алгандыгы үчүн гана мактайт элем)) Бирок окурманды курулай эле кейиткенден эмне пайда аттиң.Ансыз да жашоо татаал…Ошончо кейиткен соң,идея камтып кетпептир.Акыркы күндөрү идеясыз эле жазган жазмакерлер сыяктуулар көбөйдү.
-Эң биринчи кемчилик-чыгарма идеясыз!
-Экинчи – мезгилдик байланыш жок.Каармандын жаш кезиндеги көл жээктегени менен карыган кездеги көл жээктөөсү- бир демдин,бир ыргактын ичинде баяндалып кеткен.Жок дегенде бир абзац менен ортону бөлүп,арадан өткөн нечен жылды окурманга туюндуруп коюшу керек эле.
-үчүнчү- “Ич ичинен өзүн өзү жеп жатты”деген сүйлөм боюнча…Адам качан өзүн-өзү жейт?Оңолгус катачылык кетиргенде жейт.Күнөөсү тоодой болсо жейт.Бирок тагдыр жазмышы менен болгон ,өзү күнөөлүү эмес кырсыкка, жамандыкка ж.б га адам өзүн өзү жебейт.Тек гана эстейт,кайгырат,кусаланат,жазмышка баш иет.
Каармандын күйөөсү автокырсыктан каза болгон экен.
-төртүнчү- Көп чекит менен аяктаган акыркы сүйлөм боюнча.Каарман эмнеге төрт күндүк эс алуудан баш тартып,кескин түрдө эки күндөн соң Көл менен кош айтышты?Балким ал өз эскерүүлөрүнөн өзү качтыбы?Өткөн күндөрдүн элесинен качтыбы?Бүдөмүк бойдон калып кетиптир.
-Бешинчи- текстте орфографиялык,грамматикалык каталар бар.Конкурска жибере турган текстти дыкат карап чыгыш керек эле.
Чыгарма максатына жеткен эмес,окурманды кейитүүдөн (окуп ыйлагым келди тобоо,сочувствую!каарманды!) бөлөк эч нерсе жок.
Негизи жазса болчудай экен…Көп окуп,изденип,аракеттенсе бирдеме чыкчудай экен.
Эски үй
(ыр)
Ырда айтылган ойлор абдан жакты! Эң баалуусу – сонун ойлор бар экен.Идеясы да бар экен,жөнөкөйлүктү,ак дил,таза пейилдүүлүктү жана адамдар арасындагы ишенимдин бийиктигин даңазалап турган.Окуп атып менин да эски үйлөргө баргым келди! (эгер азыр барчу эски үйүм болгондо го!!!ошол эски үйдө тосуп алар алпейим адамдарым бар болгондо го!) Автор эски үйдү,кайран эски кишилерди мактоо,аларга болгон күса,сагынычы аркылуу эле,азыркы биз жашап жаткан шумдуктай замандын жүзүн ачып берип койгон.Эринбей,эски үйлөрдүн топурак-саманы,бакчасы,буюм-терим ,а түгүл кара казанынан бери эргип жазып,эргип жазып кана тим болбой,ага карама-каршы бүгүнкү күндүн “жетишкендик”катары бааланган дүнүйө мүлкүнүн адам пейилине тийгизген таасирин да кыйытып өткөн.Ырды чын дилинен жазган,көңүл кунту,жүрөк кусалыгын берип,дилин төшөп жазган,ыр жазып аткан абалындагы энергиясы текстке өтүп кеткен ,ошондуктан,ырды окуп атып кадимкидей топурактын жыты,кара казандагы тамактын даамы,жагымдуу шапата ж.б сезилди. Ой мыкты,жазууга болгон каалоо күчтүү!
Автор сөз байлык менен иштеши керек,поэзияны көп окушу керек,деги эле адабиятты окуш керек.
Уйкаштык начар. Уйкаштыра албай,оюна эмне келсе ошону жамап-жаскап улай берген.Үйрөнчүк экени кашкайып байкалып турат.Муун өлчөм бузулган.Ыргак бузулган.Сөз байлык аз.
Биринчи куплеттин 1,2 саптары , акыркы куплеттеги алты сап – ушулар бир аз ыр түзүлүшүндө мазмун жана формасы талапка жооп берет.(А негизи бардык куплеттердеги ой,идеялар сонун, жазуу чеберчилигин мактай албайм)
Мындай мыкты ойду- эң мыкты саптар менен берсе сонун болмок.