Жылдызча: Айзада-Айзада Абазова
Жылдызча: ЭСКЕРҮҮ-ЭСТӨӨ ҮЧҮН КАЛГАНДАЙБЫЗ…
Айзада-Айзада Абазова
Тал-чыбыктай эле турпаты. Ичке, ийилчээк, жеңил, бир жакшына.
Көздөрүнөн кашкайган, таза суунун тамчыларын көрчүмүн.
Бир да кара чекит жок, жүзү тунук эле. Өзүнө байкатпастан, ички дүйнөсүнүн тунуктугу — сырткы жүзүнө айкалышып турганына таң кала карап калчумун.
Жолукканда көпкө сүйлөшүп олтурчубуз. Жанынан оюм, боюм түзөлүп узачу элем.
Жан дүйнөм катуу ооруганда да, айланчыктап барып калчумун. Ооруп турган жеримди аярлап, сылап-сыйпап, айыктырып жөнөтчү.
Айлана-тегерегине чачыраган мээримдүүлүгүн — эч ким аралап басууга даай албаган, гүл каптаган мейкин талаага окшоштурчумун.
Улууларды, ар кандай таланттарды ар дайым ызаат кыла сыйлап олтурса, шагы ылдый төгүлүп өсүп турган мажүрүм тал көз алдыма тартыла калчу.
Көрүшпөй калсак, каттарды жазчу. Менден жооп күтүп — күн санабай, эсептешпей эле жамгырдай төгүлүп жакшына каттардын үстүнө, каттарды жазчу.
Ачууланганын эч көрбөптүрмүн. Таарынганын гана көргөм…
Сүйүү жөнүндө сүйлөшпөптүрбүз.
Сүйкүмдүү жан эмес беле!?!
Кубандырып, сезимтал-сергектигин да бир ооз өзүнө айтып койгонго жарабаптырмын.
Чар тарабымдагы кооздукту, назиктикти, тазалыкты, тунуктукту, сулуулукту көрсөм эле, Айзадага окшоштура берчү болуп калгам.
— Айзададай экен…
Өнөр, акыл ээлерине суктанчу. Көпчүлүгүнүн өмүр-баянын, тагдырын кеп салып олтурганды сүйчү. Эл оозуна алынган акындар, жазуучулар саясий лидерлер, даанышмандар жөнүндө көп билчү.
Футбол оюнун кызыгып көргөнүн, футболдук терминдер менен түшүндүрүп айтып берсе муюп угуп олтура берчүмүн.
Жазуучу Кубатбек Жусубалиев, өмүрлүк жары Клара Юсупжанова жөнүндө, алардын чыгармачылыгы тууралуу урматтоо менен кеп кылганды жакшы көрчү.
— Сени Клара эжеге окшоштура берем… — деди бир жолу.
— Эмне үчүн, мүнөзүбүзбү, өң- келбетибиз окшошпу? — деп сурап албаптырмын.
Мендей курбу-курдаштары көп эле. Айнура Аскарова деген курбусун таанычумун. Абдан жакшы көрчү.
Кийин, Айнура экөөбүз бир жерде жолугуп калдык, Айзаданы эскерүү бизге кыйын болду…
Айзада экөөбүздөй боло турган курбу-курдаштык издеп жүрөм…
Айзада экөөбүздөй курбу-курдаш болуу үчүн мени да издеп келишти.
— Айзададай болсо керек!.. — дейм, өздөрү издеп келгендерге ишеним артып. — Сатпас! Арамдык кылбас! Өзгөрбөс! Аңдыбас! Эсептешпес! Атаандашпас! Кылтыйбас! Мурчуйбас!..
Бүткөн бою: жалтыр-жултурсуз, жасалмасыз, боёксуз эле.
Талант эле, көп кырдуу…
Талантын толук таптаганга аз өмүрү жетпей кетти.
Чачылып, чачырап кетти жан курбум…
Акылдын, аруу кыялдардын, эргүүлөрдүн кенчине бай анан баарына бирдей боорун төшөгөн боорукер эле!
Ошондогу. Суугу катуу кыштын бир күнү, мага таштай катуу так салып, акыл-эсимди аңтарып таштаган.
2013-жылы, 2-Январда… Жол кырсыгынан Айзадабыздан ажыраптырбыз, 39 гана жашта болучу…
2012-жылы, 2-Январда… Үйүмдө, Айзада бала-чакасы менен эле жаркырап олтурбады беле!?!
Жан дили менен берилип сыйлаган жакшына бир замандашымды жанымдан жоготуп алуу мага өтө оор болгон. Баса албай, тура албай жатып калгам, ал кезде…
Айзада, Айзада, Айзада…
Акыл топтоп, токтолуп калган кезибизде экөөбүз таанышып, курбу-курдаш болгонбуз.
Ак пейилге оронуп-чулгангым келгенде, Айзаданы эстейм. Сагынам. Үшкүрүк менен аяктайм…
Айзада достуктун өзгөчө туусун колума карматып кеткендиктен, өзүнүн элеси менен кошо бийик көтөрүп алып жүрөм жана өзүндөй асыл бир жанга гана карматкым келет…
***
Жакшылар кете бергени үчүн…
Эскерүү-эстөө үчүн калгандайбыз…
29-Май, 2002-жыл.
Кипр
———————————-
АЙЗАДАНЫН ЫРЛАРЫНАН
***
Эшикте калгым келбейт:
— Эшикте элиргендер, эсепсиз каткырышкан.
Үйгө да баргым келбейт:
— Үйүмдү уу жыландар жай кылышкан.
Каякка барам? — Билбейм.
Каяктан табам? — Билбейм.
Эмнени издейм? — Билбейм.
Эмнени түздөйм? — Билбейм.
Билемин, “билбеймимди”.
Эч нерсе билбейм, билбейм!
Кең дүйнөгө таштады эле — тар дедим,
Кызыл гүлдү сунушту эле — гүл эмес бул, кан дедим.
Уурттабадым бал кошулган даамыңды,
Ууну сунса, кубанычтан жайнап көзүм — жан дедим…
Жанымды кыйнайм неге?
Жанчылып ыйлайм неге?
Башкалар кантип жашайт?
Башкача кылбайм неге?
Мээмди көзөйт жебе…
***
Оюмдун бир барагы жүрөсүңбү?
Ордуңду башкалардан талаша албай.
Оргуштап турса дагы шык талантың,
Оош-кыйыш бул заманга жараша албай.
Сезимдин бир барагы жүрөсүңбү?
Сезилип башкаларга бир пендедей.
Сезимтал жаның далай сыздаса да,
Сыртыңдан бир чайпалбай, бир кемибей.
Өзгөчө ак дил элең мамилеге,
Өзүңдүн бир ойлобой сынарыңды.
Өгөйлөп койгон жокпу өжөр жашоо,
Өксүтүп чырпыгыңды, чынарыңды?
Деги сен, канттиң экен бул күндөрдө?
Тизгинин тиргиликтин башкара албай.
Туманга бастырдыңбы тунук жанды,
Туюкка кептелдиңби башкалардай.
Кайда бол, аман болчу бир момун жан,
Мен деле сени эстеп жүрө албаймын.
Капыстан, бүгүн сени эстегендей,
Капыстан, эртең сени унутамын…
Pingback: «Жанымды кыйнайм неге? Жанчылып ыйлайм неге?» Айзада Абазованын ырлары жана курдашынын эскерүүсү… — Алакан